Чүйдөгү жергиликтүү бийликтер облустук фондго долбоорлорун сунуштап, бирок сынга кабылды

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 28, 2021 16:27

Чүйдөгү жергиликтүү бийликтер облустук фондго долбоорлорун сунуштап, бирок сынга кабылды

7 Чүй облустук өнүктүрүү фондуна жергиликтүү бийликтин башчылары, өкүлдөрү долбоорлорун сунушташты.

Иш-чарада 2020-жылдын отчету айтылып, 2021-жылга карата түзүлгөн долбоорлордун суммалары белгиленди. Кара-Балта шаардык мэриясынын 2 долбоору, Токмок шаарынын 2 долбоору, Кемин шаарынын 1 долбоору, Шопоков шаарынын 2 долбоору кабыл алынса, 50 айыл өкмөттүн даярдап келген 105 долбоорунун ичинен 87 долбоор өттү.

Айрым айыл өкмөттөр төрт-беш долбоор жазып келсе, кээ бир айыл өкмөттөр бир дагы долбоор жазып келген эмес.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Аден Турусбековдун айтымында, фонд ЖМКга, социалдык тармактарга жоболордун үлгүсүн чыгарган. Ошонун негизинде айыл өкмөттөрү, шаар-район башчылары даярдаган долбоорун тапшырган.

«Айрым айыл өкмөттөрдүн патриоттук сезимин ойготуп, колунан жетелеп жүрүп, долбоор жаздырууга аргасыз болгон учурлар кездешти. Кээ бир айыл өкмөттөрдөн бир дагы долбоор келген жок. Бирок, көп жылдан бери көйгөй жаратып келген маселелердин долбоорлору өттү. Долбоорлор 1 млн сомдон 10 млн сомго чейин жазылды. Анда ооруканаларды оӊдоп-түзөө, таза суу, бала бакча, жарыктандыруу, жол оңдоо, чатыр алмаштыруу, атайын техника алуу жана башка көйгөйлөр айтылган болчу», — деди ал.

Чүй облусунун башчысы Мирбек Мияров шаар-район жана айыл өкмөт башчыларынын көпчүлүгү социалдык багытта гана долбоор жазып келишкенин сындап, бизнес багытында долбоор жазууну сунуштады.  Чүй облусунда 105 айыл өкмөт, 7 шаар бар.

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 28, 2021 16:27

Приемная кампания 2020

Элдик медицина