Чүй облусунун прокурору Азат Өскөнбаев: “Прокуратуранын ишинин жетишкендиктери-мамлекетибиздин туура жүргүзгөн саясатынын жыйынтыгы”

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 17, 2017 11:57

Чүй облусунун прокурору Азат Өскөнбаев: “Прокуратуранын ишинин жетишкендиктери-мамлекетибиздин туура жүргүзгөн саясатынын жыйынтыгы”

IMG-20171116-WA0005111 17 ноябрь, Бишкек. Кыргыз прокуратурасынын тарыхы РСФСРдин курамында жаңы кайра жаралуу тарыхында кыргыз элинин биринчи улуттук саясий мамлекети Кара-Кыргыз автономиялык облусу түзүлгөн учурдан башталат.

1924-жылы 22-ноябрда Кара-Кыргыз автономиялык облусунун Революциялык комитетинин Президиумунун №6 токтому менен 15 адамдан турган биринчи улуттук прокуратура негизделген.

Укуктук мамлекеттин принциптерин ишке ашырууда, мыйзамдуулукту, тартипти, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын, муундан-муунга өткөрүлүп берилип жаткан бай прокурордук тергөө салттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин салымын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2000-жылдын 25-июлундагы №456 токтому менен 22-ноябрды жыл сайын белгиленүүчү майрам  Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнү деп бекитилген.

2016-жылы бүткүл элдик добуш берүү менен кабыл алынган Конституция (баш) мыйзамы прокуратура органдарына башка ыйгарым укуктары менен эле катар аткаруу бийлигинин органдары тарабынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жалпы эле жетекчилер тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзүү милдети жүктөлгөн.

Учурда ушул милдеттерди аткарууда Чүй облусунун прокуратурасынын кызматкерлери да өз салымын кошуп келет. Ошондуктан Чүй облустук прокуратуранын прокурору Азат Өскөнбаевге бир нече суроолор менен кайрылдык.

- Азат Кубанычбекович, сиз жетектеген Чүй облустук прокуратуранын ишмердиги боюнча 2017-жылдагы жыйынтыктары туралуу айтып кетсеңиз…

— 2017-жылдын 10 айында  прокурордук ишмердүүлүктүн приоритеттүү багыттары болуп эсептелген жерди, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктөрдү мыйзамдуу пайдалануусуна, коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлгөн.

Тактап айтсак  жүргүзүлгөн 644 текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 1624 прокурордук чара көрүү актылары келтирилип, алардын негизинде 213 мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдары тартиптик жана административдик жоопкерчиликтерине тартылышкан. Мамлекетке келтирилген зыяндын ичинен 38 897 817 сом өндүрүлгөн.

Мисалы  Аламүдүн районунун прокуратурасынын прокурордук чара көрүү актыларынын негизинде Таш-Дөбө айылынын, Бегельдинов көчөсүндөгү мурда жеке менчикке сатылып кеткен жалпы баасы 18 880 400 сомду түзгөн бала-бакчанын эки кабаттуу имараты, пайдалуу жер аянты 1047 чарчы метр менен жана 7604 чарчы метр өлчөмүндөгү башка курулуштары менен мамлекетке кайтарылып, айыл өкмөтүнүн балансына берилди.

- Ошол эле учурда Чүй облусунда жерлерди, айдоо аянттарды басып алуу көйгөйлүү маселеге айланганын жакшы билебиз…

— Ооба, Сокулук районунун аймагындагы айыл-чарба багытындагы жерлерге мыйзамсыз курулуштарды курууга байланыштуу кырдаал областагы эң көйгөйлүү маселелердин катарында турат.

Ново-Павловка айыл аймагында эле шылуундардын жасаган кылмыштуу аракеттеринен улам 7 жаңы конуштар пайда болуп, ал жерлерге 6620 жеке турак-жай салынып,  3000ден ашык ар кандай имараттар курулуп, 25 миңдей адам жашап келүүдө.

Бул мыйзамсыз курулуштардын пайда болушунун башкы себептерине акыркы 10-15 жылда күч алган ички миграция, жарандарыбыздын юридикалык жактан жетишсиз сабаты, ишенчектиги жана турак-жайга болгон муктаждыктарынан пайдаланып көз боемочулардын карасанатайлык менен байлык топтоо аракети түрткү болгон.

- Ушундай мыйзамсыз жер басып алууларды токтотууга болбойбу?

— Мыйзамсыз курулуштарды токтотуу жана алдын алуу максатында облустук прокуратуранын төрагалынын алдында мамлекеттик, укук коргоо жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен бирдиктүү иш алып баруу жол-жобосу такталып, алгылыктуу иш-аракеттер жүргүзүлдү.

ϴзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай, Сокулук районунун жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан Ново-Павловка, Военно-Антоновка, Гавриловка жана Орок айыл аймактарында айыл-чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен салынган курулуштарды токтотууга жана алдын алууга багытталган баннерлер жер-жерлерге орнотулду.

Мындан сырткары  КТРК телеканалынын жүгүрмө сабынан жалпы калкка айыл-чарба багытындагы жерлерге курулуш куруу мыйзамсыз экендиги тууралу маалыматтар жайылтылып, социалдык видео роликтер даярдалып эфирге чыкты.

Алдын ала чара көрүлүүчү иштердин аткарылуусунда, ички иштер кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тартылганбы?

Облустун прокуратура органдарынын демилгеси менен райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын төрагалыгы алдында аталган маселе боюнча укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмелери шаар, райондун прокурорлорунун активдүү катышуусу менен өткөрүлдү.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан Сокулук районунун жер маселелерине байланышкан иштерди тергөө жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө методикалык жардам көрсөтүү үчүн тажрыйбалуу кызматкерлерден турган ыкчам эки топ түзүлүп, иш алып бара жатышат.

Сокулук районунун прокуратурасы, райондун мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын жана ички иштер бөлүмдөрүнүн айыл өкмөттөр менен макулдашылган бирдиктүү буйругу чыгып, ага ылайык тилкелик нускоочулар менен Ново-Павловка, Военно-Антоновка, Гавриловка, Күн-Туу жана Орок айыл өкмөттөрүнүн жер адистеринен турган ыкчам топтор түзүлүп, аларга тийиштүү аймактардагы мыйзамсыз, өзүм билемдик менен салына баштаган курулуштарды аныктоо жана мыйзамдуу чараларды көрүү милдеттери жүктөлгөн.

- Жалпыга маалым болгондой жерди, айдоо аянттарды басып алууда жалаң эле шылуундар жер сатып пайда көрүп жаткандыгын билебиз. Бул маселелер боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө? 

— Сокулук районундагы жер маселелерине байланышкан алдамчылык фактылар боюнча 2015-жылы 139 жазык иш, 2016-жылы 123 жазык иш, ал эми үстүбүздөгү жылы болсо 106 жазык иш козголуп, анын ичинен 42 соттук кароого жөнөтүлүп, 25 жазык иш боюнча айыпкерлерге издөө жарыяланып, 6 иш башка органдарга жөнөтүлүп, 33 иштин тергөөсү улантылууда. Жазык иштерин тергөөнүн алкагында көпчүлүк айыпкерлер камакка алынышты.

Жогоруда көрсөтүлгөн айыл-чарба багытындагы жерлерди алдамчылык жол менен сатуу фактыларынын көпчүлүгү нотариустар тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттарды колдонуу менен жасалган.

Ошондуктан облустук прокуратура тарабынан жер маселелерин жөнгө салуучу укуктук актыларга талдоо жүргүзүлүп, алардагы коллизиялар жана боштуктар аныкталган. Бул жагдайды алдамчылар иш жүзүндө өз пайдасына колдонууга аракет кылып келишүүдө.

- Азат Кубанычбекович, бардык алдамчыларга жардамдашкан бийликтин бир бутактары бар экендиги жашыруун эмес. Мисалы, натариалдык конторалардан ар бир жасалма документтерге мөөр басылып, мыйзамдуу деп сатылган учурлар көп кездешет. Ушундай учурларда нотариустар жооп береби?

— Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине өз билемдик менен курулган курулуштарды, айыл чарба багытындагы жерлерди алдамчылык менен сатууну токтотуу жана алдын алууга, айыл чарба багытындагы жер тилкелерин бөлүү тууралу мыйзамда көрсөтүлгөн ишеним каттарды күбөлөндүргөн нотариустарга чараларды көрүү, алардын ишин жөнгө сала турган укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу сунуш киргизилген.

Сунушту кароонун жыйынтыгында нотариустардын ишмердүүлүгүн юстициянын жергиликтүү башкармалыктарына, “Нотариалдык контора” коомдук бирикмесине нотариустардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн көрсөтмө берилип, жер ресурстарын эффективдүү пайланууга багытталган укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу иштер жүргүзүлүп жаткандыгын министрлик маалымдаган.

Ошону менен бирге  сот органдары менен мурда киргизилген доо арыздар боюнча иш жандандырылып, соттун жана экотехинспекциянын чечимдеринин негизинде айыл чарба багытындагы жерлерде курулган мыйзамсыз 1 турак-жай, 8 дубал, 3 тосмол жана 19 фундамент бузулуп дагы улантылууда.

- Чүй облусунда айыл  чарба багытындагы жерлерди басып алуу, мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүүгө жолтоо боло турган мыйзам эмнеге толук кандуу иштебей келет?

— Албетте  мамлекетибиздин азык түлүк коопсуздугун камсыз кылуу айыл чарба багытындагы жерлерди көздүн карегиндей сактоо, аны иштетүүнү өркүндөтүү аркылуу жүзөгө ашыралат. Ушуга байланыштуу  Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 74-беренесинин 2-бөлүмүнүн жана “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу” тууралуу мыйзам өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине имараттар менен курулуштарды курууга жол бербейт.

Ошондуктан, мыйзамды сылабаган, талаптарды аткарбаган, мыйзам бузууга жол берип, өзүм билемдик менен курулуш курган жарандарга кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылаарын эскерте кетмекчимин.

Мындан сырткары мыйзамсыз курулуштар бузулгандан сырткары, жер ээси ага болгон менчик укугунан соттун чечими менен ажыратылышы мүмкүн.

- Сиз облустун прокурору катары  карапайым калкка кандай кеңеш берээр элеңиз?

Мен ушул мүмкүнчүлүгүмдөн пайдаланып  Чүй облусунун жарандарына жана кыргыз элиме кайрылып кетер элем. Жер тилкелерин турак-жай куруу үчүн сатып алардын алдында, анын категориясы, багыты көрсөтүлгөн жерге болгон укугу тууралу документтер менен кунт коюп таанышып, күмөн туудурган жагдайлар пайда болсо тийиштүү мамлекеттик же өзүн-өзү башкаруу органдарында эмгектенген  адистерге, юристерге консультация алуу үчүн кайрылып, ар кандай шылуундарга кабылбоонун аракетин көрүү керектигин эскертип кетким келет.

- Чүй облусунун ишмердигине дагы токтоло кетсеңиз

— Үстүбүздөгү жылдын  9 айдын ичинде 4 143 кылмыш катталып, былтыркыга (4241) салыштырмалуу 2,3% азайган. Ошону менен бирге оор жана өзгөчө оор, жол кырсыгына байланыштуу кылмыштардын саны бир аз көбөйгөн. Ушул себептен прокуратура тарабынан облустун укук коргоо органдарынын жетекчилери менен ведомстволор аралык кеӊешмелер өткөрүлүп, алардын тергөөсүнүн жана ыкчам издөө ишмердүүлүгүнө көзөмөл күчөтүлүп, өз учурунда материалдар менен кылмыш иштери боюнча көрсөтмөлөр берилүүдө.

Арыздарды алдын-ала текшерүүдө жана тергөө убагында келтирилген мыйзам бузуучулуктар боюнча облустун ички иштер жана экономикалык кылмыштуулука каршы күрөшүү органдарынын кызматкерлерине карата 116 сунуш келтирилип, 52 тартиптик иштер козголуп, алардын негизинде 59 кызмат адамы тартиптик жоопкерчилигине тартылышкан.

- Прокуратура көзөмөл жүргүзүү менен эле чектелбестен сиздердин иштердүүлүгүңүздөргө экстемизм жана терроризм менен күрөшүү иштери дагы кирерин билебиз. Ушул жагдайда кандай иштер жүргүзүлүүдө?

— Биздин көзөмөл жүргүзүү ишмердүүлүгүбүздүн дагы бир негизги багыты болуп экстремизм жана терроризм менен күрөшүү болуп саналат. Быйылкы жылы текшерүү жүргүзгөндө, «Суннат» диний уюмунун «Сабил жана Субул» аттуу 2 томдон турган китеп Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Диний иштер боюнча комиссиясынын корутундусуна ылайык диний экстремисттик багытта экендиги аныкталып, облустук прокуратура тарабынан аны экстремисттик адабият катары табуу жана анын таркатууга тыюу салуу жөнүндө Аламүдүн райондук сотуна доо арыз менен кайрылган.  Соттун чечими менен облустук прокуратуранын доо арызы толугу менен канаатандырылып, “Сабил жана Субул” китеби экстремисттик деп табылып, аны Кыргыз Республикасынын аймагында таркатууга жана колдонууга тыюу салынды.

- Быйылкы жыл жаңылыктарга, маанилүү окуяларга бай жылдардан болду десек жаңылышпайм. Жакында эле президенттик шайлоо болуп өттү. Чүй облусунда мыйзам бузуулар катталган жокпу?

— Мамлекетибизде өткөрүлгөн маанилүү окуяларынын бири болгон  2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо учурунда Чүй облустунун прокуратура органдары тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык законунун талаптарынын так аткарылышы камсыздалып, орун алган кээ бир мыйзам бузуучулуктарга өз убагында тийиштүү чаралар көрүлүп мыйзам чегинде чечимдер кабыл алынды.

- Чүй облустук прокуратурасы тууралуу кыскача токтолуп кетсеңиз…

— Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасы жакшыртылып, курулуштар курулуп жана кызматкерлердин ишине тийиштүү шарттарды түзүүгө чоӊ көӊүл бурулуп жатат.

Чүй облусунун бардык райондук прокуратураларынын имараттары бар, зарыл болгон учурларда ремонттор жүргүзүлүп турат. Учурда,  Кемин райондук прокуратурасынын имаратынын капиталдык ремонту аяктап жатат.

Жакында эле облпрокуратуранын  12 кызматкери турак-жайлуу болушту, анын ичинен 10 кызматкер Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан курулган үйүнөн, ал эми 2 кызматкер Токмок шаарында милиция кызматкерлерине курулган үйдөн турак-жай алышты. Бул дагы болсо, мамлекетибиздин туура жүргүзгөн саясатынын жыйынтыгы деп билсек болот.

- Азат Кубанычбекович, саналуу күндөрдөн кийин прокуратуранын күнү эмеспи. Кесиптештериңизге каалоо-тилектериңизди айта кетсеңиз…

— Прокуратура кызматкерлерин, ардагерлерин Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Сиздерге бекем ден-соолук, бакубат турмуш, кызматтык жетишкендиктерди каалоо менен алдыга койгон максаттарыӊыздар орундалып, мыйзамдардын үстөмдүгүнө, чыңдалышына жана коомдун кызыкчылыктарын коргоого багытталган иштериӊиздер жүзөгө аша беришине тилектешмин.

 Нурзада Акмат

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 17, 2017 11:57

Парламент

Элдик медицина