ЧЕЧИМ №1

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 20, 2019 17:24

ЧЕЧИМ №1

4 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, райондук мамлекеттик администрацияла менен биргеликте жазгы–талаачылык жумуштарын оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрдө өткөрүү жана вегетация мезгилине карата сугат тармактарын даярдоо боюнча иштерди жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын коллегиясы

Чечим кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы Джекшембаев Бек Руслановичтин “Чүй облусунун аймагында жазгы-талаачылык иштеринин жүрүшү жана вегетациялык сугатка даярдыктардын жыйынтыгы жөнүндө” берген маалыматы эске алынсын.
  2. Чүй бассейиндик суу чарба башкармалыгынын башысына (Р.Девяткуловго):

— 2019-жылга сугат тармактарын оӊдоп түзөө иштерин өз учурунда аткарышсын ошондой эле аткарылган иштери тууралуу маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына ар бир айдын биринчи жумасында берип турсун;

— себилген айыл чарба өсүмдүктөрүн сугат суу менен өз учурунда камсыздасын.

  1. Райондук мамлекеттик администрация, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына:

— жазгы–талаачылык жумуштарын оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрдө жүргүзүү программасын аткаруу, вегетациялык сугаттарды өз учурунда жана уюшкандыкта өткөрүү үчүн жекече жоопкерчиликтери белгиленсин;

— пайдаланылбаган айдоо аянттарын кыскартуу боюнча чараларды кабыл алышсын жана аткарган иштери боюнча 2019-жылдын 1-июнуна чейин маалымат беришсин.

  1. Жогорудагы чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Э.Аширбаевге жүктөлсүн.

Ыйгарым укуктуу өкүл Т. Абдраимов

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 20, 2019 17:24

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина