Чүй облусунун укук коргоо органдарынын координациялык кеңешинин чечими №3

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 26, 2019 15:57

Чүй облусунун укук коргоо органдарынын координациялык кеңешинин чечими №3

3

 2019-жылдын 20-январындагы №3

Жерлерди трансформация жасоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы Джекшембаев Бек Руслановичтин берген маалыматы эске алынып, Чүй облусунун укук коргоо органдарынын координациялык кеңеши

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 Райондук мамлекеттик администрация башчыларына, туруктуу иштеген комиссияларга, айыл өкмөт башчыларына «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Сугат айдоо жерлерин, жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө», «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамы кыйшаюусуз түрдө аткарылышы камсыз кылынсын.

  1. Жогорудагы чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын агарадык өнүктүрүү секторунун башчысы Б.Джекшембаевге жүктөлсүн.

 

Чүй облусунун укук коргоо

органдарынын координациялык

кеңешинин Төрагасы                                                        Т.Абдраимов

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 26, 2019 15:57

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина