Чүй облусунун 2018-жылдын 9-айынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 31, 2018 13:29

Чүй облусунун 2018-жылдын 9-айынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары

 11 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы № 2 «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген «2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында, Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 27-апрелинде «2018-жылда Чүй облусун өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планы»  № 101-б буюрмасы кабыл алынып,   облустун өнүгүшүнө багытталган иш-чаралардын Планы бекитилген.

2018-жылдын 9-айдын жыйнтыгы боюнча, Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары болуп өнөр жай, айыл чарбасы, курулуш, тышкы экономикалык байланыш жана башка тармактарды өнүктүрүү болуп саналат.

Чүй облусунун социалдык-экономикалык абалы төмөнкү көрсөткүчтөр менен мүнөздөлөт Слайд  (тиркеме №1)

 

Тышкы экономикалык байланыш

Чүй облусунда 2018-жылдын январь-август айларында тышкы экономикалык байланыштарды, бажы кызматынын маалыматы үчүн соода иштерин жүгүртүү 480,2 млн. АКШ долларын түзүп, былтыркы жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу 70,2  млн. АКШ долларына же 17,1 %га көбөйгөн. Импорт түшүмүнүн эсебинен 5,6 млн.АКШ долларга, же 1,8 % га  көбөйгөн, экспорттук камсыздоонун көлөмү 64,6 млн. АКШ долларга же  1,7 эсеге көбөйгөн.

Облустун негизги соода өнөктөштөрү болуп КМШ мамлекеттери болуп саналышы жана тышкы соода жүгүртүү 268,3 млн. долларды түзүп (55,9 % жалпы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмүнөн), КМШ мамлекеттеринен тышкары 211,9 млн. долларды  (44,1%) түзгөн.

Облус 73 мамлекет менен тышкы соода операцияларын жүргүзүп, анын ичинен 69 мамлекетке импорттолсо, 35 мамлекеттен экспорттолгон. Слайд

 

Өнөр жайы

2018-жылдын 9 айдын ичинде Чүй облусунун өнөр жай секторунда 75775,5 млн. сомго продукция өндүрүлгөн, бул 2017-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу (67295,5 млн.сом.) 8480,0 млн.сомго көбөйгөн. Физикалык көлөмүнүн индекси 158,2 % ды түзөт.

2018-жылдын январь-сентябрь айларында  өнөр жай продукциясын 2017-ж январь-сентябрь айларына салыштырмалуу, көлөмүн өсүшү төмөнкү түрлөрү боюнча белгиленген: кайра иштетүү өнөр жайы (70658,0 млн. сом) – 1,6эсеге. Бул негизги металлдардын жана даяр металл буюмдарды өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү 2,0 эсеге, тазаланган мунай затты өндүрүшү эсебинен — 1,2 %га,  резина жана пластмасса буюмдарын, башка металл эмес минералдык азыктарын – 8,2 эсе, жыгач, кагаз буюмдар –6,6%,  тамак-аш азыктарын – 3,8 %га өсүшү менен шартталган.

Ошондой эле өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшү менен катар  суу менен камсыздоо, агын сууларды тазалоо, таштандыларды жок кылуу жана зыянсыздандыруу калдыктарды кайра иштетүү боюнча кызматтар  — 31,6%, жана электр энергиясы, газ, буу жана кондиционерленген  аба – 5,7 пайызга өстү. (тиркеме №2).

Республикадагы өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнө карата Чүй облусундагы продукциясынын салыштырмалуу салмагы 45,1 %. (маалымат катары : Ысык-Көл –  18,0%, Джалал-Абад – 11,7%, Баткен – 2,5 %, Ош – 2,8 %, Нарын – 0,9%, Талас – 0,6 % областары жана Бишкек ш.  – 16,5 %, Ош ш.–1,9 %). Слайд

Отчеттук мезгилде өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмү бардык райондорунда аткарылды, бирок Сокулук, Жайыл райондорунда, жана Токмок шаарында аткарылган жок (тиркеме  №3). Слайд

Аткарылбай калган себептери;

Сокулук району боюнча “АТА ЛТД”, “Аю” жана “Ролла” жоопкерчилиги чектелген коомдору тарабынан чыгарылган продукциялар сатуу рыногунда  жогорку атаандаштыктын  пайда болушунун  себебинен физикалык көлөмдүн аткарылышы 92 гана пайызды түздү.

Жайыл районунда кайра иштетүүчү өнөр жай  “Афинаждык завод” чийки заттардын жана “Айлана” ЖЧКсында азыктардын  жетишсиздигинен  физикалык көлөмдүн аткарылышы 85,6 пайызды түздү.

Токмок шаарында “Вива Текс” ААК, “Интергласс”ЖЧК жана “Кыргыз Тоо-Таш” ААК  тарабынан тиешелүү продукцияларынын жетишсиздигинен физикалык көлөмдүн аткарылышы 84,5 гана пайызды түздү.

Отчеттук мезгилде Чүй облусу боюнча 130 ири өнөр жай ишканалары бар. Алардын ичинде 57 ишкана туруктуу иштейт.

Ошону менен бирге, 50 өндүрүштүк ишканалар тарабынан өндүрүлгөн продукциянын көлөмүнүнүн өсүү темпи аткарылган жок.

Отчеттук мезгилде, чийки заттарды жана материалдарды сатып алууга каражаттардын жетишсиздиги, жабдыктардын эскириши, заказдардын жоктугу  жана атаандаштыктын  ар кандай себептери менен   Чүй облусу боюнча 9 ири  ишкана   токтоп турат. Слайд № 5

Кемин району

  • «Ак-Таш» ААК акиташ чыгаруучу заводду.

Жайыл району

  • «Кара-Балта-Килем» ЖЧК — килем  чыгаруу  ишканасы.
  • «Бакай-Инпак» БИ — мешкотара чыгаруу  ишканасы.

Токмок шаары

  • «Токмокский завод КСМ» ААК
  • «СССР-АС» ЖЧК — сүттү кайра иштетүү ишканасы.

Чүй району

  • «ККБФ» ААК –гигиеналык кагаздарды чыгаруучу ишканасы.

Москва району

  • «Булак-Аби» ЖАК – дубал материалдарын чыгаруучу ишканасы.
  • «Пиво Беловодское» ЖЧК-  ишканасы.
  • «Ак-СууВита» ЖЧК – заводу.

Республика боюнча региондук Концепциянын базасында өнүктүрүү борборлорун түзүү үчүн  кирген 20 сынамык (өсүү таянычтар) шаарлар жана башка калктуу конуштарынын ичинде Чүй облусунан, Токмок жана Кара-Балта шаарлары кирген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №194 2017-жылдын 31-мартында  бекитилген “2018-2023-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын региондук концепциясын ишке ашыруу” боюнча     Токмок шаарынын 2018-2022-жылдарга каралган Өнүгүү программасы Токмок шаардык Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясында каралып, 2018-жылдын 18-январында №119/16-4 токтому менен бекитилген.

Өнүгүү борборунун негизги өсүү багыттары болуп:

— Өнөр жайдын кубаттуулугун калыбына келтирүү;

— экологиялык саясатты ишке ашыруу;

-инфраструктураны өнүктүрүү;

— шаарды жакшыртуу программасын ишке ашыруу болуп саналат.

Токмок шаарынын өнүгүү программасынын иш чаралар планынын  9-айынын жыйынтыгы:

1.“Элит-Гласс” ЖЧКда жаңы меш курулуп автоматташтырылган линиясы монтажталды;

  1. Учурда токтоп турган “СССР-АС” ЖЧКсын ишке киргизүү же сатуу боюнча Индия жана Казакстан Республикаларынан келген инвесторлор менен  Казахстандык ААК «БанкЦентрКредит» банкы  сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

3.“Токмок шаарында таштандыларды чогултууну, чыгарууну жана жок кылууну натыйжалуу уюштуруу”  мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча азыркы учурда тендер өткөрүү планы турат.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги аркылуу Токмок шаарынын башкы планынын долбоор-изилдөө иштеринин сметалык наркы 6.6 млн. сомду түзүп, аткаруу боюнча иш пландары бекитилген.

5.“Европалык өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын каражатына суу менен камсыздоону жана суу тутумдарын реконструкциялоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча, биринчи этапта субкредитттүү келишим түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору даярдалып тиешелүү министерстволорго 3,1 млн.сом бөлүү тууралуу сунуштар жөнөтүлгөн. Ошону менен бирге «Еврибор»  2,5% ден 1,0 % чейин ченемдүү пайыздарды азайтуу жана жеңилдетүү, убакытты 2019-жылдан 2029-жылга чейин узартуу иштери улантылууда.

Негизги максаттары камтылган “Кара-Балта шаарынын 2018-2023-ж. социалдык-экономикалык Программасы” Кара-Балта шаардык Кеңешинин 2018-ж. 27-июндун № 11 токтому менен бекитилген.   Бирок өнүгүү борбору болгон Кара-Балта шаарынын өнүгүү программасынын иш чаралар планы иштелип чыкпагандыктан    Кара-Балта шаарынын  өсүү дэңгээлинин анализи жокко эсе.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартында  кабыл алынган №194 токтомунун аткарылышы боюнча отчеттук мезгилине карата   Кара-Балта шаарынын мэрия тарабынан берилген маалыматта конкретүү иш чаралар аткарылгандыгы көрсөтүлгөн эмес.

Тактап айтканда:

  • 2015-2017-ж.менчиктештирилген программасынан алынгандыгына байланыштуу “Спирт-завод”мамлекеттик ишканасын баштоого  иштер жүргүзөлдө;
  • ЕБРР жана МИ “КСК” менен сүйлөшүүлөр өтүүдө.
  • Копоративдик өнүгүү боюнча “Аспиро” компаниясы менен 3 жолугушуу өткөзүлүп, -МИ “КСК” тарифин өзгөртүү боюнча маселе каралган.

Чүй облусу боюнча 2018-жылдын январь-сентябрь айларында жеке ишкерлер тарабынан  жаӊы 138 кичи жана орто ишканалар ачылып, 908 иш орун түзүлдү.  Слайд

Кемин районунда-10, Чүй- 5, Ысык-Ата — 25, Аламүдүн -12,  Сокулук -17,  Москва- 21,  Жайыл — 26, Панфилов — 7  жана Токмок шаарында -15 ишкана ачылды.

  • Кемин районунда – Кемин шаарында таш майдалоочу кичи ишкана, 2 жумуш орун түзүлдү.
  • Токмок шаарында- пластикалык эшиктер жана терезе чыгаруу боюнча цех ачылып 8 жумушчу орун түзүлдү, кара металлды кайра иштетүү боюнча цех ачылып, 3 жумуш орун түзүлдү.
  • Чүй районунда- “Кегети сүт” асыл тукум фермасы ачылып, 20 жумуш орун, Ак-Бешим айыл өкмөтүндө күнөскана курулуп 10 жумуш орун түзүлдү.
  • Ысык-Ата районунда – таштарды кайра иштетүү боюнча “Золотая печать” ЖЧК ачылып, 3 иш орун түзүлдү, кийим тигүү цех ачылып, 7 иш орун түзүлдү, ЖИ “Умаров” мал соючу цех ачылып, 3 жумуш орун түзүлдү.
  • Аламүдүн районунда – Башкара-Суу а\а асфальт-бетон заводу курулуп, 40 жумушчу орун түзүлдү, кийим тигүүчү цех ачылып, 8 иш орун түзүлдү.
  • Сокулук районунда – пенополистиролдон плита чыгаруучу цех ачылып, 30 жумуш орун түзүлдү, кыш чыгаруучу цех ачылып, 5 жумуш орун түзүлдү, тоок ферма ачылып -15 жумуш орун түзүлдү.
  • Москва районунда – курулушка керектелүүчү лак-сыр жана кургак аралашмаларын чыгаруу боюнча цехи ачылып, 20 жумуш орун түзүлдү, макарон чыгаруу боюнча цех ачылып, 10 жумушчу орун түзүлдү.
  • Жайыл районунда – мал соючу пункт ачылып, 2 иш орун түзүлдү.
  • Панфилов районунуда-Вознесеновка айылында “Тянь Шань форель” форель өстүрүүчү балык чарба ЖЧК ачылып ишке кирди, 20 млн сом өздөштүрүлгөн, ЖЧК “Метал Кен” ачылып,  120 жумуш орун түзүлгөн.

 

Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 27-апрелиндеги “2018-жылга Чүй облусун социалдык – экономикалык өнүгүүсү боюнча  № 101-б буюрмасынын аткарылышы боюнча төмөнкү долбоорлор аткарылды:

  • Өнөр жай тармагы боюнча 1555,2 млн сомго 15 долбоор аткарылды.
  • Айыл чарба тармагы боюнча 100,2 млн. сомго 14 долбоор.
  • Кичи жана орто бизнес тармагы боюнча 240,9 млн сомго

32 долбоор аткарылды.

  • Социалдык тармак 21 долбоор 290,4 млн. сомго аткарылды.
  • Дене тарбия жана маданият 5 долбоор 53,2 млн сомго аткарылды.
  • Инфраструктурасын өнүктүрүү 29,3 млн сомго 11 долбоор аткарылды.

 

Бюджеттин аткарылышы

Чүй облусу боюнча 2018-жылдын  январь-сентябрь айларында республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 96,5 % аткарылды, бул планда каралган 2549,3 млн. сомдун ордуна, факт жүзүндө 2460,5 млн. сом чогулуп, бюджетке 88,8 млн. сомго аз түштү.

2018-жылдын тогуз айында жергиликтүү бюджет бардык райондордо жана Токмок шаарында аткарылып,   планда  көрсөтүлгөн 1321,9 млн сомдун ордуна, киреше бөлүгүнө нагызы 1377,5 млн сом же 55,6 млн сомго көп түштү,  бул 104,2%   түзөт (Тиркеме №6). Слайд

2018-жылдын январь-сентябрында 2017-жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу жергиликтүү  бюджеттин чыгаша бөлүгү  65,3 млн сомго көбөйдү же болбосо 105,4 пайыды түздү. Слайд

Ал эми 2018-жылдын отчеттук мезгилинде 2017-жылга салыштырмалуу   жергиликтүү бюджетке салык төлөмдөрү 101,2 млн сомго көп чогулган же 107,9 пайыздагы өсүү темпин камсыздаган.  (тиркеме №4). Слайд

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматына караштуу, ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгы тарабынан администрирование жүргүзүлгөндүктөн киреше салыгы,  КНС, сатуудан түшкөн салыктар толук эмес түшөт. Ошондуктан республикалык бюджеттин  планда каралган көрсөткүчтөрү аткарылган жок.

Буга карабастан республикалык бюджетке 2018-жылдын  январь-сентябрында 2017-жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу салык төлөмдөрү  105,5 млн сомго көбөйдү же болбосо 104,5 пайыды түздү. (тиркеме №4). Слайд

Салык төлөмдөрү боюнча өндүрүлбөй калган салыктардын көлөмү  9 айдын жыйынтыгы менен 317,0 млн. сом түздү, 2017-жылдын отчеттук мезгилине 342,1 млн сом болгон, салыштырмалуу 25,1 млн сомго азайды. Слайд

Анын ичинде эң көлөмдүүсү КНС (киреше нарк салыгы) 117,1  млн. сом түздү 2017-жылдын отчеттук мезгилинде 138,9 млн сом болгон, салыштырмалуу 21,8 млн сомго азайды, киреше салыгы – 41,8 млн. сом түздү 2017-жылдын отчеттук мезгилинде 39,5 млн сом болгон, салыштырмалуу 2,3 млн сомго азайды, жер салыгы – 47,8 млн сом түздү 2017-жылдын отчеттук мезгилине 59,7 млн сом болгон, салыштырмалуу 11,9 млн сомго азайды. (тиркеме № 7,8,9)

           

Чүй облусунда өнүктүрүү фонддор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2014-жылдын 10-ноябрында №633 токтому менен бекитилген  Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө  типтүү жобонун 20 жана 21- пункттарын ишке ашыруу  максатында, “Чүй облустук өнүгүү фондун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Премьер-министринин 2016-жылдын 25-мартын №143 буйругу кабыл алынып, Байкоочу кеңештин курамы бекитилген.

2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен  Чүй облустук өнүгүү фондунун каржылоосунда 29 долбоор 42,3 млн сомго жактырылып учурда айыл  аймактарында  тендер өткөрүү иштери аткарылууда.

Ушундай эле фонд Кемин районунда да  түзүлгөн. 9 айдын жыйынтыгы менен 17,0млн сомго долбоорлор кабыл алынып, бүгүнкү күндө иштер жүргүзүлүп жатат.

 

 

Айыл чарба

Айыл чарба продукциясын дүңүнөн өндүрүү 39390,7 млн. сомду же былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 102,6 % түзгөн.

Республикадагы аймактар боюнча айыл чарба продукциясынын дүн салыштырмалуу салмагы 24,5 %ды түздү (маалымат катары : Ысык-Көл – 10,7%, Джалал-Абад – 20,7 %, Баткен – 7,6 %, Ош – 20,0 %, Нарын – 6,9 %, Талас – 8,8 % областары жана Бишкек ш. – 0,3 %, Ош ш.–0,5 %). Слайд № 13

Отчеттук мезгилде мал чарбачылыгынын негизги продуктуларын өндүрүү төмөндөгүдөй:

— эт (тирүүлөй салмакта) өндүрүү 65,4 миӊ тонна же былтыркы деӊгээлге карата 2,2 % өстү;

— сүттүн өндүрүү 304,6 миӊ тонна же былтыркы жылдын ушул учуруна караганда 0,6 % көбүрөөк. Буга сүт багытындагы малдын башы көбөйгөндүгү  себеп;

— жумурткадан 252,1 млн даана өндүрүлүп, былтыркыга салыштырмалуу 13,5% көбүрөөк.

Чүй облусу боюнча баардыгы 427,4 миӊ га айдоо жерлери бар. Анын ичинен 320,0 миӊ га сугат 107,4 миӊ га кайрак айдоо жер.

2018-жылдын түшүмү үчүн Чүй облусу боюнча баардыгы болуп 418847  га жерге айыл чарба өсүмдүктөрү себилди, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 1271 га көп. Жалпы дан эгиндер 247878 га, анын ичинен буудай 110680 га, арпа 105633 га, сулуу 477 га, жүгөрү 30858 га.

Бүгүнкү күндө кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери аяктады. Кылкандуу дан эгиндердин ичинен буудайдын түшүмдүүлүгү 28,4 ц/га дүӊ жыйымы 314,3 миӊ  тоннаны түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 0,5 ц/га жана 35,8 миӊ тоннага көп болду. Арпанын түшүмдүүлүгү 26,7 ц/га, дүӊ жыйымы 281,6 миӊ тоннаны түзүп,  2017-жылга салыштырмалуу 0,9 ц/га, жана 11,6 миӊ тоннага көп болду (Тиркеме №10).  Слайд

Ал эми кант кызылчасы 15717 га, май өсүмдүктөрү 9846 га, картошка 11219 га, жашылча 19872 га жана бахча өсүмдүктөрү 4035 га түзөт.

2019-жылдын түшүмү үчүн Чүй облусу боюнча күздүк кылкандуу дан эгиндерин себүү аянттарынын түзүмү буудай 85755 га, арпа 11706 га түзөт. Күздүк кылкандуу дан эгиндерин себүүдө  23193 тн, анын ичинен 20852 тн буудай уругу, 2341 тн арпа уругу керектелет (Тиркеме № 13).

Күздүк айдоо иштерин ийгиликтүү жүргүзүү үчүн техникалар жетиштүү. Облус боюнча:  трактор 6458 жарактуусу(оӊдолгону)  5849, же 90%; соко 1925 жарактуусу 1602,  же 83%,   тиштүү мала 6778 жарактуусу 6213 же 92%,  жер семирткич чачуучу 176 жарактуусу 141 же 80%, сеялка 1034 жарактуусу 877 же 84%, трактор прицеби 3734 жарактуусу 3309 же 89%. Дан оруучу комбайн  саны 891 жарактуусу 712 же 80%.

 

Милдеттеринин бирөө болуп айдоо жерлерди эффективдүү пайдалануу жана жыл сайын жаңы айдоо аянттарын өздөштүрүү болуп саналат.

Пайдаланылбай калган жерлердин аянты 2018-жылы 5413 гектарды түздү. Бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу 1177 гектарга азайган. Бул маселеде Панфилов районунда 1037 га пайдаланылбаган жер аянттар кыскартылган. (Тиркеме №12) Слайд

2018-жылы 9 айында “Айыл чарбасын каржылоо-6” долбоору аркылуу жеӊилдетилген насыялар баардыгы болуп 2015 кардарга 1580,8 млн.сом.берилди. Талаачылыкка 614 кардар 421,3 млн.сом, мал чарбасын өнүктүрүүгө 1344 кардар 642,6 млн.сом жана кайра иштетүүгө 57 кардар 516,8 млн.сомго каржыланды.

Жалпысынан жерди айдоочу жана себүүчү техникалардын даярдыгы 91% түзөт. Колдо болгон техника менен күздүк айдап себүү иштерин агротехникалык мөөнөттө бүтүрүүгө толук мүмкүнчүлүк бар.

2018-жылдын тогуз айына карата Чүй облусунда 881,3 миӊ тн тоют даярдалган. Анын ичинен чөп-763,1 миӊ тн, сенаж жана силос 38,3 миӊ тн, саман — 79,9 миӊ тн түзөт.

Облус боюнча 25 мал союучу жайлар, 42-асыл тукум чарбалар, 32-үрөнчүлүк чарбалары иш алып барышат.

 

Авто унаа жолдорун тейлөө

Облус боюнча баардыгы болуп 11772 км узундуктагы автомобиль жолдору бар; анын ичинде: эл аралык маанидеги 468,0 км, мамлекеттик маанидеги 1192,0 км жана жергиликтүү маанидеги 1962,0 км, ведомстволук маанидеги 2760,0 км, көчөлөр 5390,0 км, анын ичинде: асфальт-бетон жабылганы — 1732 км, кара гравий менен жабылганы — 2304 км, гравий менен жабылганы — 4980 км, грунт жолдору — 2756 км.

Чүй облусу боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлиги тарабынын мамлекеттик бюджеттин эсебинен 2018-жылга планга 394,9 млн сом өлчөмүндө автожолдорун оӊдоо-калыбына  келтирүү каралып, мунун ичинен: 8,5 км асфальт-бетон жабылган жолдорду орточо деңгээлде ремонттоого (асфальт) – 40,0 млн сом, ШПО (жолдун бетин бүдүрлөрү менен иштетүү) — 77,0 км – 62,8 млн сом, кезектеги ремонт (чуңкурларды оңдоп-түзөө) 78000,0 м² — 70,2 млн. сом жана башка жумуштарга жумшалган чыгымдар 221,9 млн.сомду түзөт.     (Тиркеме № 12)       Слайд

“Бишкек-Нарын-Торугарт”, Чүй облусунун №1 аймактык бөлүмүнүн автомобиль жолдорунун жана “Бишкек-Ош” ГДАД башкармалыктары тарабынан 2018-жылдын 9-айында Чүй облусу боюнча төмөнкү иш-чаралар аткарылган:

— Капиталдык ремонт (асфальт-бетон жабуу)     20,7 км 96,4 млн. сомго жасалган;

— Орточо деңгээлдеги  ремонт (ШПО)   71,1 км 57,2 млн. сомго аткарылган;

— 9 даана “Темир жолдогу кесилишке жакындоо” жол белгилери калыбына келтирилген.

— 67127,3   м²  (чуңкурларды оңдоо) кезектеги ремонт иштери 66,6 млн. сомго аткарылган;

— авариялык коопсуздукту жараткан эки участокто жолдун жер астындагы саздак катмары ремонттолуп, андан тышкары 345 даана бирдикте жол белгиси  орнотулуп 1068,5 миӊ  сомго аткарылган;

— 704  м²  жолго мектеп жана бала-бакчалар кездешкен автоунаа жолдорунда, жол коопсуздугун сактоо максатында, жөө жүрүүчүлөр өтүүчү сызыктар (зебра) жана жол белгилер өз убагында 12,6 миӊ сомго аткарылган жана улантылууда;

— «Бишкек-Ош», «Бишкек-Чалдовар», «Бишкек а/п Манас», «Бишкек-Георгиевка» жана «Бишкек-Кемин» жолдорундагы жана Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда 80,0 чакырымына  бөлүштүрүүчү тилкелердин белгилерин орнотуу жасалууда суммасы 87,0 миӊ сомду түзөт. Жалпы суммасы 407,2 же 103,2% пайызды түздү.

Бишкек-Карабалта (15,9 км – 61,0 км) автожолун реабилитациялоо боюнча аткарылган иштин көлөмү отчет учурунда 3,2 млн АКШ доллары болгон.

Иштеген адамдардын саны 368 адам, анын ичинде 95 чет-өлкөлүк  жарандары жана 273 жергиликтүү калктын жарандары. Жол курулуш механизмине 122 техника тартылып мунун ичинен жергиликтүү калктын техникаларынан – 30 даана  “Камаз” жана 10 даана “Хово”  техникалары иштетүлүүдө. Бүгүнкү күндө төмөндөгү иштери аткарылууда:

15,9-21,3 чакырым; 35,5-40,5 чакырым; 45,6-51,6 чакырым; 54,2-59,3 чакырымдарында жол курулуш подрядчиктери 3524 даана бактарды түп тамырынан бери кыркуу иштери бүткөрүлдү. 54,2-59,3 чакырымында электро линиялар 137 даана жана 85 байланыш чубалгыларынын тирөөчтөрү кызыл сызыктан алынып жылдырылды.

2018-жылдын 9-айынын отчет мезгилинде жергиликтүү маанидеги жолдордун жасалышы, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджетинин каражатынын эсебинен  каралган акча-каражаты,  жергиликтүү маанидеги жолдорго ремонттоо иштерине жол тейлөө башкармалыктары менен биргеликте келишимдердин негизинде, ремонт иштери  жүргүзүлүп жалпы суммасы 95,9 млн. сомду түзгөн жана райондор боюнча төмөндөгүчө:

Кемин району –        0,3 км – 1,3 млн. сом;

Токмок шаары –       1,5 км – 6,2 млн. сом;

Ысык-Ата району –  3,0 км – 10,0 млн. сом;

Аламудун району —  5,3 км – 14,7 млн. сом;

Москва району –      1,0 км – 5,4 млн. сом;

Жайыл району –       2,0 км – 8,1 млн. сом;

Сокулук району      — 2,5 км – 9,7 млн. сом;

Жалпы суммасы –      55,4 млн. сомду түзөт жана 15,6 км асфальт төшөлгөн. 9-айдын ичинде 24705,0 м² жолго чуӊкурларды оӊдоп түзөө жана жолдун четтерин оӊдоо иштери жана майда шагыл-таштар төгүлүп түздөө иштерине  40,5 млн. сомго аткарылды. Андан тышкары Сокулук районунда автоунаа жолдорун жана ички көчөлөрдү жарыктандырууга план боюнча 13,9 млн. сом каралган, ал эми 7,7 млн. сомго 1517 даана жол чырак орнотулган.

Чу суусун бойлогон Кант-Токмок-Кемин автоунаа жолунун  жээгин бекемдөө жумуштарына  2018-жылга азыркы учурда,  коркунучта турган  Чу дарыясы жээктеген жолдордо 74,2 км, 68,4 км, 59,6 км, 44,6 км, 42,5 км, 36,0 км, 34,2 км, 33,7 км, 33,0 км; 35,8км; жана 65,0 чакырымындагы жолдордун коопсуздугун сактоо максатында, 21,2 млн. сом акча-каражаты каралып, 2018-жылдын 9-айында аткарылган жумуш 36,6 чакырымына дамба  3,9 млн. сомго жасалды, 59,6, 52,6,  чакырымында 1,5 млн. сомго шпора жасалды, 42,5, 42,8 чакырымында 8,7 млн. сомго дамба курулуп,  жалпы жасалган жумуштардын суммасы 17,3 млн. сомду түзөт,   азыркы учурда  бекемдөө иштери улантылууда.

 

Транспорт жана байланыш

2018-жылдын 9-айында  автомобиль транспорту менен жүк ташуунун көлөмү 8729,7  миң тоннаны түзүп, былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 2,5 % га өстүү.

Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү 93,7 млн адамды түзүп, былтыркы жылдын деңгээли менен салыштырганда 0,8%га өстүү.

Жүргүнчүлөрдү автомобиль транспорту менен ташуу 927,6 млн. жүргүнчү-километрди түзгөн, же былтыркы жылга салыштырмалуу 100,8 % түздү. (слайд )

 

Электр энергетикасы 

         Электр энергияга облус боюнча  2018-жылга 3 456,1 млн.кВт.с лимит бекитилген.

Пайдаланылган электр энергиясы үчүн жыйымдардын чогулушу 2 млрд.  567,5 млн. сомду түзүп,  былтыркы жылга карата 124,3 млн. сомго көп чогулган.  Дебитордук карыздын саны 200,0 млн сом болуп, өткөн жылдын ушул мезгилинде 209,5 млн сом же 9,5 млн.сомго азайды. Дебитордук карыздар  Токмок шаарында өстү.

Электр энергиясы үчүн бюджеттик мекеме-уюмдардын дебитордук карызы: республикалык бюджет боюнча – 19,1 млн. сом, жергиликтүү бюджет боюнча 17,1 млн. сомду түздү.

Электр энергиясынын жалпы жоготуулары 266,0 млн. кВт с., же 13,44% түздү, 2017-жылдын ушул мезгилине карата 14,32% же -0,88% азайды, анын ичинде: техникалык жоготуулар 14,04% (2017-ж.13,88%) түзүп, 0,17 % көбөйдү, коммерциялык жоготуулар -0,61% (2017-ж.0,45%), -1,05% азайды. Техникалык жоготуу Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук,  Москва, Жайыл, Панфилов  райондорунда  өскөн, Коммерциялык жоготуулар Токмок шаарында өскөн, калган  райондордо азайган.

2018-2019-жж. күзгү-кышкы мезгилге даярдыктардын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 249 “Кыргыз Республикасынын калкын жана экономика тармактарын 2018/2019-жж. күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндөгү”  токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жыл 7-июнундагы № 137-б буюрмасы менен областык штаб түзүлүп, иш планы  бекитилген. Мындан сырткары райондук мамлекеттик администрацияларда жана Токмок шаарынын мэриясында штабдар түзүлүп, иш алып барылууда.

Чүй облусунун социалдык-маданий тармактарындагы обьектилерин, турак-жай-коммуналдык чарбаларын жана калкты отун менен камсыздоонун жылдык  планы  340476,9 тонна, аныгында 249268,6 тонна 73,2 % даярдалды,  анын ичинде, билим берүү обьектилери боюнча план 18070,2 тонна, аныгында 15357,8 тонна 85,0 % даярдалды, саламаттыкты сактоо обьектилеринде план 1745,7 тонна, аныгында 1562,0 тонна 89,5 % даярдалды, маданият обьектилери боюнча план 131 тонна, аныгында 100,8 тонна 76,9 %, калктын  планы 320530 тонна, аныгында 232248 тонна 72,4 % көмүр даярдалды (Тиркеме №13). Слайд.

  Көмүр сатуу боюнча 28 стационардык жана 50 жылып жүрүүчү отун базалары түзүлдү. Анын натыйжасында, калк арзан жана сапаттуу отун менен үзгүлтүксүз камсыздалууда. Бүгүнкү күнү аларда баасы 3400 сомдон 4500 сомго чейин жергиликтүү көмүр жана казахстандын көмүрү сатылып жатат.

Ошол эле  мезгилде   облустагы 323 билим берүү мекемелеринде, 161 балдар бакчаларында, 153 маданият мекемелеринде, 225  саламаттык сактоо обьектилеринде  жана “Кыргызжилкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасынын жылуулук менен камсыздоочу ишканаларынын 41 мештеринде дефектик актылар түзүлүп, ремонт иштери өз убагында башталган. Аларда ремонтко пландалган 50,9 млн. сомуна оңдоо иштери жүргүзүлүп, калган котельныйлардын оңдоо иштери аяктап калды.

Райондордо  ар бир айыл өкмөтүндө жана бюджеттик мекемелерде 102 тендердик комиссия түзүлүп, келишимдердин негизинде көмүр менен камсыздоо боюнча иш алып барышууда.

Отчет мезгилинде Чүй газ чарба башкармалыгы бекитүүчү арматураны ревизиялоо иштерин жүргүзгөн, белгиленген пландагы жана алдын алуучу иш-чараларга ылайык, газ жабдууларын техникалык тейлөө боюнча жумуштар 100 пайызга аткарылды, алынган маалыматка караганда газ менен 1436 жеке жана 33 мамлекеттик секторлор камсыз болду.

2018-жылдын 9 ай боюнча 512 авариялык өчүрүүлөр 6-10 кВ тармактарында орун алып, өткөн жылдын ушул мезгилине карата 193 өчүрүүлөргө коп болуп, 612,4 миң Квт/с электроэнергия берилген эмес.

 

Курулуш

Экономиканы жана социалдык тармакты өнүктүрүүгө 2018-жылдын январь-сентябрь айларында 8167,2 млн. сомдук капиталдык салымдар жумшалган, бул 2017-жылдын ушул мезгилине карата салыштырмалуу баалар менен 16,2 % га аз.

Сырттан келген инвестициялар - 2113,0 млн. сом же болбосо былтыркы жылга карата 3583,3 млн. сомго аз, пайдалынган инвестициялардын 25,9 гана  пайызын  түздү.

Анын ичинде:

— чет өлкөлөрдөн тартылган кредиттердин каражаты 175,6 млн. сом болсо, былтыр 3637,1 млн. сом түзгөн, же 3461,5 млн сомго аз болуп, 2,2 гана пайызы   пайдаланылган инвестициялардын жалпы көлөмүн түзөт.

— түз алынып келинген чет өлкөлүк инвестициялар  1765,1 млн. сом, бул пайдаланылган инвестициянын  21,6 пайызын түзөт, өткөн жылы 1997,7 млн. сом тартылып 20,6 пайыз түзгөн.

чет өлкөлүк гранттар жана гумманитардык жардам пайдаланылган инвестициянын  172,3 млн. сом, 2,1 пайыз түздү, былтыркы жылга салыштырмалуу 110,8 млн. сомго көп болду.

Ички инвестициялар 6054,2 млн. сом  же  өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу 2047,5 млн. сомго көп   болду. Пайдаланылган инвестициялардын 74,1% түзсө, былтыр 41,3% гана түзгөн.

Анын ичинде:

калктын өз каражаты  2671,7 млн. сом,  пайдаланылган инвестициянын 32,7% түзгөн, былтыр 2391,4 млн.сом же 24,7% болгон;

ишкана жана мекемелердин каражаттары 2801,0 млн. сом, пайдаланылган инвестициянын  34,3 % түзүп, былтыркы  1274,9 млн. сом, салыштырмалуу 1526,1 млн сомго көп болгон;

Жеке куруучулар тарабынан  112,0 миң метр квадрат жерге  968 турак жай үйлөрү курулган,  же  былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырганда 3,0 пайызга  көп курулган.

2018-жылдын январь-сентябрь  айларында Чүй облусу боюнча 968 жеке турак жай үйлөрү 111996,0 кв.м   ишке киргизилди.

Чуй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Чуй облусунун аймагында 2012-жылдан бери келе жаткан  республикалык бюджеттен каржылануучу  81 объект 2018-жылдын планына “Капиталдык салымдар” беренесинин негизинде киргизилип,  курулуш иштери жүргүзүлүүдө;

  • республикалык бюджеттен курулуш жана реконструкциялоо  обьекттерине 560 млн сом каралган.
  • республикалык бюджеттен долбоорлонуучу обьекттердин тизмесине 14 обьект киргизилип, каралган акча каражат 2 225,9 миң сомду түзөт.
  • республикалык бюджеттен капиталдык ремонт иштеринин  183,3 млн сом каралган.

2018-жылдын 9 айында  Чүй облусу боюнча республикалык бюджеттен каржыланып, 5 обьект бүткөрүлүп, ишке киргизилди:

  1. Жайыл районундагы, Талды –Булак айыл аймагында, Бекитай айылында орто мектептин спортзалынын курулушу  аяктап, эксплуатацияга берилди.
  2. “Чалдавар унаа жолу” чек ара пунктунун реконструкция жана курулушу аякталып ишке берилди.
  3. Ысык-Ата районундагы, Ысык-Ата айыл аймагындагы, Үч Эмчек айылындагы Жекишов мектебинин курулуш иштери аяктап, эксплуатацияга берилди.
  4. Панфилов районундагы Курама айыл аймагында спорт комплексинин курулуш иштери аяктап, эксплуатацияга берилди.
  5. Чүй районунда Арпатектир айылында А.Токоев атындагы орто мектебинин спортзалынын курулуш иштери аяктап, эксплуатацияга берилди.

 

Камсыздандыруу

Кыргыз Республикасынын   31-июль 2015-жылдагы   “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” № 209 мыйзамын аткаруу максатында  2018-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен  Чүй облусу боюнча  жалпысынан 7749  камсыздандырылды (Тиркеме № 14). Слайд

  1. Кемин району боюнча 219 турак жай.
  2. Чүй району боюнча 287 турак жай
  3. Токмок шаары боюнча  227  турак жай.
  4. Ыссык-Ата району боюнча 415 турак жай,
  5. Аламүдүн району боюнча — 3205  турак жай,   
  6. Сокулук району боюнча -1379 турак жай,
  7. Москва району боюнча — 329 турак жай,
  8. Жайыл району боюнча — 491 турак жай,
  9. Панфилов району боюнча — 279  турак жай камсыздандырылды.

Камсыздандыруунун жүрүшү  боюнча Чүй облусунун бардык районундарда 117 агент  иш алып баргандыгына карабастан Токмок шаары боюнча камсыздандыруу иштери  жетишсиз журүүдө.

 

 

Туризм.

Чүй облусу өзүнүн географиялык жайгашуусу боюнча жагымдуу климаттык шарттары бар өзгөчө бир потенциалына ээ болуп, туризм чөйрөсүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар аймак болуп эсептелинет.

Бүгүнкү күндө Чүй облусунун аймагында 13 тоо-лыжа базалары, 7 жаратылыш парктары жана корголуучу зоналары, ошондой эле 3 тарыхый-археологиялык жайлары жана 8 музей бар.

2018-жылдын 9 айда Чүй облусунда келген туристтердин саны 51976 адам болсо, туристтик ишмердиктен  түшкөн салык төлөмдөрү  13  млн. 722 миң 200 сомду түздү.

 

Кылмыштуулук

 

2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Чүй облусунда жалпы 3704 кылмыш катталып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу — 806 кылмышка (2017ж.-4510) азайган.

Кылмыштардын көрсөткүчтөрүнүн өскөндүгү белгиленген:

-Панфилов районунда (5,6%).

Кылмыштардын көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшү Сокулук (30,7%), Чүй (28,0%), Ысык-Ата (15,6%), Аламүдүн (13,4%) райондорунда жана Токмок шаарында (24,4%).

 

Кылмыштардын көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшү белгиленген:

— адам өлтүрүү багыты боюнча 2018-жылдын 9 айында жалпы өлтүрүү фактылары менен 68 (83) кылмыш иши катталган, тергөө өндүрүшүндө 62 (76) кылмыш иши тергелип, 58 (74) кылмыштын бети ачылып соттук кароого жөнөтүлгөн. Кылмыштын бетин ачуу 93,5% пайызды түзгөн;

— денеге оор залал келтирүү бонча 2018-жылдын 9 ай ичинде саламаттыка атайылап оор залал келтирүү фактылары менен 60 (2017ж.-57) кылмыш иши катталган, тергөө өндүрүшүндө 55 (2017ж.-47) кылмыш иши тергелип, 52 (2017ж.-43) бети ачылып соттук кароого жөнөтүлгөн. Кылмыштын батин ачуу 94,5% (2017ж.-91,5%) түзгөн

— тоноочулук боюнча 2018-жылдын 9 айында 90 (132) тоноо менен козголгон кылмыш иштери катталган. Анын ичинен 83 (124) кылмыш иши тергелген (- 42). Бети ачылып сотко 71 (100) КИ жөнөтүлгөн, кылмыштын бетин ачуу 85,5% (2017ж.-80,6) түзгөн (+4,9%);

— мал уурдоо багыты боюнча отчеттук мезгилинде Чүй облусу боюнча өндүрүштө 87(141-2017) мал уурулук учуру каралган. Мал уурулуктун 55 (96-2017) учурунун бети ачылып, кылмыштын ачылышы 71,4% (73,3-2017ж.) түзгөн;

— уурдоо боюнча отчеттук мезгилинде 2017-жылга салыштырмалуу  422 кылмыш ишине аз иликтенген, 2018- жылы 1577 кылмыш ишин түзсө, 2017- жылы 1999 кылмыш ишин түзгөн. Анын ичинен 914 (2017ж.-1163) кылмыш ишинин бети ачылып 57,8% пайызды түзгөн;

— батирден урдоо боюнча 2018-жылдын 9 ай ичинде 2017-жылга салыштырмалуу 342 кылмыш ишине аз иликтенген. 2018-жылы 556 кылмыш ишин түзсө, 2017-жылы 898 кылмыш ишин түзгөн. Анын ичинен 276 (2017-570) кылмыш ишинин бети ачылып 49,6% пайызды түздү (2017 – 63,5%) ачылуу пайызы – 13,9% төмөн;

— алдамчылык багыты боюнча 2018-жылдын 9 ай ичинде 2017-жылга салыштырмалуу – 20 кылмыш ишине аз иликтенген, 2018-жылы 434 кылмыш ишишн түзсө, 2017-жылы 454 кылмыш ишин түзөт. Анын ичинен 358 (2017ж.-368) кылмыш ишинин бети ачылып 82,5% пайызды түздү (2017ж.-81,1%) ачылуу пайызы +1,4% жогору;

— дайынсыз жоголгондор боюнча 2018-жылдын 9 ай ичинде 260 (2017ж.-272) адам дайынсыз жоголсо, анын ичинен 247 (2017ж.-250) адам же 95,0% (2017ж.-91,9%) табылган, калган 13 (2017ж.-22) адам азыркы күнгө чейин изделүүдө.

 

 

ӨКМ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 9-январында “2018-жылы Чүй облусунун аймагындагы  калктуу конуштарды жана тиричиликти камсыз кылуучу объектилерди коргоо үчүн, сел жана ташкын сууларынын, кыртыш сууларынын деңгээлинин жогорулашын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар жөнүндө” №2 буюрмасы кабыл алынган.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чарасынын мерчеми бекитилген.

Мерчемде 23 объект каралган, жалпы көлөмү 129223 куб.м, 21640п/м. 23 объекттин ичинен 11 объектте жумаштар аяктады.

Кошумча 7 объектте жумуштар аяктады.

Баардыгы 18 объектте жумуштар башталган, жалпы көлөмү 77168 куб.м, 12890 п/м.

2018-жылга Авариялык кабылына келтирүү  боюнча” мерчемдин негизинде атайын жумуштар жүрүүдө.

2018-жылга Чу дарыясында жээк бекемдөө иштерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан 19 объект сунушталып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 82 млн.сом акча каражаты бөлүнүп, 6 объект быйылкы жылга бекитилген. Алар:

             Иштер аяктаган:

  1. Чүй району, Сайлык а.а. (“Красностроитель” дачасы) 64 км, Чу дарыясынын жээгин бекемдөө. Долбоордук акча каражаты 10 млн. 900 мин.сом. Жумуш 2018-жылдын 8-январында башталып, 2018-жылдын 14-майында аяктады. Узундугу 350 метр жүргүзүлүп, 11 млн 382 мин.504 сом акча каражаты сарпталды. Тартылган техникалар: 1 экскаватор, 2 Хова,1 погрузчик.
  2. Кемин району, Жаңы-Алыш а.,Чу дарыясынын жээгин бекемдөө. Долбоордук акча каражаты 11млн.сом. Жумуш 2018-жылдын 2-майында башталып, узундугу 325 метр жүргүзүлүп, аткаруучу ишкананын чыгымы 7млн 800мин.сом акча каражаты сарпталып, 11-июлда жумуш аяктады. Жалпы чыгым 10млн.сом. Тартылган техникалар: 2 экскаватор, 15 Хова, 2 погрузчик.

Иштер жүрүүдө:

  1. Чүй району, Бишкек-Кемин унаа жолунун 66-67 км, Чу дарыясынын жээгин бекемдөө. Долбоордук акча каражаты 21млн.800мин.сом. Жумуш 2018-жылдын 20-февралында башталды. Тартылган техникалар: 2 экскаватор, 4 Хова.
  2. Сокулук району, Камышановка а., (скотомогильник), Чу дарыясынын жээгин бекемдөө. Долбоордук акча каражаты 16млн 800мин.сом. 2018-жылдын 15-июнунда башталды. Тартылган техникалар: 2 экскаватор, 16 самосвал.
  3.   Сокулук району, Камышановка а., (№86/1 (1) чек ара мамычасы), Чу дарыясынын жээгин бекемдөө. Долбоордук акча каражаты 14млн 400мин. сом. 2018-жылдын 15-июнунда башталды. Тартылган техникалар: 2 экскаватор, 16 самосвал.
  4. КРнын аймагын коргоо, Чу дарыясынын (Бишкек-Кемин автожолу, 56 км, Гаваи), жээгин бекемдөө. Долбоордук акча каражаты 7млн 400мин.сом. 2018-жылдын 27-августунда башталды. Тартылган техникалар: 1 даана фронталдык жүктөгүч, 1 даана экскаватор.

Ошондой эле, Чу дарясында жээк бекемдөө иштерин аткарууга 2018-жылга карата мерчемине кошумча кылып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен бекитилип, 10 объект сунушталган. Азыркы учурда аткарыла турган иштердин долбоордук-сметалык иш-кагаздары даярдалууда.

Мындан тышкары, Чүй районун Кош-Коргон а. Кызыл-Суу дарыясында убактылуу дамба курулууда.  Тартылган техника: 2 эксковатор, 3 самосвал, 6 жумушчу. Жумуш жүрүп жатат.

Өзгөчө кырдалдар министрлигинин алдындагы «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» мамлекеттик агенттигинин Чүй облустук бөлүмү тарабынан 2 объектте авариялык оңдоо жана кайра калыбына келтирүү иштери Чүй районунда өткөрүлдү:

— Бурана дарыясындагы Ибраимов а/а Султан айылын коргоочу тосмо, 3612,513 сомго жумуштар аткарылды. Тартылган техника: экскаватор2, бульдозер2, каток1, самосвал 4, погрузчик 2. Коргоочу тосмо тургузулду жана анын бетине кесик таш коюлду (0,300 км тосмо, 120 кож. 400 га);

— Бурана дарыясындагы Ибраимов а/а Алчалуу айылын коргоочу тосмо, 3942,085 сомго жумуштар аткарылды. Тартылган техника: экскаватор2, бульдозер2, самосвал 3, погрузчик 2. Коргоочу тосмонун бетине кесик таш коюлду (0,250 км тосмо, 140 кож. 50 га).

Мындан тышкары башка кооптуу жерлер көзөмөлгө алынган.

 

 

 

Билим берүү

Мектепке  чейинки билим берүү

Чүй облусунун билим берүү системасында 26610 балдарды камтыган 249 мектепке чейинки билим берүү мекемелери бар, анын ичинен 170 муниципалдык, 4 ведомстволук жана 46 жеке менчик.

Район Бала бакчалардын жалпы саны Тарбияланып жаткан балдардын саны
Алардын ичинен
муниципалдык жалпы (алардын ичинде мектеп алдындагы) ведомстоволук Жеке менчик 3-сааттык бала бакчалардын саны
1. Кемин 19 (-) - 1 0 2055
2. Чүй 13 (5) - - 8 1301
3. Ысык-Ата 27 (5) 1 5 8 4193
4. Сокулук 25(5) - 15 2 5223
5. Москва 13 (3) 1 3 4 2118
6. Жайыл 25 (7) - 2 3 3745
7. Панфилов 16 (7) 1 2 1       1274
8. Токмок 6 (-) - 11 - 2473
9. Аламудун 26 (11) 1 7 3 4228
Баардыгы 170 (43) 4 46 29 26610
  249  

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгында белгиленген милдеттерге ылайык,  билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттыруу, билим берүү мекемелерин, анын ичинде мектепке чейинки мекемелерди куруу жана реконструкциялоо максатында, бир катар чаралар көрүлүүдө.

Чүй облусунда мектепке чейинки билим берүү тармагына өзгөчө көӊүл бурулат. Жылдан жылга салыштырмалуу бала бакчалардын саны өсүүдө.

2018-жылдын 9 ай ичинде 850 орунга ылайыкташтырылган, 8 бала бакча ачылды:

Аталышы Кубаттуулугу
1 Москва районунун Александровка айыл аймагынын  Беш-Көрүк айылында,“Келечек” бала бакчасы 100 орунга ылайыкташтырылган(1990-жылы И.Байбеков атындагы орто мектебинин башталгыч класстары үчүн берилген бала бакча имараты кайра кайтарылды) Оңдоо-түзөө иштерине  жана камсыздоого Швейцария доолборунан 1 млн. сом, республикалык бюджеттен 1,8 млн.сом жана жергиликтүү бюджеттен 630,0 миң сом, жалпысынан 3,4 млн.сом  акча каражаты сарпталды
2 Москва районунун Целинный айыл аймагынынКыз-Моло айылында, Целинный орто мектебинин базасында 3 сааттык программа менен ишеген 50 орунга ылайыкташтырылган Оңдоо-түзөө иштерине Дүйнөлүк банктын “Мектепке чейинки билим берүүнү жакшыртуу” доолборунан 737,4 миң сом жана жергиликтүү бюджеттен 188,0 миң сом, жалпысынан  925,4 миӊ сом акча каражат сарпталды
3 Москва районунун Сретенка айыл аймагынын Сретенка айылында 3 сааттык программа менен иштеген 75 орунга ылайыкташтырылган Оңдоо-түзөө иштерине жана бала бакчаны камсыздоого Корея фонду тарабынан 3,2 млн. сом жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 500,0 миң сом, жалпысынан 3,700 млн. сом акча каражат сарпталды
4 Сокулук районунун Күн-Туу айыл аймагынын Шалта айылында, Д.Дооронбеков  атындагы орто мектебинин базасында 60 орунга ылайыкташтырылган Оңдоо-түзөө иштерине  жана камсыздоого жергиликтүү бюджеттен 643,0 миӊ сом жана демөөрчүлөрдөн 1,140 млн.сом, жалпысынан 1,783 миӊ сом акча каражат сарпталды.
5 Сокулук районунунНово-Павловка айылында 140 орунга ылайыкташтырылган Оңдоо-түзөө иштерине жана бала бакчаны камсыздоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен 17,9 млн. сом акча каражат сарпталды
6 Кемин районунун  Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Жел-Арык айылында,«Ак-Шоола» бала бакчасы 50 орунга ылайыкташтырылган Курууга ПРООНдон 8,5 млн.сом жана жергиликтүү бюджеттен 5,0 млн. сом, жалпысынан 13,5 млн. сом акча каражат сарпталды
7 Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл аймыгынын Аламүдүн айылында,“Аламүдүн-Тумар” бала бакчасы 200 орунга  ылайыкташтырылган Оңдоо-түзөө иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5,8 млн. сом акча каражат сарпталды
8 Панфилов районунун Кайыңды шаарында,“Куш-Канат” бала бакчасы 180 орунга ылыйыкташтырылган Оңдоо-түзөө иштерине жана камсыздоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен 13,8 млн. сом акча каражат сарпталды

 

Ошондой эле, 11 бала бакчанын имараттарында оӊдоо-түзөө жана камсыздоо иштери жүрүүдө.

Экплуатацияга берилүүгө даярдык (%)
1 Сокулук районунун Атбашы айыл аймагынын  Төрткүл айылында (ЖБ -13, 2 млн. сом) 75
2 Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагында (ЖБ‑ 13,1 млн.сом) 99
3 Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл аймагынын Тельман айылында (кайрымдуулук фонду-2,0 млн сом, ЖБ- 420,0 миӊ сом) 95
4 Ысык-Ата районунун  Кең-Булуң айыл аймагынын Кең-Булуң айылында (демөөрчү-18,0 млн.сом) 90
5 Панфилов районунун Орто айыл аймагынын Букара айылындагы Текеев атындагы мектептин алдында (ЖБ — 1,0 млн.сом, РБ ‑300,0 миӊ сом) 95
6 Панфилов районунун Курама айыл аймагынын Эфиронос айылында (ЖБ-600,0 миӊ сом, РБ-2,3 млн. сом) 70
7 Панфилов районунун Күрпүлдөк айыл аймагынын Ровное айылында (ЖБ-300,0 миң сом, АРИС-15,2 млн сом, демөөрчүлөр‑600,0 мин сом) 5
8 Панфилов районунун Күрпүлдөк айыл аймагынын Күрпүлдөк айылында (РБ-2,9 млн.сом, ЖБ-0,2 млн сом) 70
9 Чүй районунун Мээнеткеч айылында (РБ-20,5 млн.сом) 95
10 Кемин районунун Кемин шаарында «Перевал базада»  (ЖБ-9,9млн. сом) 70
11 Жайыл районунун Кара-Балта шаарында «Дельфин» бала бакчасы (ЖБ-2,0 млн.сом) 5

 

Көрсөтүлгөн иш аракеттер 7 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүдө жана мектепке даярдоодо чоӊ салым кошот.

 

 

Мектептик билим берүү тармагы

Чүй облусунун билим берүү системасында 324 жалпы билим берүү мекемелери иштейт.

2018-2019 окуу жылынында 191 134 окуучу билим алууда, 2017-2018  окуу жылында 180 845 окуучу билим алган, же 7,3% окуучулардын саны өстү.

            № Район Билим берүү мекемелердин саны(муниципалдык) Билим берүү мекемелердин саны(жеке менчик) Билим берүү мекемелердин саны(интернаттык типтеги)

 

Ден соолугунда көйгөйү бар балдар үчүн интернаттардын саны Окуучулардын саны 2018-2019 окуу жылында1-класска кабыл алынган балдардын саны
1. Кемин 29 1 - - 9236 1070
2. Чүй 29 1 1 - 11145 1224
3. Ысык-Ата 47 4 - 2 30874 3392
4. Сокулук 47 2 1 3 44378 5175
5. Москва 33 3 1 1 19869 2277
6. Жайыл 40 3 1 - 20495 2427
7. Панфилов 27 - 1 - 9827 1116
8. Токмок 13 3 - - 16390 1696
9. Аламудун 34 2 1 - 28920 3506
Баардыгы 299 19 6 6
191 134
21883
324

 

2017-2018-окуу жылында 1-класска 22114 окуучу кабыл алынган, ал эми 2018-2019-окуу  жылында 1-класска 21883 бала  кабыл алынды, же 231 окуучуга аз.

2017-2018 окуу жылында 9-классты 13350 окуучу, 11-классты 6621 окуучу аяктаган, ал эми 2018-2019-окуу жылында 9-классты 15221 жана 11-классты 6047 окуучунун бүтүрүүсү күтүлүүдө.

 

Жалпы республикалык тестирлөө

2017-2018 окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөгө 5203 бүтүрүүчүлөр катышып, Ысык-Ата районунун 2 окуучусу Алтын сертификаттардын ээлери болушту.

2017-2018 окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөнү 2266 бүтүрүүчү тапшыра алган эмес (же болбосо 43,5%), ал эми 2016-2017 окуу жылында 2007 (же 40,8%) бүтүрүүчү тапшыра алган эмес эле.

 

Райондун аталышы 11-класстын окуучуларынын саны ЖРТга катышкан окуучулардын саны 110 баллга чейин алган окуучулардын саны 110-150 баллга чейин алган окуучулардын саны 150- 200 баллга чейин алган окуучулардын саны 200 баллдан жогору алгандар Алтын сертификаттардын ээлери
Сокулук 1635 1226 570 449 203 4 -
Москва 601 490 174 234 81 1 -

 

Кемин 426 364 203 135 26 - -
Жайыл 590 509 194 205 108 2 -
Чүй-Токмок 966 735 288 305 135 7 -
Аламүдүн 817 760 308 346 103 3 -
Панфилов 374 271 135 117 19 - -
Ысык-Ата 1212 848 394 363 88 4 2
Баардыгы: 6621 5203  2266 же 43,5% 2154 же 41,3% 763 же 14,6% 21же

0,4%

2

 

Билим сапаты жана жетишүүсү

Окуучулардын билим сапатынын жана жетишүүсүнүн анализи төмөндөгүчө: Чүй облусу боюнча 2017-2018 окуу жылдын жыйынтыгында  билим сапаты 42% түзүп, окуучулардын билим сапаты 2016-2017 окуу жылга салыштырмалуу 2% жогорулаган.

2017-2018 окуу жылдын жыйынтыгында окуучулардын жетишүүсү 99% түздү.

 

Район/шаар Билим сапаты Жетишүүсү
2017 2018 2017 2018
1. Кемин 37% 40% 98% 99%
2. Чүй 35% 37,6% 100% 100%
3. Ысык-Ата 42% 43% 98% 98%
4. Сокулук 47,2% 47% 99,8% 99,8%
5. Москва 42,4% 40% 99,8% 99,8%
6. Жайыл 35% 47% 99,5% 98%
7. Панфилов 38,2% 40,4% 99% 99,6%
8. Токмок 38% 41% 100% 100%
9. Аламудун 41,8% 42,3% 99,8% 99,5%
Баардыгы 40% 42% 99% 99%

 

Кадр маселеси

Чүй облусундагы мектептерде 9622 мугалим эмгектенет, алардын ичинен пенсия курагындагылар – 1700 мугалим (же 17,6 %), былтыркы окуу жылында бул көрсөткүч 16,9 % (1645 мугалим болгон) түзгөн.

2017-2018 окуу жылына 271 жаш адис келсе, 2018-2019 окуу жылында 293 (жалпы мугалимдердин санынан 3%) жаш адистер келди.

№  Район/ шаар Жалпы саны Алардын ичинен 2018-2019 окуу жылында келген жаш адистердин саны Бош орундар
пенсия курагындагылар 35 жашка чейинки
2018 2017
Кемин 720 79 240 21 7 25
Чүй 667 173 183 21 3 9
Токмок 579 127 163 34 14 29
Ысык-Ата 1566 233 547 28 38 32
Аламудун 1348 254 450 36 68 36
Cокулук 2064 352 644 33 12 14
Москва 959 192 279 17 34 20
Жайыл 1085 173 145 5 80 24
Панфилов 634 117 31 98 26 6
Жалпы 9622 1700 же(17,6%) 2682 (же27,8%) 293 (же 3%) 282 (же 2,9) 195 (же 2%)

 

Чүй облусунун билим берүү мекемелеринде 2018-жылдын 1‑октябрына 282 педагог жетишпейт (былтыркы жылы ушул убакытта 195 бош орун болгон).

Негизинен, төмөнкү багыттагы мугалимдер жетишпейт: башталгыч класстардын мугалими, математика, физика, орус тили, дене тарбия, музыка, тарых ж.б.

 

Материалдык-техникалык база

            Мектептердин китеп менен камсыз болуусу 78,0% түзөт, анын ичинен кыргыз тилде окутуусу менен мектептерде 76,0%, орус тилде окутуусу менен мектептерде 72,0%.

Бул жагдай китептердин эскиришинен жана жаӊы окуу программаларынын киргизилишинен келип чыгууда.

Район, шаар 2016-2017- ж. 2017-2018-ж.
Кыргыз тилде окутуусу менен мектептер(% менен) Орус тилде окутуусу менен мектептер(% менен) Жалпы район боюнча Кыргыз тилде окутуусу менен мектептер(% менен) Орус тилде окутуусу менен мектептер(% менен) Жалпы район боюнча
Жайыл 86% 81,5% 83% 84,7% 89% 86,5%
Аламүдүн 82% 80% 81% 93% 88% 89,5%
Кемин 75% 47% 77% 73% 45% 76%
Москва 61% 72,5% 67% 61,2% 70,4% 67%
Панфилов 77,8% 83,2% 78,4% 80,4% 88% 82%
Сокулук 104,8% 77,4% 91,1% 74,3% 70,6% 72,4%
Чүй 75,9% 51,2% 63,6% 54,6% 79,1% 66,9%
Ысык-Ата 80% 46% 85% 83% 46% 86%
Токмок 82,3% 58% 70,1% 80,6% 72,4% 76,5%
Жалпы облус боюнча 80,5% 66% 77,3% 76% 72% 78%

 

   Интернет менен камсыз болуусу

Чүй облусу боюнча жалпы 324 мектептин ичинен 251 мектеп интернет менен камсыз болгон. Калган 74 мектеп жыл ичинде интернетке кошуу пландандаштырылууда. Тоолуу айылдарда жайгашкан мектептер интернетке толугу менен туташтырылган эмес, анткени интернет линиялары жете элек жана башка техникалык көйгөйлөр бар.

 

Райондор Мектептердин жалпы саны Компьютер Интернет менен камсыздалган мектептердин жалпы саны % менен
саны муктаждыгы
Кемин 30 301 500 23 73,3%
Чүй 31 269 153 20 64,5%
Ысык-Ата 51 563 480 36 70,5%
Сокулук 50 774 300 41 82%
Москва 37 430 334 27 72,9%
Жайыл 44 536 420 37 84%
Панфилов 28 296 95 23 82%
Токмок 16 231 162 14 87,5%
Аламудун 37 458 138 30 81%
Чүй облусу боюнча 324 3858 2582 251 77%

 

Оӊдоо-түзөө иштери

Билим берүү мекемелерин 2018-2019 жаӊы окуу жылына өз убагында даярдоо максатында, мектептерде кезектеги оӊдоо-түзөө иштери 59 825,4 миӊ. сомго жүргүзүлдү. Каржылоо булагы боюнча республикалык бюджеттен 13 669,4 миӊ сом, жергиликтүү бюджеттен 24118, 9 миӊ сом, башка булактардан 22 037,0 миӊ сом тартылды.

 

Мекеменин аталышы Каржылоо булагы Жалпы суммасы
Ж/Б Р/Б Башка булактар
1 Кемин 4 777 903 679 155 7 494 224 12 951 282
2 Чүй 1 600 000 850 000 - 2 450 000
3 Ысык-Ата 4 081 100 2 427 600 - 6 508 700
4 Сокулук 4 926 600 2 037 300 5 376 600 12 340 500
5 Москва 1 963 900 1 537 000 1 682 200 5 183 100
6 Жайыл 449 300 1 659 971 1 164 010 3 273 281
7 Панфилов 918 700 1 210 500 1 228 500 3 357 700
8 Токмок ш. - 1 122 961 - 1 122 961
9 Аламудун 5 401 481 2 144 918 5 091 500 12 637 899
Баардыгы 24 118 984 13 669 405 22 037 034 59 825 423

 

Билим берүү мекемелердин имараттары акталып, сырдалып, майда ондоо иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, жылытуу системасын даярдоо, от казандарына ремонт өткөрүү, от жагычуу жайларды тазалоо жумуштары  жүргүзүлдү.

 

Капиталдык оӊдоо иштери

Чүй облусунда билим берүү мекемелерин капиталдык оӊдоого иш-аракеттер жумшалып, 120 билим берүү мекемесинде жалпы суммасы 238,8 млн.сомго капиталдык ондоо иштери жүргүзүлдү. Каржылоо булагы боюнча республикалык бюджеттен 73,4 млн. сом, жергиликтүү бюджеттен 78,3 млн.сом, башка булактардан 86,9 млн. сом тартылган.

 

   № Райондун аталышы Каржылоо булагы Жалпы сумма
Ж/Б Р/Б Башка булактар
Кемин 4441100 15373579 45091605 64906284
Чуй 2444545 10335456 8602723 21382724
Токмок 2649944 29000000 - 31649944
Ысык-Ата - - 15 079 537 15079537
Аламудун 5659103 390000 - 6049103
Сокулук 14208648 7167200 3610100 24985948
Москва 19083000 2500000 2028200 23611200
Жайыл 13657889 3450000 8588743 25696632
Панфилов 16221300 5241407 3988500 25451207
  Жалпы 78 365 529 73 457 642 86 989 408 238 812 579

2018-жылдын 9 айында:

— Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл аймагынын Ак-Сай айылында 100 орунга ылайыкташтырылган И.Байбеков атындагы Ак-Сай толук эмес орто мектебинин жаңы имараты курулуп бүттү. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, сметалык наркы 23,1 млн. сомду түздү.

— Ысык-Ата районунун  Ысык-Ата айыл аймагында 150 балага ылайыкташтырылган Үч-Эмчек айылындагы Ө.Жакишев атындагы орто мектебинин жаңы  имараты курулуп бүтүп, 2018-жылдын 9-октябрында эксплуатацияга берилди. Мектептин курулуш иштерине республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, сметалык наркы 29,7 млн.сом түздү.

 

Учурда облус боюнча 14 авариялык абалдагы мектеп бар:

Жайгашкан жери
1 Москва районунун Беловодск айыл аймагына караштуу Биринчи май орто мектеби жаӊы имарат салынууда
2 Панфилов районунун Фрунзе айыл аймагына караштуу Чорголо толук эмес орто мектеби жаӊы имарат салынууда, ӨКБ чечими 2013-жылы берилген
3 Панфилов районунун Орто айыл аймагына караштуу Кожомкулов атындагы орто мектеби ӨКБ чечими 2013-жылы берилген
4 Сокулук районунун Мирный айылындагы Жаңы-Пахта толук эмес орто мектеби ӨКБ чечими 2014-жылы берилген
5 Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы Джамгырчинов атындагы орто мектеби ӨКБ чечими 2014-жылы берилген
6 Сокулук районунун Конуш айылындагы Джаныбаев атындагы орто мектебинин филиалы ӨКБ чечими 2014-жылы берилген
7 Чүй районунун Ак-Бешим айыл аймагынын Калыгул айылындагы Т.Оңолбаев атындагы орто мектеби ӨКБ чечими 2011-жылы берилген
8 Чүй районунун Ак-Бешим айыл аймагынын Жаңы-Жол айылындагы С.Садыгалиев атындагы толук эмес орто мектеби ӨКБ чечими 2011-жылы берилген
9 Ысык-Ата районунун Кант шаарынын К.Рыскулова атындагы №2 мектеп-гимназиясы ӨКБ чечими 2014-жылы берилген
10 Ысык-Ата районунун Тогуз-Булак айылындагы Мурзалиев атындагы орто мектеби ӨКБ чечими 2012-жылы берилген
11 Ысык-Ата районунун Норус айылындагы Норус орто мектеби жаӊы имарат салынууда, ӨКБ чечими 2011-жылы берилген
12 Ысык-Ата районунун Ивановка айыл аймагындагы Ивановка №3 толук эмес орто мектеби ӨКБ чечими 2015-жылы берилген
13 Кемин районунун Орловка шаарынын №1 орто мектеби ӨКБ чечими 2000-жылы берилген
14 Кемин районунун Боролдой айылынын орто мектеби ӨКБ чечими 2012-жылы берилген

 

Жайкы эс алуу

Чүй облусунда балдардын жайкы эс алуусуна өзгөчө көӊүл бурулуп, тийиштүү деӊгээлде уюштурулган. Жайкы эс алууга камтылган балдардын жалпы саны 94 319 баланы түздү, 246 мектепте балдарга жайкы эс алуу лагерлери уюштурулуп жана 10 294 бала  камтылган. 83 мектеп лагерлеринин алдында 3329 балага ысык-тамак уюштурулду.

Ошондой эле, июнь айында кружокторго 9756 бала катышты, 5198 маданий массалык иш-чаралар жана 6067 спорттук иш-чаралар уюштурулган.

 

Район/шаар  Жайкы эс алуу боюнча жалпы камтылгын балдардын саны (июнь айы) Мектеп алдындагы лагерлердин саны(июнь айы) Мектеп алдындагы лагерлердеги балдардын саны (июнь айы) Ысык тамак уюштурулган мектеп алдындагы лагерлердин саны жана балдардын саны (июнь айы) Ысык-Көл облусунун жайкы лагерлерине барган жана бара турган балдардын саны  Жайында кружоктор менен алектенген балдардын саны(июнь айы) Уюштурулган маданий массалык иш-чаралардын саны (июнь айы) Уюштурулган спорттук иш-чаралардын саны (июнь айы)
1 Кемин 3630 29 2203 4/206 164 95 22 22
2 Чүй 784 21 784 16/650 - 821 85 85
3 Ысык-Ата 1893 43 43 13/624 54 1814 1 2
4 Сокулук 36 000 25 1585 25/624 - 1078 197 2737
5 Москва 2558 27 311 2/55 60 1172 4 615
6 Жайыл 17582 38 1486 1/50 2556 1586 4509 1884
7 Панфилов 3845 16 1872 1/30 133 1840 - 2
8 Токмок 622 10 660 10/660 50 900 40 40
9 Аламудун 27405 37 1350 11/430 111 450 340 680
  Баардыгы 94319 246 10294 83/3329 3128 9756 5198 6067

 

 

Маданият

Чүй облусунда жалпы – 396 маданий мекемелерде 818 кызматкер эмгектенет. Алар:

— 169 клубдук мекемелер, алардын ичинен 8 райондук клуб, 3 шаардык маданият үйү, калгандары айылдык клубдар, кызматкерлердин саны- 291;

— балдар музыкалык мектептери – 13, мугалимдердин саны – 202;     — китепканалар – 210, китепканачылардын саны – 305;

— музейлер – 4, кызматкерлердин саны – 20.

Чүй облусунда эки чыгармачылык жамаат Ш.Термечиков атындагы театры жана Чүй облустук камералык оркестри иш алып барат.

 

Клубдук мекемелерде 193 ийримдер иштейт,  катышуучулардын саны — 2828. “Элдик наамын” алган коллективдер саны — 10 (катышуучулардын саны 236).

 

Маданий мекемелердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн бир катар чаралар көрүлүүдө.

2018-жылдын 9 айында 10 маданий мекемесинде материалдык-техникалык базасы 1 338,2 миӊ сомго жаӊыланган.

 

Материалдык-техникалык базанын жаӊыланышы

 

Райондор мекеменин саны суммасы (сом) Эскертме
1. Аламүдүн 1 100 782 Райондук борбордошкон китепкана тарабынан Аламүдүн районуна караштуу бардык айыл аймактардагы  китепканаларга берилди.
 2. Жайыл 2 462 000 Ново-Николаевка айылдык маданият үйүнө отургучтар, жазуу столдору, жарык берүүчү шып алынды, Сосновка айылдык маданият үйүнө ноутбук алынды.
  3. Токмок ш. 2 255 460 Маданият үйүнө сахна костюмдары, музыкалык аспаптар, китепканага китептер алынды
4. Кемин 1 100 000 Орловка шаардык маданият үйүнө үн күчөтүүчү аппаратура алынды
5. Сокулук 2 393 000 Манас жана Малаводное айылындагы маданият үйлөрүнө эмерек алынды
6. Москва 1 10 000 Төлөк айылындагы маданият үйүнө эмерек алынды
7. Панфилов 1 17 000 А.Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык комплексге телевизор алында
Баардыгы 10 1 338 242  

2018-жылдын 9 айында 13 маданият мекемесинде капиталдык оӊдоо-түзөө иштери жалпы суммасы 30 801,7 миӊ сомго жүргүзүлүүдө. Каржылоо булагы боюнча республикалык бюджеттен 9701,7 миӊ сом, жергиликтүү бюджеттен 4085,0  миӊ сом жана башка булактардан 17015,0 миӊ сом каржыланууда

(миӊ.сом)

  Райондор Баардыгы Жергиликтүү бюджет Республикалык бюджет  Башка булактар
1 Кемин районундагыС. Осмонов атындагы райондук маданият үйү 7 895,0миӊ сом - - 7 895,0миӊ сом
2 Аламүдүн районунун Ала-Арча  айыл аймагындагы, Мраморный  айылдык клубу, китепканасы 465,0миӊ сом 465,0  миӊ сом - -
3 Аламүдүн районунун Васильевка  айыл аймагындагыВасильевка айылдык клубу 11 000,0   миӊ сом (АК“Аюу”)  - 2000,0миӊ сом 9 000,0   миӊ сом (АК“Аюу”) 
4 Жайыл районунун Сосновка айыл аймагындагы Сосновка айылдык маданият үйү 1329,7миӊ сом - 1329,7миӊ сом

(стим грант)

-
5 Жайыл районунун Жайыл баатыр атындагы маданият үйү 2312,0миӊ сом

 

- 2312,0миӊ сом

 

-
6 Жайыл районунун Жайыл айыл аймагындагы маданият үйү жана китепканасы 250,0миӊ сом

 

250,0миӊ сом - -
7 Жайыл районунун Петропавловка краеведдик музеи 120,0миӊ сом - - 120,0миӊ сом
8 Сокулук районунун Кайназарова айыл аймагындагы Чат-Куль айылдык маданият үйү 3060,0миӊ сом

 

1000,0 миӊ сом  2060,0 миӊ сом(стим грант) -
9 Сокулук районунун Асыл-Баш айылдык маданият үйү 2000,0миӊ сом -  2000,0миӊ сом -
10 Ысык-Ата районунун Красная речка   айыл аймагындагы Красная речка айылдык маданият үйү 470,0миӊ сом

 

470,0миӊ сом

 

- -
11 Ысык-Ата районунун Юрьевка айыл аймагындагы Юрьевка айылдык маданият үйү 300,0миӊ сом

 

300,0миӊ сом

 

- -
12 Ысык-Ата районунун Кеӊ-Булун   айыл аймагындагы Кеӊ-Булун   айылдык маданият үйү 700,0миӊ сом

 

700,0миӊ сом

 

- -
13 Ысык-Ата районунун Интернационал айыл аймагындагы Интернационал айылдык маданият үйү 900,0миӊ сом

 

900,0миӊ сом

 

- -
  Баардыгы 30 801,7миӊ сом 4085,0  миӊ сом 9701,7 миӊ сом 17015,0 миӊ сом

Аткарылган иш-чаралар:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 28-февралындагы №47-б буюрмасы менен Чүй облусунда 3-март жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын Туу күнүнө карата  иш-чара планы бекитилип,  райондук  мамлекеттик администрациялар жана Токмок шаарынын мэриясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик мекемелерде, имараттарда  Кыргыз Республикасынын туусу, герби, гимини жаӊыртылып, оӊдоо-түзөө иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, Мамлекеттик туу күнүнө карата  Чүй облусунун билим берүү мекемелеринде “Тегерек столдор”  өткөрүлдү.   “Желбирей бер кызыл туум”, Желбиресин кыргыз туусу”, “Желбирей бер эркиндиктин желеги” аттуу иш чара облустун  бардык райондорунда  жогорку деӊгээлде өткөрүлдү;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 1-августундагы  “Чүй облусундагы 5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө” №189-б буюрмасынын негизинде, иш-чаралар планы бекитилген. Райондук мамлекеттик администрациялар жана Токмок шаарынын  мэриясы тарабынан  Ак калпак күнүнө арналган  2018-жылдын  5- мартында Москва районунун Беловодский айылындагы борбордук аянтында райондук мамлекеттик администрациянын кызматкерлери, райондук түзүмдүн кызматкерлери, ар улуттун өкүлдөрү, жергиликтүү калк катышкан 1000ден ашык адамдардын катышуусундагы жөө жүрүш  жогорку деӊгээлде өткөрүлдү. Облустун жалпы билим берүү тармактарында Ак калпак күнүнүн  26 жылдыгына карата   салтанаттуу линейкалар, тегерек столдор, класстык сааттар, ачык сабактар  өткөрүүлдү. Мындай иш-чара облустун бардык райондордо жана Токмок шаарынын мэриясы тарабынан  “Кара жорго” Флеш-моб бийлер, кечелер уюштурулду;

 2018-жылдын  6-мартында Аялдардын Эл аралык майрамына карата  205 айымдын катышуусунда  салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Чүй облусундагы айымдарга социалдык, экономикалык, кайрымдуулук, маданий, илимий, билим берүү, өндүрүштүк, укуктук, экологиялык, рухий жана башка коомго керектүү маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү максатында, “Сары–Өзөн айымдары” коомдук бирикмеси түзүлүп, төрайымы шайланды. Ошондой эле, салтанаттуу иш-чара чоӊ программадагы концерт менен коштолуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан 9 айымга “Кеменгер” Ардак белгиси жана 38 айымга “Ардак грамота” менен айымдар сыйланышты. Мындан тышкары, чакырылган айымдарга баалуу белектер  тапшырылды.

Ушундай эле иш-чаралар райондук мамлекеттик администрациясы жана Токмок шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулуп, чакырылган айымдарга баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана ардак грамоталар тапшырылган;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  2018-жылдын 16-мартындагы  “21-март Элдик Нооруз майрамын өткөрүү жөнүндө” №62-б буюрмасы  Кыргыз Республикасынын 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагында, Чүй облусунун райондорунда, шаарларында жана айыл аймактарында Элдик Нооруз майрамына карата оюн-зоок иш-чаралары жеринде өткөрүлдү. “Нооруз – күн менен түндүн жазгы теӊелүү күнү, жаӊы күн, жер жарылып чөп чыккан мезгил” аттуу темада майрадык театрлаштырылган кечелер, Ноорузда  салт болуп калган  улуттук каада-салттар, спорттук улуттук оюндар, концерттик программалар, ошондой эле облустун  бардык райондук китепканалар тарабынан “Бар бол Нооруз –жакшы тилек, жаркын маанай майрамы”  — аттуу темада китеп көргөзмөлөр облустун баардык райондорунда белгиленди;

— 2018-жылдын 27-мартында Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрында Эл аралык театр күнүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  2018-жылдын 23-мартындагы №70-б буюрмасы менен 30 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилип, Б. Кыдыкеева атындагы медаль, диплом жана 10 000 (он миӊ) сомдон акчалай сыйлыктар, ошондой эле Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын кызматкерине  “Кеменгер” Ардак белгиси тапшырылды;

— Чүй облусунун аймагында Энелер күнүнө арналган иш чаралар өткөрүлдү. Энени урматтоо жана ардактоо, анын балдарды тарбиялоодогу, үй-бүлөөнү бекемдөөдөгү, коомду өнүктүрүүгө салым кошуудагы маанилүү ролун эске алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги №93 ПЖ “Кыргыз Республикасында Энелер Күнүн белгилөө жөнүндө” Жарлыгынын негизинде концерттик программалар даярдалып, белек тартулоо менен майрамдык иш-чаралар жер-жерлерде өткөрүлдү;

— “2018-жыл — Региондорду өнүктүрүү” жылынын алкагында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата элет элинин потенциалын жогорулатууга китеп окууда кызыгуу арттыруу менен алардын эстетикалык жана интеллектуалдык жактан ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү максатында 2018-жылдын 5-июнунан 5-июлуна чейин Чүй облусунда «Китеп Кербени» акциясы уюштурулду. Акцияга райондордун баардык китепканалары тартылды.

Чүй облусунун билим берүү мекемелеринде жана борбордук китепканаларында Ч.Айтматовдун  90 жылдыгына карата   «Ч.Айтматов- жаңы доордун үнү”,  «Залкар жазуучунун чыгармачылык дүйнөсү жана жолу”, «Ч.Айтматов жана биз”, «Ч.Айтматов жана дүйнө”, «Ч.Айтматов – улуттук сыймыгыбыз”  аттуу  ачык сабактар,  «Аалам генийи-Чынгыз Айтматов”, «Чынгыз Айтматов-доордун улуу таланты”, «Чынгыз Айтматов-дүйнөлүк маданияттын дөөлөтү” аттуу китеп жана   сүрөт   көргөзмөлөрү    уюштурулуп, окурмандар менен  жолугуушулар  өткөрүлдү. Ошондой эле, Чынгыз Айтматовдун өмүр жолу, коомдогу ээлеген орду тууралуу тегерек столдор уюштурулду.

— Чүй облусу боюнча 31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чаралар район, айыл аймак борборлорунда өткөрүлдү;

— Чүй облусу III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн “Көчмөндөр жаңырыгы” сынактарына жигердүү катышып, байгелүү орундарга татышты;

— Чүй облусунун активдеринин, жарандык коомдорунун жана массалык маалымат каражаттары менен биргеликте 2018-жылдын 18-сентябрында Мамлекеттик тил күнүнүнө карата иш-чаралар уюштурулуп, облустун баардык райондорунда белгиленди.

 

Дене тарбиясы жана спорт

Чүй облусунда 9 балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорттук мектеби, 2 олимпиадалык резервдеги балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорттук мектептери (СДЮШОР) иштешет.

Спорт курулмаларынын саны – 1358, анын ичинен: стадиондор — 40, футболдук талаалар – 95, спорт залдар — 306, спорт аянтчалар — 594, спорттук комплекстер – 16, дене тарбияны чыӊдоо комплекси (ФОК) – 6 жана спорттук секциялар – 301.

2018-жылдын 9 айында массалык спорттук иш-чараларга спорттун түрлөрү боюнча мелдештерге 53270 дан ашуун киши катышты.

Чүй облусунун спорттун түрлөрү боюнча курама командалары жана жеке спортчулары 9 ай ичинде эл аралык, республикалык спорттук мелдештерге жигердүү катышып, татыктуу орундарга ээ болушту.

 

Чүй облусунун мектеп окуучулар арасында өткөрүлгөн спартакиаданын жыйынтыгы

2018-жылдын 1-мартынан 25-апрелине чейин спорттун 15 түрү боюнча (стол тенниси (балдар, кыздар), тогуз коргоол (балдар, кыздар), шахмат (балдар, кыздар),  грек-рим күрөшү,  эркин күрөш, күрөш,  үйрөтүү стандарттары, бокс, баскетбол (балдар, кыздар), волейбол (балдар, кыздар),  оор атлетика,  жеӊил атлетика,  кичи футбол,  ордо,  алыш) Чүй облусунун мектеп окуучулар арасындагы спартакиада өткөрүлдү.

Спартакиаданын жыйынтыгы менен райондордон жана Токмок шаарынан келген курама командалар төмөнкү орундарга ээ болушту.

 

Райондордун аталышы Жалпы командалык упай Орундар
1. Токмок шаары 142 1-орун
2. Жайыл 140 2-орун
3. Москва 134 3-орун
4. Чүй 115 4-орун
5. Сокулук 114 5-орун
6. Ысык-Ата 102 6-орун
7. Аламүдүн 92 7-орун
8. Кемин 72 8-орун
9. Панфилов 53 9-орун

 

Алдынкы орундарды Токмок шаарынын, Жайыл жана Москва райондорунун курама командалары ээледи, ал эми Аламүдүн, Кемин жана Панфилов райондорунун курама командалары төмөнкү көрсөткүчтөрдү көргөзүштү.

 

Республикалык мектеп окуучулар арасындагы спартакиаданын жыйынтыктары

2018-жылдын 3-майынан 14-майына чейин спорттун 15 түрү боюнча (баскетбол (балдар, кыздар), волейбол (балдар, кыздар), тогуз коргоол (балдар, кыздар), стол тенниси (балдар, кыздар), шахмат (балдар, кыздар),  футбол,  эркин күрөш,  грек-рим күрөшү,  бокс,  күрөш,  ордо, жеӊил атлетика,  оор атлетик,  алыш (балдар, кыздар),  үйрөтүү стандарттары) Кыргыз Республикасынын мектеп окуучулар арасында спартакиада өткөрүлүп, Чүй облусунан мелдешке 215 окуучу катышты.

Кыргыз Республикасынын мектеп окуучулар арасындагы спартакиадага Чүй облусунун курама командасы жигердүү катышып, 2-орунга ээ болду.

 

Региондордун аталышы Жалпы командалык упай Орундар
1. Бишкек шаары 139 1-орун
2. Чүй облусу 128 2-орун
3. Ысык-Көл облусу 122 3-орун
4. Жалал-Абад облусу 112 4-орун
5. Талас облусу 105 5-орун
6. Ош облусу 94 6-орун
7. Нарын облусу 61 7-орун
8. Баткен облусу 56 8-орун

 

“Дени сак улут – өнүгүп жаткан өлкө” аттуу ураандын алдында айылдык жаштардын арасында өткөрүлгөн облустук жана республикалык мелдештердин жыйынтыктары

2018-жылдын 12-майында “Дени сак улут – өнүгүп жаткан өлкө” аттуу ураандын алдында облустук мелдеш спорттун 8  түрү боюнча (тогуз коргоол (балдар, кыздар), кол күрөш, волейбол (балдар, кыздар), жеӊил атлетика, футбол, ордо, күрөш, таяк тартыш (балдар, кыздар) мелдеш өткөрүлүп, бул мелдешке 600 спортчу катышты.

Жыйынтыгында, райондордон келген курама командалар төмөнкү орундарга ээ болушту.

 

 

Райондордун аталышы Жалпы командалык упай Орундар
1. Аламүдүн 37 1-орун
2. Жайыл 39 2-орун
3. Москва 46 3-орун
4. Панфилов 47 4-орун
5. Сокулук 50 5-орун
6. Ысык-Ата 52 6-орун
7. Чүй 57 7-орун
8. Кемин 63 8-орун

 

2018-жылдын 28-майынан 2‑июнуна чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Дени сак улут – өнүгүп жаткан өлкө” аттуу ураандын алдында республикалык мелдешке  Чүй облусунан 102 спортчу катышып, мелдештин жыйынтыгында Чүй облусунун курама командасы 6-орунга ээ болду.

 

Эл аралык мелдештерде катышып, байгелүү орундарга ээ болгон Чүй облусунун спортчулары:

— 2018-жылдын 24-январынан 30-январына чейин  Грузияда болуп өткөн эрежесиз мушташуу боюнча Дүйнөлүк Чемпионатка Чүй облусунун спортчусу, Дүйнөлүк Кубогунун ээси, Дүйнөнүн коло медалисти, Эл аралык класстагы спорт чебери Эсеналиев Кубаныч катышып, Дүйнөлүк чемпион титулуна ээ болду;

— 2018-жылдын 9-февралынан 11-февралына чейин Хорватия Республикасынын, Загреб шаарында кикбоксинг боюнча “KARLOVAC OPEN” Европанын Кубогуна Алмаз уулу Чынгызхан катышып, 1-орунга ээ болду;

— 2018-жылдын 3-апрелинен 9-апрелине чейин Казахстан Республикасынын Шымкент шаарында «Алтын Мерген» ок атуу боюнча өткөн Эл аралык турнирге Панфилов районунун спортсмени Кадырбеков Рамазан Маратович катышты;

— 2018-жылдын 22-апрелинен 29-апрелине чейин Сонгхла шаарында (Тайланд) Печак силат боюнча юниорлор арасында өткөн Дүйнөлүк чемпионатка Пенсак силат боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөр, Панфилов районунун тургундары Тулебеков Бекжан Болотбекович жана Адылбекова Адина Максатбековна катышышып, экөө теӊ 3-орунга ээ болушту;

— 2018-жылдын 28-апрелинен 29-апрелине чейин Казахстан Республикасынын Алматы шаарынын “Дарабоз” спорт-комплексинде Мусабалин Уалихан жаркын элесине арналып 2003-2005, 2006-2007‑жылдары төрөлгөн өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча турнирге Чүй облусунун 10 спортсмендери катышып, жалпы команда боюнча 2‑орунга ээ болушту;

— 2018-жылдын 4-майынан 6-майына чейин Казахстан Республикасынын Алматы шаарында Жеӊиш күнүнө карата “Рухани Жангыру” программасынын алкагында күжүрмөн самбо жана самбо боюнча өткөрүлгөн Республикалык ачык турнирге Чүй облусунун курама командасы (10 спортчу) катышкан;

—  2018-жылдын 10-майынан 15-майына чейин Улан-Батыр шаарында (Монголия) самбо боюнча өткөн Азия чемпионатына Эрнис уулу Ильгиз катышып, 3-орунга ээ болду;

— 2018-жылдын 25-июлунан 31-июлуна чейин Монголия Республикасынын Боянолгей шаарында тогуз коргоол боюнча Азиянын ачык биринчилигине Чүй облусунун спортсмендери Сыргак уулу Сырттан жана Сманов Миран катышып,  Сыргак уулу Сырттан – 2 орунга жана Сманов Миран – 3 орун ээ болушкан;

— 2018-жылдын 1-августунан 4-августуна чейин Иран Ислам Республикасынын Тегеран шаарында өткөн Азия Биринчилигине Кыргыз Республикасынын греко-рим күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү, Чүй облусунун тургуну Имамбердиев Дастан катышып, 5 орунга ээ болду;

— 2018-жылдын 16-августунан 25-августуна чейин Индонезия Республикасынын Джакарта шаарында өткөн Азия оюндарына Кыргыз Республикасынын жаа атуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү, Чүй облусунун спортчулары Канатбек кызы Диана жана Маматкулова Айтурган катышышкан.

 

Чүй облусунун спортчуларынын республика ичинде мелдештерге катышуусу:

—  2018-жылдын 24-25-февралында мектеп окуучулар  арасында таяк-тартыш боюнча Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өткөн ачык биринчиликке Чүй облусунан 10 спортчу катышты;

— 2018-жылдын 5-9-апрелинде Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында күжүрмөн самбо жана самбо боюнча Кыргыз Республикасынын Чемпионатына Чүй облусунан 17 спортчу катышты;

— 2018-жылдын 11-12-апрелинде Бишкек шаарында 2010-жылдагы “7-апрель Элдик революциясынын” күнүнө карата чоңдор жана жаштар арасында эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын Чемпионатына Чүй облусунан 30 спортчу катышты;

— 2018-жылдын 18-22-апрелинде Талас шаарында СССРнын спорт чебери “Анатай Ибраимовдун” жаркын элесине арналган  жеңил атлетика боюнча республикалык мелдешке Чүй облусунан 12 спортчу  катышты;

— 2018‑жылдын 25-27-майында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында Эл аралык класстагы спорт чебери “Осмонов Жанболоттун” жаркын элесине арналып, 2000-2005-жылдары төрөлгөн жаш өспүрүмдөр арасында күрөш боюнча Эл аралык мелдешке Чүй облусунан 10 спортчу катышты;

— 2018-жылдын 26-29-апрелинде Талас облусунун Талас шаарында Улуу жазуучу Ч.Т.Айтматовдун элесине арналып Эл аралык кармашып урушуу боюнча мелдешке Чүй облусунан 10 спортчу катышып, жалпы командалык эсеп боюнча 2-орунга ээ болушту;

— 2018-жылдын 22-27-июнунда Ысык-Көл облусунун Чоӊ-Сары-Ой айылында “Жемчужина Кыргызстана” Эл аралык уруш боюнча фестивалга Чүй облусунан 6 спортчу катышып, жалпы командалык эсеп боюнча 3-орунга ээ болушту.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында, ар бир айылда заманбап бош убакытты өткөрүүчү спорттук борборлорду түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жана ошондой эле, Чүй облусунун жаштарын дене тарбия жактан активдүүлүгүн күчөтүү, жергиликтүү деӊгээлде спорттун түрлөрүн кеӊири жайылтуу жана өнүктүрүү максатында, 2018-жылдын 9 айында 16 спорттук объект 42 млн. 472,5 миӊ сомго курулуп, эксплуатацияга берилген:

1) Кемин районунун Боролдой айыл аймагынын Боролдой айылына кичи-футбол аянтчасы республикалык бюджеттин эсебинен 2,0 млн.сомго курулган;

2) Кемин районунун Алмалуу айыл аймагынын Кызыл-Суу айылына “Кемин районунун өнүктүрүү фонду” аркылуу 3 млн. 405 миң сомго кичи-футбол аянтчасы курулган;

3) Кемин районунун Алмалуу айыл аймагынын Борду айылына 9 млн. 802,9 миӊ сомго (жергиликтүү бюджеттин эсебинен 400,0 миӊ сом жана АРИС долбоорунан 9 млн. 402,9 миӊ сом) Казбек ата атындагы спорткомплекс курулган;

4) Кемин районунун Чоӊ-Кемин айыл аймагынын Шабдан айылына “Кемин районунун өнүктүрүү фонду” аркылуу 2 млн. 249 миӊ сомго кичи футбол аянтчасы курулган;

5) Чүй районунун Кегети айыл аймагынын Кегети айылына 2 млн. 486,4 миӊ сомго (республикалык бюджеттен 2 млн. 009,8 миӊ сомго (стим. грант) жана жергиликтүү бюджеттен 476,5 миӊ сом) кичи футбол аянтчасы курулган;

6) Чүй районунун Искра айыл аймагынын Кара-Дөбө айылына 2 млн. 991 миӊ сомго (республикалык бюджеттен 2 млн. 326 миӊ сомго (стим. грант) жана жергиликтүү бюджеттен 665,0 миӊ сом) кичи-футбол аянтчасы курулган;

7) Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагынын Джер-Казар айылына республикалык бюджеттин эсебинен 2 млн. 200 миӊ сомго кичи-футбол аянтчасы курулган;

8) Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылына Гуд Нейборс коомдук уюмунун эсебинен 3 млн 400 сомго (50,0 миӊ долларга) спорттук зал курулган;

9) Сокулук районунун Гавриловка айыл аймагынын Гавриловка айылына демөөрчүлөрдүн жардам менен 430,0 миӊ сомго спорттук зал курулган;

10) Сокулук районунун Төш-Булак айыл аймагынын Төш-Булак айылына жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен 648,0 миӊ сом футбол талаасы курулган;

11) Сокулук районунун Крупская атындагы айыл аймагынын Сокулук айылында ФИФАнын демөөрчүлүгү менен 4 млн. 760 миӊ сомго (70 миӊ долларга) кичи-футбол талаасы курулган;

12) Сокулук районунун Джаӊы-Пахта айыл аймагынын Джаӊы-Пахта айылына демөөрчүлөрдүн жардам менен 2 млн. 100 миӊ сомго кичи-футбол талаасы курулган;

13) Сокулук районунун Джаӊы-Жер айыл аймагынын Нарбото жаӊы конушуна демөөчүлөрдүн жардам менен 1 млн. 500 миӊ сомго кичи-футбол талаасы курулган;

14) Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын Кепер-Арык айылына жергиликтүү калктын жардамы менен 300,0 миӊ сомго спорттук зал курулган (эски клубдун имараты оӊдолуп);

15) Москва районунун Бала-Айылчы айылына жергиликтүү калктын жардамы менен 200,0 миӊ сомго спорттук зал курулган (мончонун имараты оӊдолуп);

16) Жайыл районунун «Манас» спорт комплексинде 2-кичи футбол аянтчасы Кара-Балта шаарынын бюжеттинин эсебинен 4,0 млн. сомго курулган.

 

Мындан тышкары, Чүй облусунда 10 спорт объектилери курулууда.

Мекеменин аталышы Каржылоо булагы (миӊ сом) Жалпы суммасы(миӊ сом) Эксплуатацияга берүү мөөнөтү
Ж/Б Р/Б Башка булактар(кайсы булактан)
Чүй району
1 Кегети айыл аймагынын Кегети айылында спорт-комплекс - 19 400,0миӊ сом - 19 400,0миӊ сом 2019-жыл
2 Онбир-Жылга айыл аймагынын Прогресс айылында кичи-футбол аянтчасы 665,0миӊ сом 1 869,2миӊ сом  (стим. грант) - 2 534,2миӊ сом 2018-жыл
3 Шамшы айыл аймагынын Шамшы айылында кичи-футбол аянтчасы 716,6миӊ сом 1 817,7миӊ сом (стим. грант) - 2 534,3миӊ сом 2018-жыл
4 Кегети айыл аймагынын Арпатектир айылында спорт зал 19 200,0 миӊ сом 19 200,0 миӊ сом 2018-жыл 
Ысык-Ата району
5 Логвиненко айыл аймагынын Новопокровка айылында спорт боюнча балдар үчүн машыгуу комплекси 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Логвиненко

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

а/а

- - “Дордой” ЖЧК А.Салымбеков38 000,0

миӊ сом

38 000,0миӊ сом

 

 

 

2018-жылдын4-кварталы
6 Логвиненко  айыл аймагынын Чоӊ-Далы айылында спорт- комплекс - 1 500,0миӊ сом

(стим. грант)

- 1 500,0миӊ сом

 

2018-жылдын4-кварталы
Сокулук району
7 Гавриловка айыл аймагынын            Жангарач  айылына спорт-комплекс 2016-ж.-1 260,02017-ж.-500,0

2018-ж.-727,0

 

- - 2 487,0 миӊ сом 2019-2020–жж.
Москва району
8 Сретенка  айыл аймагынын Большевик айылында спорт зал

 

- - Жеке ишкер3 000,0

миӊ сом

3 000,0миӊ сом 2019-2020–жж.
9 Александровка айыл аймагынын Беш-Көрүк айылында кичи-футбол талаасы  846,0миӊ сом 1 604,8миӊ сом (стим. грант) - 2 450,8миӊ сом 2018-жылдын4-кварталы
Панфилов району
10 Курама айыл аймагынын Панфилов айылына  спорт-комплекс 13 600,0миӊ сом 13 000,0миӊ сом 2018-жылдын4-кварталы
Баардыгы: 104 106,3 миӊ сом

 

Саламаттыкты сактоо

Чүй облусу боюнча 320 мекеме саламаттыкты сактоо боюнча кызматты көргөзөт.

Облус боюнча 1261 дарыгер (2017-жылы — 1311), 3059 (2017-жылы — 3102) орто билимдүү медициналык билими бар кызматкерлер эмгектенет.

Чүй облусу боюнча 2018-жылдын 9 айдын ичинде тейленген калктын саны – 994 083 (2017-ж. – 958 047) адам.

 

Негизги демографиялык көрсөткүчтөр

2018-жылы 9 айдын ичинде 15 467 бала төрөлгөн (2017-ж. –15 489), төрөлүүнүн көрсөткүчү калктын 1000ине – 16,5 (2017-ж. – 23,3) 29,2 % азайды. Каза болгондордун саны 4318 (2017-ж. — 6423). Каза болгондордун көрсөткүчү 4,4 (2017-ж. – 6,5) 32,3% азайды. Калктын табигый өсүүсү 1000ге – 12,1 (2017-ж. -16,8), 28,0% азайган.

 

Райондордун аталышы Калктын санын 1000ине төрөлгөндөр ( % )                      өзгөрүү Калктын санын 1000ине өлгөндөр ( % )                      өзгөрүү Калктын санын 1000ине табигый сүү (%)                      өзгөрүү
2017 2018 2017 2018 2017 2018
Чуй облусу: 23,3 16,5 -29,2 6,5 4,4 -32,3 16,8 12,1 -28,0
Токмок ш. 22,4 18,4 -17,9 4,8 4,5 -6,3 11,6 13,9 19,8
Аламүдүн 38,7 19,0 -50,9 3,4 4,4 29,4 35,3 14,6 -58,6
Жайыл 18,9 14,1 -25,4 5,7 4,6 19,3 13,2 9,5 -28,0
Кемин 8,6 15,1 75,6 8,3 6,0 -27,7 0,3 9,1 30 эсе
Москва 22,6 20,3 -10,2 6,5 4,9 -24,6 16,1 15,4 -4,3
Панфилов 9,7 15,7 61,9 4,6 4,3 -6,5 5,1 11,4 2,2 эсе
Сокулук 18,5 14,8 -20,0 5,3 3,7 -30,2 9,2 11,1 20,7
Чүй 33,7 16,5 -51,0 5,3 3,7 -30,2 28,4 12,8 -54,9
Ысык-Ата 21,7 15,7 -27,6 7,4 4,4 -40,5 14,3 11,3 -21,0

 

Наристе өлүмү

1 жашка чейинки балдардын өлүмүнүн саны 176 (2017-ж. — 172), 1000ге – 11,4 (2017-ж. — 11,1), 2,7% төмөндөгөн. Жайыл, Москва жана Сокулук райондорунда өсүү байкалган. Калган райондордо наристе өлүмүнүн көрсөткүчү төмөндөгөн.

 

Чүй облусундагы наристелердин өлүмдүүлүгү

 

Райондун аталышы  1 жашка чейинки өлгөндөр (абс) Тирүү төрөлгөндөр  (абс) 1000 төрөлгөнгө ( % )                      өзгөргөнү 
2017 2018 2017 2018 2017 2018
Облус боюнча: 172 176 15489 15467 11,1 11,4 2,7
Токмок шаары 14 6 1059 1165 13,2 5,2 -60,6
Аламүдүн 57 52 4346 4775 13,1 10,9 -16,8
Жайыл 25 23 1614 1519 5,1 14,3 2,8 эсе
Кемин 3 2 320 83 15,5 15,1 -2,6
Москва 21 19 1518 1402 9,4 24,1  2,5 эсе
Панфилов 3 8 461 435 13,8 13,6 -1,4
Сокулук 22 22 2453 2354 6,5 18,4  2,8 эсе
Чүй 15 11 1373 1422 9,0 9,3 3,3
Ысык-Ата 12 33 2345 2312 10,9 7,7 -29,4

 

 

Энелердин өлүмү

2018-жылдын 9 айдын ичинде 1 учур эне өлүмү катталган (Кемин району) көрсөткүч 6,2 (2017-ж. 5 — 32,3).

 

Райондорун аталышы Өлгөнабсолюттук сан
2017 2018
Облус боюнча: 5 1
Токмок шаары 0 0
Аламүдүн 0 0
Жайыл 0 0
Кемин 0 1
Москва 0 0
Панфилов 1 0
Сокулук 2 0
Чүй 0 0
Ысык-Ата 2 0

 

Төрөттөн каза болгон Жусубалиева Роза Азимжановна 41 жашта, Чүй айылынын Бригадная № 2 дарегинин жашоочусу, катталган жери Кемин районунун Орловка шаары. Каттоого кош бойлуулуктун 12 жумасында турган, дарыгердик кароосуна 5 жолу келген, антенаталдык кароо КР ССМиде бекитилген клиникалык жолдор аркылуу жүргүзүлгөн.

Жусубалиева Р.А. 20.12.2017-ж. 14:30 минутада 32 жума кош бойлуулук диагнозу менен Чүй облустук төрөт үйүнө келип түшкөн. 2018‑жылдын  11-январында консилиум болуп, операция жасалган. 2018‑жылдын 15-январында патология бөлүмүндө анестезиолог дарыгери тарабынан кароо жүргүзүлгөн. Көрсөтүлгөн кайра жандандыруу боюнча иш-чараларга карабастан 2018-жылдын 20-январында саат 05.00  биологиялык өлүм болуп, соттук-медициналык изилдөө жүргүзүлгөн.

 

Калктын инфекциялык оорулары

2018-жылдын 9 айдын ичинде облус боюнча 31 843 учур инфекциялык оорулар катталды, ал эми  2017-жылдын ушул мезгилинде 29 843 учур каталган.

Облус боюнча былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  ичеги карын жугуштуу оорулар 24,1%, вирустук гепатиттер 5,0%, эхинококкоз 51,5%, ветряная оспа 42,5% өсүү байкалган.

Ичеги карын жугуштуу оорулар боюнча эпидемиологиялык абал туруксуз болуп, бул айрыкча: Аламүдүн районунда 1 044 (614,4), Жайыл районунда 687 (541,3), Чүй районунда 266 (479,5)  жана Токмок шаарында 356 (516,8) катталды. Бул райондордун көрсөткүчтөрү облустук орточо көрсөткүчтөн 378,5 жогору болгон.

Ал эми, эхинококкоз боюнча Аламүдүн жана Жайыл райондорунун көрсөткүчтөрү облустук көрсөткүчтөн жогору болгон.

2018-жылдын 9 айдын ичинде ветряная оспа боюнча эпидемиологиялык кырдаал курч болуп, облус боюнча 1705  учур  (147,2%)  ветряная оспа катталган. Бул негизинен Сокулук, Жайыл райондорунда  жана  Токмок шаарында  каталган.

Кызамык боюнча эпидемологиялык кырдаал Сокулук районунда — 40, Аламүдүн районунда  — 31, Ысык-Ата  районунда – 11,  Токмок шаарында — 8, Чүй районунда —  4, Жайыл районунда — 10 жана Москва районунда — 2.

2018-жылдын 9 айдын ичинде ВИЧ-инфекциясы менен 2 486 адам катталган.

 

ВИЧ-инфекциясына чалдыккан адамдар боюнча

 

 

 

Район Кумулятивдик саны (эркек/аял)

2017-жылы

Салыштырмасалмак  %

 

Кумулятивдик саны                       (эркек/аял)2018-жылы Салыштырмасалмак  %
1. Сокулук 607 (39/18) 27,0 667 (29/12) 26,8
2. Ысык-Ата 436 (28/10) 20,0 476 (20/11) 19,1
3. Жайыл 403 (19/19) 18,0 441 (11/16) 17,7
4. Москва 278 (21/10) 12,5 312 (14/14) 12,6
5. Аламүдүн 226 (13/6) 10,2 244 (10/3) 9,8
6. Токмок ш. 150 (5/5) 6,6 173 (9/6) 7,0
7. Панфилов 62 (4/1) 2,7 71 (3/2) 2,9
8. Чүй 54 (5/6) 2,5 67 (6/4) 2,7
9. Кемин 34 (3/3) 1,5 35 (1/0) 1,4
Облус боюнча: 2250 (137/78)   2486 (103/68)

 

Чүй облусу боюнча ВИЧ-инфекциясы бардык жеринде эле катталат. Бирок,  Сокулук,  Ысык-Ата, Жайыл, Москва жана Аламүдүн райондорунда көбүрөөк.

 

14 жашка чейинки балдар арасында ВИЧ-инфекциясын менен катталгандар

 

 

Жашы Кумулятивдик саны                   (2017-ж. 9 айы) % Кумулятивдик саны          (2018-ж. 9 айы) %
14 жашка чейин 26          (5) 1,0 29          (3) 1,1

 

14 жашка чейинки балдар арасында ВИЧ-инфекциясы 29 балада катталган. Алардын ичинен: 1 учур Ысык-Ата районунда оорукана ичинен жуккан, 28 учур вертикалдык түрдө.

Кургак учук

2018-жылдын 9 айдын ичинде баардыгы 923 оорулу, ал эми салыштырмалуу 2017‑жылы 973 оорулу катталган. Кургак учуктун көрсөткүчү – 100 000 адамга 101,0% адам туура келди, ал эми 2017-жылы 973 оорулу катталып, көрсөткүч 106,5% болгон.

2018-жылдын 9 айдын ичинде өлгөндөрдүн жалпы саны 40, көрсөткүч 5,8 болгон  (2017–жылы 52, 5,7%).

Кургак учук менен 2018-жылдын 9 айдын ичинде каза болгон балдар жана өспүрүмдөр катталган жок.

 

2018-жылдын 9 айдын ичинде кургак учук менен оругандардын

жана кургак учуктан өлгөндөрдүн эпидемиологиялык көрсөткүчү,

2017-жылга салыштырмалуу

 

Район Көрсөткүч Өлүмдүүлүк
Абсолюттук сандар 100 000калкка Абсолюттук сандар 100 000 калкка
2018 2017 2018 2017 2018 2017 2018 2017
Облус боюнча: 923 973 101,0 106,5 40 52 5,8 5,7
Токмок ш. 65 63 104,0 100,8 4 2 8,5 3,2
Аламүдүн 145 160 83,0 91,6 4 9 3,1 5,2
Жайыл 91 114 86,0 107,8 6 10 7,6 9,5
Ысык-Ата 187 184 127,4 125,3 6 5 5,4 3,4
Кемин 40 40 86,4 86,4 2 4 5,8 8,6
Москва 89 101 93,0 105,6 3 3 4,2 3,1
Панфилов 49 58 107,6 127,4 4 3 11,7 6,6
Сокулук 196 191 107,6 104,8 7 14 5,1 7,7
Чүй 61 62 113,0 114,8 4 2 9,9 3,7

 

Кадр маселеси

Учурда Чүй облусу боюнча саламаттыкты сактоо мекемелеринде 168 дарыгер жетишпейт (кардиолог, эндокринолог, педиатр, терапевт, акушер-гинеколог, инфекционист, офтальмолог, анестезиолог-рениаматолог, иммунолог, неонетолог ж.б.), анын ичинен 10 дарыгер ооруларды алдын алуу санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна (эпидемиолог, лаборант, дезинфекционист, энтомолог, иммунолог ж.б.).

Жаш адистерди тартуу боюнча бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Мисалы, 2018-жылдын 24-майында И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында клиникалык ординатура жана интернатура бүтүрүүчүлөрү менен жолугушууга жумуш жарманкесине Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору катышып, облустун саламаттык сактоо мекемелерине муктаждык болуп жаткан адистер боюнча жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлө турган жардамдар боюнча презентация көрсөтүлгөн.

Бирок, райондук мамлекеттик администрациялардын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан саламаттык сактоо кызматкерлерине алгылыктуу жардам көрсөтүлбөйт. Болгону профессионалдык майрамында гана көӊүл бурулат. Бул жагдай жаш жана кесипкөй адистердин аймактарда иштөө кызыгын арттырбайт.

 

Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында саламаттык сактоо мекемелерин өнүктүрүү, жергиликтүү калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле саламаттык сактоо мекемелерин реконструкциялоо максатында, 13 саламаттык сактоо мекемелеринде капиталдык оӊдоо-түзөө иштери жүргүзүүлүдө:

 

Мекемелердин аталышы Жергиликтүү бюджет Республикалык бюджет Башка булактар  Жалпысы 
Кемин району
1 Кемин райондук аймактык ооруканасы - 14 800,0миң сом - 14 800,0миң сом

(12 200,0

миң сом

бөлүндү)

2 Орловка шаардык жалпы дарыгерлер борбору 2 400,0миң сом 2 400,0миң сом
Сокулук району
3 Райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер  борбору(тез жардам, тиш дарылоо жана лабораториясы) 2 049,3миӊ сом 2 049,3миӊ сом
4 Жаӊы-Жер айыл аймагынын Жаӊы-Жер айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер  тобу 2 387,0миӊ сом 2 387,0миӊ сом
5 Новопавловка  айыл аймагынын Новопавловка айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу 5 000,0миӊ сом - - 5 000,0миӊ сом
Москва району
6 Ак-Суу айыл аймагынын Темен-Суу айылындагы №7  үй-бүлөлүк дарыгерлер  тобу 638,0миӊ сом 912,0миӊ сом

(дем берүүчү грант)

- 1 550,0миӊ  сом

(850,0

миӊ  сом

бөлүндү)

Жайыл району
7 Степное айылынын үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобу 400,0миӊ сом - 1 300,0миӊ сом (АРИС) 1 700,0миӊ сом
8 Ново-Николаевка айылынын №8 үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобу 1 000,0миӊ сом - - 1 000,0миӊ сом

(425,0

миӊ сом бөлүндү)

9 Талды-Булак айыл аймагынын Кайырма айылынын фельдшердик-акушердик пункту 30,0миӊ сом - 350,0миӊ сом

(Германия элчилиги)

380,0миӊ сом
10 Жайыл райондук бириккен аймактык ооруканасы(хирургия, балдар, кардиология бөлүмдөрүндө, лифт) - - 2 348,8миң сом

Швейцария долбоору (ФОР),

1 186,2 миӊ сом атайын счеттон

3 535,0миӊ сом
Панфилов району
11 Жалпы дарыгерлик практикалык борбору  (жүк ташуу лифт 4 млн 574 080 сом, жандандыруу бөлүмүнүн ажаткансы, стационар) - 4 574,0миӊ сом 732,3миӊ сом Швейцария долбоору (ФОР)  5 306,3миӊ сом
Токмок шаары
12 Токмок аймактык ооруканасы(кардиология бөлүмүндө) - - 82 миң АКШ доллары(5 млн. 576 миӊ сом)

Турция ѳкмѳтүнүн «Тика» гранты

5 576,0миӊ сом
13 Токмок шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (чатыры жабылды) 150,0миӊ сом 689,6миӊ сом 133,9миӊ сом демөөрчүлөрдүн эсебинен 973,5миӊ сом
Баардыгы: 45 924,8 миӊ сом

 

Мындан тышкары, жыл ичинде 6 саламаттык сактоо объекттеринин жаӊы имараттарынын ачылышы күтүлүүдө:

 

 

Мекеменин аталышы Каржылоо булагы Жалпы суммасы Эксплуатацияга берилген мөөнөтү
Ж/Б Р/Б Башка булактар(кайсы булактан)
Кемин району
1 Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ак-Бекет айылына фельдшердик-акушердик пункт куруу 1 000,0миӊ сом - АРИС1 500,0

миӊ сом

 

 

 

 

 

 

 

2 500,0миӊ сом 2018-жылдын ноябрь-декабрь айлары
2 Ильич айыл аймагынын Жаңы-Жол айылына фельдшердик-акушердик пункт куруу 57,0миӊ сом - АРИС2 100,0

миӊ сом

2 157,0 миӊ сом 2019-жылдынI-кварталы

(2018-жылдын 20‑сентябрында курулуш иштери башталган)

Ысык-Ата району
3 Ысык-Ата айыл аймагынынҮч-Эмчек айылына фельдшердик-акушердик пункт куруу - - Ас-Салам фонду  6 000,0миӊ сом 2018-жылдын ноябрь-декабрь айлары
Жайыл району
4 Кызыл-Дыйкан айыл аймагындагы Петропавловка айылына үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобун куруу - - Ас-Салам фонду 3 000,0 миӊ сом 2018-жылдынноябрь-декбарь айлары

 

5 Сары-Булак айыл аймагынын Сары-Булак айылына фельдшер-акушердик пункт куруу - - АРИС 2 700,0 миӊ сом 2018-жылдын декабрь айлары
Панфилов району
6 Орто айыл аймагынын Букара айылына фельдшердик-акушердик пункт куруу АРИС 2 300,0 миӊ сом 2018-жылдын4-кварталы
Баардыгы: 18 657,0 миӊ сом

 

Социалдык коргоо жана пенсиялык камсыздоо

 

Мамлекеттик  жөлөкпулдар

2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен мамлекеттик социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 16457 адамды түздү, өткөн жылга салыштырмалуу 209 адамга көбөйгөн (2017-жылы 16248 адамды түзгөн). Мунун себеби, балдардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү менен туулгандыгы, миграциялык агымдын өсүшү ж.б.

2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул алуучулардын саны 1680 үй-бүлөнү түздү, өткөн жылга салыштырмалуу 91 үй-бүлөөгө көбөйгөн (2017-жылы 1589 үй-бүлө болгон).

Район ЕПМС(балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул) ЕСП (адам)(мамлекеттик социалдык жөлөкпул) % 2017-жылдын ушул мезгилине карата (адам) 2018-жылы      каржыланды(миӊ.сом)
2017ж. 2018ж.
адам үй-бүлө адам үй-бүлө 2017-ж 2018-ж ЕПМС ЕСП ЕПМС ЕСП
Кемин 222 100 725 562 832 845 326,58 101,56 4986,5 18848,1
Чуй 307 84 279 62 1285 1173 90,9 91,3 1580,9 20821,2
Ысык-Ата 513 153 598 163 2797 2655 116,57 94,92 5610,4 10802,2
Аламудун 891 229 453 117 2221 2322 50,84 104,55 3524,1 52404,0
Сокулук 585 169 397 116 2788 3008 67,86 107,89 3283,1 62672,1
Москва 177 54 151 46 1662 1740 85,31 104,7 4170,3 37949,8
Жайыл 1017 319 881 264 2487 2580 86,63 103,74 10924,5 55187,5
Панфилов 679 197 628 173 1022 964 92,5 94,32 2588,1 19996,4
г.Токмок 82 284 232 177 1154 1170 282,93 101,39 579,0 7480,5
Баардыгы 4473 1589 4344 1680 16248 16457 97,12 101,29 37246,9 286161,8

 

Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттен 323408,7 миӊ сом акча каражаты бөлүнгөн.

 

Чүй облусунда 28319 мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт. Алардын ичинен:

-18 жашка чейинкилер – 4239;

— бала кезинен 1,2,3 топтогу майыптар – 5453;

— жалпы оорусунан 1,2,3 топтогу майыптар — 18627.

Чүй облусу боюнча 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгында жеӊилдиктердин ордуна акчалай компенсация алган кишилердин саны 9374 адамды түздү, (2017-жылдын 9 айына салыштырмалуу 301 адамга аз).

  Женилдиктер категориясы компенсациянын өлчөмү Женилдиктердин ордуна акчалай компенсация алгандар
 2017-ж.  2018-ж.
адам адам
1 Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары 7000 29 22
2 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары 7000 46 30
3 Согуштагы эрдиги үчүн сыйланган Советтер Союзунун Баатырлары жана Кыргыз  Республикасынын Баатырлары, жана согуштагы эрдиги үчүн Данк орденинин бардык үч даражасы менен сыйланган адамдар 7000 0 0
4 Концлагердин мурдагы жашы жетпеген туткундары 7000 3 2
5 «За оборону Ленинграда» медалы жана «Жителю блакадного Ленинграда белгиси  менен сыйланган адамдар 7000 6 6
6 Аскер кызматчылардын ичинен СССРди коргоодо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда алган жараттын, контузиянын, мертинүүнүн же оррунун кесепетинен майып болуп калган адамдар 7000 224 212
7 Башка мамлекеттердин аймактарындагы согуштарда жаракат алган майып аскер кызматчылар 7000 65 66
8 Чернобль АЭСтеги  авариянын кесепетинен жабыркаган майыптар жана нур оорусуна кабылган жана ооруган адамдар 7000 84 84
9 Башка мамлекеттердин аймактарындагы согуштук аракеттердин катышуучулары 6000 1074 1051
10 1986-1987 жылдарда Чернобль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар 2500 23 26
11 Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССР дин ордендери жана медалдары менен сыйланган майыптык топко кирген адамдар 2000 53 36
12 Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында жмушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз мажбуурлап мобилизациялоого дуушарланган жана кийин реабилитацияланган жарандар 2000 3 3
13 Саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиянын кесепетинен жабаркап, реабилитацияланган жарандар 1500 2395 2421
14 1988-1989 жылдарда Чернобль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар 1000 4 3
15 Чернобль АЭСтеги авариянын кесепетинен курман болгондордун, нур оррууснуну кесепетинен өлгөндөрдүн, каза болгон майыптарынын жана каза болгон 1986-1987 жылдардагы катышуучуларынын үй-бүлөлөрү 1000 57 60
16 Чернобль апааатынын кесепетинен радиацияга дуушарланган ата-энелерге генетикалык өзгөрүүлөр болушунан улам тукум кубалаган оорусу жана аномалиясы бар биринчи жана кийинки эки муундагы балдар 1000 155 159
17 Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССР дин ордендери жана медалдары менен сыйланган майыптык топко кирбеген адамдар 1000 158 119
18 Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында курман болгон аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрү 1000 7 4
19 Кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде алаган жарааттын, мертинүүнун, оорунун кесепетинен кызматтан бошонгондон кийин каза болгон ишки иштер органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү 1000 41 39
20 Аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрү 1000 49 47
21 Улуу Ата-Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын кайрадан никеге турбаган жесирлери 1000 197 171
22 Улуу Ата-Мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын кайрадан никеге турбаган жесирлери 1000 411 345
23 “За оборону Ленинграда” медалы жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган каза болгон адамдардын майып деп табылган, кайрадан никеге турбаган жесирлери 1000 1 0
24 «Кыргыз Республикасынын ардактуу донору» төш белгиси менен сыйланган адамдар 1000 437 432
25 Көрүүсү жана угуусу боюнча майыптар 1000 3967 3867
26 Көрүүсү жана угуусу боюнча майыптар 18 жашка чейин 1000 186 169
  Бардыгы:   9675 9374

 

Пенсиялык камсыздоо

Чүй облусу боюнча 99337 пенсионер жашайт. 2018-жылы пенсиянын орточо айлык өлчөмү 5406 сомду түздү.

Пенсия төлөө боюнча карыздар жок.

(миӊ сом)

Райондун аталышы Пенсия алуучулардынсаны 01.10.18 Бир айда керектелүүчү сумма Каржыланды Карыз 01.10.18
жылдын башынан бери сентябрьайы %(керектелүүчү

сумма)

1 Кемин 7641 40486,1 365312,1 39766,2 100 0
2 Чуй 5701 30400,0 281900,0 30400,0 100 0
3 Ысык-Ата 15605 83285,3 742453,4 83285,3 100 0
4 Аламудун 16327 91783,1 826300,0 91783,1 100 0
5 Сокулук 16934 88309,7 804159,9 88309,7 100 0
6 Москва 10654 55823,3 498538,6 55823,3 100 0
7 Жайыл 14239 80927,2 739231,1 80927,2 100 0
8 Панфилов 5607 29642,9 265517,5 29642,9 100 0
9 г.Токмок 6629 37100,0 292700,0 37100,0 100 0
10 Баардыгы 99337 537757,6 4816112,6 537037,7 100 0

 

Миграция

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16‑ноябрындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаӊы түзүмүнүн  бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» №768 токтомунун 3-пункутунун  2-пунктчасынын негизинде, миграция чөйрөсүндөгү функциялары менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11‑декабрындагы №854 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын бекитилген жобосуна ылайык:

— Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде бирдиктүү мамлекеттик миграция саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

— миграциялык кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана аны баалоо;

— Кыргыз Республикасынын ички эмгек базарынын кызыкчылыктарын эске алуу менен чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу процесстерин жөнгө салуу милдеттери жүктөлгөн.

Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын аймактык бөлүкчөлөрү жок.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын 10 бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 2018-жылдын башынан бери Чүй облусунун аймагында 27 102 чет өлкөлүк жарандар катталган, анын ичинен 1008 адам ишканаларда эмгектенет.

 

Чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдардын

каттоосу боюнча 2018-жылдын сентябрь айына карата маалымат

 

Өлкөлөрдүн аталышы Кемин Чүй-Токмок Ысык-Ата Аламүдүн Сокулук Москва Жайыл Панфилов Баардыгы
1. Россия 167 2484 1371 1333 4138 1647 2831 120 14 091
2. Өзбекистан 79 704 52 985 2606 1434 1004 10 6874
3. Казахстан 29 1265 242 143 380 174 248 3 2484
4. Таждикистан 2 221 121 130 205 115 127 9 930
5. Кытай 67 127 46 78 88 - 947 56 1409
6. Индия - - 703 3 13 1 2 - 722
7. Пакистан - - 125 1 52 - 1 - 179
8. Башка өлкөлөрдөн 6 72 35 58 126 22 92 2 413
Облус боюнча: 350 4873 2695 2731 7608 3393 5252 200 27 102

 

Чүй облусунун аймагындагы ишканаларда иштеп жаткан

чет өлкөлүк жарандар тууралуу маалымат

 

Ишкананын аталышы Иштеген адамдардын жалпы саны Анын ичинен:
Кыргызстандык жарандар   Чет өлкөлүк жарандар
Кемин району
1. “Алтынкен” ЖЧК 1195 945 250 КЭР
2. “Датка-Кемин” ЖЧК 15 10 5 КЭР
3. “Шамали Ресурс” ЖЧК 5 4 1 КЭР
4. “Гео-Резерв” ЖЧК 161 160 1 РФ
5. “Салют компании” ЖЧК 23 9 14 КЭР
Бардыгы: 1399 1128 271
Чүй району
1. “Искра-Азии” ЖЧК 20 14 6 КЭР
2. “Азия-АКУ Метал” ЖЧК 6 4 2 Турк
3. “Текстиль Транс” ЖЧК 100 94 6 Турк
4. “Таза Агро Компании” ЖЧК 9 8 1 Корея
5. “Киркор” ЖЧК 8 7 1 Корея
6. “Наследия” 5 5 (Канада, Молдова, Украина)
  Бардыгы: 148 127 21
Токмок шаары
1. “Токмок ДНПЗ” ЖЧК 120 93 27 КЭР
2. “Интергласс” ЖЧК 886 850 36 (31 РФ,5 Казахстан)
3. “Элит Гласс” ЖЧК 96 89 7 КЭР
4. “Каз Грейн” ЖЧК 232 229 3 Казахстан
5. “ДИ ОА Шумкар” ЖЧК 3 КЭР
6. МУЦА 16 12 7 (4 КЭР, 1 Индия, 2 США)
7. “Кыргыз Тоо-Таш” ЖЧК 1 Украина
8. “ГУД Партес Кей Джи” ЖЧК 2 Корея
Бардыгы: 1350 1273 86
Ысык-Ата району
1. “Гон-Компании” ЖЧК 12 4 8 КЭР
2.  “Ала-Тоо Жаны Шенчен” ЖЧК - 1 КЭР
3. Анан Сары-Таш 20 12 8 КЭР
4. “Кант Темир” ЖЧК - - -
5. “Сталь Шесть” ЖЧК - - -
6.  “Бостын” ЖЧК - - -
7. “Лоба-Шер” ЖЧК - - -
8. “Либин Бин” ЖЧК 10 8 2 КЭР
9. “Лимбо” ЖЧК 12 9 3 КЭР
10. “Швын-фа” ЖЧК - - -
11.  “Хунда и К” ЖЧК 15 13 2 КЭР
Бардыгы: 69 46 24
Аламүдүн району
12. “Дишан Курулуш”  ЖЧК 24 12 12 КЭР
13. “Да Шан” ЖЧК 12 10 2 КЭР
14. “ИРК ЛТД” ЖЧК 8 2 6 Пакистан
15. Мен Ке и Ли Юань” ЖЧК “ 24 18 6 КЭР
16.  “Боле” ЖЧК 35 14 21 КЭР
17. “Соян” ЖЧК 2 2 КЭР
18.  “Керамика Шин Ху Курулуш” ЖЧК 33 14 19 КЭР
19. “Шин Лайн” ЖЧК 45 42 3 Узбекистан
20.  “ERK Plast” ЖЧК 14 6 8 КЭР
21.  “Альфа Пласт” ЖЧК 7 5 2 КЭР
22. “Золотой Кирпич” ЖЧК 19 12 7 КЭР
23. Али строй 28 25 3 КЭР
24. А-Кредо ЛТД 32 20 12 Узбекистан
25. Роми гида 18 15 3 Турк
26. Фархад 12 11 1 Турк
27. Байтик Курулуш 19 10 9 КЭР
Бардыгы: 332 216 116
Сокулук району
1. “Ата-ЛТД” ЖЧК 34 30 4 Турк
2. “Деташ ЛТД” ЖЧК 52 50 2 Турк
3. “Лахор Стил Милз” ЖЧК 43 25 18 Пакистан
4. “Тянь-Шань Керамика” ЖЧК 94 70 24 КЭР
5. “Кытай темир жол инженардик компания” ЖЧК 36 - 36 КЭР
6. “Френд оф Чилдрен” ЖЧК 10 8 2 АКШ
7. “NSRG окуу борбору” ЖЧК 10 8 2 Корея
Бардыгы: 279 191 88
Москва району
1. “Кыргыз Корм” ЖЧК 16 10 6 КЭР
2.  “Дружба Дан” ЖЧК 20 15 5 КЭР
3. Бардыгы: 36 25 11
Жайыл району
1.  “Джунда” ЖЧК 762 487 275 КЭР
2.  “Даймонд Гласс” ЖЧК 427 392 35 КЭР
3. “ДжунСин Платсик” ЖЧК 76 66 10 КЭР
Бардыгы: 1265 945 320
Панфилов району
1. “Таргет Фрейза” ЖЧК 91 35 56 КЭР
2. “Кико” ЖЧК 3 2 1 Корея
3.  “Метал Кен” ЖЧК 15 1 14 КЭР
Бардыгы: 109 38 71
Облус боюнча: 4987 3989 1008

 

Мындан тышкары, Чүй облусунун аймагында жайгашкан окуу жайларда чет өлкөлүк жарандар билим алууда:

Алсак, Ысык-Ата районунун Кант шаарында жайгашкан “Азми” А.Тентишев атындагы медиициналык институтунда баардыгы болуп 1685 чет өлкөлүк студент билим алууда  (Кыргызстан – 30, Индия – 1400,  Непал – 1,  Пакистан – 260,  Казахстан – 3,  Афганистан – 1, Таджикистан – 20).

Токмок шаарында жайгашкан Борбордук Азиядагы Эл аралык университетинде (МУЦА) баардыгы болуп 25 чет өлкөлүк студент билим алып жатышат (Афганистан – 1, Казахстан – 11, Россия – 6, Туркия – 1,  Узбкистан – 6, Кыргызстан – 375).

Токмок шаарында жайгашкан «Сапат» түрк-лицейинде 11 мугалим эмгектенип келет (Түрк).

Бүгүнкү күнү 95 кытай жараны Чүй облусунун аймагында жашап туруу укугун алышкан (вид на жительство), анын ичинен 19 кытай жараны Кыргыз Республикасынын жарандары менен никеде турушат.

Ошондой эле, Чүй облусунун аймагында жашап турууга укук алышкан көзкарандысыз мамлекеттердин шериктеш өлкөлөрдө жана алыскы чет өлкөлөрдө жашаган чет өлкөлүк жарандардын жалпы саны 333 (Россия — 152, Казахстан – 26, Узбекистан – 109,  Таджикистан – 5, Украина – 9,  Азербайджан – 1, Молдова  — 1, Индия – 3, Пакистан – 8, Иран – 9, ФРГ – 2,  Турция – 2, Марокко – 1, Албания – 1, Куба – 2,  Южная Корея – 2), ал эми 10 жарандыгы жок адамдар.

 

Иш менен камсыз кылуу

Отчеттук мезгилде жумушсуз жарандарга жумушка орноштурууга көмөктөшүүгө багытталган практикалык чаралар ыраттуу түрдө аткарылды.

2018-жылдын 9 айында 5719 адам иш издөө үчүн каттоодо турат, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 15,7% аз. Анын ичинен официалдуу жумушсуз статусун алгандардын саны 4468. 2018-жылдын сентябрь айында официалдуу жумушсуздуктун деӊгээли 1,2% түзгөн.

 2018-жылдын 1-октябрына карата Чүй облусунун аймагындагы жумушсуздардын саны

   (миӊ. адам)

1    Аламүдүн району2    Жайыл району

3    Кемин району

4    Москва району

5     Панфилов району6     Сокулук району

7     Чүй району

8     Ысык-Ата району

9     Токмок ш.

2018-жылдын 9 айында калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрү аркылуу 3874 адам жумушка орношкон, 10 327 адамга консультация берилген жана коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 1411 адам жиберилген. 2018-жылдын 1-октябрына карата ишканалар тарабынан 3923 бош иш орундары сунушталган.

Ошондой эле, эмгек рыногундагы жумушсуздардын атаандаштыгын жогорулатууда эмгек рыногунун талабын эске алып, белгилүү бир кесипке жумушсуздар окутууга жөнөтүлөт, иш менен камсыз кылуу кызматтарында кесиптик окутууга 421 адам жиберилген.

Эмгек рыногундагы чыңалууну жеңилдетүүчү активдүү политиканын бирден-бир багыты болуп коомдук акы төлөнүүчү жумуш эсептелет, убактылуу иш менен камсыз кылуу менен бирге облустун аймактарындагы социалдык инфраструктураны жакшыртуу багыты менен ишке ашырылат.

Облустук жана райондук массалык маалымат каражаттарына ар кандай маалыматтар жарыяланып турат. Мектеп бүтүрүүчүлөр үчүн керектөөчү кесиптер боюнча жолугушуулар ар дайым өткөрүлүп турат.

Жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды мамлекеттик колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12‑апрелинде “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” № 208 токтому  менен жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун базалык өлчөмү бир айга 250 (эки жүз элүү) сом өлчөмүндө жана расмий жумушсуз жарандар үчүн окутууга чек боюнча төлөмдүн суммасынын өлчөмү 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө белгиленет.

 

 

Расмий иш кагаздар боюнча:

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2018-жылынын 9 айдын ичинде расмий иш кагаздарынын жана жарандардын кайрылууларынын аткаруучулук тартибинин абалы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына 2018-жылдын 1-январынан баштап, 30-сентябрына  чейинки мезгилде бардыгы болуп 1470  расмий иш кагаздары келип түшкөн, анын ичинен укуктук-ченемдик актылар 140  же 9,5 % түздү.

1470 расмий иш кагаздар төмөнкү мамлекеттик органдардан келип түшкөн:

  • КР Жогорку Кенешинен -24;
  • КР Президентинин Аппаратынан -28;
  • КР Өкмөтүнүн Аппаратынан -487;
  • КР министрликтеринен, мамлекеттик агентстволордон, комитеттеринен -349;
  • Райондук мамадминистрацияларынан, Токмок ш.мэриясынан, облустук түзүмдөрдөн -432;

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына 2018-жылдын 9 айынын ичинде бардыгы болуп 1470 официалдуу иш кагаздар  2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 144 документке же 10% аз, ал эми 2016-жыл менен салыштырмалуу 417 документке же 22% аз.  Келип түшкөн 1470 расмий иш кагаздардын ичинен 1064 (72%)  көзөмөлгө алынып, 969 аткарылып, 95 расмий иш кагаздар 1-октябрына карата аткарууда турган.

Отчеттук мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кабыл алынган 183 буйруктун ичинен 34 буйрук  жана коллегиянын 10 чечимдери көзөмөлгө алынган.

Райондук мамлекеттик администрациялар жана Токмок шаарынын мэриясы аралык

            2018-жылдын отчеттук мезгилинде райондук мамлекеттик администрацияларга жана Токмок шаарынын мэриясына бардыгы болуп 10460 расмий иш кагаздары келип түшкөн, бул 2017-жылдын ушул мезгилине караганда 875 аз. (2017-ж. – 11335), андан соң 2016-жыл менен салыштырмалуу 2498 иш кагазга аз (2016-ж. -12958).

10460 расмий иш кагаздардын ичинен: 1308 ченемдик укуктук актылар, 6192 жогорку турган органдардын каттары, 2960 райондук, шаардык түзүмдөрдөн жана башка уюмдардан келип түшкөн каттар. Жалпы 10460 расмий иш кагаздардын ичинен 8650 (же 82%) көзөмөлгө алынган, 8193 өз мөөнөтүндө аткарылган, 11 мөөнөтүн бузуу менен, 575 иш кагаздар аткарууда.

Эң көп расмий иш кагаздардын саны Сокулук (1796), Ысык-Ата (1714) райондук мамлекеттик админстрацияларына жана Токмок ш.мэриясына – 1646 келип түшкөн. Ал эми эң азы Аламүдүн (716), Кемин (751) жана Панфилов (765) райондук мамлекеттик администрацияларына келип түшкөн.

 

Жарандардын кайрылууларын кароо боюнча

 

Отчеттук мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына баардыгы болуп жарандардын 790 кат жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулары келип түшкөн.  2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жарандардын кайрылууларынын саны  199  же 25%  көбөйгөнү байкалган (2017-ж. –591).

Келип түшкөн кат жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулардын 790 кароого жиберилген, 4 кайрылуу көзөмөлдөн алынды: анын ичинен -1  кайрылуу анонимдүү экендиги аныкталып,  3 — кайрылууну кароону токтотуу жөнүндө арыз ээлери кайрылгандыктан, алар көзөмөлдөн алынды.  Көзөмөлгө алынган 786 кайрылуулардын ичинен мыйзам чектелген мөөнөтүндө каралгандары- 739,  мөөнөту бузуу менен 8 кайрылууга жооп берилген, мөөнөтүн узартуу менен – 47  кайрылуу кат каралып, 39 -аткарууда турат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буюрмаларынын негизинде  тийиштүү түзүмдөрдүн жооптуу кызматкерлери  курамында  турган 11 комиссиялар түзүлгөн, алар жерине барып арыз ээлеринин катышуусу менен маселелерди чечишкен.

Отчеттук мезгилдин ичинде жарандардын кайрылууларынын 547 же 69,2%  жогорку мамлекеттик органдардан келип түшкөн.

 

Райондук мамлекеттик администрациялардын

жана Токмок шаарынын мэриясынын алкагында

 

            2018-жылдын  9 айдын   жыйынтыгы боюнча Чүй облусунун райондук мамлекеттик администрацияларынын жана Токмок шаарынын мэриясынын кароосуна баардыгы болуп жарандардын 2814 кат жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулары келип түшкөн, бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (2280)  534  кайрылууга же 19% көбөйгөн.

Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу келип түшкөн каттардын жана кайрылуулардын саны Аламүдүн (44,8%), Сокулук (18,9%)  Ысык-Ата (6,7%), Кемин (23,8%),  Панфилов (12%), Москва (20%) райондорунда  жана  Токмок шаарынын мэриясында (13,8%) көбөйгөн. Жайыл (3,3%), Чүй (8%)  райондорунда азайган.

Көзөмөлгө алынган 2814  кат жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулардын:

  • мөөнөтүндө каралгандары –2725 же 96,8%;
  • мөөнөттөрү узартылып каралгандары – 87 же 3%;
  • мөөнөттөрү бузулгандары – 6 (Аламүдүн РМА-2, Москва РМА-4)

Кайрылууларды кароонун жыйынтыгы боюнча:

— оң жагына чечилгендери – 492 же  27,8%;

— түшүндүрмө берилгендери —  1200 же 68%;

— баш тартылгандары –72 же  4%.

— 83  кайрылуулар аткарууда.

2018-жылдын  9 айдын  жыйынтыгы боюнча  Чүй облусунун райондук мамлекеттик администрацияларына, Токмок шаарынын мэриясына болгону  60 электрондук кайрылуулар келип түшкөн, анын ичинен алардын расмий электрондук почтасынын дарегине- 54, электрондук Интернет портал www.kattar.kg аркылуу -6.

 

Ыйгарым укуктуу өкүлү                                                             Т. Абдраимов

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 31, 2018 13:29

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина