Чүйдө “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашууда

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 7, 2019 14:18

Чүйдө “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашууда

4 Абайла, айдоочу!

Кыргызстандын борбору Бишкекте жана Чүй облусунда “Коопсуз шаар” ири долбоордун биринчи бөлүгү 12- февралдан баштап ишке кирип, натыйжада жол эрежесин бузуучулар каттоого алынып, ал эми 4-марттан айып пулдар салына баштады.

Жалпы гезит окурмандарына толук маалымат бере кетсек, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу 4 баскычка бөлүнгөн. Аны ишке ашыруу  Бишкекте жана Чүйдө башталып, видео камералар күнү-түнү иштеп, анын натыйжасы абдан сезиле баштады. Көп жылдан бери ишке ашпай келген бул долбоор быйыл чындап эле иш жузүндө иштеп баштагандан бери борбор калаанын жана Сары Өзөн Чүйдүн тургундары үчүн жолдо жүрүүдө коопсуздукту камсыз кыларын далилдеп, автоунаа айдоочулар жол эрежелерин сактаганга  аракет кылышып, жол кыймылы кадимкидей тартипке түшүүдө. Бирок,ошого карабастан жол эрежелерин бузган айдоочулардын үйүнө айып пулдун өлчөмү аныкталган дүмүрчөктөр “Кыргыз почтасы” аркылуу жөнөтүлүүдө. Долбоордун алгачкы этабында аппараттык-программалык комплекс борбордогу 10 кесилишке коюлуп, Бишкек менен Чүйдүн көчөлөрүндөгү 20 комплекс жол кыймылынын эрежелерин көзөмөлдөп баштады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле жол-транспорт кырсыктарына жол бербөө жана төмөндөтүү максатында жана “Коопсуз шаар” долбоорун аткаруунун алкагында Чүй ОИИББгы боюнча ЖКККБнын ЖКБү тарабынан Чүй облусунун аймагындагы жол унаа кырсыктары боюнча анализ жүргүзүлүп, аймактар боюнча жол, коммуналдык кызматы менен биргеликте жолдордун абалы кароодон өткөрүлүп, фото,видео көзөмөлдү орноштуруу боюнча жалпы Чүй облусунун аймагында “Аппараттык-программалык комплестерин” орнотуу боюнча 48  стационардык видео- көзөмөл жана 20 көчмө чектик комплекс орнотуу боюнча сунуштама даярдалып, долбоорго киргизилген. Ушул долбоорго ылайык,Бишкектеги көчөлөрдүн 38 кесилишине фото, видеожабдуу жана 4 стационардык чектик аппараттык-программалык комплекс орнотуу каралаган.

Ал эми “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи баскычында жалпы Кыргызстандын аймагында 230 видео камера орнотулары пландалууда. Ошондой эле бул баскычта Бишкек шаарына жана башка облустарга видео камераларын орнотуу сунушталууда.

Буга чейинЧүй ОИИББгы боюнча ЖКККБнын ЖКБү тарабынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги менен биргеликте Чүй облусунун аймагына видео көзөмөл орнотула турган аймактарга тиешелүү жерлерге жол чийиндерин жана жол белгилерин орнотуу боюнча биринчи жана экинчи этаптар боюнча кароодон өткөрүлдү.

Азыркы учурда “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабы аягына чыгып, Чүй облусунун аймагына жалпы 15 видеокөзөмөл орнотулуп, тесттик негизде жол эрежесин бузгандарга карата аныктоо жүргүзүлүүдө. Чүйдө орнотулган видеокөзөмөл  камералары 2019-жылдын 12-февралынан тарта төмөндөгү участоктордо толук иштөөгө киргизилген. Алсак:

-Бишкек- Ош 61- чакырым;

-Бишкек-Ош 64-чакырым, “Джунда”заводунун жаны;

-Бишкек-Ош 71,5-чакырым,Бекитай айылы;

-Бишкек-Ош 74,5- чакырым, Бөксө-Жол айылы;

-Бишке –Ош 78-чакырым, Сосновка;

Бишкек –Ош 146,3-чакырым;

Бишкек-Ош 149- чакырым;

Бишке-Ош 153-чакырым;

Бишкек- Торугарт 7,6-чакырым, Лебединовка айылынын Бөкөнбаев- Жеңиш көчөлөрүнүн кесилиши;

Бишкек-Торугарт 10,300-чакырым, Ново-Покровка айылынын Ленин көчөсүндөгү 378- үйдүн жаны;

Бишкек-Торугарт 12,900-чакырым, Ново-Покровка айылынын Ленин көчөсүнүн 196-үйдүн жаны;

Бишкек-Нарын-Торугарт 9-чакырым, “Газпром”май куюучу жай;

Бишкек-Нарын-Торугарт 13-чакырым,ГЭС-5;

Бишкек-Нарын-Торугарт 58- чакырым, “Гавайи”эс алуучу жайы;

Бишкек-Нарын-Торугарт 105- чакырым, Нур айылына бурулган жерге орнотулган.

Гезит окурмандары, жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн маалымат катары айта кетсек, азырынча Бишкек шаарынын төмөнкү даректерине видеокамералар орнотулган.

Жибек Жолу-Жаш Гвардия бульвары;

Жибек Жолу – Фучик ;

Чүй –Фучик;

Чүй – Бейшеналиева;

Чүй- Жаш Гвардия бульвары;

Бөкөнбаев- Абдырахманов;

Жибек Жолу – Абдырахманов;

Чүй-Курманжан Датка;

Москва-Абдырахманов;

Горкий-7-апрель.

“Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи баскычында Чүй облусунда, Бишкек шаарында орнотулуп, 12-февралдан баштап толук кандуу ишке кирген видео камералар күнү-түнү жол эрежелерин бузгандарды фото жана видеого түшүрөт. Учурда бул долбоорду тендерден утуп чыккан орусиялык “Вега” радиокуруу концерни ишке ашырып жатат.

Долбоор боюнча жол эрежесинин 7 түрүн каттай турган камералар “Инфоком” маалыматтык системасына туташтырылган. Тактап айтканда тартип боюнча жол кыймылынын эрежелерин бузуп, радарга каттоого алынган автоунаалардын номуру “Инфокомго” жөнөтүлөт. Андан соң жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык айып пулдун өлчөмүн аныктап, үч күндүн ичинде “Кыргызпочтасы”мамлекеттик ишканасы аркылуу айдоочу жашаган дарекке жиберет. Ошондон кийин жол эрежесин бузган айдоочу айыпты бир айдын ичинде төлөөгө милдеттүү. Эгерде убагында төлөбөсө, анда айып пулга үстөгү кошула баштайт.  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын мониторинг борбору “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекс аркылуу аныкталган жол кыймылынын эрежелерин бузуу материалдарын  иштеп чыгуу менен алектенет.

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында толук кандуу ишке кирген видео камералар жол коопсуздугундагы 7 эреже бузууларды каттайт. Алар төмөнкүлөр:

— Светофордунтийиштүү чырагына баш ийбөө;

— Карама-каршы тилкеге чыгуу;

— Светофордун “токто”деген белгисинен өтүү ;

— Ылдамдыкты чектен ашыруу;

-Жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкедеги эрежелерин сактабоо;

-Автоунаа токтотуучу жерлердеги, аялдамалардагыталаптарды бузуу;

-Жол четинде,тротуарда,веложолдо,көк шиберде жана жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкеде автоунаа айдоо кирет.

Жогорудагы жол эрежелерди бузууларды каттоо, аныктоо, айып пулдардын дүмүрчөктөрүн айдоочуларга жеткирүү, ошондой эле айып пулдарды төлөөнүн бардык механизмдери так иштелип чыгып, жарандар үчүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Мында аппараттык-программалык комплекстер, мониторинг борбору жол эрежелерин бузуулар боюнча жогорку деңгээлде иш алып барат.

Бүгүнкү күндө Чүй облусунда 72 светофордук обьекттер болсо, анын 69у иштеп, калган Жайыл районундагы 3 светофордук обьект акча каражаттары жетпегендиги үчүн иштебей турат.Ал эми Чүйдө 13 жолдун астынан жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жай болсо, анын ичинен 10у иштеп, калган 3сү иштебей турат. Ошондой эле облустун аймагындагы 19410жарык берүүчү чырактын ичинен 15 125 чырак жарык берсе, 4285 чырак иштебей турат. Ошондуктан, жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында Чүй ОИИББгы боюнча ЖКККБнын ЖКБү тарабынан райондук жана шаардык мамлекеттик админстрациялардын башчыларына Чүй облусунун жолдорунун акыбалы жана жол кыймылын жөнгө салуу,техникалык каражаттарды орнотуу жана жолдун кемчиликтери боюнча, тактап айтканда жол белгилер, жол чийимдери, светофордук обьекттер жана эл аралык маанидеги жолдордун боюндагы жарыктыгы боюнча жол тейлөө ишканаларына 112жана коммуналдык органдарына 83 маалымат берилген. Ошондон кийин Чүй облусунда бардыгы болуп 1460 даана жол белгилери орнотулган.

Учурда Чүй ОИИББгы боюнча ЖКККБнын ЖКБү өзгөчө жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, айрыкча балдар катышкан жол-транспорт кырсыктарын алдын алууга жана жол-транспорт кырсыктарына байланыштуу оор кылмыштардын бетин ачууда коомчулук менен биргеликте иш алып барууда. Жакында облустук ЖКБнүн кызматкерлери жол-транспорт кырсыгына байланыштуу үч оор кылмыштын бетин ачышкан. Буга мисал катары айтсак, Беловодский айылындагы Фрунзе көчөсүнүн “Газпром” май куюучу жайдын бет маңдайынан белгисиз айдоочу А.Н.К. аттуу жаранды өлтүрө сүзүп, ошол жерден качып кеткен. Бул кайгылуу жол кырсыгы боюнча издөө- иликтөө иштерин натыйжалуу жүргүзүүнүн аркасында оор жол-транспорт кырсыгы боюнча катталган кылмыштын изи сууй электе ачылып,кылмышка шектүү, “Мерседес-Бенц-1117” автоунаанын айдоочусу, Токмок шаарынын тургуну Н.У.Ж аттуу жаран кармалып, анын жасаган кылмышы толук далилденип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Жыйынтыктап айтканда “Коопсуз шаар”ири долбоорунун алкагында жол эрежелерин бузуучуларды каттоого алган видеокамералар көпөгөн айдоочуларды сестентип, жол- транспорт кырсыгын азайтууга, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга чоң үмүт жаратты.Ошондуктан, жалпы коомчулук, айрыкча айдоочулар жол кыймылынын коопсуздугун жайылтуу маселесине өзгөчө көңүл бурушу абзел.

Данияр ШАБДАНОВ

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 7, 2019 14:18

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина