Чүй облусунун укук коргоо органдарынын координациялык кеңешинин №3/1чечими

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 26, 2019 16:02

Чүй облусунун укук коргоо органдарынын координациялык кеңешинин №3/1чечими

2 

Чүй облусу боюнча жер фондуларын инвентаризация жасоо жөнүндө

2019-жылдын 20-январындагы №3/1 чечими

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын агарадык өнүктүрүү секторунун башчысы Джекшембаев Бек Руслановичтин берген маалыматы эске алынып, Чүй облусунун укук коргоо органдарынын координациялык кеңеши

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

       1.Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы “Кыргызмамжердолборлоо” институту менен биргеликте райондогу инвентаризациялоо ишин тез арада бүткөрүшсүн.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын регионалдык өнүктүрүү бөлүмүнө:

— 2018-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри К.Бороновдун жетекчилиги менен өткөн жыйында айтылган Чүй облусундагы Панфилов районунун жерлерин инвентаризациялоону кайрадан өткөрүү маселесин аягына чыгарылсын;

-Кемин, Чүй, Москва жана Жайыл райондорунун инвентаризация материалдарын бекитип берүү маселесин чечип берүү боюнча сунуш берилсин;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлгөн Аламүдүн жана Сокулук райондорунун инвентаризациялоо материалдарын өзгөчө шарт менен кароо маселеси сунушталсын.

  1. Жогорудагы чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын агарадык өнүктүрүү секторунун башчысы Б.Джекшембаевге жүктөлсүн.

 

Чүй облусунун укук коргоо

органдарынын координациялык

кеңешинин Төрагасы                                                                                                Т.Абдраимов

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 26, 2019 16:02

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина