Чүйдүн Панфилов районунда 135 күндүзгү стационарлар уюштурулуп иштей баштады

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 10, 2020 11:23

Чүйдүн Панфилов районунда 135 күндүзгү стационарлар уюштурулуп иштей баштады

11  «Бүгүнкү күндө коронавирус жугуштуу илдетине каршы бардык талаптар жана белгиленген иш-мерчемдер ыкчам аракетте жүргүзүлүүдө. СOVID-19 илдетин жугузуп алуунун бирден бир себеби өздүк санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоого терең маани берилбегендик. Биз ушул жагдайга өзгөчө басым жасоо менен байма-бай дезинфекциялоо, түшүндүрүү, көзөмөлдөө жумуштарын жүргүзүүдөбүз. Бейтаптарга шарт түзүп берүү — башкы максатыбыз. Учурда райондун калкы үчүн 135 күндүзгү стационар уюштурулуп иштеп жатат», — деп билдиришти штабдан.

Курама айыл аймагынын Панфилов айылындагы жатак мектепте 60 орундуу, Күрпүлдөк айыл аймагында 5, Чалдыбар айыл аймагынын Биринчи май айылында 5, Фрунзе айыл аймагынын Чалдыбар айылында 10, Вознесеновка айыл аймагынын Вознесеновка айылында 15, райондук жалпы дарыгерлер борборунун имаратында 30 жана Кайыңды шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратында 10 орундуу стационарлар уюштурулду.

Учурда өзгөчө мааниге ээ 13 даана кычкылтек концентратор бар. Чүй облусунун өнүктүрүү фондунан 300 миң сом бөлүнүп, дагы 6 даана кычкылтек концентратор алуу пландаштырылууда. Ал эми демөөрчүлөр да 7 даана алып берүүнү мерчемдешүүдө.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 10, 2020 11:23

Приемная кампания 2020

Элдик медицина