Чүйдө жана Бишкекте жаңы мектептер курулат

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 10, 2019 11:32

Чүйдө жана Бишкекте жаңы мектептер курулат

14 Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 6-февралда Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышып, №69 жана №12 мектептерге барды.

Мамлекет башчысы №69 мектептин класстык бөлүмдөрүн карап чыгып, окуучулар менен маектешти. Мектеп окуучулары Президент Сооронбай Жээнбековго предметтик сабактардын кандай өтүлөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле окуучулар улуттук аспаптарда ойноп, гимнастикалык көнүгүүлөрдү көрсөтүштү. Ал эми №12 мектепте борбор шаардын мэри Азиз Суракматов борбордогу толук эмес жана ашыкча комплекттенген мектептердин абалы боюнча презентация жасады.

Маалыматты уккан соң Президент айрым мектептер 40 пайызга гана комплекттелгенин, ал эми башка мектептерде ашыкча комплекттөө 300 пайызга чейин жеткенин, бул абалды терең талдап, тийиштүү чечим кабыл алуу зарыл экенин белгиледи.

Мектеп директорлору окуу жайлардагы негизги көйгөйлөр — мектептердеги класстардын ашыкча комплекттенгенин жана кошумча окуу корпустарынын жетишпей турганын айтышты.

Сооронбай Жээнбеков мектептердин жамааттары менен маектешүү учурунда өлкөдөгү ички миграция негизинен Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп көйгөлөрдү жаратканын, ушул себептен бул региондогу мектептерде окуучулардын өтө көп болуп, ар бир класста 40-50дөн окуучулар тыгылышып окуп жатканын белгиледи.

«Бул маселе менин көңүл борборумда. Былтыр коррупция менен күрөшүүдөн түшүп жаткан акчаны которууга атайын эсеп ачылган. Ошол каражат Чүй облусунда жана Бишкекте мектеп курууга жумшалат. Мэрия менен Билим берүү жана илим министрлигине мектептер боюнча талдоо жүргүзүү тапшырмасы берилген. Анализ жасалды. Кайсы райондо мектеп жетишсиз болсо  ал жерлерде жаңы мектеп курулат. Окуучулардын саны ашыкча болуп жаткан мектептерге кошумча имарат курулат»  деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Президент андан соң №98 кесиптик лицейге барып  лицейдин иши менен таанышты, окуучулар жана окуу жайдын жамааты менен маектешти.
Президент Сооронбай Жээнбеков Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетине барып, окуу жайдын абалы менен таанышты. Улуттук университетте Мамлекет башчысы борбор шаардын жогорку окуу жайларынын жана кесиптик-техникалык окуу жайлардын жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер менен жолугушуп, жалпы билим берүү тармагындагы абалга баа берип, келечекке милдеттерин  аныктады.

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 10, 2019 11:32

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина