COVID-19: Чүй облусунда 14 бейтаптын абалы оор

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 11, 2020 12:38

COVID-19: Чүй облусунда 14 бейтаптын абалы оор

18 11-ноябрга карата Чүй облусу боюнча 14 бейтаптын абалы оор, 1 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, акыркы сутка ичинде 56 жаңы учур катталган. Анын ичинен 30 учур (коронавирус) лабораториялык жол менен тастыкталды.

— Аламүдүн районунда 1 адам;

— Москва районунда 3;

— Жайыл районунда 16;

— Токмок шаарында 2;

— Ысык-Ата районунда 3;

— Панфилов районунда 5 адам.

Ал эми 26 учур (пневмония) клиникалык-эпидемиологиялык жол менен тастыкталды.

— Сокулук районунда 3 адам;

— Токмок шаарында 19;

— Чүй районунда 2;

— Ысык-Ата районунда 2 адам.

«Облус боюнча коронавирус инфекциясы жана пневмония менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн 693 орун (анын ичинде 42 жандандыруу бөлүмүндө орун), 150 медициналык кызматкер (54 дарыгер, 96 медайым), 538 кычкылтек концентратор жана 45 жасалма дем алдыруучу аппарат дайындалган. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 369 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 354 бейтап орто абалда, 14 бейтап оор абалда, 1 бейтап өтө оор абалда. Акыркы сутка ичинде 56 адам ооруканага келип түшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, жыл башынан бери облуста коронавирус инфекциясы жана пневмония 7335 адамдан аныкталган.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 11, 2020 12:38

Приемная кампания 2020

Элдик медицина