Чүй облусунун 2018-жылдын жыйнтыгынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 4, 2019 12:33

Чүй облусунун 2018-жылдын жыйнтыгынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө

3 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы № 2 «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген «2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында, Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 27-апрелинде «2018-жылда Чүй облусун өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планы»  № 101-б буюрмасы кабыл алынып,   облустун өнүгүшүнө багытталган иш-чаралардын Планы бекитилген.

Чүй облусунун социалдык-экономикалык абалы төмөнкү көрсөткүчтөр менен мүнөздөлөт:

2018-жылдын 12 айдын ичинде өнөр жай секторунда 113984,2 млн. сомго продукция өндүрүлгөн, бул 2017-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу (100311,9 млн.сом.) 13672,3 млн.сомго көбөйгөн. Физикалык көлөмүнүн индекси 148,2 % ды түзөт.

Айыл чарба продукцияны дүңүнөн өндүрүү жана кызматтары көрсөтүү 51608,0 млн.сом, же былтыркы жылдын отчеттук мезгилине карата 103,4 % болгон.

Курулушка капиталдык салымдардын жалпы көлөмү 20617,7 млн. сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 91,8 %.

Отчеттук айларында 11475,0 миӊ.тонна жүк (2017–жылга салыштырмалуу 100,7 %) жана 126,1 млн. жүргүнчү (100,9 %) ташылган.

Соода жүгүртүлүшү, автомашиналарды, турмуш-тиричилик жана жеке пайдалануудагы буюмдарды оӊдоо кызматтары 76860,9 млн. сомтүздү жана 2017-жылдга салыштырмалуу 101,5 % түздү.

Чүй облусунда 2018-жылдын январь-ноябрь айларында тышкы экономикалык байланыштарды, соода иштерин жүгүртүү 691,2 млн. АКШ долларын түзүп, былтыркы жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу 124,8  млн. АКШ долларына же 22,0 %га көбөйгөн. Импорт түшүмүнүн эсебинен 52,0 млн.АКШ долларга, же 12,0 % га  көбөйгөн, экспорттук камсыздоонун көлөмү 72,8 млн. АКШ долларга же  1,6 эсеге көбөйгөн.

 

Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуу өнүгүшүн камсыздоо  максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын коллегиясы

 

чечим кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Аширбаев Элкинбек Токтогоновичтин “Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2018‑жылдынжыйынтыктары жөнүндө” берген маалыматы эске алынсын.
  2. Райондук мамлекеттик администрация башчылары, Токмок шаарынын мэри жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына:
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” ПЖ №1 Жарлыгын ишке ашыруу максатында:
  • ар бир район –шаарлардын 2019-жылга карата комплекстүү иш – чаралардын Планы түзүлсүн жана аткарылышы көрсөтүлгөн мөөнөттө камсыздалсын;
  • Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун 2018-жылдын 27-апрелинде №102-Б буюрмасы менен кабыл алынган “2018-2023-жылдарга карата өнүгүү программасынын иш-чаралар Планына” өзгөртүү, толуктоолор  киргизилсин;
  • 2019-жылы экспортко чыга турган продукциялар аныкталсын жана анын көлөмүн  көбөйөтүү милдеттери  ар бир райондун иш-чаралардын Планына киргизилсин;
  • туристтик объектилер боюнча маалыматтар базасын жана ушул тармак боюнча кластерлер түзүлсүн;
  • туристтер кызыга турган  объекттердин жаңыртылган маршруттук картасы  иштелип  чыксын жана ишке киргизүү аракеттери жазалсын;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №194 2017-жылдын 31-мартында бекитилген “2018-2023-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын региондук концепциясын ишке ашыруу” боюнча шаарларды максаттуу өнүктүрүү программасына киргизилген Токмок жана Кара-Балта шаарлары коңшу райондордун ишканаларынын жана чарбаларынын тарамын өзүнүн экономикалык өнүгүү чөйрөсүнө   тартуу, жергиликтүү бизнести кеңейтүү жана чыңдоо үчүн дайыма жаңы мүмкүнчүлүктөр табуу жагы милдеттендирилсин;
  • Инвесторлор менен жергиликтүү коомчулуктун ортосунда узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу мамилелердин сакталышын жана региондорго тартылган туристтердин  коопсуздугун  камсыздоого өзгөчө көңүл бурулсун;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 249 “Кыргыз Республикасынын калкын жана экономика тармактарын 2018-2019-жылдарга күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндөгү” токтомуна ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жыл 7-июнундагы № 137-б буюрмасынын аткарылышы камсыздалсын;
  • оңдоо иштерине республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын натыйжалуу пайдалануусу, электрэнергияга чектелген  лимиттерин сактоо жана электрэнергиянын, газ, жылуулук,  ичүүчү сууга болгон дебитордук карыздарды азайтуу боюнча  чаралар көрүлсүн;
  • жергиликтүү бюджеттердин киреше табуудагы потенциалын көтөрүү менен айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу боюнча чаралар тиркемеге ыйлайык аткарылсын (тиркеме №1);
  • санариптик технологияларды өздөштүрүү, жайылтуу, бардык айыл өкмөттөрдө жана шаарларда кеңири тилкелүү интернетти камсыз кылуу, анын жыйынтыгында өлкө маалыматтарды берүүчү глобалдык тармактарга арзан кошулуу боюнча иштер жүргүзүлсүн;
  • аткарылган иштердин жыйынтыгы ар бир кварталдын 10на чейин регионду өнүктүрүү бөлүмүнө берилсин.
  1. Аламүдүн, Сокулук, Жайыл, Москва райондорунун мамлекеттик администрация башчылары 2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен 2018-жылы  ишке кирбей калган Аламүдүн районундагы Башкара-Суу айлындагы кирпич чыгаруучу  кыргыз-кытай заводун,  Сокулук районундагы  “Ак-Кайын” кагаз чыгаруучу фабрикасын, Кара-Балта шаарында металлдык буюмдарын өндүрүүчү   ЖЧК “Евразия Металл” ишканасын, Ысык-Ата районундагы  Красная-Речка айылындагы “Йимпаш Асья Тарым ве Хайванжилик” мал соючу цехин,  жана Москва районундагы  Ак-Суу айылындагы “Дан Агропродукт” соода-логистикалык борборун  ишке киргизүүгө көмөк көрсөтүшсүн.
  2. Райондук мамлекеттик администрация башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынажана Чүй бассеиндик суу чарба башкармалыгынын башчысы:
  • КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы “2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндөгү” № 440 токтомун ишке ашыруу жана пайдаланылбай калган жерлерди ишке киргизүү максатында cуу тосмолорду, суу сактагычтарды, насостук станцияларды, суу сарыктырма тармактарын (КДС) жана башка суу курулуштарынын техникалык абалын өз убагында изилдеп чыгып, ар бир курулуш боюнча аткарыла турган иштердин көлөмдөрү аныкталсын, анын негизинде долбоордук-сметалык документтери 2019-жылдын

1-мартына чейин иштелип чыгып, аткарылуусу камсыздалсын;

  • жазгы-талаачылык жумуштарынын жүрүшү боюнча мониторинг жүргүзүлсүн жана вегетациялык сугаттарды жүргүзүү боюнча ыкчам чаралар көрүлсүн;
  • айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча кластерлер түзүлсүн;
  • жогоруда көрсөтүлгөн пункттардын аткарылышы боюнча маалыматтар ар бир айдын 10на чейинрегиондорду өнүктүрүүбөлүмүнө тапшырылсын.
  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 12-КЧ аппаратынын коллегиясынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусунун 2018-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө” чечиминин 2 жана 6 пункттары өз учурунда толук кандуу аткаралбагандыгы үчүн баардыкрайондук мамлекеттик администрация башчыларына сөгүш берилсин.
  2. Ысык-Ата районунун администрация башчысына (К.Кожомкулов), Кеминрайонунун администрация башчысына (Ж.Дуйшебаев), Жайылрайонунун администрация башчысына (Т.Ногоев), Чүйрайонунун администрация башчысына (К.Апбасов), Панфиловрайонунун администрация башчысына (М.Раимкулов), Москва райондорунунрайонунун администрация башчысына(А.Эсенбеков) жана Токмок шаарынын мэри (Д.Амангельдиев);
  • Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы №209  “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына ылайык  аткарылган иш аракеттердин төмөндүгү белгиленип, эскертүү берилсин.  Камсыздандыруу иштеринин аткарылышы боюнча 2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен каралсын.
  1. Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы (Э.Абдыразаков):
  • Чүй облусунун аймагынан “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджетке киргизилген жана кире турган объектербоюнча Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын иштери канаатандырарлык эмес деп белгиленсин.
  • республикалык бюджетке киргизилген объектердин курулуш иштери боюнча талдоо жүргүзүлүп, ар бир айдын 10-күнүнө чейин маалымат берилип турсун;
  1. Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысына (А.Сакишов), Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигине караштуу жол чарба департаментинин алдындагы Чүй облусунун №1 аймактык бөлүмүнүн башчысына (К.Аманов), “Бишкек-Нарын-Торугарт” автожолунун башкармалыгынын башчысына (Т.Макеев), “Бишкек-Ош” автомобиль жолдор мамлекеттик дирекциясынын башчысына (Т.Кадырбаев):
  • жол кырсыктарын кыскартуу максатында авариялык коркунучтуу участоктордогу жолдордун ремонт иштери улантылсын;
  • жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында мектептердин жана бала-бакчалардын имараттары кездешкен авто унаа жолдорунда жол белгилерин   өз убагында оӊдолуп, көзөмөлгө алынсын;
  • аткарылган иштердин маалыматтары кат жүзүндө Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнө  ар бир кварталдын  жыйынтыгы менен берилсин.
  1. Райондук мамлекеттик администрация башчылары, Токмок шаарынын мэри жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына:
  • билим берүү мекемелеринде билим сапатын жогорулатуу, өзгөчө бүтүрүүчүлөрдү жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо сапатын арттыруу;
  • окуудан тышкары кошумча ийримдерди ачуу уюштурулсун, ошондой эле балдарды спортко болгон кызыгуусун арттыруу боюнча чаралар көрүлсүн;
  • балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо штабдары балдарга карата ырайымсыз мамиле болтурбоо боюнча иш аракеттерин күчөтүшсүн;
  • калкты медициналык жактан сапаттуу тейлөө жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү боюнча иш аракеттер көрүлсүн;
  • 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын бийик деӊгээлде өткөрүүгө иш-чаралары камсыз кылынсын.
  1. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы (С.А.Курманкулов):
  • жер жерлерде дайыма профилактикалык иштер өткөрүлүп турсун;
  • кылмыштуулукту изилдөө жана табуу оперативдик издөнүүнүн сапаты күчөтүлсүн.
  1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министригинин Чуй облусдагы башкаралагы (А.Эгембердиев):
  • республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен Чу дарыясынын сол жээгинде коопту участкалар көзөмөлгө алынып иш-чаралар өткөрүлсүн.
  1. Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы (К.Абпасов) жана Токмок шаарынын мэри (Д.Амангельдиев;
  • жер алдындагы суулардын көтөрүлүшүнө каршы жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен тийиштүү каражат каралсын.
  1. Коллегиянын ушул чечиминин аткарылышын көзөмөл кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын тейлеген бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

 

 

 

Ыйгарым укуктуу өкүл                                                   Т. Абдраимов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чечимдин долбоорумакулдашылды:

 

 

Биринчи орун басары                                                                    Э. Аширбаев

 

Орун басар                                                                                             С. Волкова

 

Уюштуруу-инспектордук иштер

жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы                                   Ж. Шамыралиев

 

 

Региондук өнүктүрүү

бөлүмүнүн башчысы                                                              Т.Курманбеков

 

Укуктук тартип коопсуздук

жана өзгөчө кырдаалдар

бөлүмүнүн башчысы                                                                А.Максутбаев

 

Социалдык мониторинг жана

өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы                                       Г.Мамбетисаева

 

Документтик камсыздоо жана

коомчулук менен байланыш

боюнча бөлүмүнүн башчысы                                                   Д. Ормушова

 

 

Аткаруучу                                                                                                   А. Бейшеналиева

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 4, 2019 12:33

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина