Дүйнөдөгү миллионерлердин жалпы байлыгы 70 трлн доллардан ашты

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 21, 2018 17:02

Дүйнөдөгү миллионерлердин жалпы байлыгы 70 трлн доллардан ашты

4 Дүйнөдөгү доллардык миллионерлердин жалпы байлыгы 2017-жылы 10%га өсүп, алгачкы жолу 70 триллион доллардан ашты. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазды.

World WealthReport уюмунун берген отчетуна караганда өткөн жылы миллионерлердин саны 1,6 млнго көбөйгөн. Жаңы миллионерлердин төрттөн үч бөлүгүТүндүк Америка жана Азия-Тынч океаны аймагына туура келет.

Ал эми миллионерлердин көпчүлүгү АКШ, Германия, Япония жана Кытайда жашашат. Ошондой эле акчалуулар байлыгынын 30%ын акцияларда, баалуу кагаз түрүндө сактайт. 27%ын нак акча же анын эквиваленти менен кармашса, 17% байлыгына кыймылсыз мүлктөрдү алып коюшкан.

Эксперттердин пикиринде 2025-жылга барып, доллардык миллионерлердин дүйнө боюнча жалпы байлыгы 100 трлн долларга жетиши мүмкүн. Бул 2006-жылдагы көрсөткүчтөн дээрлик үч эссе көп дегенди түшүндүрөт.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 21, 2018 17:02

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина