Чүй облусунун “2018-2023-жылдарга карата түзүлгөн Планына” өзгөртүү, толуктоолору киргизүү жөнүндө

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 20, 2019 17:17

Чүй облусунун “2018-2023-жылдарга карата түзүлгөн Планына” өзгөртүү, толуктоолору киргизүү жөнүндө

1 Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун 2018-жылдын 27-апрелинде №102-Б буюрмасы менен кабыл алынган “2018-2023-жылдарга карата түзүлгөн иш-аракеттер Планына” өзгөртүү, толуктоолору киргизүү жөнүндө

МААЛЫМАТ

Чүй облусунун түзүлгөн “2018-2023-жылдарга карата түзүлгөн иш-аракеттер Планына” өзгөртүү, толуктоолор киргизилип, иш- аракеттер планынын долбоору даярдалды.

Өзгөртүү, толуктоолору менен 2018-2023-жылдарга карата түзүлгөн иш-аракеттер планына 74 долбоор киргизилип, 99 млрд 635 млн 300 миң сомду түзөт:

— донордук каражат – 83416,1млн сом;

— жеке инвестиция — 16176,7 млн сом;

— жергиликтүү бюджет – 121,2 млн сом.

— республикалык бюджет – 30,0млн сом.

Өнөр жай тармагы боюнча 21 долбоор пландаштырылды, анын ичинен 6 ири долбоор (1 млрд 440 млн 800 миң сомду түзөт ) 2018-жылы башталган.

Ал эми 2019-2023-жылдар ичинде 7 ири долбоор пландаштырылды:

Жайыл району боюнча:

— “ЧПК “Джунда” ЖЧК “Евро-5” стандартына чийки затты кайра иштеттүүгө өтүү;

— “КТКК” ААК табигый уран өндүрүшүн кайра жандандыруу;

— Кара-Балта шаарына сүттү кайра иштетүү ишканасын куруу.

Аламудун району боюнча:

— Ленин а/ө Silk Way логистика борборунун курулуш иштерин баштоо.

Панфилов району боюнча:

— Вознесеновка айыл аймагында өсүмдүк майын чыгаруучу заводун куруу боюнча иш алып баруу.

Кемин району боюнча:

— Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Жылтыр капчыгайында цемент чыгаруучу заводду куруу;

— Чым-Коргон айыл аймагына картошка кайра иштетүүчү заводду куруу боюнча иш алып баруу.

Айыл чарба тармагы боюнча пайдаланылбай калган жерлерди ишке киргизүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында ички каналдарды реабилитациялоо ошондой эле айыл чарба жерлерин сугат суулары менен камсыз кылуу, күнөсканаларды ветеринардык тейлөө борборлорун, кичи фермаларды куруу жана бодо мал асыл тукум

чарбаларды түзүү сыяктуу — 11 долбоор, 190,7 млн.сомго киргизүү менен 57 жаңы жумушчу орундарын түзүү.

Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлорго:

— жеке инвестиция — 30,0 млн сом;

— жергиликтүү бюджет – 2 млн сом;

— АРИС – 99,9 млн сом;

— Дүйнөлук банктын каражаты — 45,0 млн.сом

— Кемин районунун өнүктүрүү фонду – 13,8млн сом тартуу каралды.

Инфраструктураны жакшыртуу максатында жергиликтүү бюджеттен 107,7 млн сомго, Азия өнүктүрүү банкынын 81956,0 млн сом каржылоосу менен көчөлөргө түнкү жарык орнотуу, ички жана сырткы жолдорду оңдоого 11 долбоору киргизилди.

Жергилүктүү калктын сапаттуу таза суу менен камсыздоо багытында 1321,7 млн сомго 13 долбоор киргизилди.

Каржылоо булактары: жергиликтүү бюджет — 30,1 млн сом;

АРИС – 123,0 млн сом;

ЕБРиР — 5,1 млн.Евро =808,0 млн сом,

Дүйнөлук банктын каражаты – 349,1 млн.сомду түзөт

Туризм тармагы боюнча 4 долбоор 37,4 млн сомго киргизилди.

Каржылоо булактары: жеке инвестиция – 16,1 млн.сом;

АРИС – 21,3 млн сом;

Кемин фонду- 2,3 млн сом.

2019- 2023-жылдары дотациядан чыгаруу боюнча 22 айыл өкмөтү пландаштырылды:

2019- жылы 12 айыл өкмөтү:

— Кемин району: Ак Тюз;

— Чүй району: Бурана, Искра;

— Ысык-Ата району: Ак-Кудук;

— Сокулук району: Джаны-Пахта, Оро;

— Москва району: Предтеченский, Чапаев;

— Жайыл району: Красно-Восточный, Полтавский;

— Панфилов району: Фрунзе, Вознесеновский.

2020-жылы 9 айыл өкмөт:

Кемин району: Кара-Булак, Чым-Коргон;

-Ысык-Ата району: Жээк, Логвиненков, Кочкорбаев;

-Аламүдүн району: Арашан, Октябрь;

-Сокулук району: Кызыл-Туу

2020-2022-жылдар аралыгында 3 айыл өкмөт:

-Чүй району: Ибраимов;

-Ысык-Ата району: Милянфан;

-Сокулук району: Джаны-Джер.

Социалдык тармак боюнча негизги каржылоо булактары республикалык бюджет жана тартылган булактардын эсебинен болгон жалпысынан 16 долбоор пландаштырылды:

Билим берүү тармагына — 4 долбоор

Саламаттыкты сактоо тармагына — 7 долбоор;

Спорт тармагы — 3 долбоор;

Социалдык коргоо -2 долбоо

111

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 20, 2019 17:17

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина