Чүй облусундагы жолдор эл аралык мааниге ээ

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 21, 2018 15:26

Чүй облусундагы жолдор эл аралык мааниге ээ

12 Чүй облусу аркылуу кесип өткөн Улуу Жибек Жолу байыртадан эле Чыгыш менен Батышты байланыштырган, соодагерлер, кербендер соода-сатык менен тез-тез каттаган улуу жол болгондуктан бүгүнкү күндө да стратегиялык жактан чоң мааниге ээ. Азыркы мезгилде  Чүй облусунун жолдору борборубуз Бишкек шаарын республиканын бардык аймактары менен , атүгүл көптөгөн коңшу өлкөлөрдү да байланыштырып, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон салымы зор. Ошондуктан бүгүнкү күндө Чүй облусунда эл аралык мааниге ээ болгон жолдорун капиталдык жактан оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө.

Чүй облусунун жолдору канча чакырымды түзөт?

Улуу Жибек Жолу кесип өткөн Чүй облусунун аймагындагы автомобиль жолдорунун жалпы узундугу 2186,0 чакырым. Ошол жолдордун маанисине токтоло кетсек, анын 166 км же пайызы эл аралык маанидеги, 715,7 километри же 33 пайызы мамлекеттик маанидеги, 1304,3 километри же 59 пайызы жергиликтүү маанидеги жолдор болуп саналат. Ал эми ошол жолдорго эмне төшөлгөндүгүнө мүнөздөмө бере турган болсок, 934,4 километрге асфальтбетон, 453,32 километрге кара кумшагыл, 763,33 киллометрге кумшагыл, 1,05 километрге цемент бетон төшөлсө, 33,9 километри жөнөкөй эле жер жол.

Жолдордун ремонтуна канча ишкана жооптуу?

Бүгүнкү күндө  облустун жолдорун жылдын төрт мезгилинде тең карап, ремонт иштерин жүргүзгөн  8 жол-эксплуатациялык ишканалары бар. Алардын жыл бою жолдорду кармап туруу үчүн сапаттуу тейлөө кызмат көрсөтүү боюнча негизги аткарган иштерине ремонт иштеринин түрлөрү, атап айтканда авто жолдорду паспорттоштуруу, жолдорду жарыктандыруу, жол белгилерин коюу  жана алмаштыруу, жол жээктерин бекемдеп түзөө, жыртык жолдорду жамоо, кышында кардан тазалоо, туздуу кум төгүү, анан албетте жолдорду капиталдык оңдоп-түзөтүү сыяктуу милдеттер кирет.

Жолдорду кармап туруунун түйшүгү көп

Бүгүнкү күндө жолдорду капиталдык оңдоо менен гана иш бүтүп калбайт. Жыл бою жолдорду кармап туруунун түмөн түйшүгү билинбегени менен абдан көп. Жол салгандан кийин жолдун өтүүчү бөлүктөрүнө жол сызыктарын чийүү, жол белгилерин жана парапеттерин орнотуу менен мамыларын краска менен сырдоо, жүргүнчүлөр токтоочу аялдама аянтчаларын орнотуу, жол өткөөлдөрүндө зебраларды, разметкаларды краскалар менен жолго сызып чыгуу сыяктуу көптөгөн иштерди камтыйт.

Кыш айында жолдорду кармап туруу, тейлөө иштерине 7000,0 сомдук белгиленген иштин ордуна 13511,5 миң сомдук иштер бүткөрүлүп, план 193 пайызга аткарылган. Ал эми жай айында жолдорду кармап туруу жана тейлөө иштерине 5000  сомдук белгиленген иштин ордуна 4115,7 миң сомдук иштер бүткөрүлүп, план 82 пайызга аткарылды.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгындагы көрсөткүчтөргө токтолсок, автожолдордун ремонту жана жолдорду кармап туруу боюнча аткарылган иштердин көлөмү 167759,0 миң сомдук белгиленген иштин ордуна азыркы учурда эле 114575,1 миң сомдук иштер бүткөрүлүп, план 68 пайызга аткарылып калды. Эми жылдын аягына чейин дагы көп иштер бүткөрүлмөкчү.

Чүй облусунун аймагында эл аралык маанидеги жолдор реконструкцияланат

Азыркы мезгилде Бишкек-Кара-Балта участогундагы стратегиялык маанидеги чоң жолду капиталдык жактан кайрадан оңдоо иштери Бишкек-Ош автомобил жолун реконструкциялоо долбоорунун 4 фазасынын алкагында жүргүзүлүүдө. Аталган чоң долбоорго Азия өнүгүү банкы тарабынан 120,8 миллион АКШ доллары бөлүнүп, курулуш иштери 2017-жылдын апрель айында башталып, 2021-жылдын апрелине чейин толук реконструкциялоо иштерин бүткөрүү белгиленген. Аталган участоктогу жолдун жалпы узундугу 45,1 километрди түзөт. Учурда подрядчик катары Сокулук-Беловодск участогунда курулуш иштерин Кытайдын China Railway компаниясы жүргүзүп жатат.

Бишкек-Кара-Балта участогундагы эл аралык маанидеги жолду реконструкциялоо иштеринде жолду кеңейтүү менен калк жашаган шаарлар менен айылдарда тротуарларды, автопавилиондорду,  көпүрөлөрдү, суу агуучу бетон арыктарды салуу, жер алдынан өтүүчү өткөөлдөрдү куруу, светофорлорду орнотуу,  жолдун боюн көрктөндүрүү үчүн бак-дарактарды отургузуу сыяктуу маселелер аталган долбоордо каралган. Эң негизгиси, реконструкциялоо иштеринде инженердик-коммуникация жана жол коопсуздугунун элементтери толук сакталат жана аткарылат. Айтмакчы, Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо долбоорунун 4 фазасын каржылоо жөнүндө Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Азия өнүгүү банкынын ортосунда 2014-жылы 17-январында Бишкекте кол коюлуп, 2015-жылы 13-июнда Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган.

Чүй облусунун кайсы жерлеринде жолдор оңдолот?

2018-жылы Чүй облусунда жолдорду оңдоо боюнча алдын ала пландаштырылган иштер абдан көп. Тактап айтканда Сокулук районунун Күн-Туу-Шопоков, Винсовхоз-Асылбаш участокторунун 2 километр жана Жаңы-Жер-Зеленое, Романовка-Камышановка участогунда 2,1 километр; Аламүдүн районунун Чоң-Арык-Ала-Арча, Ат-Башы-Луговое участогунда 2 километр; Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек-Таш-Башат, Кой-Таш-Ысык-Ата, Кеңеш-Обходная участогунда 3 километр жана Чоң-Далы-Серафимовка, Кең-Булуң-Свинсовхоз участогунда 3,2 километр; Чүй районунун Токмок-Сайлык участогунда 0,5 километр; Кемин районундагы Кара-Булак-Бейшеке участогунда 1 километр жана Кемин айылында 1 километр; Панфилов районунун Кайыңды шаарында 1 километр жолго жаңы асфальтбетон төшөлүп, толук оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлмөкчү. Жогорудагы аталган участоктордогу жолдорду толук ремонттоо иштери бюджеттин эсебинен каржыланмакчы. Мына ошентип Чүй облусундагы жолдор жыл сайын реконструкциялоодон өтүп, Улуу Жибек  Жолундагы эл аралык маанидеги инфраструктурасы өнүккөн магистралдык жолдордун алдыңкысы катары өлкөбүздүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө зор салымын кошо берет деген чоң ишенимдебиз.

Данияр Шабданов

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 21, 2018 15:26

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина