Чалдовар айылындагы мектепте кичи футбол аянтчасы курулду

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 1, 2020 12:02

Чалдовар айылындагы мектепте кичи футбол аянтчасы курулду

4 Жайыл районунун Чалдовар айылындагы №3 орто мектепте кичи футбол аянтчасы курулду. Бул тууралуу айылдын активисти Марат Карбосов кабарлады.

Маалыматка караганда, анын курулушу үчүн 2 млн сом акча республикалык бюджеттин стимул берүүчү грантынын эсебинен бөлүнгөн. Аянтча Фрунзе айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди.

«Совет мезгилинде курулган футбол аянттагы эскирип бүткөн. Заманбап кичи футбол аянтчалары бардык ири айылдарда бар. Бизде да аянтчанын курулушу чоң майрам. Алдыда мындай аянтчаларды башка мектептердин базасында да курдурууну пландап жатабыз», — деди ал.

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 1, 2020 12:02

Приемная кампания 2020

Элдик медицина