“Чала молдо дин бузат” болуп жатат

admin
By admin Январь 30, 2015 21:57

“Чала молдо дин бузат” болуп жатат

ЖАМУнун кыргыз жана чет элдер адабияты кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Дилбар Чокоева менен маек

 

-Экономикалык, идеологиялык, рухий жактан өнүгүүбүзгө эмне өбөлгө болот? Диний аалымдар  “алдыда ар дайым дин туруусу шарт. Ошого карап түздөнсөк оңолобуз” дешет го. Буга сиз эмне дейсиз?

-Андай болорунан күмөнүм чоң. Анткени, Кыргызстандын муфтияты “эптеп эле бийликке келсем болду” дегендерге толуп калган.  “Муфтийликке Максатбек Токтомушев мыйзамсыз келди” деген чыр бекеринен алигече басылбай жаткан жок да. Мурунку муфтий Рахматулла Эгембердиев кандай болуп ордунан кетүүгө аргасыз болгону баарына маалым. Андан мурунку муфтий Жуманов уурдалып кетип, ур-токмокко алынып, акыры ошол таяктын залалдарынан каза болбоду беле.

-Муфтийлердин мындай ызы-чуусу эмнеден улам болуп жатат деп ойлойсуз?

-Ызы-чууну өздөрү жасап жатат. Жол башчылар ушулар болсо, буларды ээрчигендер кантип оңолот? “Кыргызда духовный интеллигенция жок” деп  дин иштери боюнча эксперт Кадыр Маликов бекеринен айткан жок. Мага биздин молдокелер селде менен чапанды элдин көзүн боёчу курал катары гана пайдаланып жүрүшкөндөй туюлат. Ошондуктан, Тажикстандан чакыртылып келинген режиссер Барзу Абдуразак “Кыргыздардын мусулман болбой туруп “мусулманбыз” дегени мага жакпайт” деп белгилеп олтурат да. Булардын баары көз жумуп кое турган нерселер эмес. Бул жаатта кечиктирилгис чараларды көрүү зарыл. Өлкөбүздүн мамлекеттик массалык маалымат каражаттары тарабынан дин иштерин жайылтуу кең-кесири жүргүзүлүп жатат. Бул туура эмес.  Жеке теле берүү менен жеке гезиттик басылмалар “ооздорун” бош коё беришти. Ушул кантип болсун?!

—          Эмне кылуу керек?

—          Мечиттерде жаш балдарды молдолор эмнеге окутуп жатканы тыкыр текшерүүгө алынышы зарыл. “Чала молдо дин бузат” болуп молдокелер кыргыздын улуттук негизине ээн-жайкын эле кол салып жатышса, айталы, тамак-аш, кийим, айрым элдик каада-салттарыбызды жокко чыгарып жатышса үн катпай олтура бергенибизге жол болсун! Аттуу-баштуу эле диний аалымдар баш болгон молдолор  улуттук өзгөчөлүктөрдү, илимдин, технологиялык жана социалдык жетишкендиктерди эске албастан, куранды примитивдүү түрдө комментариялоо менен ансыз да кайда басаарын билбей турган айылдык жаштарыбыздын башын ого бетер айлантып, улуттук баалуулуктардан адаштырып, арабдаштыруу саясатын эч кимден кысынбай-этпей жүргүзүп жатканын көрүп туруп унчукпай олтурганыбызга жол болсун!

—          Молдолор жөнү жок эле тыя берет дейсизби?

—          Баарынан да молдолордун ырдоо жана ыр угуу күнөө дегендери, бүт тулкусу ырдан турган кыргызга кантип коошсун. “Ырды жандай көрөмүн, ыр дегенде өлөмүн” деген Барпы атабыздын сөзү бардык эле кыргызга таандык десе болот. Ошондуктан, өзү кипкичинекей эл туруп ааламда теңдеши жок “Манас” эпосун жаратып олтурат. Ушул бир эле факты  кыргыздын кудай таануу жолу кандай болушу керектигин жалпыбызга жакшылап ойлонууга жем таштап турбайбы. Арабдардын артынан белимчидей ээрчий бербей…

—          Ааламдашуу доорунун динге таасири кандай болот?

—          Алдыбызда ааламдашуу саясаты күтүп жатат. Бул АКШнын проекти делет эмеспи. Муну саясат эмес маданияттын, илим менен техниканын жетишкендиктеринен келип чыккан турмуштук зарылдык деп деле түшүнсөк болот. Кыскасы, бул эч ким кыйгап өтө албай турган, баарыбыз эртеби-кечпи басып өтө турган жол экендиги айкын болуп калды. Буга карата чоң-чоң мамлекеттер атайын программаларды түзүп даярданып жатышат. Алардын айтымында,  ааламдашуу айдыңындагы адамдардын жүрүм-турумунда жалпы стандарттар менен кошо сөзсүз түрдө этникалык маданият жанаша жашай турган шарттар калыптанышы керек экен.

—          Бизде ошондой шарттар калыптанып жатабы?

—          Кептин баары мына ушунда. Ошондо ошол чоң процесске  биз, кыргыздар жарымыбыз кыргыз, жарымыбыз араб болуп киребизби?! Ошондо дүйнөгө арабдардын кайталандысынын кимге кереги бар? Биз башкаларга башка эч кимден кезикпеген кыргыздык өңүбүз, тилибиз, дүйнө таанымыбыз, элдик оозеки чыгармаларыбыз, салт-санаабыз, мүнөзүбүз, руханий критерийлерибиз, буюмдарыбыз менен  кызыкпыз жана ушулар аркылуу дүйнөнүн көп түрдүүлүгүн камсыздап, анын өнүгүшүнө салым кошо алабыз. Эгер буларды жоготуп алсак, биз эч кимди кызыктырбайбыз. Эгер бизге эч ким кызыкпаса, тааныгысы келбесе, анда биз кантип жашайбыз?

Кыргыздын кудай таануу жолу кандай болушу керек?

— Кудайды танган эч ким жок. Бирок, кудайга жетүүнүн улутубуз тандап алган өз жолу бар. Бул жол бардык жакшы нерселерге тыюу салбаган эркин жол. Аялдарды эркектин энчисиндеги жаныбар дебестен, толук кандуу адам катары тааныган эң бир гумандуу жол. Ырга, бийге, эң негизгиси билим алууга тыюу салбаган жаркын жол.  Биз ушул жол менен кетишибиз керек.

Дайырбек  Мейманов,»КыргызКабар»

admin
By admin Январь 30, 2015 21:57

Парламент

Элдик медицина