Дүйнөнү акыл-эс сактайбы же кайдасың, тунуктук, скрипканын серпиминдей…

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 15, 2019 12:08

Дүйнөнү акыл-эс сактайбы же кайдасың, тунуктук, скрипканын серпиминдей…

3 Чүйдун мыкты инсандары
Адам баласы өзүнө окшогон адамдар менен адам баласы болот, дегендей, жөн туруп эле эстеп, өзүн да , сөзүн да эңсеткен адамдар бар экенине шүгүрчүлүк кылам. Андайлар менен жолукканда кадимкидей канааттануу алып, жан дүйнө кеңейип, жакшы бир күүнү уккандай маанай ачылып, “жаман” делчү ойлор кайсы бир жакка сайгактап жоголот. Жараткан бу жашоодо ушундан айрытпасын…
Эми куушураак ой: ден соолугуң бузулуп, кадамың бечералансачы? Андайда көздөгөнүң догдур, издегениң акча болуп, башкасынын баары бир тең… Бирок кандай күнгө туш келбе, жагым сөздүн мааниси жоголбойт. Узактан сый тутуп келген бир кишини эстейм, ал – Кыргыз Республикасынын Баатыры, профессор, атактуу хирург, жупунулугу андан ашынган Эрнст Хашимович Акрамов. Айтып да, жазып да келатканымдай, муктаждыкка кабылууну мындай коелу, аны менен жөн эле жолугушуп, сүйлөшүп кетүүнүн өзү кызык, нары пайдалуу, дүйнөң толуктала да, байый да түшөт. Анын: “Адамдын жан дүйнөсү таза болсо, мындайда оору-сыркоо дегени чегинип турат. … Дүйнөнү, менимче, акыл-эс жана маданияттуулук сактайт” – дегени кулагыман кетпейт. Мен билгенден бу киши маданиятты бийик сактап, таза эместерге чындап туталанып, колдон келсе аны жеринде түзөөгө далалат жасап келет. Анткени ал, биринчи кезекте – эң жупуну, катардагы хирург, адептүү кадимки адам баласы.
Бу кишиге сөзсүз ой менен барып, ой менен чыгып, аны жакшы ой менен утурлайсың качан болбосун. Хирургдук тажрыйбасы алтымыш жылдан ашып калса да, ишин баягыдай эле башкалардыкына эч коошпогон калбаат-дем менен улап келет. Анан, хирургдун өзүнүн: “Ар бир операцияга жаш баладай толкунданып барам” дегени эске түшүп:
— Сиз, Эрнст Хашимович, толкунданып этпей эле дайыма бир калыпта жүрөсүз го, — деп жибергем чыдабай кайсы бир жолу.
— Бул сырткы көрүнүш. Мен ар жолу, оорунун оор, жеңилине карабай тынчсызданам, нечен ирет кыймыл-аракетимден бери таразалап ойлоном, анткени операция учурунда турмуш-тириликтегидей эле ар кыл күтүлбөстүктөр чыга калышы мүмкүн каратып туруп, — деген ал. – Муну эске албагандар, көнүмүш ишти аткарып аткандай чокчоңдогондор жок эмес, топту тээп койсо эле дарбазага өзү кирип кетпегендей кеп. Ар бир операцияны ар дайым жаңы ачылыш катары кароо туура деп ойлойм. “Ой, мындайдын далайын кылгам, азыр эле эки операция жасадым, эми үчүнчүсүн деле ошентип коем” – деп пландаштыргандарды да, жеңил жана арзан операцияларды алда канча кымбат жасагандарды да… эч түшүнгүм келбейт. Албетте, бардык жагдайда жаңылануу болушу керек. Мындайсыз, жашоонун өзү кызыксыз. Эч кимибиз билбейбиз да эртеңки күн кандай болоорун, кандай талаптарды коерун…
х х х
… Көрүп жүрүбүз го: иш дөңгөлөгү дөңгөлөнбөй тыгылып же “восьмерка” дегенине кабылганда, же дагы бир балекеттен кабырга-капшыт катуу кагуу жегенде илгеркидей көбүнесе эки аяктуулары көбүрөөк көнгөн күңгүр-шаңгырлуу тоо таяна жөнөбөй, колдон не келбейт азыркы тапта, заматта жердин тээ наркы капталына “сыпаа” ооп, көлөкөлөй калкаланып же жылынып эле коюш түгүл жылдап жыргап, чөгүп жатып алышкандарды; “жембаштыгын” төгөрөктүн төрт бурчуна итере камдап, төөлөрдөй бир же эки айча чыдап, анан суугабы, балким, көнгөн таттуу тикендүү чөлүнөбү, алды-артты карабай жүгүргөндөрдү; жерге түшкөндөн байырлаган, көнгөн, кичик асман жеринде өзүнө ылайыктуу, кечээкини чукулап, тийишпеген жыргалдуу ырай, ыңгай болушун уктабай күткөндөрдү; алыста жатып алып, акылдуусунган кеби оголе көбөйүп кеткендерди. Ой-бою бүт “акырда” болуп атса не кылышсын. Билишпейби, сезишпейби муну так айтыш кыйын, качантан бери жыргабай, кайра куурап келатышкан жупунулардын бири да буларды сагынбайт, ишеним артпайт үндөрү чыкса: “келиптир го, акчасы түгөнөйүн деген го, чогултуп алып, кайра кетет”, чыкпаса: “кеткен го”, — деп тим болуп. Ушу жетиштүү, ушуга татыктуу алар. Жупунулар эч нерсеге жутунбайт. Ач же ток экенине карабай, тытынып иштейт, ооруп турган жери бастай калса, кудайга миң мертебе алкышын айтып, догдур себепкер болсо, аны кадырлап, бийик тутуп. Башкасын кеп кылбай туралы.
Айтаарыбыз: бу жарыктыкта ар кыл түшүнбөстүктөрдөн жулмаланып турса да чын ниеттен оюн айтып, кымындай жакшылыкты кастарлай билген, бырыштуу жүздөрүнөн жылмаюу кетпеген, өзүндөй жупунулардын жанында болбосо жаны жай таппай кыжаалаттанган, кары-картаңдардын кайсы бири келем деп атып айткан маалда келбей калса туталана күтүп, кээде чыдабай ысык-суук, жаан-чачынына карабай үйүнө чейин жете барып көрүп, билип, ал-акыбалына дабаа, жанына караан болуп, не сонун, даамдуу кептерин арнап жаны жай алмай адаты күнүгө суу ичкен кейипке келген Эрнст Хашимовичтей адамдар арабызда бар экени кандай жакшы. Мындайлар, айтылгандай, оош-кыйыштардан кээ бир “мыктылар” өңдүү өз мекенин таштай качпайт, ар кыл шылтоолорду чукулап таап, алигидей “жашынмак”, “табыщмак” оюндарын билбейт, билгиси келбейт. Өз иши менен алек.
Улуу хирургдун айткан дагы бир кеби: “Мына, менин бөлмөм. Ушул жерде иштейм, уктайм, кишилер менен баарлашам, кичине болгону менен мага жетет, атүгүл чексиз дүйнө катары туюлат. Түшүнгөндөр түшүнөт, ортоктош болушат. Бул мен үчүн күч-кубат. Түшүнбөгөндөр түшүнбөйт, мындайларга таарынбайм, кеп-кеңешимди айтсам да, ачылып-чачылбайм. Бул алардын өзүлөрүнүн жүгү, табити, ой-туюму, пенделик адат, мамилелери. Муну оңдоо кыйын, оңдоонун деле кереги жок, таптакыр бузулуп кетиши мүмкүн. Түшүнө мамиле жасап, дарты бар болсо колуман келген жардамымды берип, бирок тезирээк узатып коюуга ашыгам. Ички дүйнө-туюмуна жакындоону туура көрбөйм. Өзүмдүкү кошулса “чыр” чыгып кетиши мүмкүн. Тамаша. Ушундай болсом не кылайын. Ооба, көңүл табым бузула түшөт кээде. Адаммын да эрк, күч менен кошо чабалдык кошо берилген. Эшикти бекем жаап, үндү катуу чыгара бакылдап алган учурлар да болбой койбойт. Сөгүнүп-сагынуу менин жаратылышыма жат. Акыры көңүлдөгү оорчулук өтүп кетет. Баары убактылуу делгендей булар айттырбай келе калып, кайра жок боло калчу нерселер. Өтпөй көрүшсүнчү! Башка да ыкмалар бар, колго китеп ала коем, кээде колго кагаз алып, бир нерселерди чиймелеп жиберем. Ал эми арыз-дарттары менен келгендер кирсе, алигидей түнт маанай дароо унутулуп, калыбым дароо жазылат өзүңдүн андайларга керектигиңди сезип, иш азгырып, учтары бир аз муздай түшкөн колдоруң жумшак да, жылуу да тартып. Керектигиңди ички дүйнөң менен туюу ысык махабатка окшош. Мындай ой-туюмсуз жарты жан болуп каларымды сезем. Ооба, коркуткандар да болгон. Мурдатан мансабына манчыркап, башкаларына келгенде үрпөңдөй калышкандардан чочулап, олтуруп калган эмесмин. Мага карыздарды айтып нетмекмин, ооба, мындайлар аз эмес, бирок мен өзүм эч кимге карыз эмесмин. Парз, адамдык башка да сапат, касиеттерди эске албаганда. Анан эмнеден коркмок элем. Биздин эле чөйрөдөгү бийик даражалуулардын бир тобу мени жактырышпайт. Өзүлөрүнүн иши, муну тооткум келбейт. Ачык айтып келгем ар нерсени, эми мындай багытыман кайдан таймакмын. Анткени, эч кимге көз каранды эмесмин. Мен болгону облустук ооруканада хирургия бөлүмүнүн башчысымын” – дегени да эсте туру.
— Эрнст Хашимович, сиз ушинте бересиз жаамы журт ичинде кадыр-баркыңыз тоодой экенин, илимдин доктору, профессор, эмгек сиңирген врач, илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктардын ээси.., Кыргыз Республикасынын Баатыры экениңизди айтпай…
— Сурашпаса өзүм айткан эмесмин, айтпайм…
— Сизди бай дешет го?
— Философиялык тил менен айтканда менден өткөн бай жок. Негизги керектүүлөрүнүн баары бар, жанымда, мына ушул мен бир топ жылдардан бери байырлап, ыңгай түзүп, сыр-касиеттерин саксактап келаткан кичинекей бөлмөдө, колумду сунуп бирден ала берем керектүүлөрүн кичине болсо да бизнесимдин, чоң үйүмдүн, банктарга салган акчамдын жоктугун, алган айлыгымдын аздыгын… айтпаганда. Тамакты тандабайм арзан болсо да ден-соолукка зыянын тийгизбей, даба болорун жандайм. Жакпаган же күчтүү тамак алдыма коюлса, курсакты тойгузуш үчүн эле качырып кирбейм, мындайга өзүм да, ашказаным да көнбөгөн, андан көрө ач жүргөнүм эп. Ким болбосун менин азыркы ээлеп турган кызматымда иштей алат. Сезимтал кол, жүрөгүндө өйдөдөн берилген касиеттер жок болгону деле. Меники жөнөкөй эле догдурлук жумуш. Бирок, айтып койсом болот: меникиндей кызматта бир да илимдин доктору, профессор… жок.
— Башкы врач болгуңуз келбейби? Айлыгыңыз көбөймөк да…
— Болгум келбейт. Оюма да келген эмес. Айтпадымбы, көз карандысыз иштеген кишимин деп. Ооба, айлык аз.
— Жоопкерчилик айлыкка карабайт да…
Качан карачу эле, айрыкча, биздин чөйрөдө. Муну саамга унутсаң, оорулуу өлүп, кээ бирлер атасыз, апасыз, баласыз… калат. Мына ушул, дегеле башынан дем алыш дегени жок менде. Оорулуу толук сакайып кеткиче жан тынбайт уктасам түшүмө кирип. Дарылап коюп тим болбой, анын андан аркы турмушуна кызыгуу мен үчүн жадыбалдай эреже, бузулгус адат. Тагдырлар жатпайбы…
Ойлор берилебей, утуру озуна арылаганы токтобосо токтобосунчу: өзү ачык күлүп, не кеп болбосун көңүлдөнө шаңкылдап ачылып айтканындай, анын сөздөрүн гана эмес, кыймыл-аракет, ар нерсеге мамиле, көз жүгүртүүсүн, ойлонуусун, дагы да толгон-токой башкаларын айтпайлы, китептерди барактап, калем же кашык кармаганынан бери … чын ниет, жакшылык бүркүлгөн апакай көңүл менен ишке ашырылат (мындайлыгы башкаларындай эле жөндөн жөн жасалбай, жогору жактан берилип, жан-деми менен биргелигин туйбай, балким, туя алышпаса керек, эч кимди сындабайлы, мындайлар тууралуу айтып берсеңиз деп жалдырап сурасаң сөз чыгарбайт, бирок дегеле анын өмүр жолуна накта кесепетин тийгизген башка бирөөлөрдү жамандоо, алдын ала бүтүм чыгаруу ага жат, кылым карытарлык деңгээлде кыйынмын дегендерден бери суктанмак түгүл көрө албай жана кызгангандар толуп жатат). Ырас, адам туурасында маанисиз маселе болбойт. Мындай касиеттер баарыбызда болсочу. Анда эле: айланабызда тагдырына таарынгандар, азаптан ыйлагандар, нааразы болуп, жаман адаттарга берилгендер кыйла азаймак белем… Бул хирургга эле керекпи…
х х х
…Баягы учур эсте туру: Жекшеби күндөрдүн бири. Эрнст Хашимович менен алдын ала сүйлөшүп алып, облустук ооруканага барып, бөлмөсүнүн алдынан айылдык ардагер менен учурашып калдым. Хирургду күтүп олтуруптур Жөн-жайды сурашсак, мени билет экен гезит беттерине жазып келаткандарымдан. Сүйлөп сөзү түгөнбөйт. Улгайып, омураң калган оору дегени бир аз окшойто баштаганын кеп көрбөй, көңүлү жайдары, шуулдайт кызыгууну арттырып, кулакты делдейте тыңшатып, жакшылык күттүрө күүлөнтүп.
— Бүгүн жекшемби эмеспи… Сиз…
— Билем, билем. А кишиде дем алыш дегени болбойт. Азыр да операцияда экен. Мени көбүнчө ушундай күндөрү карап жүрөт, — деп жиберди эмнени оюмду туюп.
— Ооба, эс алуу дегенди уккусу келбеген киши. Ооруп жүрөсүзбү?
— Оо, несин айтайын. Ооруганда да, бир айтканда, киши болбой калгам. Карабай коюшкан “ички органдарыңдын бары жарабай калыптыр, таптакыр өтүшүп кетиптир, болбойт” деп догдурлардын кыйындарынан бери. “Чийип” ташташкан каратып туруп.
— Мындайды мен да билип калдым…
— Өзүм деле жөн басып жүргөн киши эмесмин. Жумуриятыбызга эмгегим сиңген мугалиммин. Өмүр бою тарбия-таалим ишиндемин. Азыр деле бир нече саатым бар. Ырас, ишеним арттыргандары болду, бирок “чү” дегенде эле беркинисин, б.а., асмандын башын айтышат. Кары мугалимдердин биринде андай акча кайда. Бала-бакырам деле тың дечи колдорунан иш келген. Кыскасы, мына бу жерге келип, Акрамовдун колуна тийгенден соң, минтип жан кирип, эч кимге сөз бербей бакылдап калбадымбы. Ийи, балам, дагы сүйлөшөрбүз, догдур бошоду окшойт, сен да ал кишиге келген турбайсыңбы, эрте күндү кеч кылбай мен кирип чыга калайын.
Бу хирургду тааныбагандар, билбегендер жокко эсе жумуриятыбызда. Сырттан бери келгендер көп экенин да билем. Айланасында ар кыл мааниде айтылган сөздөр да арбын. Айрымдар тим эле аралашып жүргөндөй жеке турмушунун үтүр-чекиттерине дейре айта башташканда таң калуу ого бетер күчөп кетчү. Мен антпейм, улуу хирург менен нечен жолугушуп келем, анан, айрым учурда анын мүнөзүнүн кээ бир жактары эч качан ачылбас алтын сандыктай көрүнүп кетет, бирок ар нерсеге тереңден маани бере жана түшүнө баарлаша келгенде бу кишинин бүт жан дүйнөсү заматта алаканга салгандай ачык…
х х х
… Эрнст Акрамов өзүнүн өткөнү, балалык, өспүрүм кездери тууралуу айткысы келбесе да билгеними, качандыр бир кезде өз оозунан укканымдын айрым бөлүктөрүн ортого сала кетейин. Ал накта шаардык болот. Хашым атасы жүк ташуучу автобазада шоопур болуп иштеп, апасы үйдөгү жумуштар, бала-бакыраны тарбиялоо менен алектенчү. Оокат аш жетип-жетпеген, тытынган кыйын убак. Атасы кийин гараж башчысы болгондо, кадимкидей оңолуп калышат. Бул үй-бүлөдө ар бир мүчөлөрүнүн өз-өзүнчө милдеттери болор эле. Эжеси көбүнчө тамак-аш даярдоо жагына каралашса, Эрнст Хашимович сабагынан бошогондо бөбөгүн карап, кышкысын эшиктин алдындагы карды күрөп, от жакканга, башка да үй жумуштарына каралашчу. Эч ким ай-кой дебесе да, үйдөгү тартип катуу. Алтынчы класстан гимнастика секциясына барып, спорттун бул татаал түрүнө кызыгуусу артып, мелдештерде ийгилик жарата баштайт.
Мүнөз дегени так мына ушул жерден кашкаят. Максаты чоң: алдыда болуу. Опурталдуулукту ойлоп да койбойт. Жаратылышынан денесин ийкем башкара билип, коркуу дегенди билбейт. Атасы анын мына ушундайын баалап, кымпыйып унчукпайт Апасы далай жолу айтат: “Мунуңду ташта, арка-мойнуң үзүлүп, майып болосуң” – деп.
Ал бала кезинен тигиндей, мындай деп далилдеп, артка чегинүү дегенди билбейт, “капа болбочу апа, бокска барганда да ушинткенсиң, гимнастика деген эн кооз, пайдалуу, коопсуз спорт эмеспи” – деп мулжуңдап, кооздукка, сулуулукка жетиш үчүн не аракеттер, опурталдуу көнүгүүлөр жатканы тууралуу, кайсы бир жолу турниктен “солнце” жасаганда колу чыгып кетип, бактыга жараша өзүн жоготуп койбой, бирок ийнин катуу окустатып алганын ойлосо да.
Ооба, ошол финалдык мелдеште катуу жыгылган. Тажрыйбалуу машыктыруучусу турниктин жанына дароо жетип барып, көтөрүп тургузган. Ооруканага алып барайын десе таптакыр көшөрүп болбой койгон өзү басып , кайгырганы- биринчи орунду албай калгандыгы болуп, жайнап караган кыздар болбосо боздоп ыйлап жибермек. Машыктыруучусунун:
-Сенден үмүт чоң эле, эми башка балдардай бул спортту таштайсың го,- деп туталанып жибергенде бала гимнаст ызалуу ый аралаш:
-Агай сиз мага ишенбей калдыңызбы. Мен мындан да татаал көнүгүүлөрдү жасап жүргөм, анан азыркыны оңой көрүп жиберип…- деп мукактанып, баары аны шылдыңдап карап тургандай башын бир көтөрбөй аксаңдап, ийинин кармап басып кеткен. Машыктыруучу аны мындан ары келбейт деп ойлогон. Жок, андай болбоду, жаш гимнаст денеси жакшы айыга электигине карабай кийинки күндөрү эле жетип келди. Далай мелдештерге катышып, биринчи рязрядчы, андан соң спорт чеберинин кандидаты, чебери болду жана бул жаатта дагы кыйла ийгиликтерге жетишмек, бирок мединститутта окуп жүргөндө эки багыттын бирин тандаш керек болот- илим билимди тандайт. Анын үстүнө гимнастика дегени спортчунун жаш курагын көбүрөөк тандайт, анан, Союз учурунда чоң көрсөткүчтөргө жетишүү абдан кыйынга турчу, ал эми СССРдин чемпиону дүйнөлүк жеңишке тете болуп. “Абдан катуу киришсем, союздун эле эмес, дүйнөнүн чемпиону болмокмун” — дейт күлүп. Окууну бүткөндөн кийин да бир жылча спорт өзүнө тартып, шаардык стадиондо догдур болуп иштейт. Бул жердин талап- тартиби (спецификасы) башка эмеспи, кийин медициналык мекеме, бейтапканаларга иштөөгө которулат. Алардын үй-бүлөсү турган үй Совет-Москва көчөлөрүнүн кесилишинен орун алган. Азыр ал үйдө бир тууганы бала-бакырасы менен жашайт. Ал жерде Эрнст Хашимовичтин да бөлмөсү бар. Башка үйү жок. Машинеси, дачасы, өзү айткандай, абдан жакын достору да. Бирок баардыгы менен бирдей жакшы мамиледе.
Ии, баса, кичинесинен спорттон башка учкучтарды даярдоочу клубдарга барып турчу. Эңсегени учкуч болуу эле. “Врач болбосом учкуч-истребитель болмокмун”- дегени бар. Бул тилеги орундалбайт. Учкучтарды даярдоочу окуу жайлары алыскы шаарларда болгондуктан, акча каражаттарынын жоктугу себепкер болот. Азыркы тапта Эрнст Акрамов жашап жана иштеген бөлмөнүн эң көрүнүктүү жеринде самолеттун макети турат. Аны саамга тигилип бир аз капалана түшкөнүн байкадым. Медицинанын чокусуна чыкса да учкуч болуу хирургдай эле эң бир ыйык эңсөөлөрүнүн бири экенине, жашоодо дагы бир кайрылыш болсо, дагы эле эки тандамдын алдында абдан толгоно ойлонуп тураарын элестеттим. Жаза басуу дегени болбогон, конкреттүү иш менен алектенүүнү гана ойлогон киши тура.
— Учкуч-истребитель кыйраткыч эмеспи, сиз ушундайды жакшы көрөсүзбү? -деп калгам тамаша аралаштырып. Ал ойлонбой эле:
-Балким… Кыйраткыч боло албай калган соң бекеринен хирург болгонум жок да, -деп каткырып күлүп калган.- Ооба, адамды көп нерсе кызыктырат, бирок ар кимде башкы магистраль болушу керек да. Мен үчүн бул хирургдук иш болуп калды. Ийи, айта кетсем, классикалык искусствого да мына ушундай мамиле жасайм. Бош убакыт боло калганда, аман-эсенминби, чарчап чаалыгып же дагы бир ойго батып кайгыра түштүмбү, мени ар дайым ушул классикалык музыка, оюндар, классикалык адабият…сактайт десем болот.
Жумакан САРИЕВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 15, 2019 12:08

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина