ДССУнун башчысы пандемия качан бүтөөрүн айтты

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 24, 2020 07:36

ДССУнун башчысы пандемия качан бүтөөрүн айтты

7  Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясы болжолдуу эки жылга жетпеген убакытта бүтөөрүн айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине уюмдун башкы мүдүрү Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди.

1918-жылы “испан сасык тумоосу” эпидемиясы 2 жылга созулган. Гебрейесус ал эпидемия менен салыштырганда, ДССУнун көптөгөн технологиялары бар экендигин белгиледи.

Ири байланыштар менен вирус батыраак жайылып кетет, бирок бизде аны токтотуу технологиясы бар. Ошентип бизде глобалдашуу жана өз ара байланыштын бир кемчилиги болгону менен, технология жактан бир артыкчылыгыбыз бар, — деди уюмдун башчысы.

Эскерте кетсек, 11-мартта ДССУ жаңы коронавирус инфекциясын пандемиясы деп жарыялаган.

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 24, 2020 07:36

Приемная кампания 2020

Элдик медицина