Дүйнө Кыргызстанга эмне үчүн суктанат?

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 21, 2017 12:02

Дүйнө Кыргызстанга эмне үчүн суктанат?

Без названия 21 апрель, Бишкек.  Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында үстүбүздөгүжылдын 14- апрелинде Евразиялык экономикалык биримдиктин жана ЖККУнун саммити болуп өттү. Бул эки уюм тең дүйнөдөгү  кадыр-барктуу уюмдардан болуп эсептелет. Ушул жыйындарга катышкан дүйнөдөгү дөө-шаа мамлекеттеринин бири Россиянын президенти Владимир ПутинКыргызстанда жеңил өнөр-жайы жакшы жолго коюлуп, өнүгүп бара жатканын айтып өттү. Путин учурунда «СССРди ойлобогондордун жүрөгү жок, СССРди калыбына келтирем дегендердин мээси жок» деген сөздү айткан.

 

Россия-Кыргызстан тарыхы

 

Артка кылчая карасак мындан бир жарым кылым мурун 1860-жылдары Кыргызстан Россия империясынын курамына кирген. Россиянын курамына кошулушунун Кыргызстандын объективдүү да, субъективдүү да себептери болгон. Түндүк Кыргызстандын уруулары Ормонхандын өлүмү менен сарбагыш-бугу болуп чабыша баштаган. Ага чейин Россия империясына каршы албуут чабуулун баштаган казактын орто жүзүнүн төрөсү Кененсары хан кыргыз жерине каптап кирип, кыргыз баатырларынын тайманбастыгынан улам катуу сокку алып, Кененсары, Ноорузбай жок кылынган. Дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүн колония кылып алган Англия Ооганстан аркылуу Борбордук Азияга жакындап Кыргызстанга да көз артып турган. Кылкылдаган Кытай мамлекети он жетинчи кылымда калмак мамлекетин жер менен жексен кылып, Кыргызстан менен чектеш Синцзянь –Уйгур автономиясын түзүшүп, Кыргызстан аркылуу Борбордук Азияга көз сала баштаган. Экономикалык жактан чабал Кокон хандыгы кыргыз жерлерине чептерин курушуп Түштүк Кыргызстанды официалдуу, ал эми Түндүк Кыргызстанды үстүртөн башкарып турган. Ушундай оор тарыхый кырдаалдарда Түндүктөн жылып келаткан Россия мамлекетинин карамагына өтүү зарылчылыгы туулган. Англия, Кытай сыяктуу зор державалардын басып алуусунан Россия гана сактап кала алмак. Ошондуктан Россияга кошулуу үчүн уруу башчылары өз өкүлдөрүн жиберип турган. Артта калган Кокон хандыгына караганда Россия менен кошулуу прогрессивдүү болгон. 1916–жылы  түзүлгөн келишимдерге карабай Герман согушунун тылына кишилерди алабыз дешип, Үркүндү жаратып алган. Кудайдын амири менен 1917-жылы февралда ак падыша тактан кулап, кыргыздар Кытайдан өз жерине кайтып келишкен. Кыргызстандын экономикалык жагынан өсүшүнө Россиянын таасири чоң болгон, көпчүлүктүн жардамы менен бутунан туруп келаткан Кыргызстанга 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуш учурунда Батыштан көчүрүлгөн завод-фабрикалар келишип, биздин мамлекет өнөр-жайлуу, индустриялуу өлкөгө айланган. Социалисттик экономика ишканаларды бири-бири менен чырмап, 1991-жылдагы СССР мамлекеттеринин тарашы бардык мамлекеттерге өзгөчө сокку урган. Учурдагы ЕврАзЭс сыяктуу уюмдар СССРдей болбосо да экономикалык жактан биригүүнүн жөрөлгөсү болуп эсептелет.

 

ЕврАзЭс тууралуу эки ооз сөз

 

ЕврАзЭстин негизги максаты болуп жалпы экономикалык мейкиндиктерди түзүү жана мүчө болгон мамлекеттердин капиталдарынын эркин болушу эсептелет. Андан тышкары, ЕврАзЭстин аймагында бирдиктүү валюта колдонулуп, ички рынокто соода товарларын жана тейлөөлөрүн, ошого жараша мыйзамдарды бир эрежеде калыпка салуу. Чет мамлекеттердин инвестицияларын бирдиктүү колдонуу, энергетикалык жалпы рынокту орнотуу, Бириккен Улуттар Уюмуна биригип таасир этүү сыяктуу чоң көйгөйлөр бар. Бирдиктүү эмгек рыногунда социалдык саясатты жакындатуу, ушул алкакта билим берүү, саламаттыкты сактоо, эмгек миграциясы маселелерин чечүүдө бирдей макулдашылган талаптарга жетишүү болуп саналат. Мамлекеттердин ортосунда евразиялык биримдикти түзүү долбоорун 1994-жылы Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев сунуш кылган. 1995-2000-жылдары кызматташуу боюнча оптималдуу изденүүлөр болгон. 2000-жылдын 10-октябрында Казакстандын борбору Астана шаарында Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан мамлекет башчылары жолугушуп ЕврАзЭсти түзүү боюнча келишимге кол коюшкан. Бул келишим 2001-жылдын 30-майынан баштап күчүнө кирген. 2001-жылдын майынан баштап бул уюмдун негизги органдары болгон ЕврАзЭстин мамлекет аралык Кеңеши жана Интеграциялык Комитети түзүлгөн. 2003-жылдын апрелинде ЕврАзЭстин соту бекитилген. 2003-жылдын декабрында БУУнун Башкы ассамблеясына ЕврАзЭс байкоочу статусун алуу үчүн көрсөтүлгөн.

 

 

ЕврАзЭс Кыргызстандын тышкы саясатында өзгөчө орунду ээлейт

 

14-апрелде «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңири форматтагы жыйыны болду. Мамлекет башчысы быйылкы жылы Кыргызстандын ЕАЭБдеги төрагалыгы уюмдун мындан аркы ишине карата көз карашын сунуштоого мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Атамбаевдин айтуусунда. Кыргызстан 2017-жылды Евразиялык экономикалык мейкиндикте бизнестин өнүгүшүнө эң жагымдуу шарттарды түзүүгө арноо сунушун ЕАЭБдин Жогорку кеӊешине жолдоду. Чынында бизнес экономиканын кыймылдаткыч күчү, ошондуктан биримдикти куруунун негизги эрежелерин жүзөгө ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен ишти улантуу абдан маанилүү. Бул-товарлардын, кызматтардын кыймылынын эркиндиги, финансылардын жана эмгек ресурстарынын ары-бери жүрүшүнүн эркиндиги. Албетте биримдиктин ичиндеги тоскоолдуктарды жоюуга күч үрөшүбүз керек. Ал үчүн мамлекеттик органдар, Евразиялык экономикалык комиссия арасында кыйла тыгыз байланыш керек. Албетте Евразиялык комиссия биздин өлкөлөрдүн бизнеси сунуштаган демилгелерге кулак салууга тийиш.

Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн айыл чарбасын, кайра иштетүүнү, жеңил өнөр жайды өнүктүрүү боюнча ишти күчөтүү өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.

«Ветеринардык, санитардык, фитосанитардык көзөмөлгө байланышкан ченемдерди ишке ашырууга колдоо көрсөтүп жаткан Россия менен Казакстандын жетекчилерине ыраазылык айткым келет. Бул тоскоолдуктар алынат жана лабораториялар чыгарылып жаткан товарлардын сапатын жакшыртууга, аларды өндүрүүнүн натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзөт деп ойлойм» деп белгиледи Алмазбек Атамбаев. Кыргызстан президентинин айтымында мындан ары жалпы эмгек рыногун калыптандыруу зарыл. Бул маселеде эмгекчилер менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсиялык камсыздоо боюнча келишимди аягына чыгаруу керек. Майда административдик тартип бузуулар үчүн биримдикке мүчө өлкөлөрдүн эмгек мигранттарын, жарандарын депортациялоо маселелерине биз кыйла либералдык мамиле жасалышын каалайт элек деген оюн айттыАлмазбек Атамбаев. Андан  тышкары, биримдик ичинде жалпы электр энергетикалык рынокту түзүүнүн мааниси, бул үчүн финансылык, инфраструктуралык ресурстарды аныктоо боюнча пикирин ортого салды. Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрү менен мамилелер  Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык саясатында приоритет болуп саналарын белгилегим келет. Биз өнөктөрүбүздү жандуу биргелешип иштөөгө чакырабыз деди Кыргыз Республикасынын Президенти. Андан кийин Армения Президенти Серж Саргсян, Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон, ошондой эле Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегия башчысы Тигран Саркисян сөз сүйлөдү.

 

 

Бишкекте кол коюлган документтер

Евразиялык экономикалык кеңештин органдарында быйыл Кыргызстан төрагалык кылууда. Бишкекте өткөн саммиттин жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Евразиялык экономикалык Жогорку кеңештин жыйынынын соңунда кол коюлган документтердин тизмеси:

 

  1. Молдованын Евразиялык экономикалык биримдикке байкоочу мамлекет-статусун алуу ниетин колдоо. Евразиялык экономикалык комиссиясы уюмга мүчө мамлекеттер менен биргеликте көрсөтүлгөн тартипте ЕАЭБге байкоочу-мамлекет статусунун токтомун иштеп чыгып, Евразиялык экономикалык Жогорку кеңештин кийинки жыйынында аны бекитүүгө сунуштоо. Аталган чечимдин 2 пунктунда көрсөтүлгөндөй, токтомду бекиткенден кийин Молдова Республикасына байкоочу-мамлекет статусун берүү жөнүндөгү чечимди кабыл алуу. Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарындагы тышкы текшерүүнүн ишке ашырылышынын жыйынтыктары жөнүндө.

 

  1. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин 2017-2018-жылдарга карата макроэкономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө.

 

  1. Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (2 чечим).

 

  1. Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө (2 чечим).

 

  1. Евразиялык экономикалык комиссиянын регламентинин ишине өзгөртүү киргизүү жөнүндө (2 чечим).

 

  1. Евразиялык экономикалык уюмунун мамлекеттер аралык кеңешинин чечими күчүн жоготту деп таануу жөнүндө.

.

 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 21, 2017 12:02

Парламент

Элдик медицина