Чынара Козубекова: Максатым мектепти санариптик техника менен толук жабдуу

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 14, 2021 12:16

Чынара Козубекова: Максатым мектепти санариптик техника менен толук жабдуу

9 “Аялзаты коомдун кыймылдаткыч күчү!”-деп бекеринен айтылбаса керек. Анткени иштерман аялзаты өлкөдөгү кайсы гана тармак болбосун коомчулуктун көңүлүн буруп жатпайбы. Андыктан биздин бүгүнкү маектешибиз-өлкөнүн өнүгүүсүнө билим берүү тармагында өзүнүн салымын кошуп келе жаткан эмгекчил айымдардын бири Козубекова Чынара Арстанбековна болмокчу.

-Чынара Арстанбековна, алгач өзүңүз тууралуу кыскача маалымат берсеңиз?

-Мен 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин бүтүргөм. Алгачкы эмгек жолумду атайын жолдомо менен Сокулук районунун Жаңы-Пахта орто мектебинде баштагам. Бул мектепте 1996-жылдан 2003-жылга чейин мугалим, андан кийин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштедим. Жети жылдан ашуун мезгилден бери директор болуп эмгектенип келе жатам.

-Директор болгондо алгач ишти эмнеден баштадыңыз?

-Мен бул жерде иштеп жүргөндө мага чейин Наталья Максимовна Дюмина деген директор иштеген. Ал өзү жакшы кызматтарда иштеп келген инсан болгон. Ал мага устат катары көп нерсени үйрөткөн… Директор катары биринчи мектептин ремонтуна менеджмент катары демөөрчүлүк каражаттарды тартып ишимди баштадым. Мунун жыйынтыгында мектептин материалдык-техникалык базасы чыңдалды.

-Мектеп тууралуу жалпы маалымат айтып өтсөңүз?

-Биздин мектепте Совет доорундагы мугалимдер да эмгектенгендиктен, мен өзүм чогу иштеп жүргөн мугалимдер болгондуктан кадр маселеси жагынан кыйынчылыктар деле болгон жок. Анткени бул жердеги мугалимдердин ар бири өзүнүн кесибин жакшы билген адамдар.Андыктан мектептин негизги ийгилигине мугалимдер өздөрүнүн чоң салымдарын кошушарын баса белгилеп кетмекчимин. Мектепте иштеген мугалимдердин 10 пайызы ушул мектептин бүтүрүүчүлөрү. Биздин кадрлардын жоопкерчилиги, өз ишинин көзүн таап билгендиги аябай чоң жыйынтыктарга алып келет. Биздин эмгек жамааттын курамы 7-8 улуттан турат. Жалпысынан 94 мугалим бар. 1806 окуучу эки смен менен окушат. Бизде 14 класс кыргыз, калганы орус тилинде окутулат. Жалпысынан 63 класс бар. Мектептеги 74 кабинетке Интернет киргизилген. Учурда 12 интерактивдүү доска бар.

-Мектепке мугалимдерди ишке кандай критерийлердин негизинде кабыл аласыздар?

-Бизде мугалимдерди кабыл алууда керектүү мыйзамдын чегиндеги документтерден тышкары биздин методикалык бирикмелерибиздин жетекчилери өздөрү ишке кабыл алуу боюнча тестти иштеп чыгышкан. Биз ошол тесттин негизинде аңгемелешүү өткөрүп кабыл алабыз…

-Учурда окуу процесси кандай жүргүзүлүп жатат?

— Мурункудай эле жүргүзүлүп жатат. Бирок санэпидемиялык чектөөлөр бар. Бизде эми ар бир окуучунун аралыкты бир жарым метрден сактап отурууга мүмкүнчүлүгү жок. Анткени ар бир класста 30дан ашык окуучу бар. Алар партага экиден отурушат. Ошондуктан маска, антисептик колдонушат. Пандемиянын биздин кесибибизге ылайыктуу терс да, жакшы да жактары болду. Ал эми жакшы жактары тууралуу айта турган болсом; ар кимибиз өз алдынча Интернет булактарынан маалымат алганды, ошолорду балдарга жеткиргенди, ар кандай Интернет платформалар менен иштегенди үйрөндүк. Терс жагы болсо окуучулардын аткарылган тапшырмасын өздөрү өздөштүргөнүн тастыктоого мүмкүндүк болбойт . Себеби алар башка Интернет булактарынын алып даяр жоопторду жөнөтүп коюшат окшойт…

-Эми мектептин ийгиликтерине токтолуп өтсөңүз?

-Биздин мектепте англис тили тереңдетилип окутулат.1991-жылдан бери гимназия макамын алганбыз. Ошондон бери АКСЕЛС, ФЛЕКС программасы киргизилген. ФЛЕКС программасынын негизинде бир жылда бизден бирден окуучу Америкага барып стажировкадан өтүп келет. Бул программалар киргенден бери буга чейин Америкада 20 окуучу билим алып келди. Быйыл дагы бир окуучубуз кетмек, бирок тилекке каршы Пандемияга байланыштуу баралбай калды. Бирок аралыктан эле окуп жатат. Эки окуучубуз Алма-Атада айти-технология боюнча 4 айлык окууга кетишкен. Олимпиададан болсо жылына областта, республикада жеңүүчүлөрүбүз бар. Былтыркы жылы 4 окуучубуз областтан, 35 окуучубуз райондон жеңүүчүлөрдүн катарын толукташты . Ошолордун ичинен мектептин бүтүрүүчүсү Иван Бороненко Алтын сертификатка ээ болду. Ал Россиянын жогорку окуу жайында Онлайн режиминде билим алып жатат. Былтыр мектепти 45 бүтүрүүчү бүтсө ошонун тогузу жогорку окуу жайлардын бюджеттик бөлүмдөрүнө өтүшкөн. Россиянын жогорку окуу жайларында 7 бүтүрүүчүбүз окуп жатат. Биздин бүтүрүүчүлөрдүн 25-30 пайызы бюджеттик бөлүмгө өтөт..

-Директор катары алдыга койгон кандай максаттарыңыз бар?

-Мектептин билим сапатын деңгээлинин түшүрбөй кармоо, мектепти санариптик техника менен толук жабдуу…

Кыска-нуска

Шопоков шаарындагы №1 мектеп-гимназиясынын директору.

— КРнын Билим берүүсүнүн отличниги;

-Шопоков шаарынын Ардактуу атуулу;

-Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.

 

Нурлан ИСАМАТОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 14, 2021 12:16

Приемная кампания 2020

Элдик медицина