Чүйдүн күлкү ээлери

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 10, 2019 11:44

Чүйдүн күлкү ээлери

16  Карачунак Шылдыр уулу (1860-1950)

 Кеминдин Көк –Ойрогунда туулган.

Жери — көркөм Кемин менен Көк-Ойрок,

Боом жарып Чүйдүн суусу мөңкүгөн.

Шум заманда жаштыгы өтүп өкүнгөн,

Бек ширеткен таамай сөздөн кылыч, ок.

Карачунак Токмок шаарында сарт Мамбетакун, орус Василий менен тамак ичип отурушуп  «Кимдин тамак-ашы көп» деп мелдеше кетет. Биринчи кезек Василийге берилет, төмөнкүчө санай баштайт:

— Борщ, картошка кесме, макарондон кесме, сүт кесме, котлет, щи, каша, пельмен, –деп санап отуруп 20дан ашырып жиберет.

Сарт Мамбетакун да:

— Эми мен геп уруп берем, — деп, — шурпа, лагман, манты, аш, – деп отуруп ал да жыйырмага жеткирет.

Тигилердин айтканын уккан Карачунак эмне айтарын билбей ойлонуп, эптеп сөзгө жыгылбоо үчүн куулана баштайт. Бул максатта ал:

«Кыргыздын жармасын эле санап берейин санагыла, — дейт. — Майга кылган жарма, майга кылбаган жарма, арпанын жармасы, жүгөрүнүн жармасы, коноктун жармасы, айран кошкон жарма, май кошпогон жарма, талкан себеленген жарма, талкан себеленбеген жарма,  – деп санап отуруп жалаң жарманын түрүн жыйырмадан ашырып, Карачунак эми айран, эт, кымыз жана башкалардыкын санап берейин дегенде сарт Мамбетакун менен орус Василий  «чынында эле кыргыздын тамагы көп турбайбы, жармадан эле ушунча тамак болсо»  дешип жеңилип бериптир.
Шаршен Термечиков (1896-1942)

 

Шаршен үйүндө жатса  бир күнү хулигандар келип терезесин кагат. «Сен ким?» десе үйүндө киши бар экен деп хулигандар качып кетет. Ал түнү уктабай чыгып, көзүн ачып караса аялынын жанында мурду дардайган кара киши жатат. Аялы эч нерсени сезбей  мемиреп уктап жатат. Колуна жаман балтасын алып кошунасына барып ээрчитип келет.

«Кана?» дейт кошунасы. Мына минтип жаткан деп көрсөтөйүн деп күзгүнү карап күлүп жибериптир. Жанагы аялынын жанында жаткан дардайган кара неме өзү экен. Анткени ушул убакка чейин күзгүдөн өзүн көрө элек экен. Куйручук айткандай «топоздун музоосу» мурунданып өңү суук экенин көрөт. Куйручук туура айткан экен, аялы го татынакай болуп турат, Шаршендин өңүн көрүп  аялы кантип келди экен?

**

Шаршен Куйручук менен жолукканда  куудул менен куудулдарча учурашайын деп колун узакка койо бербей силкип, көчүгүн чайпап турат.

— Ээсине эркелеген кара дөбөт кебетеленген сен кимсиң? Эмне куйругуңду бултактатасың?  Койо бер колумду, — дейт Кукең.

— Ээмди эми көрүп эркелеп жатпаймбы? –деп Шаршен көчүгүн дагы чайпайт. Шаршен өңү-түрүн өзгөртүп, көзүн сүзүп, мурдун чүйрүп  таноосун дердеңдетет.

— Мурунтугун каңтара түргөн кара бука тумшуктанып мурдуңду чүйрөсүң да… Мен сага кунаажын белем? – дейт Кукең.

— Жагынып жатпаймбы…

— Букача жагынасыңбы?

— Адамча жагынайын, — деп Шаршен дагы өңүн өзгөртөт. Оозун ачып, тилин сунуп, мурдун кышылдатып Куйручукту жөөлөмүш этет.

— Энесинин эмчегин эмген топоздун мамалагындай түрткүлөп  мурдуңду кышылдатасың? Деги сен ким болосуң? – дейт Кукең.

— Шаршенмин.

— Ээ,Чүйдүн топозумун дечи…

— Сиз ким болосуз?

— Куйручукмун.

— Оо, Теңир-Тоонун текеси турбайсызбы?

Куудулдар элдин көңүлүн алып ушинтип жолугушкан экен.

 

Асанкул  Шаршенов

 

Эстебес Турсуналиев алтымыш жашка толуп, үлкөн той берет. Торколуу тоюна Асанкул Шаршенов убагында катыша албай калып, кемпири экөө

башын куттуктап төкмөчүнүн үйүнө кийинчерээк барат. Кеп кезеги келгенде Асакең айтат:

— Аябай бактылуу экенсиң, Эстеке! Мына зоболоң көтөрүлүп СССРдин эл артистине чейин жеттиң, Горбачевдун өзүн мактап ырдадың, барбаган жериң, көрбөгөн жериң калбады…

— Аның ырас, Асаке, — дейт  үй ээси.

— Ошол сен айтып жаткан сый-урматка чын жеттимби деп жакамды күнүгө үч мертебе карманып жүрбөймбү, — дейт.

— Аябай бактылуусуң деп ошол үчүн айтып жатам да, Эстеке.

— Мына мен жакамды эмес ычкырымды мыжыгып күнүгө миң мертебе кармалап жиберем, кана Кудайдын бергени? —  дептир Асакең мыйыгынан жылмая.

 

Турар  Кожомбердиев

 

Ак «Волганы» мингендер  төө мингенсийт,

Автобуста жүргөндөр жөө жүргөнсүйт.

 

ЭШЕКТИН АРМАНЫ

 

Эшек бүгүн арманын айтты чаңырып,

— Эбактан бери элге жүрөм таарынып,

Эмнеге булбулду мынчалык мактайсыңар

Эки күн укпасаңар сагынып.

Анын үнү жапыз, басынкы

А мен айкырсам

Аскалар кетет жаңырып.

Билермандардын оюнда

Булбулдун үнү сонун!

Бирок булбул жаңырта алабы

Арасын  аска-зоонун?

 

Төлөгөн  Карыкеев

 

Кыргыз мас болсо Улуу Кытай сепилине ушаткысы келет.

Бүткүл өлкөнүн ПАРАлетарлары бириккиле!

1-группадагы канымды бүт ичип бүттүң, шүмшүк.

Манжаң менен түшүндүрө албасаң муштум менен түшүндүр.

Ичкилик ургаачы менен эркекти табыштырат, эрди-катынды кабыштырат.

Уятсыз жерден уяттуу адам төрөлөт.

Укугу узундун  укуругу узун.

 

Аракка кекиртегине чейин тойгон «Т» деген эргул «Ш» деген ойношун өтө чыгармачылык эргүү менен төпөштөгөн. Натыйжада «Ш»нын бети-башы «Щ»га айланып, киши тааныгыс болуп калган. «Щ»нын, тойус, «Ш»нын биринчи күйөөсү менен экинчи күйөөсү тез арада согуштук келишим түзүшүп, «Т»ны экөөлөп өзгөчө майрамдык маанай менен жанчышкан. «Т»нын шишик баскан денеси борбордук ооруканага жеткирилген. Ооруканага жеткиче «Т» таяктын уусунан «Д»га окшоп калган. Азыр абалы оор. Бопорос тиштегенге тиши жок кыйналып атат.
Өзбектин аялы жана «кимдир бирөөсү» бар, өзбек аялын жакшы көрөт. Орустун аялы жана «кимдир бирөөсү» бар, орус «кимдир бирөөнү» жакшы көрөт. Төлөгөн Карыкеевдин деле аялы жана «кимдир бирөөсү» болуш керек, бирок ал стаканды жакшы көрөт.
Төкөм досу менен жолугуп калса, досу: «Менин жүрөгүм ооруп жүрөт, арак ичпей эле койолу»  дейт. Анда Төкөм: «Эй, давай, бир бөтөлкө алалы, жүрөктү эмне кыласың, ден соолук болсо болду да» дептир.

 

Азизбек  КЕЛДИБЕКОВ

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 10, 2019 11:44

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина