Дарыланып ушул жайга келип бер, жаркын мүнөз тосуп алат медиктер

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 28, 2019 13:48

Дарыланып ушул жайга келип бер, жаркын мүнөз тосуп алат медиктер

2 Сагынбаев Марат Акимович

Таш-Дөбөдөгү Кыргыз курортологиясы жана ден соолукту калыбына келтирүү илим изилдөө институтунун директоруАлтымыш жылдан ашуун бай тажырыйбасы бар Курортология институту бир гана Кыргызстанда эмес КМШ мамлекеттеринде эл оозуна алынган. Кыргыз эзелтен мазарын сыйлап келишкен, мазардай болгонТаш-Дөбөдөгү (Воронцовка)  курортология институтун Марат Сагынбаев жетектеп келатат. Ал элдин денсоолугунун камын көргөн көптөгөн илимий эмгектерди жазган. Эми ошолорду ишке ашыруу үчүн талбай эмгектенип келатат. Анткени, Марат Сагынбаевк ыргыздын ишенген  «Эскулаптарынын» бири. Байыркы Рим мифологиясы боюнча Эскулапдарыгерлердин кудайы болгон. Адамдар бирөөнүн мурдун талкалап, буту-колун сындырып, чала жан кылып сабасак колубуздан келет, бирок аны калыбына келтирүү бир гана дарыгерлердин колунан келет. Дарыгерлердин кол алдында адамдын өмүрү турат, ошондуктан ден соолуктун сакчылары Марат Сагынбаевдей криссталдай тазалыгын сактап турса экен.

 

Медицина илимин көп каздыңыз,

Медицина көздөй бекем бастыңыз.

Ден соолукту сактоо үчүн эл-журтка,

«Дени таза» эмгектерди жаздыңыз.

 

КНИИКВЛди көп адамдар жетектеп,

Келдиңиз сиз ишти жөндөп кетет деп.

Директору эң жөнөкөй адам деп,

Пациенттер жүрөт дайым этектеп.

 

Жакшыруунун жолун тынбай издеген,

Жанталашып эли үчүн иштеген.

Таш-Дөбөдө Курортологияинститут,

Илгерилеп бара берсин сиз менен!

 

Бөлүм башчыларына

Өйдө-ылдый көтөрүлүп тепкичтер,

Дарыланган жана башка ички иштер.

Бөлүм башчы бөлүмүнө көз салып,

Таң атпастан талыкпастан кечке иштер.

 

Бөлүмдөр барооруларга жараша,

Дабагерлер оорулууну карашса.

Эл оозунда мыкты бөлүм аталат,

Бөлүм башчы бөлүмүнө жарашса.

 

Эл-журт келет улам бирден агылып,

Эл-журт кетет дарыланып айыгып.

Каалаганым бөлүм башчы, врачтар,

Калса экен орден, медаль тагынып.

 

Шакирова Пашакан

Балдар бөлүмүнүн башчысы

«Дарак бир жерден көгөрөт» — дейт, медициналык институту бүткөн соң эмне себептен Таш-Дөбөнүн Курортология институтун  тандап алып, «Таш түшкөн жерине оор» — деп, отуз беш жылдан  бери, Кыргызстандын булуң -бурчунан келген балдардын ден соолугунун камын көрүп келатат. Анын эсинде бул институттун элеси санжыра болуп жазылып калган.

Балдар үчүн күнү-түнү чамынат,

Качан болсо бала менен дарылап.

Тамашөкөй, шайыр жана боорукер,

Сиздей доктор кайсы жерден табылат?

 

Сатыбалдиев Шермамат

Уролог, санатория бөлүмүнүн башчысы

«Ата-аскалуу зоо, эне-боорундагы-булак, бала-экөөнүн ортосундагы чырак» -деп койот. Жигиттердин шери Шермамат мырза аталардын ден соолугун камын ойлоп келатат. Сен Шермамат атыңа затың жарашкан чыныгы шерсиң, колуңдун ачыктыгы, жоомарттыгың кыргыздын азыркы жигиттерине легенда болот.

Кыргыз эмес кыйла кетип атагы,

Санаторийдин мыкты дешет жатагы.

Алыс жактан атын угуп келишип,

Шермаматка берип кетет батаны.

 

Ниязбекова Рапат Теңизбековна

Медициналык окуу жайын аяктап ишинин башын лаборанттан баштаган Рапат айым, ошол бойдон тормоз тээп токтолбостон КГМИнин даанышман окутуучуларынын дартын угуп, Курортологияга келип дарылоо ишин улантты.  Рапат айым турганда бульдозердун кереги жок, ал өзү бульдозердой казып, бардык иштерди  чын дили менен аткарат.

Өз үйүндөй көрүп, жакшы эл эми,

Өссүн дешип айтат жакшы тилеги.

Рахматтын бүт Рапат жакка агылат,

Кыргыз эли түбөлүккө билели!

 

Абдылдаева Нестан

1985-жылдан бери Курортологиянын казанында кайнап келаткан Нестан айым атактуу акын Алыкул Осмонов которгон Шота Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатырындагы» Нестандын эле өзү. Анын илимге кошкон пайдасы, медицина илиминин кандидаттыгы бир төөлүк.

Гиппократ антын бекем сактаган,

Кандидаттык диссертациясын жактаган.

Нестан дайым тактык менен дарылап,

Элин сүйүп эмгек менен актаган.

 

Курортологиянын жалпы медициналык жамаатына

Дарыланып ушул жайга келип бер,

Жаркын мүнөз тосуп алат медиктер.

Дарыланчу адам менен бир болуп,

Накта алардын кызматтарын элдик дээр.

 

Ак халатчан айдай жаркын сулуулар,

Келгендердин көңүлү бүт бурулар.

Дарыланып сакайышкан адамдын,

Баталары сиздер жакка бурулар.

 

Жаңыланып институт жашарып,

Келгендерге дайым мээрим чачалык.

Дарыланып көңүлдөрү ачылсын,

Дайым болсун ушул жайда тазалык.

 

Тийсе экен сиздердин эм дабааңыз,

Качып бизден уйку, онтоо, санаабыз.

Врачтарды көрөр менен заматта,

Өзүбүздү жакшы сезип калабыз.

 

Колуңуздан туруңуздар нур төгүп,

Дабагерди дайым сыйлап жүрөлүк.

Жеке эле майрамда эмес дайыма,

Жүрүңүздөр урматталып түбөлүк!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 28, 2019 13:48

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина