Чүй районунун карыларына сый- урмат көрсөтүлдү

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 5, 2020 12:00

Чүй районунун   карыларына сый- урмат  көрсөтүлдү

12     Карысы бардын  -ырысы бар

1- октябрда Эл аралык карылар күнү белгиленет.  1990-жылдын 14-декабрында БУУнун генералдык ассамблеясы өзүнүн 45/106 резолюциясында «1-октябрь эл аралык карылар күнү» деп токтом кылган. Токтомдун максаты: карылардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу болгон.
Элибизде карыларга сый -урмат көрсөтүү дилибизде бар көрүнүш. Анткени улгайган адамдардын аракети менен  учурда баарыбыз  бакубат жашоодо өмүр сүрүүдөбүз. Ар бир адам улгаят, ошондуктан карыларга сый -урмат көрсөтүү  ар бир адамдын милдети. Ата —  жөлөп турган тирек болсо, эне- акыл-насаат булагы. Ошондуктан карынын батасын алган адам эч качан кор болбойт. Карыларга акчанын, байлыктын, бийликтин кереги жок, болгону көңүл гана керек.  Ошондой эле,
 карыларды көзү тирүү кезинде колдоп, жардамдашып, көйгөлөрүн уга билүү зарыл.
Бул максатта Чүй райондук мамлекеттик администрациянын башчысы –аким  Каныбек Сагынбекович Апбасов,  Чүй районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Жумадил Эмилович Усубалиевдер   1-  октябрда Чүй районунун өнүгүшүнө тажыбас  ак эмгеги, кайраты менен салымдарын кошкон  эмгек ардагерлерине
сый — урмат көрсөтүштү. Салтанатка   мурда ар тармактарда эмгектенген, ар кыл кесипте иштеген,  эмгеги сиңген ардагерлер чакырылышты. Ардагерлер үчүн жайылган ак дасторкондун үстүндө  жетекчилер райондун карыларына чын -ден соолук, узун өмүр, күч- кубат   жана  балдарынын, небере-чөбөрөлөрүнүн убайын көрүп, алардын төрүндө  дайыма  камкордукка бөлөнүп, бакубат жашоо  сүрүшүн   тилешти.   Салтанаттын  жүрүшүндө ар бир ардагерге “Ыраазычылык каттарды” тапшырышты . Аларга  көңүлдөрүн бөлүп, майрам тартуулагандыгы үчүн  ардагерлер жетекчилерге  терең ыраазычылыктарын билдирип, баталарын беришти. Пандемиядан улам көптөн бери көрүшпөй, убагында бири- биринен кабар ала албай калган ардагерлер дасторкон үстүндө өткөн күндөрдү эстешип, бири –бирине  көптөгөн жылуу каалоо-ниеттерин айтып, черлерин жазышты, бардык  жакшылыктарын  каалашты. Майрамдык салтанаттын соңунда кийинки жылы эсен -аман көрүшүп, кайрадан бири- бири менен жолугушууну тилек кылышты.

Б.Байдылдаева

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 5, 2020 12:00

Приемная кампания 2020

Элдик медицина