«Чүй — Талас ынтымагы» мелдешинде Талас районунун көк бөрүчүлөрү байгеге ээ болду

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 3, 2018 16:36

«Чүй — Талас ынтымагы» мелдешинде Талас районунун көк бөрүчүлөрү байгеге ээ болду

9Таластын Манас районун жеңип алган Чүйдүн Жайыл району үчүнчү орунду ээледи.

«Ак-Кула» ат майданында өтүп жаткан «Чүй — Талас ынтымагы» көк бөрү турниринде Талас районунун улакчылары баш байгени багындырды.

Финалдык беттеште Талас облусунун Кара-Буура райондору кез келген. Айыгышкан беттеш 6:3 эсеби менен жыйынтыкталды. Ал эми Таластын Манас районун жеңип алган Чүйдүн Жайыл району үчүнчү орунду ээледи.

«Ынтымак» мелдешинде эки облустун төрт районунан сегиз команда чыгып күч сынашты. Таластан Манас, Кара-Буура, Талас, Бакай-Ата райондору жана Чүйдөн Жайыл, Аламүдүн, Токмок, Сокулук райондору команда курап келген. Буга чейин ушундай эле турнир Таласта өтүп баш байгени Сокулук командасы уткан.

Байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

Биринчи орун — 200 миң сом;

Экинчи орун — 150 миң сом;

Үчүнчү орун — 100 миң сом;

Төртүнчү орун — 80 миң сом.

Ушул эле турнирдин алкагында өткөн ардагерлердин кармашында дагы Талас облусунун командасы жеңүүчү болду.

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 3, 2018 16:36

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина