Чеберлиги ийгиликке жеткирди

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 24, 2020 14:18

Чеберлиги ийгиликке жеткирди

4 — Чүй райондук балдар  искусство мектебинин 5 –классынын окуучусу Айназик Есеналиева  белгилүү композитор  П.И. Чайковскийдин 180 жылдыгына  арналган “Орус музыкасына таазим” республикалык сынагына   катышып, байгелүү 3-орунга ээ болду. “Мындай жогорку деңгээлдеги сынакта байгелүү орунду жеңип алуу чоң жетишкендик жана биз үчүн чоң сыймык” экендигин Айназиктин  фортепиано боюнча мугалими  Татьяна Николаевна Михайленко билдирди. Т.М.Михайленко өзүнүн кесибинде 40 жылдан бериэмгектенип келет.
Белгилей кетсек, “Орус музыкасына таазим” сынагы эки жылда бир өткөрүлүп, дүйнөлүк музыканын өнүгшүнө салым кошкон жана белгилүү орус композиторлоруна арналат. Быйылкы сынак бул жылы май айында 180 жылдык мааракесин белгилеген  П.И.Чайковскийдин чыгармачылыгына  арналды. Сынакка борбор калаабыздагы  адистештирилген  мыкты жана күчтүү музыкалык окуу жайлары катары белгилүү болгон  М.Абдраев, П.Шубин атындагы жана адистештирилген музыкалык мектептердин  арасынан  22  окуучу катышкан.
Аталган сынакка Т.Н.Михайленко окуучусу  А.Есеналиева менен жаз мезгилинен бери онлайн түрүндө даярданып келишкен. Айназик Есеналиева 9 жаштан 11 жашка чейинки балдар арасындагы сынакта күч сынашты. Ал биринчи баскычта П.И.Чайковскийдин —  “Жез кемпир”, экинчи баскычта —  К.Молдобасановдун  “Кайгы”, үчүнчү баскычында  А.Хачатуряндын — “Сонатина” чыгармасын чоң чеберчилик менен аткарып, калыстар тобунун көңүлүн өзүнө дароо бурдурду.
Росскызматташтык  уюмунун өкүлдөрү сынактын байгелүү орунуна татыктуу атайын Дипломду жана медалды Айназик Есеналиевага  тапшырып жатып, Кыргызстандагы музыкалык окуу жайлардын окуучуларынын  ышкыбоздук деңгээли өтө жогору экендигин белгилешти.  Ал эми Т.Н.Михайленко ал окуучулары менен дагы жаңы сынактарга даярдык көрүп, балдардын музыкага  болгон сүйүүсүн  жана чебердигин арттыра берерин билдирди.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 24, 2020 14:18

Приемная кампания 2020

Элдик медицина