Чүй облусунун аймагындагы катталган өрт кырсыктары жана адам өлүмдөрү

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 27, 2017 11:25

Чүй облусунун аймагындагы катталган өрт кырсыктары жана адам өлүмдөрү

2  Республика боюнча 2017-жылдын январь айында 213 өрт кырсыгы катталып, 23 миллион сомдон ашык материалдык чыгымдарды алып келген.

Өрт кырсыгынын кесепетинен 5 адам каза болуп, 3 адам ар кандай даражадагы күйүк жаратын алышкан. 58 миллиондон ашык элдин материалдык баалуулуктарын жана 2 адамдын өмүрүн биздин өрт өчүрүүчүлөр сактап калышкан.

2016-жылдын январь айы менен салыштырсак өрттүн саны 66,7%га азайган. 2016-жылдын январь айында 15 адам өрт кырсыгынын кесепетинен каза болушса, 2017-жылдын январь айында өрт кырсыгынын кесепетинен каза болушкан адамдардын саны 5 адамды түздү.

Ал эми Чүй облусунун аймагында 2017-жылдын январь айында 45 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 3 миллион сомдон ашык материалдык чыгым болгон. Ошондой эле 2016-жылдын январь айына анализдештирсек, 74 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгымдар 2 миллион сомдон ашык келтирилген.

Өрт кырсыгынын кесепетинен облус боюнча 3 адам каза болушкан жана ар кандай даражадагы күйүк жаратына 2 адам, анын ичинен 1 наристе чалдыгышып, 6 миллион сомдон ашык элдин материалдык баалуулуктары сакталган.

Былтыркы жылдын январь айына анализ жүргүзсөк, өрт кырсыгынын кесепетинен каза болушкан адамдардын саны 40%га азайган. 3 адам 2017-жылдын январь ай ичинде, ал эми 5 адам 2016-жылдын январь ай ичинде каза болушкан.

Алардын ичинде Ысык-Ата районунда 1 адам, Панфилов районунда 1 адам жана Сокулук районунда 1 адам.

Адам өлүмдөрүнүн башкы себеби болуп

— тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан                                2 адам

— ар кандай жагдайдан (авиакатастрофа)                         1 адам

Чындыгында өрт кырсыгы кимди эле кубантсын, өрт курулушуңду да, адам өмүрлөрүн

да аябайт, эгерде отко олдоксон мамиле кылсак.

Айта кетсем, 16.01.2017-жылы Сокулук районуна караштуу  Дача-Суу айылынын аймагында Түрк аба жолдорунун «Боинг-747» жүк ташуучу учагы кулаган жерден 1988-жылы туулган Рахманов Сагынбек 45% денесинен күйүк жаратын алып көз жумган.

18.01.2017-жылы Панфилов районуна караштуу Вознесеновка айылы, 1-Май көчөсү №31 турак үйүндө өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1959-жылы туулган  Фаронов Валерий Николаевич аттуу жаран каза болгон. Өрт кырсыгы тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан келип чыккан.

24.01.2017жылы Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаары Жакыпов көчөсү №98 турак үйүндө өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1981-жылы туулган Серенков Андрей Владимирович бул дүйнө менен кош айтышкан. Мында дагы өрт кырсыгы тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан келип чыккан.

Тагдырдын тамашасын кара, тамекиден ажал тапкандарын. Өлүм кимди кубантсын, баш чайкагандан башка арга жок. Кичинекей кызыл учкундан тутанган отко убагында  көңүл бөлүнбөсө, ал албууттанып эч кимди аябайт, байлыгыңа, бийлигиңе карабайт. Мына көрдүңүздөрбү, кайдыгерлигибиз өз башыбызга муш болуп жатканын.

Күз-кыш айларындагы өрт коопсуздук мезгилинин келгендигине байланыштуу, ошондой эле күз-кыш айларындагы от жагууда өз мезгилинде мештерди, морлорду чаңдан жана көөдөн тазалап, жылытуучу электр приборлорун колдонууда өрт коопсуздук эрежелерин сактап, электр зымдарын каалагандай монтаждоодон, балдардын от менен шоктугунан келип чыккан өрт кырсыктарынан жана тамеки чегүүдө этият болууңуздарды дагы бир ирет эскертип кетели.

Чүй облустук Өрткө каршы мамлекттик кызмат башкармалыгы

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 27, 2017 11:25

Парламент

Элдик медицина