Дүйнөлүк банк жылуулук тутумун жакшыртууга каражат бөлөт

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 9, 2019 15:49

Дүйнөлүк банк жылуулук тутумун жакшыртууга каражат бөлөт

9 Дүйнөлүк банк Кыргызстанда Жылуулук менен жабдууну жакшыртуу долбоорун ишке ашырууга 46 миллион доллар бөлөт. Жогорку Кеӊеште Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлгөн.

Келишимге ылайык, аталган долбоор жылуулук менен жабдуунун натыйжалуулугу жана сапатын жакшыртууга багытталган. Долбоор үч курамдан турат. Алгач Бишкектин борборлошкон жылуулук менен жабдуу тутумунун сапатын жогорулатууга 31 миллион доллар бөлүнөт. Анын 23 миллиону насыя, 8 миллион доллары грант.

Насыянын төлөө мөөнөтү 38 жыл, жеңилдетилген мөөнөтү 6 жыл, ал эми пайыздык коюму 0,75 пайыз. Андан соң, экологиялык программаны иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу чараларына 5 миллион доллар грант катары берилет. Үчүнчү баскычтын алкагында коомдук имараттардын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатууга 10 миллион долларлык грант бөлүнөт.

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 9, 2019 15:49

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина