Дарыгерлерге интернет аркылуу кезекке туруу мүмкүнчүлүк түзүлдү

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 11, 2020 12:20

Дарыгерлерге интернет аркылуу кезекке туруу мүмкүнчүлүк түзүлдү

17Москва районунун жашоочулары үчүн services.med.kg порталында электрондук кабылдама тынбай иштейт. Бул портал аркылуу ар бир оорукчан адам үй-бүлөлүк дарыгерге электрондук кезекке тура алат. Онлайн-форматта оорукчандар бир гана кезекке жазылышпастан, өздөрүнүн амбулатордук карточкаларын окушуп, дарыканаларга керектүү дарыларды сатып алуу боюнча буйрутма бере алышат. Электрондук кезекоорулуу адамдардын убактысын үнөмдөп, тейлөө сапатын жогорлатат.Дарыгерлердин билдирүүсүнө караганда ар бир адамга медициналык-амбулаториялык  карта ачылган, анда бейтаптын ооруканага качан, эмне себептен кайрылгандыгы жана кандай оорулар менен ооруп, айыккандыгы, же өнөкөт оорулары туурасында толук маалымат жазылган. Бул дарыгердин жумушун жеңилдетип, оорулуунун тез сакайып кетишине өбөлгө түзөт. Мындай шарттар саламаттыкты сактоо тармагын электрондук форматка өткөрүү боюнча жалпыулуттук “таза Коом” программасынын алкагында  ишке ашып жатат.  Ал эми электрондук кезекке жазылуу үчүн биринчи кезекте жогоруда жазылган электрондук даректи терип, сайтка кириш керек. Андан соң ПИНди жана жеке уюлдук телефон номерди жазуу керек. Кийинки кезекте керектүү дарыгерди тандап жана ага жазылуу үчүн күнүн, убактысын тандаган соң жазылуу керек.

Жалпыбызга белгилүү болгондой аяктап бара жаткан жыл региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы болгондуктан Москва районунда калкты тейлөө тармактарын электрондук форматка өткөрүү менен бюракратия системасынан арылып, сапаттуу тейлөөгө жетишүүдө.ªзгөчө пандемия учурунда электрондук кезекке туруу жана дарыканаларга буйрутма берүү жолу менен керектүү дары-дармектерди сатып алуу менен ар адамдын ден соолугуна кам көрүлөт.

 

Гүлмира Убакеева                                                                                   

 

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 11, 2020 12:20

Приемная кампания 2020

Элдик медицина