Чүй облусунун жарым жылдагы жыйынтык коллегиясы

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 27, 2018 15:06

Чүй облусунун жарым жылдагы жыйынтык коллегиясы

8 Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Чуй облусунун 2018-жылдын биринчи жарым жылдын жыйынтыгы боюнча облуста коллегия болду.

Коллегия Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун жетекчилиги алдында өттү. Коллегиянын курамында Чүй облусунун ыйгарым өкүлүнүн орун басарлары Э.Аширбаев, А.Солтонбекова, Чүй ИИББнын жаңы келген начальниги,  милициянын полковниги С.Курманкулов жана Чуй облусунун аксакалдар кеңешинин төрагасы А.Жумагулов, аппарат башчысы Б.Орозбаев бар.

Коллегияга Чүй облусуна караштуу бардык ишкана-мекемелердин жетекчилери, райондук мамлекеттик админстрация башчылары жана айыл өкмөттөрдүн катышуусунда өтүп, анда 4 маселе каралды.

1-маселе боюнча Чүй облусунун ыйгарым өкүлүнүн орун басары Э.Аширбаев доклад жасап, облустагы өнөр жай, салык, камсыздандыруу, жол куруу, транспорт, айыл чарба продукцияларынын жарым жылда жетишкендиктери менен кемчиликтерине токтолду. Жыйынтыгында 6 айдын жыйынтыгы менен салык, өнөр жай, азык-түлүк продукцияларын кайра иштетүүдө кээ бир райондорду эсепке албаганда, Чуй облусу планын ашыгы менен аткаргандыгы айтылды.

2-маселе боюнча Чүй облусунун ыйгарым өкүлүнүн социалдык маселелер боюнча орун басары А.Солтонбекова доклад жасап, Билим берүү, Саламаттыкты сактоо тармактарына токтолуп, бүгүнкү күндүн көйгөйү катары адистердин жетишпегени  деп баса белгиледи.

3-маселе Айыл чарбасы жана колдонулбай калган айыл чарба багытындагы жерлерге токтолду.

Бул коллегиянын өзгөчөлүгү Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов мурдагы жетекчилердей болуп сөгүш менен чектелбестен, бардык жергиликтүү бийлик башчыларына ( аким, айыл өкмөттөрүнө) талапты катуу коюу менен сөгүш бербей алардын кетирген катачылыктарын оңдоо үчүн убакыт берди.

«Бардык көйгөйлөр сөгүш берип оңолуп, чечилип кала турган болсо мен азыр барыңарга сөгүш бермекмин. Бирок мен эки айдан бери ар бир райондун, айыл өкмөттөрдүн, ишкана-мекемелердин кандай маселеси бар, кандай жол менен чечүү керек экендигин жеринен барып таанышып, жетекчилерге тапшырма бергем. Убакыт келгенде менин койгон талаптарым аткарылганын же аткарылбаганын өзүм көзөмөлдөйм. Ал эми жогорку деңгээлде чечиле турган маселелерге өзүм аракет кылып жатам» деди Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Андан сырткары, бүгүнкү күндүн талабы карапайым калкты жумуш орду менен камсыз кылуу экендигин баса белгиледи.

“Айылдарга мечит куруунун ордуна орто жана чакан ишканаларды куруп калкты жумуш орду менен камсыз кылууга аракет кылгыла. Мисалы, айылдарга бала бакча курдук деп жатасыңар. Албетте бул жакшы көрүнүш, бирок айылдын эли балдарын бала бакчага алып барса кантип акчасын төлөрүн ойлондуңарбы? Ошондуктан калкыбызды биринчи жумуш орду менен камсыз кылсак көйгөйлөр өзүнөн өзү чечилет” деди Т.Абдраимов.

Урматтуу окурмандар, Чүй облусунун жарым жылдык жыйынтыгын өзгөртүүсүз сиздерге сунуш кылабыз.

 

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун “2018-жылдын I  жарым жылдыгынын  социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары”

 

2018-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Чуй  облусунун  өнөр жай продукциясын  өндүрүшүнүн жалпы  көлөмү  50791,1 млн.сомду түзүп (былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6812,3 млн. сомго көбүрөөк), физикалык көлөмдүн индекси былтыркыга салыштырмалуу 176,7 пайызды түздү.

Айыл чарба продукцияны дүңүнөн өндүрүү жана кызматтарды көрсөтүү — 12804,9 млн.сом, же былтыркы жылдын отчеттук мезгилине карата 102,1% түздү.

Курулушка капиталдык салымдардын жалпы көлөмү 4757,7 млн. сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,7%га (салыштырмалуу баада) азайган.

2018-жылдын ичинде отчеттук айларда 5,4 млн. тонна жүк (2017–жылга салыштырмалуу 100,3%га өскөн) жана 60,0 млн. жүргүнчү (100,3%) ташылган.

Соода жүгүртүлүшү, автомашиналарды, турмуш-тиричилик жана жеке пайдалануудагы буюмдарды оңдоо кызматтары 29494,5 млн. сом (салыштырмалуу бааларда – 28557,2 млн. сом) жана 2017-жылга салыштырмалуу факт жүзүндө баалар 11,4% га, ал эми салыштырмалуу –7,8%га жогорулаган.

Юридикалык жана физикалык тараптар көрсөткөн акы төлөнүүчү кызматтардын көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 4,6% га көбөйүп, 4748,2 млн. сомду түзгөн.

2018-жылдын январь-май  айларында тышкы экономикалык байланыш соода иштерин жүгүртүү 311,4 млн. АКШ долларын түзүп, экспорттук камсыздоонун көлөмү былтыркы январь-май  айларында салыштырганда 1,9 эсе %, жана импорт түшүмү 12,9%га көбөйдү.  Сырткы соода балансынын сальдосу тескери көлөм жагынан 115,1 млн. долларды түзгөн.

Жумуш издеп, иш менен камсыздоо кызматтарында каттоодо турган ишке жарактуу курактагы адамдардын саны 2018-жылдын 1-июлуна 6,1 миң адамды түзгөн, алардын ичинен жумушу жок  расмий статуска 4,6 миң адам ээ болгон.

Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча 2592 кылмыш катталып,  былтыркы жылга салыштырганда 16,1 пайызга төмөндөгөн.

2018-жылдын 1-июнуна карата туруктуу калктын саны 929,8 миң адам.

Өнөр жай

2018-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Чуй  облусунун  өнөр жай продукциясын  өндүрүшүнүн жалпы  көлөмү   50791,1 млн. сомду түзүп (былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6812,3 млн. сомго көбүрөөк), физикалык көлөмдүн индекси былтыркыга салыштырмалуу 176,7 пайызды түздү.

 

Республикадагы өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнө карата Чүй облусундагы продукциясынын салыштырмалуу салмагы 46,7 пайызды түздү, маалымат катары: Ысык-Көл – 17,4 %, Жалал-Абад – 10,8 %, Баткен – 2,4 %, Ош – 2,5 %, Нарын – 0,8 %, Талас– 0,6% облустары жана Бишкек – 16,7 %, Ош шаарлары – 2,1 %.

Отчеттук мезгилде өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн көбөйүшү бардык райондорунда аткарылды, бирок Жайыл (83,6%),  Панфилов (68,4%) райондорунда жана Токмок шаарында (85,8%) кайра иштетүүчү өнөр жай өндүрүштөрдүн көлөмү 15,5, 30,3 жана 16,3%га азайды. Панфилов районунда — 35,6%га, Токмок шаарында — 34,3%га   тамак-аш продукциясынын көлөмүнүн азайшына байланыштуу жана Жайыл районунда– 23,3%га негизги металлдардын буюмдардын өндүрүштүн көлөмү азайган эсебинен болду.

 

Өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси райондор боюнча төмөнкү: Аламүдүн (112,1 %), Ысык-Ата (130,0 %), Чүй (124,0 %), Жайыл (83,6%), Кемин (4,1 эсе), Сокулук (100,9%), Панфилов (68,4%) райондорунда жана Токмок шаарында (85,8%) аткарылган.

Чүй облусу боюнча 131 ири өнөр жай ишканалары бар. Алардын ичинде 62 ишкана туруктуу иштөөдө.

Ошону менен бирге, Чүй облусу боюнча 42 өнөр жайдын чыгарылган өндүрүш продукциясынын көлөмүнүнүн өсүү темпи аткарылган жок.

 

 

Отчеттук мезгилде, чийки заттарды жана материалдарды сатып алууга каражаттардын жетишсиздиги, суроо талаптын жоктугу, ижарага берүү келишиминин мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу жана атаандаштык себептер болуп төмөндөгү 9 ишканалар (2017-жылы  13 ишкана) токтоп турат.

Кемин району

  • «Ак-Таш» ААК — щебень жана акиташ чыгаруу

 

Жайыл району

  • «Кара-Балта-Килем» ЖЧК —  килем чыгаруу ишкана
  • «Бакай-Инпак» БИ — мешкотара чыгаруу ишканасы,

Токмок шаары

  • «Токмокский завод КСМ» ачык акционердик коому
  • «СССР-АС» ЖЧК — сүттү кайра иштетүү ишканасы,

Чүй району

  • «ККБФ» ААК –гигиеналык кагаздарды чыгаруучу ишканасы,

Москва району

  • «Булак-Аби» ЖАК – дубал материалдарын чыгаруучу ишканасы
  • «Пиво Беловодское» ЖЧК- сыра чыгаруу ишканасы
  • «Ак-СууВита» ЖЧК – крахмало-патока чыгаруу заводу

Чуй облусу боюнча 2018-жылдын январь-июнь айларында жеке ишкерлер тарабынан  жаңы 91 кичи жана орто ишканалар ачылып, 402 иш орун түзүлдү.

Кемин районунда — 10, Чүй — 5, Ысык-Ата — 12, Аламүдүн — 7,  Сокулук — 13,  Москва — 8,  Жайыл — 19, Пафилов — 6  жана Токмок шаарында — 11 ишкана ачылды.

Кемин районунда – Кемин шаарында таш майдолоочу кичи ишкана, 2 жумуш орун түзүлдү жана магазин, аптека ачылды.

Токмок шаарында - кара металлды кайра иштетүү боюнча цех ачылып, 3 жумуш орун түзүлдү жана магазин, кафе, медициналык центр ачылды.

Чүй районунда - “Кегети сүт” асыл тукум ферма ачылып, 20 жумуш орун түзүлдү. Ак-Бешим айыл өкмөтүндө күнөскана курулуп, 10 жумуш орун түзүлдү.

Ысык-Ата районунда – таштарды кайра иштетүү боюнча “Золотоая печать” ЖЧК ачылып, 3 иш орун түзүлдү, кийим тигүү цех ачылып, 7 иш орун түзүлдү, ЖИ “Умаров” мал соючу цех ачылып, 3 жумуш орун түзүлдү, магазин жана медициналык кызмат көрсөтүү боюнча центр ачылды.

Аламүдүн районунда — кийим тигүү цехи ачылып, 8 иш орун түзүлдү.

Сокулук районунда – пенополистиролдон плита чыгаруу ишкана ачылып, 30 жумуш орун түзүлдү, кыш чыгаруу ишкана ачылып, 5 жумуш иш орун түзүлдү, тоок ферма ачылып, 15 жумуш орун түзүлдү.

Москва районунда – лак-сыр жана кургак аралашмаларын чыгыруу боюнча цех ачылып, 20 жумуш орун түзүлдү, макарон чыгыруу боюнча цех ачылып, 10 жумушчу орун түзүлдү.

Жайыл районунда – мал соючу пункт ачылып, 2 иш орун түзүлдү.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» ПЖ №2 жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым өкүлүнүн 2018-жылдын 27-апрелинде “2018-жылга Чүй облусунун өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү ”  № 101-б буюрма кабыл алынды.

Чүй облусунун райондорун жана айыл аймактарынын өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө жалпысынан 2018-жылга болжол менен Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, демөөрчүлөр тарабынан 8480,1 млн.сомго 1232 жумушчу орун түзүлүп, 27 өндүрүштүк ишкана ачуу планы бекитилген.

 

  • Өнөр жай тармагы боюнча (аткарылды 8 долбоор, 1345,08 млн. сомго)
  • Айыл чарба тармагы боюнча (аткарылды 9 долбоор, 78,39 млн. сомго)
  • Кичи жана орто бизнес тармагы (аткарылды 25 долбоор,  185,89 млн. сомго)
  • Социалдык тармагы (аткарылды 13 долбоор, 205,03 млн. сомго)
  • Дене тарбия жана маданият (аткарылды 3 долбоор 36,5 млн. сомго)
  • Инфраструктурасын өнүктүрүү (6 долбоор аткарылды, 5,54 млн.сомго)

 

Баардыгы 64 долбоор, 1856,43 млн. сом

 

Милдеттер:

  • Чүй облусундагы макроэкономикалык туруктуулугун чыңдоо, токтоп турган ишканаларды кайра жандандыруу жана жаңы ишканаларды ишке киргизүү зарыл;
  • жеке инвестициялардын агымы үчүн стратегиялык инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу;
  • өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн жогорулатуу жана көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыздоо;
  • өндүрүш тармагында инвестициялык долбоорлор менен иш алып баруу.

 

Бюджеттин аткарылышы

Чүй облусу боюнча 2018-жылдын 2-кварталында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 100,4 % аткарылды, бул планда каралган 2430547,8 миң сомдун ордуна, факт жүзүндө 2441134,3 миң сом чогулуп, бюджетке 10586,5 миң сом көбүрөөк түштү,  жергиликтүү бюджет- 105,4 %, республикалык бюджет – 98,0 %.

 

 

Салык төлөмдөрү боюнча түшпөй калган каражаттар 324188,8 миң сомду түзгөн. Анын ичинде эң көлөмдүүсү жер салыгы 52350,8 миң сом, киреше салыгы -44214,5 миң сом, КНС (ндс) — 134004,2 миң сом, сатуудан түшкөн салыгы — 32397,1 миң сом, мүлк салыгы – 19517,8 миң сом, пайдадан түшкөн салык – 14208,0 миң сом, акциз- 2,3 миң сом жана башка салыктардан 27494,1 миң сом.

 

Жогоруда  көрсөтүлгөндөй салыктын карыздары жылдын башына салыштырмалуу 18286,3 миң сомго көбөйгөн.

 

Райондор арасында жер салыгынын жалпы абалын  слайд аркылуу көрө аласыздар.

Кемин районунда жылдын башында 4,6 млн. сом түзгөн, ал эми 2018-жылдын 6-айынын жыйытыгы менен 9,1 млн. сом болду, жер салыгы 4,4 млн. сомго өсүшү байкалат.

Чүй районунда        жылдын башында 2,3 млн. сом түзгөн,  ал эми 2018-жылдын 6-айынын жыйытыгы менен 3,5 млн. сом болду, 1,2 млн. сомго өстү.

Ысык-Ата    районунда жылдын башында 12,9 млн. сомду түзгөн,  алты айдын жыйынтыгы менен 14,5 млн. сом түздү, 1,5 млн. сомго өстү.

Аламүдүн районунда жылдын башында 8,8 млн.  сомду түзгөн,  алты айдын жыйынтыгы менен 10,2 млн. сом түздү , 1,3 млн. сомго өстү.

Милдеттер:

— 2018-жылга  республикалык жана жергиликтүү бюджетке берилген  план тапшырманы  аткарууда үзгүлтүккө учураган  булактар боюнча иштер жүргүзүлсүн;

— салык карыздарынын көлөмүн кыскартуу.

 

 

Айыл чарба

Айыл чарба продукциясын дүңүнөн өндүрүү 12804,9 млн. сомду же былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 102,1 % түзгөн.

Республиканын жалпы көлөмүнө карата Чүй облусундагы айыл-чарба продукциясынын салыштырмалуу салмагы 23,0% түзөт. Анын ичинен талаачылыктын 13,6%, мал чарбасы 81,8%, токой жана балык чарба 0,2%, башка кызмат көрсөтүү 4,4%.

2018-жылы Чүй облусу боюнча баардыгы 418847  га жерге айыл чарба өсүмдүктөрү себилди, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 1271 га көп. Жалпы дан эгиндер 247878 га, анын ичинен буудай баардыгы 110680 га, арпа 105633 га, сулуу 477 га, жүгөрү 30858 га.

Ал эми кант кызылчасы 15717 га, май өсүмдүктөрү 9846 га, картошка 11219 га, жашылча 19872 га жана бахча өсүмдүктөрү 4035 га.

Отчеттук мезгилде мал чарбачылыгынын негизги продуктуларын өндүрүү төмөндөгүдөй:

— эт (тирүүлөй салмакта) өндүрүү 43,8 миң тонна же былтыркы деңгээлге карата 2,1 %;

— сүттүн өндүрүү 185,6 ми тонна же былтыркы жылдын ушул учуруна караганда 0,6 % көбүрөөк. Буга малдын башы көбөйгөндүгү жана сүт өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү себеп;

— жумурткадан 173,8 миң даана өндүрүлүп, былтыркыга салыштырмалуу 11,5 % көбүрөөк.

Чүй облусундагы мал чарба продукцияларын өндүрүүнүн жалпы көлөмү республикадагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу төмөнкүдөй: эт (тирүүлөй салмакта)–24,7 %, сүт–25,3 %, жумуртка–61,4 % жүн – 13,6%. Чүй облусунун чарбалары орточо сүт саап алуу боюнча эң жогорку жетишкендиктерге жетишип (1375 килограмм), республикадагы орточо деңгээлден 468 килограммга ашкан.

Милдеттер:

— оруп жыйноо жумуштарын оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрдө өз учурунда жана уюшкандыкта өткөрүү үчүн чараларды кабыл алуу.

— сугат сууларын натыйжалуу пайдалануу максаттарында жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

-айыл аймактарына чыгуу менен оруп жыйноо жумуштарынын жүрүшү жөнүндө мониторинг жүргүзүү.

Курулуш

Экономиканы жана социалдык тармакты өнүктүрүүгө 2018-жылда 4757,7 млн. сомдук капиталдык салымдар жумшалган, бул былтыркы жылга салыштырмалуу баалар менен 7,7 %га көп. Капиталдык чыгашалардын өсүшү тоо-кең ишканалар, кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан салымдардын пайданалуу, ошондой эле коомдук жайлардын куруу менен байланыштуу болгон.

Сырттан келген инвестициялар – 1млрд.  100,9 млн. сом же болбосо былтыркы жылга карата 2068,8 млн. сомго аз, пайдалынган инвестициялардын 23,1 гана  пайызын  түздү.

Негизги капиталга инвестициялоо көлөмү төмөнкүлөрдүн эсебинен каржыланган:

Ички инвестициялар 1 млрд. 966,7 млн.сом өлчөмүндө болгон, пайдаланылган инвестициялардын 38,3% түзүп, былтыркыга салыштырганда 44,5% болгон.

2018-жылы милдет катары:

- Жаңы ишканаларды ачуу максатында жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу, жергиликтүү элге жумуш орундарын түзүп берүү боюнча иш-чараларды мындан ары дагы күчөтүү.

Турак-жай курулушу

Жеке куруучулар тарабынан 70,7 миң квадрат метрдик 602 жеке турак жай үйлөрү ишке киргизилген, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 6,2% га көп. Негизги булак катары элдин өздүк каражаттары болуп эсептелет.

Отчет мезгилинде облустун Кемин (7,5%), Чүй (27,6%), Москва (17,2%) башка бардык райондордо турак жай курулушунун өсүү темпи камсыз болгон.

Милдеттер:

  1. Жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу.
  2. Бүтө элек көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун аяктоо, мамлекеттик ипотекалык компания менен тыгыз байланышта иш алып баруу.
  3. Курулуп жаткан объекттердин документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдалышына жана курулуш иштеринин сапатына көзөмөл жүргүзүү.

Электр энергетикасы  

Чуй облусу боюнча 2018-жылда электр энергиясы менен камсыздалышы 41,9 млн. кВт.с. түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 266,1 млн. кВт.с. аз алынган.

Ошол эле учурда мекеменин дебитордук карызы 206,0 млн.сомду түзүп өткөн жылдын ушул убагында 15,9 млн.сомго азайган. Дебитордук карызы баардык райондордо азайган.

Электр энергиясынын жалпы чыгымдалышы 218,4 млн. кВт с., же 14,43% (2017-ж 15,70%) азайышы 1,27%,  анын ичинде: коммерциялык жоготуулар 0,45% (2017-ж.-1,01%) 1,46% азайды, техникалык жоготуулар 14,87% (2017-ж.14,69%) түзүп, -0,19% көбөйдү. Техникалык жоготуу Аламүдүн, Чүй, Сокулук, Москва, Жайыл  райондорунда  өскөн, Коммерциялык жоготуулар Чүй жана Сокулук районунда өскөн, калган  райондордо азайган.

Чүй облусундагы райондордо электр энергиясына болгон  лимиттерди бөлүштүрүү боюнча күнүмдүк текшерүү иштери жүрүп жатат.

Апрель-июнь пландагы 342247,9 тонна, аныгында 18271,6 тонна көмүр 5,3% даярдалды.

Калктын даярдыгы пландагы 270530,0 тоннанын оордуна 17198,0 тонна же 6,4% көмүр менен камсыз болду. Бул жумуштар Панфилов жана Кемин райондорунда кечиктирилүүдө.

Ошону менен бирге облуста белгиленген газификациялоо программага ылайык Жайыл, Сокулук, Аламудун, Ысык-Ата, Чүй райондорунда жана Токмок шаарында курулуучу газ өткөрүүчу обьектилерди 2018-2019-жылдарда курууга негиз болгон жерди бөлүү маселелери бүтүрүлүү алдында.

Милдеттер:

- дебитордук карыздарды азайтуу боюнча иш алып баруу;

— оңдоо иштерине бөлүнгөн акча каражатын натыйжалуу пайдалануу менен коммерциялык жана техникалык жоготууларды болтурбоо үчүн конкреттүү иш жүргүзүү.

-социалдык мекемелерге жана элге көмүр менен камсыздоону ишке ашыруу;

-социалдык обьектилердин котелныйларын  ремонтун  көзөмөлдөө;

-алдыдагы газификация программасын аткаруу.

Авто унаа жолдорун тейлөө

Чүй облусу боюнча 2018-жылга планда 394,9 млн. сом өлчөмүндө автожолдорун ремонттоо жана калыбына келтирүү каралган.

6-айдын ичинде “Бишкек-Нарын-Торугарт”, ПЛУАД №1 автомобиль жолдорунун жана “Бишкек-Ош” башкармалыктары тарабынан жалпы 168,8 млн. сомго төмөндөгү иш-чаралар аткарылган:

—           9 даана “Темир жолдогу кесилишке жакындоо” жол белгилери калыбына келтирилген.

-23 миң 428 квадрат метрлик – 25,8 млн. сомго  (чуңкурларды оңдоо) кезектеги ремонт иштери аткарылган;

—           авариялык коопсуздукту жараткан эки участокто жолдун жер астындагы (Аламүдүн районундагы Степное айылында жана Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айылында ) саздак катмары ремонттолуп, андан тышкары  325 даана бирдикте жол көрсөткүч белгилери 968,5 миң сомго орнотулган;

—           704  квадрат метрлик- 12,6 миң сом жол коопсуздугу максатында жол белгилер жана сызыктар өз убагында аткарылган жана улантылууда;

—           «Бишкек-Ош», «Бишкек-Чалдовар», «Бишкек-Георгиевка» жана «Бишкек-Кемин» жолдорундагы 60,0 бүтүн   бөлүштүрүүчү тилкелердин белгилери коюлган –суммасы 77,0 миң сомду түздү.

 

Милдеттер:

-“Бишкек-Кара-Балта 09-60 км” долбоорун келишимдердин негизинде  ишке ашыруу; (долбоор-сметалык документтери бүткөрүлүп тендер өткөрүлгөн, бул долбоор 2017-жылдын август  айында башталып бүгүнкү күндө улантылууда).

Чүй облусунун батыш зонадагы райондоруна  асфальт-бетон чыгаруучу заводун жана  таш майдалоочу агрегатын куруу;

- Бишкек-Ош мамлекеттик дирекциясынын түзүмүнөн “Бишкек-Өтмөк -Төө-Ашуу-Ала-Бел” жолдорун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүндөгү авто унаа  тейлөөчү ДЭП № 9 ишканасын  Чүй облусунун №1 аймактык бөлүмүнүн  түзүмүнө  өткөрүп берүү.

 

Транспорт жана байланыш

2018-жылдын 2-кварталында  автомобиль транспорту менен жүк ташуунун көлөмү 5448,6  миң тоннаны түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилге салыштырмалуу 03 %га көбүрөөк.

Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү — 60,0 млн. адамды түзүп, былтыркы жылдын деңгээли менен салыштырганда 0,3%га көбөйдү.

Жүргүнчүлөрдү автомобиль транспорту менен ташуу 612,2 млн. жүргүнчү-километрди түзгөн, же былтыркы жылга салыштырмалуу 100,4 % түздү.

Байланыш (Телеком)

 

«Кыргызтелеком» ААКнын  Чуй областтык филиалынын ишинин 2018-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча  киреше 108 346 миң сом түздү.

Тарифтик киреше 104 484,1 миң сомду түзөт .

Киреше түзүмүндө эн жогорку салыштырма салмакты Интернет тейлөөсү түзөт, бул 68,2%  жана 71 292,9 миң сом болот.

Жалпы кирешеде шаардык жана айылдык телефон байланыштары тейлөөсүнөн түшкөн кирешеси  22,2 %  жана 23 260,9 мин сом түздү.

Шаар аралык, эл аралык телефондук тейлөөсүнөн түшкөн киреше 7 419,4 миң сом, же  7,1 % түзөт.

