Ден соолук – түгөнгүс байлык

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 20, 2017 11:54

Ден соолук – түгөнгүс байлык

Без названия (1) 20 январь, Бишкек. Ден соолук биздин жашообуздагы эң биринчи байлыгыбыз болуп саналат. Ден соолук болсо адамдын жашоосу жакшы болуп, жашоо бир калыпта өз нугун өтө берет. Бул дүйнөгө адам жаралгандан баштап ден соолукту сактоо өзүбүздүн колубузда экенин ооруганда гана билебиз.  

Өмүр өзү бизге түбөлүктүү сезилет. Жарык дүйнөгө келгенден кийин жаштыгыңдын жалындаган учурунда оору дегенди билбей жүрө берет экенбиз. Ооруп калсаң өзүңдү эч кимге керексиз сезип, жан дүйнөң жабыркап калат. Ошол учурда өзүбүз учурунда дарыланбай ооруну күчөтүп алат экенбиз. Адамдар оорунун кесепетинен өз өмүрү менен коштошуп кеткен фактылар көп. Бирок ооруну алдын алып, аны өзүбүздүн аракетибиз менен жеңсек болот. Жылдан жылга дүйнө жүзүндө оорулардын түрү улам көбөйүүдө. Убагында дарыланбагандыктан оору күчөп, өнөкөт, айыккыс дартка өтүп кетүүдө. Күн сайын ооруканага келген адамдардын агымы уламдан-улам көбөйүп жаткандыгы зээнди кейитпей койбойт. Ага эмне себеп деген суроолор да туулбай койбойт. Жашап жаткан коом өзүбүздүн ден соолугубузга кам көрбөй жатабызбы? Же биз өзүбүздүн ден соолугубузга кам көрүүнү билбейбизби? Биз бул дүйнөгө эки жолу келбейбиз. Бир жаралгандан кийин биз жашоонун ырахатын көрүшүбүз керек. Ооруну айыктырууга бизде мүмкүнчүлүктөр бар. Ар дайым ден соолукка кам көрүп, туура тамактанып, таза аба, таза суу, жакшы ойлор, убагында дарылануу менен ден соолукту көздүн карегиндей сактайбыз.

Кыш мезгилинин чилдесинде жол тайгак болгондуктан ар кандай кырсыкка учурап жаракат алып, а түгүл адам өмүрүн алып кетүүдө. Жаракат алып кайрылгандар күн санап өсүүдө. Ушул жагдайга байланыштуу Чүй облустук ооруканасынын директорунун орун басары, медицина илимдерини кандидаты Матаипов Нуралы Калыбековго кайрылдык. Кыш мезгилинде аба ырайынын өзгөрүп туруусу, жолдун тайгак болуусу айдоочулардын профессионалдык деңгээлинин төмөндүгүнөн жол кырсыктары көп болуп, ушундай жагдайдын кесепетинен оор жаракаттар болуп, айрыкча бут, кол, ар кандай жагдайга байланыштуу жабыркагандар көп келүүшүүдө дейт Нуралы Матаипов. Бул көйгөй эмне себептен болгону айтпасак да түшүнүктүү. Эмнесин болсо да көкүрөктү өйүгөн терс көрүнүштөрдү алдын алсак, балким бир аз болсо да өз натыйжасын берээр деген үмүттөбүз.

                                                                                  Айпери Бактыярова

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 20, 2017 11:54

Парламент

Элдик медицина