Чүйдүн Ивановка, Логвиненко, Тогуз-Булак айылдарында мектеп курулуп жатат

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 21, 2020 12:21

Чүйдүн Ивановка, Логвиненко, Тогуз-Булак айылдарында мектеп курулуп жатат

15  Ысык-Ата районунда 3 мектеп курулуп жатат. Аталган райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашкандай, ал мектептер Ивановка, Логвиненко, Тогуз-Булак айылдарында курулуп жатат.

Ивановка №3 мектебинин жаңы имаратынын курулушу 2018-жылы башталган. Ал 150 орундуу болот. Жалпы сметалык баасы 53 млн 800 миң сомду түздү. Мамлекет тарабынан курулуп жатат.

Экинчиси, Тогуз-Булак айылындагы мектеп 2019-жылы башталган. Ал дагы 150 орундуу. Сметалык баасы 758 миң 139 долларды түздү. Демөөрчүлөр тарабынан курулууда.

Үчүнчүсү, Новопокровка №2 мектеп-лицейинин жаңы имараты 225 орунга ылайыкталган. Курулуш иши 2020-жылдын башында башталган. Сметалык баасы 48 млн сом. Мамлекет тарабынан курулуп жатат.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 21, 2020 12:21

Приемная кампания 2020

Элдик медицина