Башка байланыш тейлөөлөрдүн (телеграф байланышы, Интеллектуалдык байланыш тармагы, башка кирешелер) салыштырма салмагы  2,5 % түздү.

Чүй облусунун тармагында 102 санарип АТС, 6 координаттык жана 21 базалык CDMA станциялары иштейт.

2018-жылдын 6 айы ичинде (01.01.18-ж. баштап 01.07.2018-ж. чейинки мезгил)  Чүй облусу боюнча 936 телефон орнотулган (план боюнча — 900, аткаруу —  104%), анын ичинен 74  CDMA– 450 технологиясы боюнча зымсыз телефондор.

2018-жылдын 6 айы ичинде Чүй облусунун райондук бөлүмдөрүндө Интернетке кеңири тилкелүү жеткиликтүүлүк тармагын өнүктүрүү жана ADSL технологиясы боюнча абоненттерди туташтыруу иштери жүргүзүлгөн. “Жеткиликтүүлүк тармагын FTTB технологиясы боюнча интернет жана IP TV тейлөө” проектин реализация кылуу. 5 санарипдик АТСди эксплуатацияга киргизү жана куру боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Почта

Чүй областынын аймагындагы жашаган калкка, мекеме-уюмдарга кызмат көрсөтүп жаткан 7  райондук филиал жана 212  байланыш бөлүмү  бар. Иштеген кишилердин саны штаттык  тизим  боюнча 734 бирдикти түзөт.

Бүгүнкү күндө, почта филиалдары 56552 пенсионерди  жана  16940 пособия алуучуларды тейлейт, ай сайын 315803,4 миң сом пенсия жана 35798,1 миң сом пособия таркатылат. Баардык байланыш  бөлүмдөрүндө  жөнөкөй  жана электрондук почта жөнөтүү, каттарды, бандерлорду жана  посылкаларды  кабыл алуу иштери аткарылат. Андан тышкары мезгилдик басма сөз каражаттарына жазылуу жана  сатуу иштери жүргүзүлөт. ЖККнын төлөмдөрү, электрондук коммерция, электроэнергия ж.б.  төлөмдөрү кабыл алынат.

Чүй областы боюнча 3- райондук филиалдын 8-байланыш бөлүмүндө айлык  толоо проектиси киргизилип, мугалимдердин айлык маянасы: почта аркылуу толонуп жатат.

 

 

Бүгүнкү күндүн көйгөйлүн чечүү, кирешени көбөйтүү почта кызматын көрсөтүүнүн сапатын арттыруу, газет-журналдарга жазылууну көбөйтүү  максатында бардык райондордо иш чаралар иштелип чыгып, 2018-жылдын план тапшырмаларын так аткарууга аракеттер кɵрүлүп жатат.

Тышкы экономикалык байланыш

Чүй облусунда 2018-жылдын январь — майында айларында тышкы экономикалык байланыштарды, бажы кызматынын маалыматы үчүн соода иштерин жүгүртүү 311,4 млн. АКШ долларын түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 70,2  млн. АКШ долларына же 29,1 %га көбөйгөн.

Импорттук түшүүлөрдүн көлөмү 24,3 млн. АКШ долларга же 12,9%га көбөйдү, ал эми экспорттук камсыздоонун жеткирүүсү 45,9 млн. АКШ долларга же 87,9% га көбөйдү.

 

Туризм

Чүй облусу өзүнүн географиялык жайгашуусу боюнча жагымдуу климаттык шарттары бар өзгөчө бир потенциалына ээ болуп, туризм чөйрөсүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар аймак болуп эсептелинет.

Бүгүнкү күндө Чүй облусунун аймагында 13 тоо-лыжа базалары, 7 жаратылыш парктары жана корголуучу зоналары, ошондой эле 3 тарыхый-археологиялык жайлары жана 8 музей бар.

2018-жылдын беш айда Чүй облусунда туристтик ишмердиктен  түшкөн салык төлөмдөрү  11  млн. 179 миң 500 сомду түздү. Келген туристтердин саны 41090 адам.

Камсыздандыруу

Кыргыз Республикасынын 2015 ж. 31-июлундагы  “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктан милдеттүү камсыздандыруу” №209  мыйзамын аткаруу максатында 2018-жыдын 6-айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик райондук администрациялар жана Токмок шаарынын мэриясы менен биргеликте тиешелүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө.

2017- жылдын август айларынан баштап калкка ыңгайлуу болушу үчүн ар бир айыл өкмөттө бирден агентке 10% акы төлөө негизинде 120 агент менен келишим түзүлдү. Мындан тышкары, ар бир райондо бирден өкүл (эмгек акы 5000+10%) иштейт.

2018-жылдын 6 ай ичинде Чуй облусу боюнча 5578 камсыздандырылды, Кемин району 439 турак жай, Чуй 266, Токмок 414, Ысык-Ата району боюнча 403 турак жай, Аламүдүн району боюнча 2147 турак жай, Сокулук району боюнча 1017 турак жай, Москва району боюнча- 237 турак жай, Жайыл району боюнча — 426 турак жай, Панфилов району боюнча — 229 турак жайы камсыздандырылды.

 

Кылмыштуулук

2018-жылдын 6 айында Чүй облусу боюнча жалпы 2592 кылмыш катталып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 499 кылмышка (2017ж.- 3091) азайган.

Кылмыштардын көрсөткүчтөрүнүн өскөндүгү белгиленген:

  • отчеттук мезгилинде жалпы саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү фактылары менен 41 (35) кылмыш иши катталган. Тергөө өндүрүшүндө 32 (26) кылмыш иши тергелип, 31 (26) бети ачылып соттук кароого жөнөтүлгөн. Кылмыштын бетин ачуу 96.9% (100%) түзгөн;
  • зордуктоо боюнча отчеттук мезгилде 42 (28) кылмыш иши катталып, тергөө өндүрүшүндө 38 (21) кылмыш иши тергелип, ачылганы 37 (21), кылмыштын бетин ачуунун пайызы 97.4% түзгөн;

Кылмыштардын көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшү белгиленген:

  • адам өлтүрүү багыты боюнча 2018-жылдын 6 айында жалпы өлтүрүү фактылары менен 50 (64) кылмыш иши катталган, тергөө өндүрүшүндө 45 (53) кылмыш иши тергелип, 42 (53) кылмыштын бети ачылып соттук кароого жөнөтүлгөн. Кылмыштын бетин ачуу 93,3% пайызды түзгөн;
  • тоноочулук боюнча 2018-жылдын 6 айында 64 (97) тоноо менен козголгон кылмыш иштери катталган. Анын ичинен 56 (90) кылмыш иши тергелген (- 34). Бети ачылып сотко 48 (68) КИ жөнөтүлгөн, кылмыштын бетин ачуу 85,7% түзгөн;
  • мал уурдоо багыты боюнча отчеттук мезгилинде Чүй облусу боюнча өндүрүштө 68 (97-2017) мал уурулук учуру каралган. Мал уурулуктун 39 (62-2017) учурунун бети ачылып, кылмыштын ачылышы 67,2% түзгөн;
  • уурдоо боюнча отчеттук мезгилинде 2017-жылга салыштырмалуу 295 кылмыш ишине аз иликтенген, 2018- жылы 1146 кылмыш ишин түзсө, 2017- жылы 1441 кылмыш ишин түзгөн. Анын ичинен 659 (2017-881) кылмыш ишинин бети ачылып 57,0% пайызды түзгөн;
  • батирден урдоо боюнча 2018-жылдын 6 ай ичинде 2017-жылга салыштырмалуу 184 кылмыш ишине аз иликтенген. 2018-жылы 401 кылмыш ишин түзсө, 2017-жылы 585 кылмыш ишин түзгөн. Анын ичинен 194 (2017-442) кылмыш ишинин бети ачылып 48.4% пайызды түздү (2017 — 75.6%) ачылуу пайызы – 27,2% төмөн;

Өзгөчө кырдаалдар боюнча:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен “2018-жылга Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чарасынын мерчеми бекитилген.

Мерчемде 23 объект каралган, жалпы көлөмү 129223 куб.м, 21640п/м. 23 объекттин ичинен 8 объектте жумаштар башталган: 5 объектте жумуштар аяктады, 2 объектте  жумуштар жүрүүдө, 1 объектте жумуштар токтоп турат.

Кошумча 6 объект киргизилген, анын ичинен: 4 объектте жумуштар аяктады, 1 объектте  жумуштар жүрүүдө, 1 объектте жумуштар токтоп турат.

Баардыгы 14 объекте жумуштар башталган, жалпы көлөмү 60556 куб.м, 11 584 п/м.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 27, 2018 15:06

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина