«Дастандан» уурдалган миллиондор иликтене баштады

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 31, 2018 12:24

«Дастандан» уурдалган миллиондор иликтене баштады

11 Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Дастан» корпорациясында ири өлчөмдөгү акчалай зыян болгону жөнүндө кылмыш ишин козгоду. Сөз азыркы Бишкек мэри Албек Ибраимов «Дастанды» башкарып турган учурдагы кылмыш жөнүндө болуп жатат. Баш калаанын башчысынын бул машакат иши экс-президент Атамбаевдин командасындагы кадрлардын чоң кызматтардан алынып, айрымдарына мыйзам укуругу салынып жаткан маалда болуп жатат.

«Дастан» корпорациясындагы иш Кылмыш Кодексинин ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири көлөмдө жана кызмат абалынан пайдалануу менен ээлеп алуу жөнүндөгү 171-беренеси боюнча козголду.Тергөөнүн материалдары боюнча, 2012-жылы Албек Ибраимов «Дастан» корпорациясын башкарып турганда «Дастан Инжиниринг» ишканасы менен 533 760 АКШ долларына 80 сандагы атайын буюм сатып алуу жөнүндө келишим түзгөн. «Дастан Инжиниринг» ишканасы өз кезегинде атайын буюмдарды Украинадан 14400 долларга эле сатып алып, аны алып келгенге 49000 доллар жумшаган. Натыйжада мамлекет ортодо айырма болгон 470 360 долларга зыян тарткан. Эми бул акчанын кимдин чөнтөгүнө кеткенин тергөө иликтеп жатат.

Албек Ибраимовго байланыштуу кылмыш иши экс-президент Атамбаевдин командасындагы кадрлардын кыңыр иштери чубалып баштап, аларды жоопкерчиликке тартуу талабы күчөп чыккан убакта болуп жатат.

Шейшембиде мурдакы премьер-министр Сапар Исаковго коррупция боюнча кылмыш иши козголду. Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча айыпталып, энергетика тармагынын бакандай төрт жетекчиси камакта.

Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда, кийин да эң оболу мурдакы президент Атамбаевдин саясий курсун улантып, коррупцияга каршы күрөшөрүн жар салган. Эң кызыгы жаңы президент баштаган күрөштө бийликтин укуругу эң биринчи дал ошол Атамбаевдин командасында иштеген адамдарга салынууда.

Соңку учурда укук коргоочу органдар мурдакы башкаруучунун убагында кредитке бүткөн көп иштерден мамлекеттин акчасы ысырап болгон учурларды таап жатышат. Бишкек ЖЭБдеги авариянын кырсыктарын иликтеген депутаттык комиссия бир эле ЖЭБди эмес, Даткан-Кемин долбоору, Түндүк -Түштүк автожолу сыяктуу кредитке бүткөн ири курулуштардын баарын текшерип чыгуу керек деп талап койгон.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 31, 2018 12:24

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина