Чүй облусунун укук коргоо органдарынын координациялык кеңешинин чечими №2

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 26, 2019 15:52

Чүй облусунун укук коргоо органдарынын координациялык кеңешинин чечими №2

3 2019-жылдын 22-январындагы №2    Ч Е Ч И М И      

 

Чүй облусунун райондорунун айрым айыл өкмөттөрүндө орун алган маселелер жана алардын коомдук саясий абалга эткен таасири жөнүндө

          Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу Шамыралиев Жыргалбек Джумадиловичтин берген маалыматы эске алынып, Чүй облусунун укук коргоо органдарынын координациялык кеңеши

 ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 Райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары-акимдерине, Токмок шаарынын мэрине:

— жогорудагы аталган айыл өкмөттөрдөгү жаралган маселелерди жөнгө салуу боюнча чаралары көрүлсүн;

— калктуу конуштардагы коомдук саясий абалдын туруктуулугун сактоо максатында таасир этүүчү маселелерди алдын алуу чаралары камсыздалсын;- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин, жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-аракеттер көрүлсүн;- райондук мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү маселелери изилделип, сунуштар берилсин.

  1. Ушул чечимдин аткарылышында райондук мамлекеттик администрацияларынын башчыларынын, Токмок шаарынын мэринин жеке жоопкерчилиги белгиленип, чечимдин аткарылышы боюнча маалымат, ар бир айдын 5-күнүнө чейин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына берилсин.
  2. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу Ж.Шамыралиевге жүктөлсүн.

Чүй облусунун укук коргоо

органдарынын координациялык

кеңешинин Төрагасы                                                                                               Т. Абдраимов

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 26, 2019 15:52

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина