Чүй облусунун укук коргоо органдарынын координациялык кеңешинин чечими №1

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 26, 2019 15:49

Чүй облусунун укук коргоо органдарынын координациялык кеңешинин чечими №1

3   2019-жылдын 20-февралы №1 ЧЕЧИМИ

2019-жылдын 25-январында “Токмок-Автодорожный” көзөмөл өткөрүүчү пунктунда болгон окуя боюнча Чүй облусунун укуктук коргоо органдарынын жүргүзгөн иши жөнүндө

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын, Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын баяндамаларын угуп жана талкуулап Координациялык кеңеш,

Ч Е Ч Т И :

 2019-жылдын 25-январында “Токмок-Автодорожный” көзөмөл өткөрүүчү пунктунда болгон окуяга өз убагында аракет көрбөгөндүгүнө, уюштуруу-башкаруу жана ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн жетишсиз иш жүргүзгөндүгүнө байланыштуу Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги А.С. Султановдун ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин атына кат жөнөтүлсүн.

  1. “Токмок-Автодорожный” көзөмөл өткөрүүчү пунктунда болгон окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Б.З.Жангазиевдин ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын дарегине кат жөнөтүлсүн.
  2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын регион аралык башкармалыктарынын башчыларына:

— күйүүчү май жана башка материалдык-товардык баалуулуктарды мыйзамсыз алып өтүү менен күрөшүү алкагында мамлекеттик салык кызматтары менен биргелешкен ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча чаралар  көрүлсүн.

— Чүй облусунун аймагы аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүү каналдарына бөгөт коюу жана ачуу, өз убагында аныктоо боюнча тиешелүү комплекстүү ыкчам-издөө иш чаралары дайыма өткөрүлсүн.

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралар боюнча ай сайын маалымат берилсин.

— 2019-жылдын 1-мартына чейин күйүүчү май жана башка материалдык-товардык баалуулуктарды мыйзамсыз алып өтүү жана башка укук бузуулар менен күрөшүү алкагында, укуктук-тартип жана  коопсуздук органдарынын ишинин абалы боюнча анализи берилсин.

  1. Ушул чечимдин аткаруусун көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы А. Максутбаевге жүктөлсүн.

 

 

Чүй облусунун укук коргоо

органдарынын Координациялык

кеӊешмесинин төрагасы                                                        Т. Абдраимов

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 26, 2019 15:49

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина