Депутат Жыргалбек Турускулов Бишкек шаарындагы мектептеринин биринде мугалимдердин ордуна сабак өттү

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 8, 2018 15:22

Депутат Жыргалбек Турускулов Бишкек шаарындагы мектептеринин биринде мугалимдердин ордуна сабак өттү

1 Жогорку Кеӊештин “Республика – Ата-Журт” фракциясынын башчысы Жыргалбек Турускулов бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарындагы мектептердин бирине барып, мугалимдер жамааты менен жолугушту. Ал мургалимдерди Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, алардын агартуучулук ишинде ийгиликтерди каалады, ошону менен бирге, мугалимдердин ордуна сабак өттү.

“Бүгүн мугалимдердин кесиптик майрамы экенине карабастан, алар күндөгүдөй эле иштеп жатышат. Ошондон улам, мен мугалимдердин ордуна сабак өтүп, аларды бир сабак болсо дагы эс алып алышына мүмкүнчүлүк берейин деген чечимге келдим”, — дейт депутат.

Ал сабакты жогорку класстын окуучуларына сабак өтүп, Чыӊыгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата мугалимдерге залкар жазуучунун китептерин тапшырды.

Жыргалбек Турускулов окуучуларга Жогорку Кеӊештин тарыхый таржымалы, анын иши жана түзүмү менен курамы тууралуу баян кылды. Андан тышкары, окуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Сабактын аягында айрым окуучулар Жогорку Кеӊештин депутатын алгачкы ирет көрүп жатышканын жашырышкан жок. “Депутатка чоӊ ыраазычылык билдиребиз. Анын мугалим катары сабак өткөнү биз үчүн өтө жагымдуу жаӊылык болду”, — дейт Темирлан аттуу окуучу.

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 8, 2018 15:22

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина