Эң мыкты волейболчу кыз

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 22, 2018 17:04

20  Чүй облусу боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында волейбол боюнча 8-август күнү турнир уюштурулуп, ага 12 команда катышкан. Аламүдүн районунун ИИБнүн командасында жалгыз кыз эркектер менен тең тайлаша ойноп, өзүнүн шамдагайлыгы жана чеберчилиги менен баардык оюнчулар менен көрүүчүлөрдү таң калтырды. Оюндан соң волейболчу кыз менен маек курууну туура көрдүк.

Биз сөз кылган спортчу кыз, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн эсеп-каттоо жана статистикалык иштери боюнча ага тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Сраждинова Каныкей Жолдошбековна ой бөлүшкөн.

-Каныкей  өзүңүз тууралуу кыскача айтып кетсеңиз жана милиция кызматына иштеп калышыңызга эмне себеп болду?

 -Мен 1989-жылдын 31-декабрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрөлгөм. Үй-бүлөдө үч бир тууганбыз. Мен үйдүн эң кичүүсүмүн. Кичинемде мектепте окуп жүргөндө эле форма кийип милиция кызматкери болуп иштегенди кыялданчумун. Мектепти бүтөөрдө Кыргыз Республикасынын ИИМнин академиясына тапшырам деп даярданып, анда да волейбол боюнча таймашта жүрүп, документтеримди тапшырууга жетишпей калгам. Бирок, кийин Кыргыз Улуттук техникалык университетин бүткөндөн кийин юриспруденция факультетине тапшырып, 2014-жылы окууну аяктагам. Жаштын тилегин берет дегендей  убакыт өтүп эми форма кийип, 2015-жылдан бери милиция кызматкери болуп кызмат өтөп келем.

-Спорт менен канча жылдан баштап алектенесиз, ата-энеңиздин буга көз карашы кандай?

-Спорт  менин жашоомдо өзгөчө орунда турат. Волейболду ойнобой коюшту элестете албайм. Анткени мен волейболду 11 жашымдан бери ойноп келем. Алгач ата-энем аябай каршы болуп “Кыз деген үйдө отуруш керек” деп урушчу. Бирок Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген машыктыруучу Мелис Сейитказиев агай  биздин үйгө чейин келип, ата-энемди көндүрүп, спортту улантууну суранган. Азыр болсо ата-энем дагы машыктыруучума ыраазычылык айтышат, көп ийгиликтерге волейболдун артынан жетиштим.

-Ийгилик деп калдыңыз, спорттун артынан кандай ийгиликтерге жетиштиңиз жана алган сыйлыктарыңыз тууралуу айтсаңыз?

-Жетишкен ийгиликтеримди айта кетсем, волейбол оюнунун артынан  көп жакшы адамдар менен тааныштым, жогорку окууга тапшырууда да спорттун пайдасы тийди. Ар кайсы окуу жайлардан  сунуштар түшүп, өзүм Кыргыз Улуттук техникалык университетине тапшырууну туура көрдүм. Кийин Кыргыз Улуттук университетинде иштеп жүргөндө спорттук мелдештердин биринде Аскер институтуна иштөөгө сунуш түшүп, 3 жыл аталган окуу жайда  иштедим. Ал эми алган сыйлыктарымды санаган эмесмин, ар бир спорттук таймаштарда байгелүү орундарга жетишип, 100-150 гө жакын ар түрдүү медалдарды тагынып, бир нече дипломдорду алууга жетишкем. Бул ийгиликтердин артында машыктыруучулардын эбегейсиз эмгектери бар экенин айта кетпесем болбойт.

-Жумуштан сырткары үйдө эмне жумуштарды жасайсыз жана бош убактыңызды эмнеге арнайсыз?

-Убакыттын көбү жумушта өткөндүктөн үйгө келгенде аз болсо да үй оокаттарын жасап жетишүүгө аракет кылам. Андан сырткары сиңдим менен сүйлөшүп, бош убакытта телевизор көргөндү жакшы көрөбүз.

 

-Учурда милиция кызматкерлери тууралуу ар-түрдүү пикирлер социалдык тармактарда айтылып жүрбөйбү, сиз андай сөздөрдү угуп же окуп калганда кандай абалда болосуз?

-Өзүң милицияда иштеп, күнү-түнү кызмат өтөп жүрүп, милициянын дарегине айтылган каралоолор жана терс көз караштар интернет булактарына жана газета-журналдарга жарыяланган учурда  жаның кейибей койбойт. Ал эми  милицияга жардам сурап кайрылып, көйгөйлөрү чечилип, милицияга ыраазы болгон адамдар деле арбын. Алардын айткан алкышы, улгайган адамдардын берген батасы көп эле болот. Бирок, мындай окуяларга караганда терс жаңылыктар коомчулукта тез тарап жатканы өкүнүчтүү.

 

-Милицияда иштеген соң түрдүү окуяларга туш болосуз да, боор ооруп ыйлаган учурларыңыз болгонбу?

 

-Албетте болот, милицияга жардам сурап кайрылышкан адамдардын кээ бир окуяларын угуп, жүрөгүң сыздаган учурлар болот. Жакын адамынан айрылган оор окуяларга туш болуп жүрөбүз. Анын бири эсимде. Биздин райондо жол кырсыгы болуп, анда бир кыз каза болгон, анын апасынан башка эч кимиси жок экен. Ошол кырсыкта кызы каза болгону тууралуу апасына угузганда, апанын ыйлаганын көрүп, чыдай албай биз да ыйлаганбыз. Бирок, андай каргашалуу окуя эч кимдин башына келбесин.

 

-Мырзалар менен волейбол ойноп калат экенсиз, алар менен ойногон оор болсо керек же сизди айым деп аяп коюшабы?

 

-Милиция кызматында эркектер көп болгондуктан  кошо аралашып волейбол ойноп жүрүп көнүп деле калгам. Оюн аянтына чыкканда каршылаш команда мени кыз деп аяп койбойт. Анткени командалык оюн болгондуктан  команданын деңгээлине жараша оюн жүрөт да. Канчалык атаандаш күчтүү болсо, ошончолук оюн кызыктуу жана жогорку деңгээлде болот. Оюн учурунда мырзалар аябаганы менен ар дайым мага сылык мамиле жасашат.

 

-Келечектеги ой-максатыңыз…

-Милиция кызматын өзүм каалап тандагандан кийин Кыргыз милициясынын кадыр-баркын жана деңгээлин көтөрүүгө өз салымымды кошууга аракет кылуудамын. Ошондой эле аялзаты болгондон кийин үй-бүлө куруп, бактылуу аял жана эне болгум келет.

 

-Ички иштер органдарында кызмат кылуу оор болсо керек, сизге эмне кайрат берет?

-Милицияда кызмат кылуунун өзүнүн милдетине жараша кыйынчылыктары бар эмеспи. Мисалы ар кандай кырдаалдар болот, шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту сактоо боюнча иш-чараларда, кылмыштуулук менен күрөшүүдө күнү-түнү дебей жумушта болгондо ата-энем, бир туугандарым жана досторум ар тараптан колдоп, түшүнүү менен мамиле кылышканына ыраазымын.

 

 

 

Маектешкен Д.Шабданов

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 22, 2018 17:04

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина