Чүй облусунун аймагында “Правопорядок” аталышындагы рейд иш-чарасы өткөрүлдү

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 10, 2019 12:04

Чүй облусунун аймагында “Правопорядок” аталышындагы рейд иш-чарасы өткөрүлдү

16 Чүй облусунда тартип бузууларын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, ошондой эле катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында 2019-жылдын 21-22-май күндөрү “Правопорядок” аталышындагы рейд иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага облус боюнча 500гө жакын ички иштер органдарынын кызматкерлери жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнөн жүздөн ашык кызаматкерлер катышышты. Рейд учурунда уурулук, бейбаштык, тоноо жана башка 16 кылмыш ишинин бети ачылган. Андан сырткары башка тартип бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин негизинде 175 протокол толтурулган. Иш-чара учурунда Чүй облусунун аймагында жайгашкан 60 мечит медреселерде жолугушуулар болуп, тартип бузуулардын жана кылмыштардын алдын алууга багытталган лекциялар окулду. Милиция кызматкерлери тарабынан 1 миң 111 үйдө жашаган жарандарды текшерүү иштери жүргүзүлдү. Алдын алуу иштерин жүргүзүү максатында ички иштер органдарына 150 жаран  жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле буга чейин милиция кызматкерлеринин каттоосунда турган 395 жаран текшерилди.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 10, 2019 12:04

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина