Чоң-Кемин айыл өкмөтү тарабынан иштер колго алынып, күндүзгү стационар ачылды

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 10, 2020 11:26

Чоң-Кемин айыл өкмөтү тарабынан иштер колго алынып, күндүзгү стационар ачылды

13 Учурда таажы илдети, пневмония илдети менен ооругандар көбөйүп, бул оорулардын алдын алуу , жайылтпоо боюнча , ооруп калгандарды дарылоо иштерин уюштуруу мезгилдин талабы болуп турат.  Учурда райондо  саламаттыкты сактоо мекемелерин тийиштүү жабдуулар менен камсыздоо боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө.

Алсак, Чоң-Кемин айыл өкмөтү тарабынан иштер колго алынып, учурда «Шабдан»

үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун базасында 30 орундуу  күндүзгү стационар ачылып, бейтаптарга медициналык кызмат көрсөтүлүүдө. Күндүзгү стационар бардык керектүү медициналык жандыктар менен камсыздалды. Айыл өкмөтү жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте демөөрчүлөрдүн да салымы менен иш жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда эң керек болгон кислороддук аппаратты #ЖаркынбаевБакыт Молдошевич, #ТашбаевАзамат Медетович аттуу Чоң-Кеминдин мыкты жигиттери алып берип элин кубандырды. Мындан тышкары дагы керектүү медициналык жабдыктарды алып беришти.

Кемин райондук мамлекеттик администрациясы элине оор учурда кол сунгандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирип, демөөрчүлөргө бардык жакшылыктарды каалайт !

Биримдикте, ынтымакта бул илдетти жеңебиз буюрса!

Жалпы элден суранаарыбыз санитардык нормаларды, аралыкты сактап, эл көп чогулган жайларга барганды токтотуп тартип менен гана бул илдеттен кутулабыз демекчибиз!

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 10, 2020 11:26

Приемная кампания 2020

Элдик медицина