Директордук орун кимдердин көзүн кызартууда?

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 17, 2019 12:14

Директордук орун кимдердин көзүн кызартууда?

10 Чыңгыз Айтматов атындагы №1 Новопавловка инновациялык окуу-тарбия лицей-комплексиндеги ата-энелердин нааразычылыгына мугалимдер жооп жыйын өткөрүштү. Алар буга чейин ата-энелер уюштурган нааразычылык акцияларынын негизинде ММКларда чагылдырылып жаткан маалыматтардын артында үчүнчү кызыкдар тараптар болушу мүмкүн деп күмөн санашат.

Бир айдан бери Новопавловка мектебиндеги ата-энелерден акча чогултуунун айланасында ызы-чуу токтобой келет. «Мектеп директору чогулткан акчалар боюнча маалымат бербей, фондго акча бере албаган балдарды кемсинтип жатышат», — деп ата-энелер Ак үйдүн алдына митингге да чыгышкан. Ата-энелердин бири Чынаранын айтымында ошол митингге чыккан ата-энелердин балдарына карата мугалимдердин мамилеси өзгөргөн.

— Бир класста 40 окуучу болсо, арасынан акча бербеген баланы тургузуп алып жемелеп, кемсинтет экен. Балдардын күндөлүгүнө баа койгондун ордуна, ушул айга акча алып келген жок деп жазып беришет. Бул таптакыр туура эмес. Азыр эми айрым ата-энелердин айтымында митингге чыккан ата-энелердин балдарына да мамиле өзгөрүптүр.  Ата-энелердин нааразычылыгына байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги  текшерүү иштери аяктаганга чейин мектеп директору кызматынан убактылуу четтетилгенин маалымдаган. Бирок, мектептин мугалимдер жамааты: «Ушундай кадамдар менен директор кызматынан бошотулат», деп чочулап жатканын айтып чыгышты. Эгерде директор кызматынан бошотулса, мугалимдердин 99 %ы арыз жазып, иш ордун таштап кетишерин маалымат жыйында билдиришти. 26 жылдан бери аталган мектепте иштеп келе жаткан Жаркын Оморова: «Бул иште үчүнчү жактардын кызыкчылыгы бар», — деди.

— Алар бизде окуган балдардын ата-энелери болсо, таанымакпыз да. Чуу чыгарып жаткан ата-энелердин балдарды бизде окубайт. Улам кайталанган ушундай жаңжалдын айынан балдардын психологиясы да өзгөрдү. Мугалимдерге болгон мамилеси таптакыр башкача. Эмне кыларыбызды билбей калдык. Биздин оюбузча бул нааразычылыктын артында башка кызыкдар тараптар турат. Аларды мен билем. Бирок аттарын айта албайм. Болгону айылдык кеңештин, Жогорку Кеңештин депутаттарынан бирөөлөр экенин гана маалымдайм. Аттарын айтуудан эртеңки күнүм үчүн корком.

Мугалимдердин айтымында митингге чыгып жаткандардын көпчүлүгү фондго акча төлөшпөйт. Жеңилдиктин натыйжасында кошумча акча төлөөдөн бошотулган. Маалыматка ылайык мектепте мындай жеңилдик алган 1300 окуучу бар. Камкорчу кеңештин төрайымы Нуржамал Алиева: «Балдардан алынып жаткан 500 сом кайда коротулуп жатканы мектепке киргенде эле билинет», — дейт. «Ал эми нааразычылык билдирип жаткан ата-энелер чогулушка келбей калган үчүн квартал сайын берилген отчеттон кабары жок», — деди.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 17, 2019 12:14

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина