Чүй облусунун ИИББнын “Кайырчы” аталышында рейд өттү

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 30, 2018 13:14

Чүй облусунун ИИББнын  “Кайырчы” аталышында рейд өттү

14 Чүй облусунда 15-17-август күндөрү кайырчы аталышындагы рейд иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш чарага Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын, райондук-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн, билим берүү мекемелеринин, үй-бүлөө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, райондук мамлекеттик админстрацияларынын алдында түзүлгөн балдардын иштери боюнча комиссиясынын өкүлдөрү катышты. Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту алдын алууга багытталган рейдге облус боюнча 360 милиция кызматкери жана 61 жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Текшерүү учурунда көчөдө кайырчылык кылган 9 жаш өспүрүм аныкталып, алар интернаттарга, балдар үйлөрүнө жайгаштырылды. Социалдык борборлорго, приюттарга-1, ИИМдин жаш өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларын алдын алуу борборуна-3 ал эми 5 өспүрүм ата-энелерине, жакындарына кайтарылып берилип, каттоого алынды. Андан сырткары оор шарттарда жашаган жана селсаяктык кылган 40 жаш өспүрүм аныкталып, алардын ата-энелери жана жакындары менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерине аныкталган фактылар тууралуу билдирүүлөр жөнөтүлдү. Рейд учурунда эки жаш өспүрүм кылмыш кылгандыгы үчүн кармалган.

 

                       “Арсенал” иш-чарасында куралдар алынды

 

Чүй облусу боюнча коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу үчүн, мыйзамсыз ок атуучу курал-жарактарды сактоону алдын алуу максатында “Арсенал” аталышындагы профилактикалык рейд иш-чарасы болуп өттү.

Аталган иш-чарага коомдук коопсуздук кызматынан, криминалдык милиция кызматынан, лицензияга уруксаат берүү бөлүмүнөн жана Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлеринен түзүлгөн 150дөн ашык кызматкер иш-алып барышкан.

Рейддин жүрүшүндө 940 аңчылык менен алектенүүчүлөр текшерилип, алардын ичинен 3 жаран тарабынан курал-жарак сактоонун эрежеси бузулгандыгы аныкталып, аларга административдик протокол толтурулду. Андан сырткары 10 дон ашык жеке күзөт агенттиктеринин ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды же жарылуучу заттарды сактоо жайларындагы куралдарды сактоо эрежелери текшерилди.

Чүй облусундагы өткөрүлгөн рейд учурунда ЖКККБнын стационардык тосмолорунда 7651 унаалар, 4 базар жана 26 мейманканалар кылдат текшерилди.

Жарандар тарабынан өз ыктыяры менен 4 ок атуучу курал ИИОнун кызматкерлерине тапшырылган.

Чүй облусунун ИИББы, ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды же жарылуучу заттарды сактоо, ок атуучу куралды мыйзамсыз даярдоо же оңдоо, ошого тете

ок-дарыларды, жарылуучу заттарды же колго жасалган жардыргыч

түзүлүштөрдү мыйзамсыз даярдоо кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

 

 

                                    Сокулуктагы футболдук таймаш

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деген жарлыгынын алкагында, ички иштер министрлигинин демилгеси менен Чүй облусунун Сокулук районунда 19-август күнү «Ынтымак» аталышындагы футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Аталган футболдук мелдешке Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунун спортчуларынан куралган 16 команда катталган. Оюндун салтанаттуу ачылыш аземи Сокулук районундагы стадиондо болуп, ага КРнын ички иштер министри милициянын генерал-майору К.Джунушалиев, ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы С.Жоошбаев, КРнын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.Ашырбаев, Чүй облусунун ИИББнын башчысы милициянын полковниги С.Курманкулов, райондун акимдери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күйөрмандар катышты.

ИИМ министри К.Джунушалиев, “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деген мамлекет башчысынын жарлыгынын алкагында, жер-жерлерде ынтымакты, биримдикти жана достукту чыңдоо үчүн  өткөрүлүп жаткан турнирге катышуучу командалардын ар бирине ийгилик каалап, татыктуулар жеңишке жетишине тилектештигин билдирди. ИИМдин ардагердер кеңешинин төрагасы С.Жоошбаев “Ынтымак бар жерде ырыс бар” деген Кыргыздын макалын эске салып, өнгүүнүн кадамы ынтымактан башталаарына токтолуп, өткөрүлүп жаткан мелдеш жаштарды биримдике чакырууга өбөлгө болоорун кошумчалады. Ал эми Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.Ашырбаев  ички иштер министрлигинин демилгеси менен өткөрүлүп жаткан спорттук иш-чара балдарды сергек жашоого чакырып, жаштар арасындагы тартип бузуулурды алдын алууга чоң өбөлгө болооруна токтолду.

Командалар 4 футболдук аянтта күч сынашып, ар бир тайпада күчтүү командалар атаандаштарынан алдыга чыгып, байгелүү орундарга беттештер  өтө жогорку деңгээлде өттү. Жыйынтыгында  Панфилов районунун “Партсъезд” командасы атаандаштарын жеңип 1-орунга чыгышса, Жайыл районунун “Ак-Башат” командасы 2-орунду ээлешти, ал эми 3-орунду Жайыл районунун “Сары-Булак” командасы камсыз кылышып, жеңүүчүлөр медалдар, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Андан сырткары “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты коргоочу” жана “Мыкты дарбазачы” деген наамдар өзгөчөлөнгөн оюнчуларга тапшырылды.

Эске сала кетсек, ИИМдин демилгеси менен “Ынтымак” аталышындагы футболдук таймаш 12-август күнү Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы “Абдыш-Ата” спорт комплексинде өтүп, ага Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунан жана Токмок шаарынын фотболчуларынан жалпысынан 20 команда катышкан. Таймаштын жыйынтыгында  Чүй районунун “Покровка” командасы атаандаштарын жеңип 1-орунга чыгышса, Ысык-Ата районунун “Ысык-Ата” командасы 2-орунду ээлешкен, ал эми 3-орунду Аламүдүн районунун “Таш-Мойнок” командасы камсыз кылышкан.

 

 

                                                                                                          Д.Шабданов

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 30, 2018 13:14

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина