Чүйлүктөр мезгил арымында

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 14, 2019 11:32

Чүйлүктөр мезгил арымында

1 Аракетке  берекет

         Эл ичиненби, жогору жактанбы, өлкөбүздөгү же айыл-кыштактардагы кымындай жакшы иштер жайын уксаң аларга өзүң кошо жүрүп аралашкандан бетер маанай ачыла түшөт, ушундайынан куру болбосок экен деп Кудайдан тилеп. Дурус кепти башкалардай эле  өлкөбүзгө өзүнүн салмактуу салымын кошуп, айрыкча, айыл тургундарынын жашоо-тиричилигин жакшыртууга багытталган алгылыктуу аракеттерди көрүп жаткан Чүй облусу туурасында да айтсак, сөзүбүз бүтпөйт.

Ооба, элет жерине жакындан көңүл буруу иш багытына тээ эбаккы мезгилден бери эле өзгөчө маани берилип келгени чын, бирок кечээкиге толгоно көз жүгүртсөк ар бир учур талабына жараша көрүлгөн аракеттердин басымдуу бөлүгү ар кыл себептерден улам бардык жерлерде бирдей деңгээлде жүргүзүлбөй, элеттиктердин айрыкча суу, жол сыяктуу маселелери толук чечилбей келген. Кийинки мезгилде деле ушундай көрүнүштөр кайталанып турду. Кыргыз мамлекет башчысынын быйылкы жылды региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы катары жарыялагандыгы бул багыттардагы иштердин баарына башкача, так айтканда, бүгүнкү күндүн талаптарын эске алуу менен накта айылдыкча мамиле жасоого үндөп гана тим болбой, “түрткүлөй” баштагандай, турмушта бардык иштер маанилүү экенин сөөмөй менен көрсөтүп тургандай туюлат. Жаңыча бир дем пайда кылган бул кыймылдын эң маанилүүлүгү – аны эл жүрөгү менен кабылдагандыгы, чоң иштердин бардыгы, атүгүл, айтылгандай: ааламга кеткен жол да айылдардан башталарын дагы бир жолу эсибизге куюп тургандыгы.

Өйдөңкү ойлорду улап чүйлүктөрдүн иш-аракеттерине токтолсок, маселен, 2017-жылы өлкөбүздүн ички дүң продуктысы 530475,7 млн. сом болсо, Чүй облусунун үлүшү 88419,1 млн. сомду, анын ичинен өнөр жайы боюнча 45,5 пайызын, айыл чарба продукциялары боюнча – 25,3 пайызын түзгөн (Ысык-Көл облусунун үлүшү – 20,3 пайыз, Ош – 2,6, Нарын – 1,0, Талас – 0,5 жана Бишкек ш. – 15,7, Ош ш. – 1,8 пайыз). Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча да негизги көрсөткүчтөр дурус болуп, азыркы тапта облус эмгекчилери 2019-2023-жылдарга белгиленген өнүктүрүү планын аткаруу боюнча катуу аракеттерди көрүп аткан кези.

Облус эмгекчилеринин иштери тууралуу кыскача да айтып берүү мүмкүн эмес, гезит бетине сыйбайт, анын үстүнө жазылманын максаты– негизинен объективдүү себептердин айынан аракеттер көрүлүп жаткандыгына карабай кандайдыр бир көйгөй жаратып, толугу менен чечилбей келаткан бирин-экин маселелерге токтоло кетүүдө турат.

Андайлардын бири – ар качан көп каражат жумшалып келген баягы эле жол маселеси. Ырас, облуста ар дайым бул маселеге айрыкча көңүл бурулуп, маселен, өткөн жылы жолдорду оңдоо иштерине бюджет каражатынын эсебинен 163,5 млн. сом каржыланып, 26,7 км жол ремонттон өткөрүлгөн. Албетте жолдор сапаттуу ремонттолуп, жакшы салынса да  алар түбөлүктүү эмес, күнүмдүк камкордукка, сарамжал мамилеге муктаж, ар кыл себептерден улам каралбай калса тез эле бузулуп-жарылып, оңдоп-түзөөнү талап эте баштайт.

Бу жолу биз сапат жагына токтолбой, кийинки кезде адистердин, айыл тургундарынын  айрым жолдор туурасында көбүрөөк сөз кыла баштаганын эске алып, кеп учугун башка жагына буралы.  Азыркы тапта Чүй облусунун аймагында инерттүү делген материалдарды алып жана иштеткен 88 чарба жүргүзгөн субъектилер бар жана чындыгын айтсак, кийинки иликтөөлөр көрсөткөндөй, бул ишке тиешеси бар тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан алардын ишине учет жана көзөмөл солгун деңгээлде жүргүзүлөт. Муну мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыктары менен райондук мамлекеттик администрациялары тарабынан берилген маалыматтардагы айырмачылыктар да ырастап турат жана бул айрым райондордо чарбачылык жүргүзгөн ошол субъектилерди так аныктоого кыйынчылык жаратууда.

Бул эле эмес айрым жерлерде түзүлгөн кырдаалдар айгинелеп тургандай, чыгарылган материалдарды автожолдор аркылуу ташып-жеткирүүдө көбүнесе Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамы сакталбай, бул өз кезегинде негизги жолдордун ал-акыбалына терс таасир этип, алардын мөөнөтсүз бузулушуна себепкер болууда, башкача айтканда, жүк ээлери акча каражаттарын үнөмдөө жагына көбүрөөк маани берип, атай келгенде, рейстердин санын азайтып, Ысык-Ата, Сокулук райондорунда өткөрүлгөн рейддик текшерүүлөр көрсөткөндөй, автоунааларга кыйла, 10 тоннага чейин ашыкча жүк жүктөп, жеткирчү жерге жөнөтүшөт. Ооба, бул накта тартип бузуу экенин берки жүк ташыгычтар деле билишет, бирок контракттан куру кол калбайлы дешкендиктен алар да билип туруп ушундай кадамга барышып, бул өз кезегинде жолдордун мөөнөтсүз бузулушуна алып келүүдө.

Башка жагы да жок эмес мындай көрүнүш-мамиленин: эбегейсиз көп жүк ташыган машиненин айдоочусу жолдордо кездеше калчу күтүлбөстүктөрдөн улам шашылыш “маневр” жасоого алы келбей калган учурлар болот, тормозунун аралыгы да бир топ эмеспи мындай чоң машинелердин, бул акыр аягында автокырсыктарга алып келүүдө, ошондой эле мындай кырдаал облустун коомдук-саясий турмушуна да кедергисин тийгизип, элдин нааразычылыгын пайда кылууда.

Мындайда кантип жөн турууга болсун: Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы Интернациональный айыл аймагындагы жыйырма чарба жүргүзгөн субъектилер чоң самосвалдарга ашыкча жүк жүктөп жолго чыгып жатышып Кант – АБЗ, Кант – Новопокровка, Новопокровка – Сары – Жон автожолдору бузулуп жаткандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылуу жолдошкон. Бул маселе боюнча Жарбашы айылында айылдык жыйын да өткөрүлүп, көп нааразычылыктар көптөгөн факты жана жеринен алынган мисалдарды келтирүү менен кеп кылган жана  бул маселе боюнча облус жетекчилигинин ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндөгү буйрутмасы да чыгып, ага ылайык чарба жүргүзгөндөрдүн иштерин текшерүү максатындагы рейддер өткөрүлүп, жыйынтыгында беркилер тарабынан бир катар тартип бузуулардын орун алгандыгы аныкталган. Кийин ушундай эле текшерүүлөр Сокулук районунда да өткөрүлүп, төрт автоунаа боюнча штрафтык санкциялар колдонулган. Мындай текшерүүлөр облустун башка да райондорунда өткөрүлүп турмакчы.

Жогоруда аталган мыйзамда коюлган талаптардан тышкары автомобилдердин жолдорго чыгуу жана транспорт каражаттарынын башка да негизги параметрлери боюнча Тартибине ылайыкталган талаптарды бузган транспорт каражатынын жүгү түшүрүлүп, жүктөп-түшүрүүгө кеткен чыгымдардын бардыгын жүк жеткирүүчү же жүктүн ээси төлөөгө тийиш. Ошондой эле салмак габарит параметрлери белгиленген чен-өлчөмгө ылайык келбесе же ташуучуда жүк боюнча тиешелүү документ жок болуп чыкса, айып гана салынып, жүк жеткирүүчүгө же анын ээсине таасирдүү чаралар көрүлбөй келет. Мындайда айдоочулар нечен жолу кармалышса да анчалык көп эмес айып пулду төлөп коюшуп эле рейске чыгып кетишет.

Мындай акыбалды жөнгө салуу үчүн дагы эмне кылуу керек? Бул боюнча Чүй облусунун жетекчилигинин ою так: юридикалык да, физикалык да тараптарга штрафтык санкцияларды кыйла көбөйтүп, он-лайн режиминде борборлоштурулган серверди электрондук көзөмөлгө алуу долбоорун шашылыш түрдө киргизүү керек. Абалды жакшыртуунун дагы бир жолу бар:  жүк жүктөөчү жерге атайын таразаларды жабдуу менен да  бул көйгөйлөрдү чечүүгө болот, албетте, булардын бардыгы алиги чарба жүргүзүүчүлөр аткара турган иштер жана алар убакыт талабына жараша бардык аракеттерди көрүп жатышкан Чүй облусунун жашоочулары үчүн мындай, жөнгө салынышы анчалык деле көп кыйынчылыктарды талап этпеген көйгөйдөн арылуу жаңы жетишкендиктердин, бакубатчылыктын өбөлгөсү экенин эстен чыгарбоолору керек..

Ж.ЖУМАБЕКОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 14, 2019 11:32

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина