Чүй облусунун аймагында бир күндө 21 өрт чыкты

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 21, 2021 11:54

Чүй облусунун аймагында бир күндө 21 өрт чыкты

23 2021-жылдын февралында  бир сутка ичинде Чүй облусунун аймагында 21 өрт кырсыгы катталды, алардын ичинен;

— 3 турак үй

— 14150 даана түк тоют чөбү

— 70 Га Чу дарыясынын жээгинде камыш

— 33 Га ачык аянттарда куураган чөптөр

— 20 Га тоо кыркаларында куураган жайыт чөптөрү өрттөнгөн.

Өрт өчүрүүгө жалпы 24 күжүрмөн эсеп, 64 өрт өчүрүүчү-куткаруучу тартылып, андан сырткары күжүрмөн эсепте болбогон 36 кызматкер айгай менен жана Чүй облустук ӨКБнан ыкчам топ тартылган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинин негизинде

* 1 май куюучу станция

* жол эксплуатациялык ишканасынын имараты

* 1 турак үй

* 3 сарай

* 15 000 даана түк беде сакталып калынган.

Урматтуу жарандар! Куураган чөптөрдү өрттөбөңүздөр. Өрт коопсуздук эрежелерин сактоо менен сиз турак-жайыңызды жана жакындарыңыздын өмүрүн сактай аласыз.

Булак: (ӨКБ)

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 21, 2021 11:54

Приемная кампания 2020

Элдик медицина