Чжан Хуахуэй АКыргыз-Кытай биргелешкен «Алтынкен» ЖЧК алтындын запасы боюнча Кыргызстанда үчүнчү орунда турат

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 11, 2020 10:34

Чжан Хуахуэй АКыргыз-Кытай биргелешкен «Алтынкен» ЖЧК алтындын запасы боюнча Кыргызстанда үчүнчү орунда турат

2 Ишкананын өнүп-өсүшү үчүн эмгек жамаат жана коом менен бирге гармониялык шартты түзүү максатынын негизинде компания өндүрүштүк-чарбалык ишмердүүлүктү ишке ашырып келет. Кыргыз-Кытай биргелешкен «Алтынкен» ЖЧК алтындын запасы боюнча Кыргызстанда үчүнчү орунда турат.

Ошондуктан, купуя сырын ачуу үчүн журналисттер Кемин районунун Орловка шаарында жайгашкан «Алтынкен» ЖЧКга барышты.

2015-жылдан баштап ушул күндөргө чейин «Алтынкен» ишканасы жалпы суммасы 8,12 миллиард сом салык жана башка социалдык чегерүүлөрдү төлөп, жергиликтүү тургундар үчүн 1,5 миңден ашуун жумушчу орундарды түздү. Ошондой эле «Кемин-Келечеги» коомдук фондун түзүп, анда жергиликтүү инфраструктураны, медицинаны, айылдык курулушту ж.б. жакшыртуу үчүн сатылган ар бир унция алтындын 7,5 долларын бөлүп келишет.

«Алтынкен» ЖЧКнын башкы директору Чжан Хуахуй менен маек:

- 2020-жылы эпидемия ишканага кандай таасирин тийгизди?

— Биринчиден, мен өкмөткө жана коомчулукка жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Ишкананын кызматкерлерине күжүрмөн аракети үчүн да ыраазычылыгымды айткым келет.
Коронавирус эпидемиясы ишкананын өндүрүштүк-чарбалык ишине дагы таасирин тийгизди. Мисалы, кызматкерлердин физикалык жана психологиялык ден соолугу, материалдарды сатып алуу убактысынын узарышы, каналдардын кыскарышы, каржылык чыгымдардын кескин өсүшү ж.б. Бирок ишкананын жетекчилигинин туура багыты жана жалпы жамааттын биргелешкен аракеттери менен биз кыйынчылыктарды жеңип чыгып, ишканада туруктуу өндүрүштү камсыз кылдык.

- Өлкөдөгү 6-октябрдагы саясий кырдаалда бул ишкана дагы зыянга учурадыбы?

— 6-октябрда ишкана 20 саат бою ишти токтотуп турууга мажбур болду. Анын үстүнө айрым кызматкерлер эмгек акыны көбөйтүү үчүн мажбурлоо аракеттерди (мыйзамсыз жолдорду) уюштурушкан. Бактыга жараша кызматкерлер чогулуп, биргелешип, ишканаларды тышкы кол салуудан коргошту.

- Сиздин компаниядагы эмгек акы жөнүндө сүйлөшсөк мүмкүнбү? Ыӊгайлуу болобу?

— Биздин эмгек акы төмөнкү компоненттерден турат: эмгек акы + регионалдык коэффициент + кооптуулук үчүн бонус + ашыкча эмгек акы + сменалык жөлөк пул + тамак-ашка компенсация жана эмгек стажы.

Таркатылган эмгек акынын өлчөмү эмгек акынын 1,8 — 2 эселенген өлчөмүн түзөт. Мисалы, кызматкердин айлыгы 20000 сом болсо, анда бир айлык эмгек акынын өлчөмү 36000-40000 сомду түзөт.

Маалыматыбыз боюнча, бул тармакта биздин эмгек акыбыз жогору экени кабарланууда. Бирок кызмат орду жагынан алганда эмгек акы салыштырмалуу төмөн. Учурдагы баалардын көтөрүлүшүн, инфляцияны, ошондой эле өндүрүштүк-чарбалык иш-аракеттердин иреттүү жүрүшүн эске алуу менен ар бир кызмат ордуна эмгек акынын деңгээлин баалап жана эмгек акысы аз кызматтардагы айлык акыларды кайра карап чыгууга өзгөчө көңүл бурулууда. Жакынкы убактарда мындан аркы планды аныктоого болот.

- Ошондой эле эпидемиологиялык чаралар жөнүндө айтып бере аласызбы?

— Ишканабыз профсоюз уюму менен макулдашуудан кийин жумуш убактысын убактылуу жөнгө салуу чараларын көрдү жана иштин жабык режимине өттү. Турмуш-тиричилик жана жумушчу аймактар ​​үзгүлтүксүз түрдө дезинфекцияланып, медициналык бет каптар бекер берилип, дары-дармектер запасын камсыздоо аракети көрүлдү. Муну менен катар жумушка кетип жаткан жумушчулар үй карантинден жана ПЧР-тестинен текшерилип жатышты. Албетте, ишкана мындан бөлөк дагы тийиштүү колдоо көрсөтүп келди. Мисалы, ун, кумшекер түрүндө, ошондой эле үй карантинде жаткандарга күнүнө 300 сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп турду.

Жумушка бара албай калган кызматкерлерге эмгек акынын 2/3 бөлүгү берилди. Мындан тышкары, ишкана өлкөдөгү эпидемиологиялык дары-дармектердин жетишсиздигин эске алып, тезинен жалпы суммасы 200 миң АКШ долларын түзгөн тиешелүү каражаттарды, анын ичинде накталай каражаттарды которуу түрүндө жардам көрсөттүк.

- Компаниянын кызматкерлери кандай социалдык колдоого ээ?

— Компанияда 9 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жаткан А.Ибраимованын айтымында, ишкана кызматкерлери үчүн абдан жакшы шарттарды түзүп берген. Жумушчуларга акысыз үй тиричилик буюмдары, тамак-ашка компенсация, пенсиялык жөлөк пул, сөөк коюуга материалдык жардам жана башка жардамдар берилет. Бош убактысын пайдалуу жумшап, ден соолугуна кам көрүү үчүн спорт комплекси, футбол, волейбол аянтчасы жана башка шарттар түзүлгөн.

- Эми социалдык иш жөнүндө сүйлөшсөк…

— 1. Жумушка алуу. Ачыктык жана айкындуулуктун аркасында гана жөндөмдүү адамдар «Алтынкен» командасына кирип, коом үчүн баалуулуктарды жаратып, андан кийин жашоо деңгээлин көтөрүп, үй-бүлөсү үчүн ишенимдүү кирешеге ээ болушат.

  1. Социалдык инфраструктураны түзүүгө кам көрүү. Кызматкерлердин жана элдин жыргалчылыгына каражаттарды максаттуу сарптоону камсыз кылуу үчүн «Кемин Келечеги» коомдук фондунун каражаттарын (2020-жылы которулган акчанын көлөмү 1 миллион АКШ долларынан ашты) көзөмөлдөө.
  2. Мындан тышкары, компания коомдук товарларга активдүү инвестиция салат. Жаңы-Алыш айылындагы трассаны курууга 6,7 млн ​​сом бөлүнгөн. Башка жолдордун бир бөлүгү дагы оңдолуп, аялдамалар курулган. Ушул сыяктуу көптөгөн иштер жүргүзүлүп келет.

Ишкана өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине социалдык сапарларды үзгүлтүксүз уюштуруп, балдар үйлөрүнө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө барып турушат. 2020-жылы көрсөтүлгөн материалдык жардамдын көлөмү 20,5 миллион сомду түздү.

- Бүгүн мен кенди жашылдандырууга көп көңүл бурулуп жатканын байкадым. Тажрыйба менен бөлүшсөңүз.

— Компания «Жашыл тоолор жана таза суулар — алтын жана күмүш тоолору» деген концепцияны бекем карманат. Кенди жакшыртуу иштерин жүргүзүп, иштөө чөйрөсүн жакшыртууну уланта берет. Бүгүнкү күндө кайыңдын, жемиш бактарынын, теректердин отургузулган көчөттөрүнүн жалпы саны 30 миңден ашты. 5 миңден ашуун ландшафттык өсүмдүктөр отургузулду, 15 000 кг газон чөптөрүнүн үрөнү себилди. Жалпысынан 65 миң чарчы метрге жакын бузулган топурак катмары калыбына келтирилген. Жалпы инвестиция 80 миллион сомдон ашуун.

  • Компаниянын башкы директору өз сөзүндө белгилегендей, көптөгөн кыйынчылыктарга карабай (мисалы, ири банк насыялары, насыялардын пайыздары, чыгымдардын жогорулашы жана башка факторлор) компания кызматкерлерге эмгек акыны жана мамлекеттик салыктарды өз убагы менен төлөйт.
  • Башкы директор инвестор катары мыйзамдарды так аткарып, өз ишин мыйзам чегинде жүргүзүп, компания социалдык жоопкерчиликти аткарып, социалдык иш-чараларды жигердүү жүргүзүү менен ишкананын үзгүлтүксүз өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн кемчиликсиз башкаруу тутумун түзөрүн кошумчалады.

7 8

«Алтынкен» ЖЧКсы 2006-жылы 5-апрелде каттоодон өткөн. Бүгүнкү күнгө чейин, Кыргызстан менен Кытай мамлекетинин ортосунда үлүштөрдүн бөлүштүрүлүшү 40 жана 60% ды түзөт. Аталган объект толугу менен курулуп, 2015-жылдын 29-июлунда пайдаланууга берилген. Күнүмдүк өндүрүмдүүлүгү 2,5-3000 тонна. Алтындын жылдык өндүрүшү 3 тоннадан ашат. Алтынкен ЖЧКсы ишкананын кызматкерлерине бардык шарттарды түзүп берген.

Бүгүнкү күндө компанияда жергиликтүү тургундардын ичинен 1016 адам эмгектенет. Ар бир кызматкердин жылдык орточо кирешеси болжол менен 520 миң сомду түзөт (салыктарды жана пособиелерди кошкондо). Мында орточо айлык киреше 40 миң сомдон ашат. Бир жылдык эмгек акы өлчөмүндө «он үчүнчү эмгек акыны» берүү каралган. Быйыл эмгек акыны кайра карап чыгуу менен 393 кызматкердин эмгек акысы көтөрүлдү. Натыйжада, кызматкерлердин ушул тобунун орточо эмгек акысы 14,86% га жогорулап, айлык кирешенин өсүшү 20% дан ашты.

Мындан сырткары кызматкерлерди социалдык колдоо жаатында:

Акысыз жатаканага жайгаштыруу;

Кызматкерлерге керектүү каражаттар (самын, шампунь, тиш, кир жуучу каражаттар, ж.б.)

тамак үчүн компенсация;

туулган күнгө жөлөк пул;

Эл аралык аялдар күнүнө карата колдоо;

никеге жөлөк пул;

пенсия;

сөөк коюуга жөлөк пул;

төрөт боюнча жөлөк пул;

саякат жана телефон чыгымдарынын ордун толтуруу;

бекер жемиштер ж.б.

айрым кызматтардын кызматкерлери акысыз сүт жеткирүү менен камсыз болушат;

эмгекти коргоо каражаттары жана күнүмдүк жашоогокеректүү буюмдар бекер берилет;

Компаниянын  автобустары кызматкерлерди ишканага жана жашаган жерлерине бекер ташыйт.

Жыйындар залы, спорттук комплекс, анын ичинде спорт залы, баскетбол залы, футболдук аянтча жана волейбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди, бул кызматкерлердин бош убактысында эс алуусун, ден соолугун чыңдоого мүмкүнчүлүктөр  берилген.

Биз барган журналисттер тобу Алтынкен ишканасынын кызматкерлери жашаган  жатаканасына барып, жеринен көрүүнү чечтик. Коменданты .Аманат айым жаңы келген кызматкерлерди жайгаштырып жаткан экен.

“Алтынкендин кызматкерлери 15 күн иштеп 15 эс алышат. Бул жатакана 300 адамга ылайыкталган жана бардык шарттары заманбап жасалгаланган. Ар бир бөлмөдө 6 дан кызматкерлер жатышат. Анда 3 адам күндүзгү, 3 адам түнкү жумушта эмгектенишет. Алар жумушка келгенде эле өз бөлмөлөрүнө жайгаштырылат. Ишкана ар бир кызматкерге шейшептеринен баштаган, шампуь, самын, тиш жуугуч паста, шеткалары ж.б. керектүү болгон каражаттар менен камсыз кылат. Кызматкерлердин шейшептерин алмаштырган учурда бир күнгө кир хлорго атайын чылап коебуз дагы, анан үтүктөп, коюп коебуз. Бул жатакана өтө катуу көзөмөлдө турат. Пандиемия болуп жатканына байланыштуу, ар бир бөлмөлөр хлордун курамы менен жуулуп, терезелер желденип турат.”-деди жатакананын комменданты.

Биз жатаканадан чыгап ишкананын кызматкерлери  тамактануучу ашканасына бардык. Ооба, биз барган учурда ишкананын кызматкерлери түштөнүп жатышкан убагы экен. Кызматкерлер тамактанып жатканына күбө болдук.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 11, 2020 10:34

Приемная кампания 2020

Элдик медицина