Чүй облусунун бардык тармактары боюнча өсүш бар

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 10, 2019 10:36

Чүй облусунун бардык тармактары боюнча өсүш бар

6 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы  «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгынын негизинде 2018-жылдын 27-апрелинде Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн «2018-жылда Чүй облусун өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планы»   буюртмасы кабыл алынып,   облустун өнүгүшүнө багытталган иш-чаралардын планы бекитилген эле.

2019-жылдын 5-февралында 2018-жылдын жыйынтыгын чыгаруу максатында Чүй облусунда  коллегия болуп өттү. Бул коллегияда кайсы тармакта жетишкендиктер болгондугу, кайсы тармак толук кандуу иштей албай жатат деген катуу талкуу болду.  Коллегиядан соң биз Өкмөттүн Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аймактарды өнүктүрүү жана экономика бөлүмүнүн жетекчиси Темирбек  Курманбековго кайрылдык.

- Темирбек Барыктабасович, эл оозунда өнөр-жайлуу Сары-Өзөн деп бекеринен айтылбаган чыгар. Облустун өнөр жай тармагы аймактарды өнүктүрүү жылында мамлекеттин “локомотиви” боло алдыбы?

-  2018-жылы  Чүй облустун өнөр жай секторунда 113984,2 млн. сомдук продукция өндүрүлгөн, бул 2017-жылга  салыштырмалуу (100311,9 млн. сом) 13672,3 млн. сомго көбөйгөн. Физикалык көлөмүнүн индекси 148,2% түзөт.

Республикадагы өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнө карата Чүй облусундагы продукциянын салыштырмалуу салмагы 45,5 % түздү. (Маалымат катары: Ысык-Көл облусунда –  20,3 %, Жалал-Абад – 10,3%, Баткен – 2,3 %, Ош – 2,6 %, Нарын – 1,0%, Талас – 0,5 % жана Бишкек ш.  – 15,7 %, Ош ш.–1,8 %)

2018-жылдын январь-декабрь айларында  өнөр жай продукциясын 2017-жылдын  январь-декабрь айларына салыштырмалуу  көлөмүнүн өсүшү төмөнкү түрлөрү боюнча белгиленген: кайра иштетүү өнөр жайы (101492,2 млн. сом)  1,5 эсеге. Бул негизги металлдардын жана даяр металл буюмдарды өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү 1,8 эсеге, текстиль өндүрүшүнүн көлөмү, кийим жана бут кийим өндүрүү 11,0 эсеге, тамак-аш азыктарын  8,3 %,  резина жана пластмасса буюмдарын, башка металл эмес минералдык азыктарын  5,7 эсе, жыгач, кагаз буюмдар  5,0 эсеге өсүшү менен шартталган.

Ошондой эле  Айыл чарба продукциясын дүңүнөн өндүрүү 51608,0 млн. сомду же былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 103,4 % түзгөн.

- 2018-жылы президентибиз кол койгон Жарлыкка ылайык аймактарды өнүктүрүү жылында айтарлык иштер аткарылды десем болот. Облуста  бюджеттин аткарылышы кандай?

— Облус боюнча 2018-жылдын  январь-декабрь айларында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 101,2 % аткарылды, бул планда каралган 5223,9 млн. сомдун ордуна факт жүзүндө 5288,6 млн. сом чогулуп, бюджетке 64,6 млн. сомго көбүрөөк түштү.

2018-жылы  жергиликтүү бюджет бардык райондордо жана Токмок шаарында аткарылып,   планда  көрсөтүлгөн 1799,1 млн. сомдун ордуна, киреше бөлүгүнө нагызы 1835,3 млн. сом же 36,2 млн. сомго көп түштү,  бул 102,0 % түзөт.

Ал эми республикалык бюджет 2018-жылы  планда  көрсөтүлгөн 3424,9 млн. сомдун ордуна, киреше бөлүгүнө нагызы 3453,3 млн. сом же 28,4 млн сомго көп түштү,  бул 100,8 %   түзөт.

- Коллегияда салык төлөмдөрүнөн түшпөй калган акчалай каражаттары бар деп айтылды го…

— Салык төлөмдөрү боюнча түшпөй калган каражаттар 267 354,5 миң сомду түзгөн. Анын ичинде эң көлөмдүүсү КНС (НДС) 91390,7 млн. сом, жер салыгы 52,8 млн. сом, киреше салыгы 42,0 млн. сом, сатуудан түшкөн салык 36,2 млн. сом, мүлк салыгы  28,9 млн. сом, пайдадан түшкөн салык  12,2 млн. сом жана башка салыктардан -3,8 млн. сом. Салыктын карыздары 2019-жылдын 1-январында 2018-жылдын 1-январына салыштырмалуу 75,1 млн. сомго азайды.

Чүй облусунда жалпысынан 105 айыл аймактарынын ичинен 67 айыл өкмөтү дотацияда, 2017-жыл ичинде 4 айыл өкмөтү дотациядан чыккан. 2019-жыл ичинде  22 айыл өкмөттү дотациядан чыгаруу пландаштырылып жатат.

Бирок, айта турган нерсе, бул көрсөткүчтөр облус боюнча чек эмес. Анын себептери көп. Эң биринчиден болуп, колдонула элек камдыктар (резервдер) деп эсептесек болот. Ал эмнеден турат?

Биринчиден, бүгүнкү күндө экономикалык карыздарды алсак болот. Мисалы, облус боюнча 2018-жылдын мезгилинде ал карыздар 267,3млн. сомду түзсө, анын ичинде жер салыгы 52,8 млн. сомду камтыйт. Бюджетке түшө турган салыктарды көбөйтүү максатында дагы көп иштерди аткарса болот.

 

- Чүй облусу айыл чарбасы, мал чарбасы жагынан өнүккөн аймактардын көч башында турат эмеспи. Айыл чарбасындагы өндүрүлгөн продукцияны кайра иштетүү  тармагында  кандай жыйынтыктар бар?

— Республиканын жалпы көлөмүнө карата Чүй облусундагы айыл чарба продукциясынын салыштырмалуу салмагы 25,3% түзөт. Анын ичинен талаачылык 55,3 %, мал чарбасы 42,1 %, токой жана балык чарбасы 0,1 %, башка кызмат көрсөтүү 2,5%.

Республикалык деңгээлде айыл чарба продукцияларынын дүңүнөн өндүрүүдө Чүй облусу боюнча баардыгы 427,4 миң га айдоо жерлери бар. Анын ичинен 320,4 миң га сугат, 107,0 миң га кайрак айдоо жер.

2018-жылы 418,9 миң га айдоо аянты айдалып айыл чарба өсүмдүктөрү себилген. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 1271 га көп. Жалпы дан эгиндер 247878 га, анын ичинен буудай, баардыгы 110680 га, арпа 105633 га, сулу 477 га, жүгөрү 30858 га. Кант кызылчасы 15,7 миң га себилип, 758,4 миң тонна өндүрүлгөн. Бир га жерден 482,5 ц алынды. Ал эми картөшкө 11,2 миң га. жерден 210,5 миң тонна жыйналып алынды, 1 га жерден 173,7 центнерден алынды.

Жашылча 19,8 миң га жерден 426,6 миң тонна терилип алынган, 1 га жерден 199,9 ц алынды. Май өсүмдүктөрү 9,8 миң га жерден 10,5 миң тонна жыйналды, 1 га жерден 10,7 центнерден алынды. Чүй облусу боюнча  130 кайра иштетүү ишканалары толук кандуу иштеп жатат. Андан сырткары, өндүрүлгөн продукцияларды сактоо үчүн 3 логистикалык борбор калкка кызмат кылууда.

- Акыркы жылдары дыйкандардын ишмердигин арттыруу максатында заманбап техникалар менен камсыз кылуу максатында мамлекет тарабынан канчалык деңгээлде жардам берилди?

— 2018-жылы лизинг аркылуу 30 трактор, анын ичинен 21 МТЗ жана 9 башка үлгүдөгү, 8 дан жыйноочу комбайн, 48 башка айыл чарба техникалары 206,7 млн. сомго сатылып алынган.

- Дыйкандар талаачылык иштерине банктардан насыя алышат. Облуста “Айыл чарбасын каржылоо-6” долбоору иштеп келет. Жеңилдетилген насыя тууралуу токтоло кетсеңиз.

— Өлкөнүн ишкер субъекттерине жана жеке адамдарына 2018-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү жана айыл чарба кооперативтерди өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Айыл чарбасын каржылоо-6” долбоору аркылуу жеңилдетилген насыялар берилип жатат. Мисалы,  талаачылыкка 651 кардар 440,4 млн.сом, мал чарбасын өнүктүрүүгө 1359 кардар 670,9 млн.сом жана кайра иштетүүгө 83 кардар 653,2 млн.сом жеңилдетилген насыялар берилген. Баардыгы болуп 2093 кардарга 1764,6 млн.сом.

2018-жылы күз айларында 2019-жылдын түшүмү үчүн баардыгы 125,3 миң га айдоо аянты айдалган, анын ичинен 39,5 миң га тоңдурма айдоо.

 

- Бүгүнкү күндүн талабы — колдонулбай калган жерлерди иштетүү. Бул жагынан абал  кандай?

 

— Чүй облусу боюнча колдонулбай калган жерлер жылдан жылга азайып баратат. Эгерде 2017-жылы колдонулбай калган жерлердин жалпы аянты 6593 га болсо, 2018-жылы 5413 га түздү, болбосо кыскарган аянт 1177 га. түздү.  Бул облус боюнча айдоо аянттарынын салыштырмалуу 1,3 % түзөт.

Былтыркы жылга салыштырмалуу колдонулбай калган аянттарды кыскартуу иши Панфилов районунда жүргөн, тактап айтканда 1037 га жана Сокулук районунда 130 га жер аянттары кыскарган. Кыскаруунун негиздери болуп мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин тышкы жана ички кардарларга  ижарага берилиши болуп саналат. Бүгүнкү күндө колдонулбай калган жерлердин эң көбү Сокулук районунда 1637 га жана Жайыл районунда 963 га.

Себеби,  бул  облустун дээрлик бардык райондорунда мыйзамсыз салынып кеткен үйлөр ээлеп турган жер тилкелери. Бүгүнкү күндө ошондой жерлер отчёт боюнча айыл чарба багытындагы жерлер категориясында турат. Дагы бир себептери болуп, калктуу конуштан алыс болгондугу ошондой эле экономикалык негизсиздик, продукция алуу үчүн жумшалган акчанын кайтарымы жок болгондугу. Мына ушул жагдай пайдаланылбаган жердин 80-90 пайызын түзөт.

- Өндүрүштү өнүктүрүү – эң алды инвестицияларды тартууга байланыштуу. Мында жылыштар болсо керек…

 

— Сырттан келген инвестициялар  7366,9 млн. сом, пайдаланылган инвестициялардын 35,7 гана  пайызын  түздү.

Чет өлкөлөрдөн тартылган кредиттердин каражаты 550,2 млн. сом болсо, былтыр 6958,6 млн. сом түзгөн, же 6408,4 млн. сомго аз болуп,   пайдаланылган инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 2,2% түзөт.

Чындыгында, инвестициялык климат өлкөнүн стабилдүүлүгүнө түздөн түз байланыштуу экендигин баса белгилеп кетким келет. Ошол эле учурда  ички жана сырткы инвесторлорду коргоо мыйзамдары иштеши зарыл.

Түз алынып келинген чет өлкөлүк инвестициялар  6453,1. сом, бул пайдаланылган инвестициянын  31,3 пайызын түзөт, өткөн жылы 7851,8 млн. сом тартылып 35,1 пайызды түзгөн.

Андан сырткары, чет өлкөлүк гранттар жана гуманитардык жардам пайдаланылган инвестициянын  363,6 млн. сом, 1,7 пайыз түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 113,1 млн. сомго көп болду.

Ал эми ички инвестициялардын көлөмү  13250,8 млн. сомго жетип,  же  өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу 5964,4 млн. сомго көп болду.  Жыйынтыгында пайдаланылган инвестициялардын 64,3% түзсө, былтыр 32,6% гана түзгөн.

 

- Чүй облусунун тышкы экономикалык байланышына жана облустун аймагында өндүрүлгөн продукцияларды экспорттоо, импорт иштерине токтоло кетсеңиз.

 

Чүй облусунда 2018-жылдын тышкы экономикалык байланыштардын негизинде соода иштерин жүгүртүүсү 691,2 млн. АКШ долларын түзүп, 2017-жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу 124,8 млн. АКШ долларына же 22,0 %га көбөйгөн. Анын ичинен импорт түшүмүнүн эсебинен 52,0 млн. АКШ долларга, же 12,0 %  көбөйгөн, экспорттук камсыздоонун көлөмү 72,8 млн. АКШ долларга же  1,6 эсеге көбөйгөн.

Облустун негизги соода өнөктөштөрү болуп КМШ мамлекеттери болуп саналышы жана тышкы соода жүгүртүү 360,5 млн. долларды түздү (52,1 % жалпы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмүнөн).

Облус 74 мамлекет менен тышкы соода операцияларын жүргүзүп, анын ичинен 73 мамлекеттен импорттолсо,  40 мамлекетке экспорттолгон.

- Жакында эле өкмөттүн чечими менен “Кыргыз туризм”  мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Чүй облусунда кышкы жана жайкы эс алуу сезондору жетишээрлик эмеспи, бул тармактын өнүгүшү кандай абалда? 

- Чүй облусу өзүнүн географиялык жайгашуусу боюнча жагымдуу климаттык шарттары бар өзгөчө бир потенциалга ээ болуп, туризм чөйрөсүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар аймак болуп эсептелинет. Бүгүнкү күндө Чүй облусунун аймагында 11 тоо-лыжа базалары, 7 жаратылыш парктары жана корголуучу зоналар, ошондой эле 3 тарыхый-археологиялык жайлар жана 8 музей бар. 2018-жылдын ичинде Чүй облусуна келген туристтердин саны 70413 адам болсо, туристтик ишмердиктен  түшкөн салык төлөмдөрү  18903 миң сомду түздү.

Азыркы учурда  туризм тармагын өнүктүрүү максатында Чүй облусунун туризм тармагы боюнча толук маалымат базасы иштелип, ушул тармакты тейлөө максатында атайын бир адис иштейт.

— Билим берүү тармагына токтоло кетсеңиз, мамлекеттеги ички миграциянын күч алышынан билим берүү мекемелеринде көйгөйлөр жаралууда…

— Чүй облусунун билим берүү системасында 26 905 балдарды камтыган 251 мектепке чейинки билим берүү мекемелери бар.

2018-жылы 1150 орунга ылайыкташтырылган 11 бала бакчанын имараты ишке берилди. Алар Москва районунда — 3, Сокулук районунда — 3, Ысык-Ата районунда — 2, Кемин, Аламүдүн жана Панфилов райондорунда — 1.

Ал эми билим берүү системасында 324 жалпы билим берүү мекемелери иштейт.

2018-2019-окуу жылында 186984 окуучу билим алууда.

            Мындан сырткары, облус боюнча жалпы 324 мектептин ичинен 251 мектеп интернет менен камсыз болгон. Калган 74 мектепти жыл ичинде интернетке кошуу пландандаштырылууда. Тоолуу айылдарда жайгашкан мектептер интернетке толугу менен туташтырылган эмес, анткени интернет линиялары жете элек жана башка техникалык көйгөйлөр бар.

- Акыркы жылдары дене тарбиясы жана спорт тармагына көп көңүл бөлүнүүдө. Облустагы спорттук иш-чараларга токтоло кетсеңиз?

— Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында ар бир айылда заманбап бош убакытты өткөрүүчү спорттук борборлорду түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жана ошондой эле Чүй облусунун жаштарын дене тарбия жактан активдүүлүгүн күчөтүү, жергиликтүү деңгээлде спорттун түрлөрүн кеңири жайылтуу жана өнүктүрүү максатында, 2018-жылы 21 спорттук объект 116 907,4 миң сомго  курулуп, эксплуатацияга берилген. Алар Сокулук районунда — 6, Кемин районунда – 4, Чүй районунда — 3, Москва районунда -3,  Ысык-Ата районунда — 2, Жайыл районунда -2, Панфилов районунда -1.

Учурда Чүй облусу боюнча 8 спорттук объектилери курулууда. Алар Кемин районунда — 2, Чүй районунда — 2, Ысык-Ата, Аламүдүн, Москва жана Сокулук райондорунда — 1.

Андан сыткары, Чүй облусунда 9 балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорттук мектеби, 2 олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорттук мектептери (СДЮШОР) иштешет.

Спорт курулмаларынын саны – 1358, анын ичинен: стадиондор — 40, футболдук талаалар – 95, спорт залдар — 306, спорт аянтчалар — 594, спорттук комплекстер – 16, дене тарбияны чыңдоо комплекси (ФОК) – 6 жана спорттук секциялар – 301. 2018-жылы массалык спорттук иш-чараларга спорттун түрлөрү боюнча мелдештерге 70 270тен ашуун киши катышты.

- Бүгүнкү күндүн эң көйгөйлүү  маселеси — адистердин жетишсиздиги. Бул жагынан  медицина, билим берүү ж.б. тармактарды адистер менен камсыздоо боюнча кандай аракеттер көрүлүүдө?

 

— Чындыгында эле  учурдун көйгөйү – бул  адистердин жетишсиздиги.  Чүй облусу боюнча саламаттык сактоо мекемелеринде 168 дарыгер жетишпейт (кардиолог, эндокринолог, педиатр, терапевт, акушер-гинеколог, инфекционист, офтальмолог, анестезиолог-рениаматолог, иммунолог, неонетолог ж.б.), анын ичинен 10 дарыгер ооруларды алдын алуу санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна (эпидемиолог, лаборант, дезинфекционист, энтомолог, иммунолог ж.б.).

2019-жылдын 1‑январына карата Чүй облусунун билим берүү мекемелеринде 197 педагог жетишпейт. Мектептердин китеп менен камсыз болуусу 78,0% түзөт, анын ичинен кыргыз тилде окутуусу менен мектептерде 76,0%, орус тилде окутуусу менен мектептерде 72,0% түзүп, мугалимдердин жетишсиздиги байкалууда.

Ошондой эле саламаттык сактоо мекемелерин реконструкциялоо максатында, 15 саламаттык сактоо мекемелеринде капиталдык оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

2018-жылы 3 саламаттык сактоо мекемелери курулуп,  ар бир райондун айылдык аймактарында  фельдшердик-акушердик пункт курулуп ишке берилди.

 Нурзада АКМАТ

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 10, 2019 10:36

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина