Чүйдө74-12 аскер бөлүгүнүн жоокери октон жаракат алган жоокер ооруканага түштү

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 15, 2018 15:35

Чүйдө74-12 аскер бөлүгүнүн жоокери октон жаракат алган жоокер ооруканага түштү

2 Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Түзөтүү мекемесин жана соттолгон жарандарды кайтаруу департаментинин аскер кызматкери оор абалда ооруканага жеткирилди.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, 74-12 аскер бөлүгүнүн жоокери — Молдовановка айылында жашаган 1997-жылы туулган М.А. ээгинен алган жаракаты менен облустук ооруканага бүгүн түнү түшкөн. Учурда ал эс-учун жоготкон абалда жатат.

Маалыматтарга караганда, ал 13-июлга караган түнү кокустан өзүн автомат менен атып алган. Аны ооруканага бирге иштеген кызматкерлер жеткирген.

Аламүдүн районунун Молдовановка айылында бир нече түзөтүү мекемеси жайгашкан.

Кийинчерээк ЖАМКтын басма сөз кызматы аталган фактыны тастыктап, 13-июлда саат 03:00 чамасында ыкчам кызматтын катардагы кызматкери — 1997-жылы туулган А.М.А. №1 мекемеде өзүнүн Калашников үлгүсүндөгү кызматтык куралынан чыккан октон жаракат алганын билдирди. Куралдын атылганын уккан аскер кызматкерлери ага биринчи медициналык жардам көрсөткөндөн кийин Чүй облустук ооруканасына жаткырылган.

Бул факты боюнча ЖАМКтын жана Бишкектин аскердик гарнизонунун ыкчам тергөө тобу тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 15, 2018 15:35

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина