Дагы бир бала жашоону таштап кетти…

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 16, 2017 17:01

Дагы бир бала жашоону таштап кетти…

суицид 16 Ноябрь, Бишкек. Бишкек шаарынын аймагында өз өмүрүнө кол салып өлдү деген 5-класстын окуучусуна байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө жүрө баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлады. Борбор калаадагы №28 мектептин окуучусунун өлүмүнүн себептери азырынча белгисиз. Мугалимдер аны сабакты жакшы окуган, тартиптүү бала катары сыпатташууда.

Өзүн өзү асып алды деп болжолдонуп жаткан окуучунун аты-жөнү жана ата-энесинин дайын-дареги ачык айтыла элек. Азырынча жеткинчек №28 мектепте 5-класста окуганы гана белгилүү. Милиция суициддин себебин иликтеп жатат.

 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Адыл Оморов окуя боюнча мындай маалыматтарды берди:

— 14-ноябрь күнү 21:00дөр чамасында, Кайыңды конушунда бир темирге баланын асынып алганы боюнча билдирүү келип түшкөн. Баланын жансыз денеси боюнча соттук медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Бала эмне себептен ушундай жолго барганы иликтенүүдө.

Баштапкы маалыматтарга караганда, окуучу эки күн мурда үйүнөн чыгып кетип, аны ата-энеси менен милиция органдары издеп жүргөн. Окуя болгон күнү баланы Кайыңды конушунун тургундары көрүп калып, милицияга кабарлаган.

 

 

 

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 16, 2017 17:01

Парламент

Элдик медицина