Чүй райондук мамлекеттик администрациянын башчысы – аким, М. М. Осмоналиевдин куттуктоосу

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2020 13:55

Чүй райондук мамлекеттик администрациянын башчысы – аким, М. М. Осмоналиевдин куттуктоосу

19 Урматтуу Чүй районунун тургундары, замандаштар!

Баарыңыздардыкеле жаткан жаңы 2021-жылыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Ар бирибиз жаңы жылды  жаңы үмүт, жаңы кыялдар менен күтөбүз.  Андыктан Жаңы жылда жаңы тилектер ишке ашып,
ой-максаттар орундалсын! Келерки жыл ар бирибиздин үйүбүзгө кут жана ырыскы алып  келсин, социалдык-экономикалык жана маданий-руханий жактан  деңгээлибиздин өсүшүнө өбөлгө болсун!
Жаңы жыл мекенибизге тынчтык, элибизге  береке,  бакубат алып келген жылдардан болуп, ар бир үй -бүлөнүн  маанайы жарык,
ден- соолугу бекем болсун!  Эмгегибиз үзүрлүү болуп,  ийгилигибиз арта берсин, ортобузда биримдик, ынтымак болуусун каалайм!  Анткени  биздин күчүбүз, ийгилигибиз биримдикте, ынтымакта!Жаңы жыл   эл –жерибизге  береке, аманчылык,  молчулук,  токчулук, ынтымак алып келген  ак жолтой ийгиликтердин жылы болсун!
Быйыл дүйнө жүзүндө  коркунучтуу коронавирус илдети  менен күрөшүү уланууда.  Четте калбай өмүрлөрүн тобокелге салып, биздин дарыгерлер, медайымдар,  санитарлар  күндө  “Кызыл  зонада”   вируска каршы күрөшүү менен  адам өмүрүн сактап калууга чоң салымдарын кошуп келе жатышат. Дарыгерлердин  оор эмгеги  урмат- сыйга жана чоң алкышка татыйт. Андыктан райондун ак халатчан  “жоокерлерине”  өзгөчө ыраазычылыгымды  билдирип, таазим этем. Сиздердин опол тоодой эмгегиңизди  баалайбыз, унутпайбыз. Келе жаткан жаңы жылда Сиздерге  чын ден –соолук, күч-кубат, чыдамкайлыкты  каалайбыз!  Жаңы жыл  ишиңиздерге албан ийгиликтерди, жакшылыктарды алып келсин! Жаңы жылда  максаттарыңар, тилектериңер орундалсын!

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2020 13:55

Приемная кампания 2020

Элдик медицина