COVID-19 Коронавирус инфекциясы чыккан учурда бала эмизүү боюнча кеңештер

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 29, 2020 02:27

COVID-19 Коронавирус инфекциясы чыккан учурда бала эмизүү боюнча кеңештер

8 Коронавирустун дүйнө жүзүнө кеңири жайылышы бардык ата- энелердин тынчын алды.  Аларды: Ымыркайды кантип кароо керек? Ымыркайды эне сүтү менен тамактандырууга болобу? Бала менен эненин ортосундагы кандай тобокелдиктер бар деген суроолор түйшөлтөт.
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмдары, эненин сутүнүн пайдалуулугун эске алуусу менен, пандемия шартында энени ымыркайды эмизүүгө чакырат. Ошол эле учурда энелер эске ала турган жагдайлар жана эрежелер бар.    Эне сүтү ымыркайга эң негизги тамак болуп эсептелет. Эне ымыркайды төрөлгөндө биринчи саат ичинде эмизүү керек. Баланы алты ай эмизүүдөн кийин кошумча тамак берүүгө болот. Эне сүтү аркылуу ымыркай биринчи эмдөө алат (первая имунизация). Эмчек сүтү аркылуу жүздөн ашык азык заттар баланын организмине кирет, баланын өсүшүнө өбөлгө түзөт. Эне сүтү баланын чоңоюшу менен составы өзгөрүп турат.

Пандемия убагында колдонуучу  эрежелер:

  1. Респиратордук гигиенаны сактоо бала эмизүү учурунда же баланын жанында болгон мезгилде медициналык беткап тагынгыла. Беткап тагынунун астында жана аны чечкенден кийин колуңарды самындап жуугула.
  2. Бала мененбайланыш учурунда, аны ичинде эмизүү алдында колуңарды жыйырма секунттан кем эмес самындап жуугула же антисептик менен тазалагыла. Эмчек сүтүн саап алардын алдында, баланы тамактандырууда колдонуучу идишти пайдаланууда колуңарды жуугула.
  3. Көзүңөргө мурдуңарга жана оозуңарга кол тийгизбөөгө аракет кылгыла.
  4. Баланы башка адамдардан тийиштүү аралыкта кармагыла (бир метрден аз эмес).
  5. Бөлмөнү өзүңөр же үй-бүлө мүчөлөрүнүн жардамы менен үзгүлтүксүз тазалыкта кармагыла же дизинфекциялап тургула.
    Эгер сиз же сиздин ымыркай коронавирус жуктуруп алганына шектүү болсо, же мындай диагноз тастыкталса, баланы эмизүүбоюнча кеп-кеңешти, базалык психологиялык жардам  же практикалык жардам сурап жергиликтүү үй-бүлөлүк медициналык борборго кайрылгыла.

Ч.З. Дюшекеева,Чүй аймактык ооруканасынын                                                                                                         врач- неонатологу                 

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 29, 2020 02:27

Приемная кампания 2020

Элдик медицина