Чүй облусундагы социалдык тармактын 6 айлык жыйынтыгы

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 27, 2018 15:46

Чүй облусундагы социалдык тармактын 6 айлык жыйынтыгы

10  Билим берүү  

Мектепке  чейинки билим берүү

Чүй облусунун билим берүү системасында 26060 балдарды камтыган 166 муниципалдык, 4 ведомстволук жана 42 жеке менчик мектепке чейинки билим берүү мекемелери бар.

 

Район Бала бакчалардын жалпы саны Тарбияланып жаткан балдардын саны
Алардын ичинен
муниципалдык жалпы (алардын ичинде мектеп алдындагы) ведомстоволук 3-сааттык бала бакчалардын саны Жеке менчик
1. Кемин 19 (-) - 0 1 2040
2. Чүй 13 (5) - 8 - 1479
3. Ысык-Ата 27 (5) 1 8 5 4299
4. Сокулук 23(5) - 3 15 5232
5. Москва 13 (3) 1 3 3 1975
6. Жайыл 25 (7) - 3 2 3832
7. Панфилов 15 (7) 1 1 1       1186
8. Токмок 6 (-) - - 8 2000
9. Аламудун 25 (9) 1 4 7 4017
Баардыгы 166 (41) 4 30 42 26060
170

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгында белгиленген милдеттерге ылайык,  билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттыруу, билим берүү мекемелерин, анын ичинде мектепке чейинки мекемелерди куруу жана реконструкциялоо максатында, бир катар чаралар көрүлүүдө.

Чүй облусунда мектепке чейинки билим берүү тармагына өзгөчө көӊүл бурулат. Жылдан жылга салыштырмалуу бала бакчалардын саны өсүүдө.

2018-жылдын I-жарым жылдыгында 4 бала бакча ачылды:

— Москва районунун Александровка айыл аймагынын  Беш-Көрүк айылында 3 группалык, 100 орунга ылайыкташтырылган “Келечек” бала бакчасы кайра кайтарылып, (1990-жылы И.Байбеков атындагы орто мектебине башталгыч класстар үчүн берилген) ачылды. Оңдоо-түзөө иштерине  жана камсыздоого Швейцария доолборунан 1 млн. сом, республикалык бюджеттен 1,8 млн.сом жана жергиликтүү бюджеттен 630,0 миң сом, жалпысынан 3,4 млн.сом  акча каражаты сарпталды;

 

 

— Москва районунун Целинный айыл аймагынын Кыз-Моло айылындагы Целинный орто мектебинин базасында 3 сааттык программа менен ишеген 2 группалык, 50 орунга ылайыкташтырылган бала бакча ачылды, оңдоо-түзөө иштерине Дүйнөлүк банктын “Мектепке чейинки билим берүүнү жакшыртуу” доолборунан 737,4 миң сом жана жергиликтүү бюджеттен 188,0 миң сом, жалпысынан  925,4 миӊ сом акча каражат сарпталды.

— Сокулук районунун Күн-Туу айыл аймагынын Шалта айылындагы Дооробеков  атындагы орто мектебинин алдында 2018-жылдын 1‑мартынан баштап 3 сааттык программа менен ишеген бала бакча эскплуатацияга берилди. Оңдоо-түзөө иштерине  жана камсыздоого жергиликтүү бюджеттен 643,0 миӊ сом жана демөөрчүлөрдөн 1,140 млн.сом, жалпысынан 1,783 миӊ сом акча каражат сарпталды. 2018-жылдын аягына чейин бала бакча толук кандуу (бир күн кечке) багытта иштөөсү пландаштырылууда.

— Кемин районунун  Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Жел-Арык айылында 50 орунга ылайыкташтырылган «Ак-Шоола» бала бакчасы курулуп, 2018-жылдын 19-июнунда эксплуатацияга берилди. Бала бакчаны курууга ПРООНдон 8,5 млн.сом жана жергиликтүү бюджеттен 5,0 млн. сом, жалпысынан 13,5 млн. сом акча каражат сарпталды.

 

Ошондой эле, 2018-жылдын аягына чейин 14 бала бакчанын имараттарынын ачылуусу күтүлүүдө. Алар:

  1. Сокулук районунун Атбашы айыл аймагынын Төрткүл айылында (ЖБ -13, 2 млн. сом);
  2. Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагында (ЖБ‑ 10,5 млн.сом);
  3. Сокулук районунун Ново-Павловка айыл аймагында (ЖБ‑17,9 млн. сом);
  4. Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл аймагынын Тельман айылында (кайрымдуулук фонду-2,0 млн сом, ЖБ- 420,0 миӊ сом);
  5. Аламүдүн районунун Аламүдүн айылында (ЖБ — 6,0 млн.сом);
  6. Панфилов районунун Орто айыл аймагынын Букара айылындагы Текеев атындагы мектептин алдында (ЖБ — 1,0 млн.сом, РБ ‑300,0 миӊ сом);
  7. Панфилов районунун Кайынды шаарында (ЖБ-12,0 млн. сом);
  8. Панфилов районунун Курама айыл аймагынын Эфиронос айылында (ЖБ-600,0 миӊ сом, РБ-2,3 млн. сом);
  9. Панфилов районунун Күрпүлдөк айыл аймагынын Ровное айылында (ЖБ-300,0 миң сом, АРИС-15,2 млн сом, демөөрчүлөр‑600,0 мин сом);
  10. Панфилов районунун Күрпүлдөк айыл аймагынын Күрпүлдөк айылында (РБ-2,9 млн.сом, ЖБ-0,2 млн сом);
  11. Чүй районунун Мээнеткеч айылында (РБ-20,5 млн.сом);
  12. Кемин районунун Кемин шаарында «Перевал базада» (ЖБ-9,9млн. сом);
  13. Москва районунун Сретенка айылында (Корея фонду — 1,5 млн. сом);
  14. Жайыл районунун Кара-Балта шаарында «Дельфин» бала бакчасы (ЖБ-2,0 млн.сом).

 

Көрсөтүлгөн иш аракеттер 7 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүдө жана мектепке даярдоодо чоӊ салым кошот.

Ошону менен бирге, жогоруда айтылганга карабастан, бала бакчалардын жетишсиздиги Чүй облусу боюнча курч маселе болуп келет.

 

Мектептик билим берүү тармагы

 

Чүй облусунун билим берүү системасында 324 жалпы билим берүү мекемелери иштейт.

2017-2018 окуу жылынын жыйынтыгы менен 180 845 окуучу билим алды (2016-201  окуу жылында 168 690 окуучу билим алган), же болбосо былтыркы жылга салыштырмалуу 12 155 окуучуга өскөн (9% көбөйгөн).

Баардыгы 2017-2018-окуу жылында 1-класска 22114 окуучу кабыл алынды.

 

Район Билим берүү мекемелердин саны

(муниципалдык)

Билим берүү мекемелердин саны

(жеке менчик)

Билим берүү мекемелердин саны

(интернаттык типтеги)

 

Ден соолугунда көйгөйү бар балдар үчүн интернаттардын саны Окуучулардын саны 2017-2018 окуу жылында

1-класска кабыл алынган балдардын саны

1. Кемин 29 1 - - 8768 972
2.      Чүй 29 1 1 - 10678 1183
3.      Ысык-Ата 47 4 - 2 30922 3780
4.      Сокулук 47 2 1 3 39447 5044
5.      Москва 33 3 1 1 18748 2331
6.      Жайыл 40 3 1 - 19982 2496
7.      Панфилов 27 - 1 - 9414 1026
8.      Токмок 13 3 - - 15481 1634
9.      Аламудун 34 2 1 - 27405 3648
Баардыгы 299 19 6 6
180845
22114
324

 

 

2017-2018 окуу жылында 9-классты 13350 окуучу, 11-классты 6621 окуучу аяктады.

 

Олимпиаданын жыйынтыктары

Мектеп окуучуларынын райондук, облустук жана республикалык олимпиадалардагы сапаттык көрсөткүчтөрү окуучулардын билим сапатын аныктоочу негизги көрсөткүчтөрдүн  бири.

Мектеп окуучуларынын облустук олимпиадасы 2018-жылдын 26‑27-февраль күндөрү Аламүдүн районундагы Лебединовка №1 жана №2 мектеп-гимназияларында өткөрүлүп, олимпиадага 9-10-11‑класстарынын 311 окуучусу катышты.

Олимпиаданын жыйынтыгында 34 окуучу — 1 орунга, 35 окуучу — 2 орунга, 39 окуучу — 3 орунга ээ болушту. Баардыгы 108 окуучу байгелүү орунга жетишти.

Облустук олимпиаданын акыркы 3 жылдын жыйынтыгы төмөндөгүдөй:

 

Райондор 2016 2017 2018
орун балл орун балл орун балл
1. Чүй-Токмок 41 82 1 25 56 1 29 68 1
2. Жайыл 20 31 5 14 25 5 17 34 2
3. Ысык-Ата 20 37 4 20 42 2 19 34 2
4. Сокулук 22 38 3 19 39 3 16 32 3
5. Аламүдүн 21 39 2 21 38 4 15 26 4
6. Москва 11 18 6 9 12 6 7 11 5
7. Панфилов 4 7 8 3 5 7 3 5 6
8. Кемин 7 11 7 2 4 8 2 4 7

 

Анализ көрсөткөндөй, Кемин, Москва жана Панфилов райондору 2017-2018-жылдары республикалык олимпиаданын катышуучуларын чыгарган эмес. Себеби, биринчи орунга татыган окуучулар болгон эмес.

Аламүдүн районунун окуучуларынын олимпиадаларда жетишкендиктери төмөндөгөнү байкалат.

Ал эми, Жайыл жана Ысык-Ата райондорунун мектептеринин окуучуларынын олимпиадалардагы сапаттык көрсөткүчтөрүнүн өсүүсү байкалат.

Токмок шаарынын жана Сокулук райондорунун окуучуларынын олимпиадаларда жетишкендиктери стабилдүү жогорку деӊгээлде болууда.

Облустук олимпиаданын жыйынтыгы менен  1, 2-орунга татыктуу болушкан, 34 окуучу 2018-жылдын 24-25-26-март күндөрү республикалык олимпиадага катышышты.

2017-2018 окуу жылында өткөн Республикалык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Чүй облусунун 8 окуучусу (1-орун — 2, 2-орун — 1, 3‑орун — 3, 4-орун — 2) байгелүү орундарга ээ болушуп, республика боюнча Чүй облусу 4-орунду алды.

Ал эми, 2016-2017 окуу жылында өткөн Республикалык олимпиаданын жыйынтыгы менен Чүй облусунун 15 окуучусу (1-орун — 4, 2-орун — 6, 3-орун — 5) байгелүү орундарга ээ болуп, Чүй облусу Республика боюнча 3-орунга жеткен.

2015-2016 окуу жылында өткөн Республикалык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Чүй облусунан 9 окуучу (1-орун ‑ 1, 2-орун — 3, 3‑орун — 5) байгелүү орунга ээ болуп, республика боюнча Чүй облусу 8‑орунду ээлеген.

            Орун 2015-2016

окуу жылы (окуучулардын саны)

2016-2017

окуу жылы (окуучулардын саны)

2017-2018

окуу жылы (окуучулардын саны)

I-орун 1 4 2
II-орун 3 6 1
III-орун 5 5 3
IV-орун - - 2
Баардыгы 9 15 8

 

Жалпы республикалык тестирлөө

2017-2018 окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөгө 5203 бүтүрүүчүлөр катышып, Ысык-Ата районунун 2 окуучусу Алтын сертификаттардын ээлери болушту.

 

Райондун аталышы 11-класстын окуучуларынын саны ЖРТга катышкан окуучулардын саны 110 баллга чейин алган окуучулардын саны 110-150 баллга чейин алган окуучулардын саны 150- 200 баллга чейин алган окуучулардын саны 200 баллдан жогору алгандар Алтын сертификаттардын ээлери
Сокулук 1635 1226 570 449 203 4 -
Москва 601 490 174 234 81 1 -

 

Кемин 426 364 203 135 26 - -
Жайыл 590 509 194 205 108 2 -
Чүй-Токмок 966 735 288 305 135 7 -
Аламүдүн 817 760 308 346 103 3 -
Панфилов 374 271 135 117 19 - -
Ысык-Ата 1212 848 394 363 88 4 2
Баардыгы: 6621 5203

 

2266

же 43,5%

2154

же 41,3%

763

же 14,6%

21

же

0,4%

2

 

Салыштырмалуу, 2016-2017 окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөгө 4921 бүтүрүүчү катышкан жана 6 окуучу Алтын сертификаттын (Москва району — 3, Токмок шаары — 2, Аламүдүн — 1) ээлери болгон.

 

Райондун аталышы 11-класстын окуучуларынын саны ЖРТга катышкан окуучулардын саны 110 баллга чейин алган окуучулардын саны 110-150 баллга чейин алган окуучулардын саны 150- 200 баллга чейин алган окуучулардын саны 200 баллдан жогору алгандар Алтын сертификаттардын ээлери
Сокулук 1470 1143 505 453 185 - -
Москва 538 411 161 182 61 4 3

 

Кемин 460 359 163 154 40 2 -
Жайыл 630 475 177 212 76 10 -
Чүй 371 271 129 107 34 1 -
Токмок ш. 635 453 149 176 116 10 2
Аламүдүн 795 784 254 342 185 2 1
Панфилов 326 231 115        88 27 1 -
Ысык-Ата 1132 794 354 333 103 4 -
Баардыгы: 6357 4921 2007

же 40,8%

2047

же

41,6 %

827

же

16,8 %

34

же

0,7 %

6

же

0,1%

 

Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, акыркы эки окуу жылдарында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарын төмөндөгүчө:

2016-2017

окуу жылында

2017-2018

окуу жылында

11-класстын окуучуларынын саны 6357 6621
ЖРТга катышкан окуучулардын саны 4921 5203
110 баллга чейин алган окуучулардын саны 2007 40,8% 2266 43,5%
110-150 баллга чейин алган окуучулардын саны 2047 41,6% 2154 41,3%
150- 200 баллга чейин алган окуучулардын саны 827 16,8% 763 14,6%
200 баллдан жогору алгандар 34 0,7% 21 0,4%
Алтын сертификаттардын ээлери 6 2

 

Артыкчылык менен  аттестаттар

2017-2018 окуу жылында артыкчылык менен  аттестат алууга 86 окуучу талапкерленген. Анын ичине 12 окуучу билимин далилдеп (Сокулук-4, Жайыл-1, Панфилов- 3, Токмок ш.-3, Москва-1) артыкчылык менен аттестаттардын ээлери болду.

Бул көрсөткүч менен Чүй облусу республика боюнча 3-орунга жетти.

 

Район/шаар Талапкерлердин саны Артыкчылык менен аттестат алууга билимин далилдеди %
1. Аламудун 7 - 0%
2. Токмок 10 3 30%
3. Жайыл 6 1 17%
4. Ысык-Ата 7 - 0%
5. Кемин 3 - 0%
6. Москва 3 1 33%
7. Панфилов 15 3 20%
8. Сокулук 35 4 11%
9. Чүй - - 0%
Чуй облусу 86 12 14%

 

Жогорудагы таблицада көргөзүлгөндөй, Чүй районунан артыкчылык менен аттестат алууга талапкер болгон эмес.

Ал эм, Аламүдүн, Ысык-Ата, Кемин райондорунан катышкан окуучулар артыкчылык менен аттестат алууга билимин далилдей алган эмес.

Сокулук районунун 35 окуучуларынан 4 эле окуучу, Панфилов районунун 15 окуучуларынан 3 эле окуучу артыкчылык менен аттестаттардын ээлери болду.

 

Билим сапаты жана жетишүүсү

Окуучулардын билим сапатынын жана жетишүүсүнүн анализы төмөндөгүчө: Чүй облусу боюнча 2016-2017 окуу жылдын жыйынтыгы боюнча билим сапаты 40% түзгөн, ал эми 2017-2018 окуу жылдын жыйынтыгында  билим сапаты 42% түзүп, окуучулардын билими 2% жогорулады.

2017-2018 окуу жылдын жыйынтыгында окуучулардын жетишүүсү 99% түздү.

 

Район/

шаар

Билим сапаты Жетишүүсү
2017 2018 2017 2018
1. Кемин 37% 40% 98% 99%
2. Чүй 35% 37,6% 100% 100%
3. Ысык-Ата 42% 43% 98% 98%
4. Сокулук 47,2% 47% 99,8% 99,8%
5. Москва 42,4% 40% 99,8% 99,8%
6. Жайыл 35% 47% 99,5% 98%
7. Панфилов 38,2% 40,4% 99% 99,6%
8. Токмок 38% 41% 100% 100%
9. Аламудун 41,8% 42,3% 99,8% 99,5%
Баардыгы 40% 42% 99% 99%

 

Кадр маселеси

Чүй облусундагы мектептерде 9698 мугалим эмгектенет, алардын ичинен пенсия курагындагылар – 1645 мугалим (же 16,9 %).

2016-2017 окуу жылына 105 жаш адис келсе, 2017-2018 окуу жылында 271 (жалпы мугалимдердин санынан 2,79%) жаш адистер келди.

 

 

Район/ шаар Жалпы саны Алардын ичинен 2017-2018 окуу жылында келген жаш адистердин саны Бош орундар
пенсия курагындагылар 35 жашка чейинки
2018 2017
1. Кемин 688 79 49 21 45 25
2. Чүй 712 156 183 21 10 12
3. Ысык-Ата 1584 212 507 48 31 21
4. Сокулук 2123 348 639 37 12 21
5. Москва 944 197 262 7 21 21
6. Жайыл 1080 173 204 5 151 108
7. Токмок 574 109 103 55 12 18
8. Аламүдүн 1375 254 450 36 68 27
9. Панфилов 618 117 182 41 8 5
  Баардыгы 9698 1645

же 16,9 %

2579

же 26,5%

271

же 2,79%

358

же 3,69%

258 же 2,66%

 

Чүй облусунун билим берүү мекемелеринде 2018-жылдын 1‑июлуна 358 педагог жетишпейт (былтыркы жылы ушул убакытта 258 бош орун болгон).

Негизинен, төмөнкү багыттагы мугалимдер жетишпейт: башталгыч класстардын мугалими, математика, физика, орус тили, дене тарбия, музыка, тарых ж.б.

Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги №92 «Билим берүү жөнүндө» жана 2001-жылдын 14-январындагы №9 «Мугалимдин статусу жөнүндө», 2011-жылдын 8-августундагы “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамдарын аткаруу максатында,  облустун  мугалимдери  айлык акыларын толук көлөмдө өз убагында республикалык бюджеттин эсебинен алышат.

Жыл сайын өтүүчү амбулатордук медициналык текшерүүлөр акысыз жүргүзүлөт, мугалимдер билимин жогуралатуу курстарына баруу үчүн республикалык бюджеттин эсебинен иш сапар чыгымдары төлөнөт.

2017-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан коммуналдык чыгымдар үчүн, Москва районунда — 1 338 000 сом, Аламүдүн районунда — 664 000 сом, Панфилов районунда -361 980 сом, Ысык-Ата районунда — 209 000 сом, Сокулук районунда — 100 000 сом, Токмок шаарында 1 142 716 сом төлөндү.

            Турак жай менен Чүй районунун 2 мугалими камсыз болушкан, Аламүдүн районунда 20 мугалим үчүн бардык шарты, эмеректери менен Ала-Арча айыл аймагында 2 бөлмөлү 4 үй , Лебединовка айыл аймагында      8 бөлмөлү жатакана курулган. 1 мугалимге жаңы үйдүн пайдубалын курууга материалдык жардам көрсөтүлгөн. Ижарага алган батир үчүн 2 мугалимге 1500 сомдон, 12 мугалимге 1000 сомдон Аламүдүн жана Ленин айыл аймактары каржылайт, Сокулук районунда 2 мугалимге батир үчүн — 1600 сомдон, Военно-Антоновка айыл аймагы 2 мугалимге ижара акысын толук каржылайт, Кара-Балта шаардык мэриясы тарабынан Бириккен Араб Эмиратынын инвесторлорунун жардамы менен 3 жаш мугалимдерге батир бөлүнүп берилген жана ошондой эле Ак-Башат айыл аймагы тарабынан 1 жаш мугалим турак-жай менен камсыз болгон.

Турак жай курууга жер тилкелерин берүү маселеси Аламүдүн гана районунда 10 мугалимге 0,7 гадан берилген.

Башка жактан келип иштеген мугалимдер үчүн Аламүдүн районунун-2 мугалимине, Ысык-Ата районунун 12 мугалимге — 100%, 12сине -50% төлөнөт, Жайыл районунун 4 мугалимине, Чүй районунун 7 мугалимине жол кире чыгымдары төлөнөт.

Суу үчүн төлөмдөрдөн Аламүдүн районунун Ала-Арча айыл аймагынын мугалимдери жана үй-бүлөө мүчөлөрү, Аламүдүн айыл аймагынын мугалимдери да 100% бошотулушкан. Ошондой эле, Жайыл районунун Степное айыл аймагында 19 мугалим таза сууга төлөнүүчү төлөмдөн бошотулган жана 2 мугалим отун менен камсыз болгон.

Таштанды үчүн төлөмдөрдөн Аламүдүн районунун Маевка, Гроздь, Аламүдүн айыл аймактарынын мугалимдери жана тарбиячылары бошотулушкан.

Бала бакчанын тарбиячыларынын тамак-аш үчүн ата-эненин акчалай салымынан бошотуу маселеси Аламүдүн районунун Ленин, Аламүдүн, Пригород айыл аймагында жайгашкан бала бакчаларда тарбиячылар төлөмдөрдөн 30%дан 100%га чейин бошотулушкан

Айлык маянага кошумча каражат Аламүдүн районунун Ленин айыл аймагынын “Достук” бала бакчасынын 3 кызматкерине 1000 сомдон айына кошумча төлөмдөр каралган.

Ысык-Ата районунун Кант шаардык мэриясы тарабынан 25000 сом 5 мугалимге, Интернационал айыл аймагы тарабынан 40 000 сом (8 мугалимге) акчалай жардам көрсөткөн.

Аламүдүн району  “Билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгиси бар мугалимдерге Төмөнкү –Аларча айыл аймагынын 20 мугалимине — 1000 сомдон, Арашан айыл аймагынын 15 мугалимине — 500 сомдон каралган. Жайыл районунун Жайыл айыл аймагы тарабынан Алексеевка орто мектебинин 2 мугалимине — 5000 сомдон, Жайыл негизги мектебинин мугалимине 2500 сомдон акчалай колдоо көрсөтүлгөн.

Бала бакчага кезексиз орун берүү: Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл аймагында ар жылы 2 орун берилет жана “Жыл мугалими”, Сары- Өзөн чолпондору”, жаңы окуу жылына даярдык боюнча сыйлоо каралып келет.

Жогорудагыларды талдап өтсөк, мугалимдерди социалдык жактан коргоо маселеси Аламүдүн районунда, Москва районунда, Ысык-Ата районунда жана Токмок шаарында жакшы жолго коюлган. Ал эми, Кемин, Чүй, Сокулук, Жайыл жана Панфилов райондорунда аткарылып жаткан иштер жетишсиз деп белгилесе болот.

Мугалимдердин көпчүлүгү үй куруу үчүн жер тилкелерге муктаж. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 32‑беренесиндеги «Айыл мектептерине  иштегени келген жаш адистерге жергиликүү бюджеттин каражатынын эсебинен чарбачылыгын жүргүзүү үчүн кызматтык маянанын он эсе өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул берилет» деп  көрсөтүлгөн, тилекке каршы бул төлөмдү төлөбөй келишет жана «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзамдын 8-беренесине ылайык «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жаш адистерге турак жай аянтын күтүү жана коммуналдык тейлөө боюнча эксплуатациялык чыгымдарын төлөөдө жеңилдиктерди бере алат» деп көрсөтүлгөн, бул берене да аткарылбай келүүдө.

 

Мектептердин акредитациясы

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 279 билим берүү мекемелеринде аккредитация өткөрүлдү.

Аккредитациянын жыйынтыгында, 146 мектеп — 5 жылдык мөөнөткө, 133 мектеп — 1 жылдык мөөнөткө шартуу түрдө өтүштү же болбосо, акредитация өткөн мектептердин 47,5% шартуу түрдө 1 жылдык мөөнөткө өтүштү.

Эӊ ылдый көрсөткүчтөр Чүй, Сокулук, Москва жана Жайыл райондорунун жана Токмок шаарынын мектептеринде байкалат.

 

Район\шаар Жалпы саны 5 жылга өткөн мектептердин саны 5 жылга өткөн мектептердин % 1 жылга өткөн мектептердин саны 1 жылга өткөн мектептердин %
1.    1 Кемин 29 19 66 10 34
2.    2 Аламүдүн 30 20 67 10 33
3.    3 Жайыл 39 21 54 18 46
4.    4 Москва 31 15 48,4 16 51,6
5.    5 Панфилов 25 17 68 8 32
6.    6 Сокулук 47 18 38,3 29 61,7
7.    7 Токмок шаары 12 5 41,7 7 58,3
8.    8 Чүй 27 8 30 19 70
9.    9 Ысык-Ата 39 23 59 16 41
  279 146 52,5 133 47,5

 

Материалдык-техникалык база

Билим берүү мекемелеринде 28 миңден ашуун мектеп парталары, 3 миӊден ашуун мугалимдик комплектери (үстөл столу менен), 3 миңден ашуун китеп шкафтары, 2 миңден ашуун класс доскалары, 1,5 миӊге жакын ашкана столдору, 14 миӊге жакын ашкана отургучтары жана башка эмеректер жетишпейт.

Компьютерге болгон муктаждык 2582 даананы түзөт. Колдо бар 3858 компьютерден 1475и иштебейт, 1026ы эскирген.

 

Компьютерлерге жана эмеректерге муктаждыгы

 

Райондор Компьютер Окуучулар үчүн парталар Класстык доскалар Шкафтар Ашканадагы эмеректер Мугалимдер үчүн столдор
саны муктажды гы саны муктажды гы саны муктаж дыгы саны

 

муктаж дыгы саны муктаж дыгы саны муктаж дыгы
1 Кемин 301 500 4809 6000 657 500 502 600 519 600 434 500
2 Чүй 269 153 13084 500 835 400 1475 500 862 520 779 350
3 Токмок ш. 231 162 12000 800 900 500 1500 500 900 500 600 300
4 Ысык-Ата 563 480 11285 5000 961 300 1242 320 2606 1100 1075 600
5 Аламүдүн 458 138 11687 3506 794 238 1248 374 770 230 1248 375
6 Сокулук 774 300 13157 5592 996 300 1388 400 2498 500 958 389
7 Москва 430 334 6678 3075 485 190 702 350 312 237 979 500
8 Жайыл 536 420 4995 3533 468 54 739 269 347 1557 523 478
9 Панфилов 296 95 4771 240 426 28 529 31 1064 124 429 28
Баардыгы: 3858 2582 82466 28246 6522 2510 9325 3344 9878 5368 7025 3520

 

Оӊдоо-түзөө иштери

Билим берүү мекемелерин 2018-2019 жаӊы окуу жылына өз убагында даярдоо максатында, мектептерде кезектеги оӊдоо-түзөө иштери 59 825,4 миӊ. сомго жүргүзүлүүдө. Каржылоо булагы боюнча республикалык бюджеттен 13 669,4 миӊ сом, жергиликтүү бюджеттен 24118, 9 миӊ сом, башка булактардан 22 037,0 миӊ сом тартылды.

 

Мекеменин аталышы Каржылоо булагы Жалпы суммасы
Ж/Б Р/Б Башка булактар
1 Кемин 4 777 903 679 155 7 494 224 12 951 282
2 Чүй 1 600 000 850 000 - 2 450 000
3 Ысык-Ата 4 081 100 2 427 600 - 6 508 700
4 Сокулук 4 926 600 2 037 300 5 376 600 12 340 500
5 Москва 1 963 900 1 537 000 1 682 200 5 183 100
6 Жайыл 449 300 1 659 971 1 164 010 3 273 281
7 Панфилов 918 700 1 210 500 1 228 500 3 357 700
8 Токмок ш. - 1 122 961 - 1 122 961
9 Аламудун 5 401 481 2 144 918 5 091 500 12 637 899
Баардыгы 24 118 984 13 669 405 22 037 034 59 825 423

 

Билим берүү мекемелердин имараттары акталып, сырдалып, майда ондоо иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, жылытуу системасын даярдоо, от казандарына ремонт өткөрүү, от жагычуу жайларды тазалоо жумуштары  жүргүзүлүүдө.

Учурда Токмок шаарында, Москва, Чүй, Жайыл жана Панфилов райондорунда 2018-2019 жаӊы окуу жылына карата билим берүү мекемелеринин даярдыгы атайын түзүлгөн комиссия тарабынан текшерилип, кабыл алынды.

Ал эми Кемин, Сокулук, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун мектептеринде оңдоо–түзөө иштери аяктоодо.

 

Капиталдык оӊдоо иштери

Чүй облусунда билим берүү мекемелерин капиталдык оӊдоого иш-аракеттер жумшалып, учурда 111 билим берүү мекемесинде жалпы суммасы 195,1 млн.сомго жумуш жүрүүдө. Каржылоо булагы боюнча республикалык бюджеттен 61,4 млн. сом, жергиликтүү бюджеттен 71,8 млн.сом, башка булактардан 61,9 млн. сом тартылган.

 

Райондун аталышы Мекемелердин саны Каржылоо булагы Жалпы суммасы
Ж/Б Р/Б Башка булактар

(кайсы булактан)

1. Кемин 11 4 441 100 11 213 428 42 254 265 57 908 793
2. Чүй 2 - 10 335 456 530 000 10 865 456
3. Ысык-Ата 2 - 15 079 537 - 15 079 537
4. Сокулук 41 13 947 400 8 467 200 3 710 100 26 124 700
5. Москва 18 19 083 000 2 500 000 2 028 200 23 611 200
6. Жайыл 21 13 115 451 3 450 000 7 488 743 24 054 194
7. Панфилов 9 15 438 300 7 389 200 5 900 000 28 727 500
8. Токмок 3 165 596 2 500 140 - 2 665 736
9. Аламудун 4 5 644 500 480 000 - 6124 500
Баардыгы 111 71 835 347 61 414 961 61 911 308 195 161 616

 

Курулуш иштери

2018-жылдын I-жарым жылдыгында Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл аймагынын Ак-Сай айылында 100 орунга ылайыкташтырылган И.Байбеков атындагы Ак-Сай толук эмес орто мектебинин жаңы имараты курулуп бүттү. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, сметалык наркы 23,1 млн. сомду түздү.

Облус боюнча республикалык бюджеттен каржыланып курулуп жаткан 15 мектептин жана 4 бала бакчанын имараттары бар.

Аталган мекемелердин курулушун сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү маселесин дайым көзөмөлдөө зарыл.

 

Учурда облус боюнча 14 авариялык абалдагы мектеп бар. Алар:

  1. Москва районунун Беловодск айыл аймагына караштуу Биринчи май орто мектеби (жаӊы имарат салынууда);
  2. Панфилов районунун Фрунзе айыл аймагына караштуу Чорголо толук эмес орто мектеби (жаӊы имарат салынууда, ӨКБ чечими 2013-жылы берилген);
  3. Панфилов районунун Орто айыл аймагына караштуу Кожомкулов атындагы орто мектеби (ӨКБ чечими 2013-жылы берилген);
  4. Сокулук районунун Мирный айылындагы Жаңы-Пахта толук эмес орто мектеби (ӨКБ чечими 2014-жылы берилген);
  5. Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы Джамгырчинов атындагы орто мектеби (ӨКБ чечими 2014-жылы берилген);
  6. Сокулук районунун Конуш айылындагы Джаныбаев атындагы орто мектебинин филиалы (ӨКБ чечими 2014-жылы берилген);
  7. Чүй районунун Ак-Бешим айыл аймагынын Калыгул айылындагы Т.Оңолбаев атындагы орто мектеби (ӨКБ чечими 2011-жылы берилген);
  8. Чүй районунун Ак-Бешим айыл аймагынын Жаңы-Жол айылындагы С.Садыгалиев атындагы толук эмес орто мектеби (ӨКБ чечими 2011-жылы берилген);
  9. Ысык-Ата районунун Кант шаарынын К.Рыскулова атындагы №2 мектеп-гимназиясы (ӨКБ чечими 2014-жылы берилген);
  10. Ысык-Ата районунун Тогуз-Булак айылындагы Мурзалиев атындагы орто мектеби (ӨКБ чечими 2012-жылы берилген);
  11. Ысык-Ата районунун Норус айылындагы Норус орто мектеби (ӨКБ чечими 2011-жылы берилген);
  12. Ысык-Ата районунун Ивановка айыл аймагындагы Ивановка №3 толук эмес орто мектеби (ӨКБ чечими 2015-жылы берилген);
  13. Кемин районунун Орловка шаарынын №1 орто мектеби (ӨКБ чечими 2000-жылы берилген);
  14. Кемин районунун Боролдой айылынын орто мектеби (ӨКБ чечими 2012-жылы берилген).

 

Жайкы эс алуу

Чүй облусунда балдардын жайкы эс алуусуна өзгөчө көӊүл бурулуп, тийиштүү деӊгээлде уюштурулууда. Жайкы эс алууга камтылган балдардын жалпы саны 94 319 баланы түздү, 246 мектепте балдарга жайкы эс алуу лагерлери уюштурулду жана 10 294 бала  камтылды. 83 мектеп лагерлеринин алдында ысык-тамак уюштурулу, 3329 бала тамактанды.

Ошондой эле, июнь айында кружоктор менен 9756 бала алектенди, 5198 маданий массалык иш-чаралар жана 6067 спорттук иш-чаралар уюштурулду.

 

Район/шаар

 

Жайкы эс алуу боюнча жалпы камтылгын балдардын саны

(июнь айы)

Мектеп алдындагы лагерлердин саны

(июнь айы)

Мектеп алдындагы лагерлердеги балдардын саны (июнь айы) Ысык тамак уюштурулган мектеп алдындагы лагерлердин саны жана балдардын саны (июнь айы) Ысык-Көл облусунун жайкы лагерлерине барган жана бара турган балдардын саны

 

Жайында кружоктор менен алектенген балдардын саны

(июнь айы)

Уюштурулган маданий массалык иш-чаралардын саны (июнь айы) Уюштурулган спорттук иш-чаралардын саны (июнь айы)
1 Кемин 3630 29 2203 4/206 164 95 22 22
2 Чүй 784 21 784 16/650 - 821 85 85
3 Ысык-Ата 1893 43 43 13/624 54 1814 1 2
4 Сокулук 36 000 25 1585 25/624 - 1078 197 2737
5 Москва 2558 27 311 2/55 60 1172 4 615
6 Жайыл 17582 38 1486 1/50 2556 1586 4509 1884
7 Панфилов 3845 16 1872 1/30 133 1840 - 2
8 Токмок 622 10 660 10/660 50 900 40 40
9 Аламудун 27405 37 1350 11/430 111 450 340 680
  Баардыгы 94319 246 10294 83/3329 3128 9756 5198 6067

 

 

Маданият

Чүй облусунда жалпы – 396 маданий мекемелерде 818 кызматкер эмгектенет. Алар:

— 169 клубдук мекемелер, алардын ичинен 8 райондук клуб, 3 шаардык маданият үйү, калгандары айылдык клубдар, кызматкерлердин саны- 291.

— балдар музыкалык мектептер – 13, мугалимдер саны – 202.

— китепканалар – 210, китепканачылар саны – 305.

— музейлер – 4, кызматкерлердин саны – 20.

Чүй облусунда эки чыгармачылык жамаат Ш.Термечиков атындагы театры жана Чүй облустук камералык оркестри иш алып барат.

 

Клубдук мекемелерде 193 ийримдер иштейт,  катышуучулардын саны 2828. “Элдик наамын” алган коллективдер саны — 10 (катышуучулардын саны 236).

 

Маданий мекемелердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн бир катар чаралар көрүлүүдө.

2018-жылдын 1-жарым жылдыгында 7 маданий мекемесинде материалдык-техникалык база 709,7 миӊ сомго жаӊыланган.

 

Материалдык-техникалык базанын жаӊыланышы

 

Райондор мекеме

нин саны

суммасы

(миӊ.сом)

Эскертме
1. Аламүдүн 1 100 782 Райондук борбордошкон китепкана тарабынан Аламүдүн районуна караштуу бардык айыл аймактардагы  китепканаларга берилди.
 2. Жайыл 2 462 000 Ново-Николаевка айылдык маданият үйүнө отургучтар, жазуу столдору, жарык берүүчү шып алынды, Сосновка айылдык маданият үйүнө нойтбук алынды.
  3. Токмок ш. 4 146 966 Бардык маданият мекемелерине кеӊсе буюмдары, чарбалык буюмдар алынды.
Баардыгы 7

 

709 748

 

 

 

            2018-жылдын 1-жарым жылдыгында 10 маданият мекемесинде капиталдык оӊдоо-түзөө иштери жалпы суммасы 43630,0 миӊ сомго жүргүзүлүүдө. Каржылоо булагы боюнча республикалык бюджеттен 22400,0 миӊ сом, жергиликтүү бюджеттен 4335,0  миӊ сом жана башка булактардан 1689,0 миӊ сом каржыланууда.

(миӊ.сом)

Райондор Баардыгы Жерги

ликтүү бюджет

Респуб

ликалык бюджет 

Башка булактар
1 Кемин районундагы

С. Осмонов атындагы райондук маданият үйү

7 895,0

миӊ сом

- - 7 895,0

миӊ сом

2 Москва районунун

Садовое айыл аймагындагы «Колхозчулар Сарайы» маданият үйү

19500,0 миӊ сом 500,0 миӊ сом 19000,0миӊ сом -
3 Аламүдүн районунун Ала-Арча  айыл аймагындагы, Мраморный  айылдык клубу, китепканасы 465,0

миӊ сом

465,0  миӊ сом - -
4 Аламүдүн районунун Васильевка  айыл аймагындагы

Васильевка айылдык клубу

9 000,0   миӊ сом (АК“Аюу”)

 

- - 9 000,0   миӊ сом (АК“Аюу”)

 

5 Жайыл районунун Сосновка айыл аймагындагы Сосновка айылдык маданият үйү 1500,0

миӊ сом

- 1500,0 миӊ сом

(стим грант)

-
6 Сокулук районунун Кайназарова айыл аймагындагы Чат-Куль айылдык маданият үйү 2900,0

миӊ сом

 

1000,0 миӊ сом

 

1900,0 миӊ сом

(стим грант)

-
7 Ысык-Ата районунун Красная речка   айыл аймагындагы Красная речка айылдык маданият үйү 470,0

миӊ сом

 

470,0

миӊ сом

 

- -
8 Ысык-Ата районунун Юрьевка айыл аймагындагы Юрьевка айылдык маданият үйү 300,0

миӊ сом

 

300,0

миӊ сом

 

- -
9 Ысык-Ата районунун Кеӊ-Булун   айыл аймагындагы Кеӊ-Булун   айылдык маданият үйү 700,0

миӊ сом

 

700,0

миӊ сом

 

- -
10 Ысык-Ата районунун Интернационал айыл аймагындагы Интернационал айылдык маданият үйү 900,0

миӊ сом

 

900,0

миӊ сом

 

- -
  Баардыгы 43630,0

миӊ сом

4335,0  миӊ сом 22400,0 миӊ сом 1689,0 миӊ сом

 

Чүй облусунда 18 авариялык маданият үйлөр жана 13 капиталдык ондоо иштери талап кылынуучу маданият үйлөрү бар:

 

Райондун аталышы Маданият  үйлөрүнүн саны Кимдин балансында Авариялык маданият үйлөр Капиталдык ремонт керектелүүчү маданият үйлөр
1. Кемин 27 Жер. - -
2. Чүй 16 Жер. 4 1
3. Токмок 1 Жер. - -
4. Ысык-Ата 24 Жер. 1 2
5. Аламүдүн 16 15-жер.

1-РМΥ рес.

1 3
6. Сокулук 24 23 – жер.

1-РМΥ рес.

7 5
7. Москва 24 Жер. 4 2
8. Жайыл 23 Жер. - -
9. Панфилов 14 Жер. 1 -
  Баардыгы: 169   18 13

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы №72-б буйругу менен 2018-жылга 105 пунктан турган Юбилейлик иш-чаралар планынын ичинен 25 пункту (Эл аралык маанидеги юбилейлик иш-чаралар -2, Жалпы  Улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралар- 9,  Корпоративдик маанидеги юбилейлик иш-чаралар- 3,  Юбилейлик иш-чаралар -11) Чүй облусуна тийиштүү.

25 пункту ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буюрмасы менен 2018-жылы Чүй облусу боюнча юбилейлик иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы бекитилген.

Аткарылган иш-чаралар:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 28-февралындагы №47-б буюрмасы менен Чүй облусунда 3-март жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын Туу күнүнө карата  иш-чара планы бекитилип,  райондук  мамлекеттик администрациялар жана Токмок шаарынын мэриясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик мекемелерде, имараттарда  Кыргыз Республикасынын туусу, герби, гимини жаӊыртылып, оӊдоо-түзөө иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, Мамлекеттик туу күнүнө карата  Чүй облусунун билим берүү мекемелеринде “Тегерек столдор”  өткөрүлдү.   “Желбирей бер кызыл туум”, Желбиресин кыргыз туусу”, “Желбирей бер эркиндиктин желеги” аттуу иш чара облустун  бардык райондорунда  жогорку деӊгээлде өткөрүлдү;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 1-августундагы  “Чүй облусундагы 5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө” №189-б буюрмасынын негизинде, иш-чаралар планы бекитилген. Райондук мамлекеттик администрациялар жана Токмок шаарынын  мэриясы тарабынан  Ак калпак күнүнө арналган  2018-жылдын  5- мартында Москва районунун Беловодский айылындагы борбордук аянтында райондук мамлекеттик администрациянын кызматкерлери, райондук түзүмдүн кызматкерлери, ар улуттун өкүлдөрү, жергиликтүү калк катышкан 1000ден ашык адамдардын катышуусундагы жөө жүрүш  жогорку деӊгээлде өткөрүлдү. Облустун жалпы билим берүү тармактарында Ак калпак күнүнүн  26 жылдыгына карата   салтанаттуу линейкалар, тегерек столдор, класстык сааттар, ачык сабактар  өткөрүүлдү. Мындай иш-чара облустун бардык райондордо жана Токмок шаарынын мэриясы тарабынан  “Кара жорго” Флеш-моб бийлер, кечелер уюштурулду;

 2018-жылдын  6-мартында Аялдардын Эл аралык майрамына карата  205 айымдын катышуусунда  салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Чүй облусундагы айымдарга социалдык, экономикалык, кайрымдуулук, маданий, илимий, билим берүү, өндүрүштүк, укуктук, экологиялык, рухий жана башка коомго керектүү маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү максатында, “Сары–Өзөн айымдары” коомдук бирикмеси түзүлүп, төрайымы шайланды. Ошондой эле, салтанаттуу иш-чара чоӊ программадагы концерт менен коштолуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан 9 айымга “Кеменгер” Ардак белгиси жана 38 айымга “Ардак грамота” менен айымдар сыйланышты. Мындан тышкары, чакырылган айымдарга баалуу белектер  тапшырылды.

Ушундай эле иш-чаралар райондук мамлекеттик администрациясы жана Токмок шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулуп, чакырылган айымдарга баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана ардак грамоталар тапшырылган;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  2018-жылдын 16-мартындагы  “21-март Элдик Нооруз майрамын өткөрүү жөнүндө” №62-б буюрмасы  Кыргыз Республикасынын 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагында, Чүй облусунун райондорунда, шаарларында жана айыл аймактарында Элдик Нооруз майрамын өткөрүү максатында,райондук мамлектеттик администрациялар  жана Токмок шаарынын мэриясы тарабынан  Чүй облусунун райондорунун, айыл өкмөттөрүнүн жана шаарларынын  аймактарында Элдик Нооруз майрамына карата оюн-зоок иш-чаралары жеринде өткөрүлдү. Жогоруда аталган иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери жана Чүй облустук түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери бекитилген графиктин негизинде, райондорго, айыл өкмөттөрүнүн жана шаарларынын  аймактарындагы иш-чараларга катышып келишти. “Нооруз – күн менен түндүн жазгы теӊелүү күнү, жаӊы күн, жер жарылып чөп чыккан мезгил” аттуу темада майрадык театрлаштырылган кечелер, Ноорузда  салт болуп калган  улуттук каада-салттар, спорттук улуттук оюндар, концерттик программалар, ошондой эле облустун  бардык райондук китепканалар тарабынан “Бар бол Нооруз –жакшы тилек, жаркын маанай майрамы”  — аттуу темада китеп көргөзмөлөр облустун баардык райондорунда белгиленди;

— 2018-жылдын 27-мартында Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрында Эл аралык театр күнүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  2018-жылдын 23-мартындагы №70-б буюрмасы менен 30 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилип, Б. Кыдыкеева атындагы медаль, диплом жана 10 000 (он миӊ) сомдон акчалай сыйлыктар, ошондой эле Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын кызматкерине  “Кеменгер” Ардак белгиси тапшырылды;

— Чүй облусу боюнча Энелер күнүнө арналган иш чаралар өткөрүлдү. Энени урматтоо жана ардактоо, анын балдарды тарбиялоодогу, үй-бүлөөнү бекемдөөдөгү, коомду өнүктүрүүгө салым кошуудагы маанилүү ролун эске алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги №93 ПЖ “Кыргыз Республикасында Энелер Күнүн белгилөө жөнүндө” Жарлыгынын негизинде концерттик программалар даярдалып, белек тартулоо менен майрамдык иш-чаралар жер-жерлерде өткөрүлдү.

— “2018-жыл — Региондорду өнүктүрүү” жылынын алкагында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата элет элинин потенциалын жогорулатууга китеп окууда кызыгуу арттыруу менен алардын эстетикалык жана интеллектуалдык жактан ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү максатында 2018-жылдын 5-июнунан 5-июлуна чейин Чүй облусунда «Китеп Кербени» акциясы уюштурулду. Акцияга райондордун баардык китепканалары тартылды.

— Учурда III Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деӊгээлде даярдоо жана өткөрүү максатында райондук мамлекеттик администрация башчыларына жана Токмок шаарынын мэрине тиешелүү иштерди алып баруу жөнүндө тапшырма берилген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын көзөмөлүндө.

 

Дене тарбиясы жана спорт

Чүй облусунда 9 балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорттук мектеби, 2 олимпиадалык резервдеги балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорттук мектептери (СДЮШОР) иштешет.

Спорт курулмаларынын саны – 1281. Алардын негизгилери болуп стадиондор — 39, футболдук талаалар – 87, спорт залдар — 303, спорт аянтчалар — 594, спорттук комплекстер – 15, дене тарбияны чыӊдоо комплекси (ФОК) – 2 жана спорттук секциялар – 241.

2018-жылдын I-жарым жылдыгында массалык спорттук иш-чараларга спорттун түрлөрү боюнча мелдештерге 15 000 ден ашуун киши катышты.

Чүй облусунун спорттун түрлөрү боюнча курама командалары жана жеке спортчулары эл аралык, республикалык спорттук мелдештерге жигердүү катышып, татыктуу орундарга ээ болушту.

 

Чүй облусунун мектеп окуучулар арасында өткөрүлгөн спартакиаданын жыйынтыгы

2018-жылдын 1-мартынан 25-апрелине чейин спорттун 15 түрү боюнча (стол тенниси (балдар, кыздар), тогуз коргоол (балдар, кыздар), шахмат (балдар, кыздар),  грек-рим күрөшү,  эркин күрөш, күрөш,  үйрөтүү стандарттары, бокс, баскетбол (балдар, кыздар), волейбол (балдар, кыздар),  оор атлетика,  жеӊил атлетика,  кичи футбол,  ордо,  алыш) Чүй облусунун мектеп окуучулар арасындагы спартакиада өткөрүлдү.

Спартакиаданын жыйынтыгы менен райондордон жана Токмок шаарынан келген курама командалар төмөнкү орундарга ээ болушту.

 

Райондордун аталышы Жалпы командалык упай Орундар
1. Токмок шаары 142 1-орун
2. Жайыл 140 2-орун
3. Москва 134 3-орун
4. Чүй 115 4-орун
5. Сокулук 114 5-орун
6. Ысык-Ата 102 6-орун
7. Аламүдүн 92 7-орун
8. Кемин 72 8-орун
9. Панфилов 53 9-орун

 

Алдынкы орундарды Токмок шаарынын, Жайыл жана Москва райондорунун курама командалары ээледи, ал эми Аламүдүн, Кемин жана Панфилов райондорунун курама командалары төмөнкү көрсөткүчтөрдү көргөзүштү.

 

Республикалык мектеп окуучулар арасындагы спартакиаданын жыйынтыктары

2018-жылдын 3-майынан 14-майына чейин спорттун 15 түрү боюнча (баскетбол (балдар, кыздар), волейбол (балдар, кыздар), тогуз коргоол (балдар, кыздар), стол тенниси (балдар, кыздар), шахмат (балдар, кыздар),  футбол,  эркин күрөш,  грек-рим күрөшү,  бокс,  күрөш,  ордо, жеӊил атлетика,  оор атлетик,  алыш (балдар, кыздар),  үйрөтүү стандарттары) Кыргыз Республикасынын мектеп окуучулар арасында спартакиада өткөрүлүп, Чүй облусунан мелдешке 215 окуучу катышты.

Кыргыз Республикасынын мектеп окуучулар арасындагы спартакиадага Чүй облусунун курама командасы жигердүү катышып, 2-орунга ээ болду.

 

Региондордун

аталышы

Жалпы командалык упай Орундар
1. Бишкек шаары 139 1-орун
2. Чүй облусу 128 2-орун
3. Ысык-Көл облусу 122 3-орун
4. Жалал-Абад облусу 112 4-орун
5. Талас облусу 105 5-орун
6. Ош облусу 94 6-орун
7. Нарын облусу 61 7-орун
8. Баткен облусу 56 8-орун

 

“Дени сак улут – өнүгүп жаткан өлкө” аттуу ураандын алдында айылдык жаштардын арасында өткөрүлгөн облустук жана республикалык мелдештердин жыйынтыктары

2018-жылдын 12-майында “Дени сак улут – өнүгүп жаткан өлкө” аттуу ураандын алдында облустук мелдеш спорттун 8  түрү боюнча (тогуз коргоол (балдар, кыздар), кол күрөш, волейбол (балдар, кыздар), жеӊил атлетика, футбол, ордо, күрөш, таяк тартыш (балдар, кыздар) мелдеш өткөрүлүп, бул мелдешке 600 спортчу катышты.

Жыйынтыгында, райондордон келген курама командалар төмөнкү орундарга ээ болушту.

 

Райондордун аталышы Жалпы командалык упай Орундар
1. Аламүдүн 37 1-орун
2. Жайыл 39 2-орун
3. Москва 46 3-орун
4. Панфилов 47 4-орун
5. Сокулук 50 5-орун
6. Ысык-Ата 52 6-орун
7. Чүй 57 7-орун
8. Кемин 63 8-орун

 

2018-жылдын 28-майынан 2‑июнуна чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Дени сак улут – өнүгүп жаткан өлкө” аттуу ураандын алдында республикалык мелдешке  Чүй облусунан 102 спортчу катышып, мелдештин жыйынтыгында Чүй облусунун курама командасы 6-орунга ээ болду.

 

Эл аралык мелдештерде катышып, байгелүү оорундарга ээ болгон Чүй облусунун спортчулары:

— Алмаз уулу Чынгызхан 2018-жылдын 9-февралынан 11-февралына чейин Хорватия Республикасынын, Загреб шаарында кикбоксинг боюнча “KARLOVAC OPEN” Европанын Кубогуна катышып, 1-орунга ээ болду;

— Дүйнөлүк Кубогунун ээси, Дүйнөнүн коло медалисти, Эл аралык класстагы спорт чебери,  Чүй облусунун спортчусу Эсеналиев Кубаныч  2018-жылдын 24-январынан 30-январына чейин  Грузияда болуп өткөн эрежесиз мушташуу боюнча Дүйнөлүк Чемпионатка катышып, дүйнөлүк чемпион титулуна ээ болду;

— 2018-жылдын 2-мартынан 4-мартына чейин Кочкор-Ата шаарында “Нефтичи” спорттук комплексинде, К.Эргешовдун жаркын элесине арналган кадеттер арасында 2001-2003-жылдары төрөлгөн жаш өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча Эл аралык мелдешке Чүй облусунун спортчулары катышып, байгелүү орундарга ээ болушту;

—  Эрнис уулу Ильгиз 2018-жылдын 10-майынан 15-майына чейин Улан-Батыр шаарында (Монголия) самбо боюнча өткөн Азия чемпионатына катышып, 3-орунга ээ болду;

— 2018-жылдын 28-апрелинен 29-апрелине чейин Казахстан Республикасынын Алматы шаарынын “Дарабоз” спорт-комплексинде Мусабалин Уалихан жаркын элесине арналып 2003-2005, 2006-2007‑жылдары төрөлгөн өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча турнирге Чүй облусунун 10 спортсмендери катышып, жалпы команда боюнча 2‑орунга ээ болушту;

— 2018-жылдын 22-апрелинен 29-апрелине чейин Сонгхла шаарында (Тайланд) Печак силат боюнча юниорлор арасында өткөн Дүйнөлүк чемпионатка Пенсак силат боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү, Панфилов районунун тургундары Тулебеков Бекжан Болотбекович жана Адылбекова Адина Максатбековна катышышып, экөө теӊ 3-орунга ээ болушту;

— Панфилов районунун спортсмени Кадырбеков Рамазан Маратович 2018-жылдын 3-апрелинен 9-апрелине чейин Казахстан Республикасынын Шымкент шаарында «Алтын Мерген» ок атуу боюнча өткөн Эл аралык турнирге катышты;

— 2018-жылдын 4-майынан 6-майына чейин Казахстан Республикасынын Алматы шаарында Жеӊиш күнүнө карата “Рухани Жангыру” программасынын алкагында күжүрмөн самбо жана самбо боюнча өткөрүлгөн Республикалык ачык турнирге Чүй облусунун курама командасы (10 спортчу) катышкан.

 

Чүй облусунда өткөрүлгөн мелдештер:

— Аламүдүн районунун Арашан айылында 2018‑жылдын 7-9-апрелинде 2002-2003-жылдары, 2005-2006-жылдары төрөлгөн жаш өспүрүм балдар арасында дзюдо боюнча 2010-жылдагы “7‑апрель Элдик баатырлардын” элесине арналып, жыл сайын өтүлүүчү Эл аралык мелдешке 700 спортчу катышып, Чүй облусунун курама командасы, жалпы командалык эсеп боюнча боюнча 1-орунга ээ болушту;

— Сокулук районунун Шопоков шаарында 2018‑жылдын 16‑мартынан 18-мартына чейин 2003-2005-жылдары, 2006-2008-жылдары төрөлгөн жаш өспүрүм балдар арасында самбо боюнча “Жангарач Бийдин Кубогу” эл аралык мелдешке 500 спортчу катышып, Чүй облусунун курама командасы, жалпы командалык эсеп боюнча 1-орунга ээ болушту;

— 2018-жылдын 4-майынан 7-майына чейин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиш күнүнө карата Москва районунда гандбол боюнча айыл аймактардагы жаштар арасында Эл аралык мелдешке 50 спортчу катышкан;

— 2018-жылдын 21-мартынан 25-мартына чейин Токмок шаарында “Нооруз” майрамына арналган 2000-2001-жылдары төрөлгөн жаш өспүрүм кыздар арасында волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын VIII Чемпионатына Чүй облусунан 12 спортчу катышкан;

— 2018-жылдын 24-майында Ысык-Ата районунун Кеӊ-Булун айылында чек ара күнүнүн өткөрүү жана регионду өнүктүрүү жылына арналып спорт түрүү боюнча мелдешке 200 спортчулар катышкан.

 

Чүй облусунун спортчуларынын республика ичинде мелдештерге катышуусу:

—  2018-жылдын 24-25-февралында мектеп окуучулар  арасында таяк-тартыш боюнча Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өткөн ачык биринчиликке Чүй облусунан 10 спортчу катышты;

— 2018-жылдын 5-9-апрелинде Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында күжүрмөн самбо жана самбо боюнча Кыргыз Республикасынын Чемпионатына Чүй облусунан 17 спортчу катышты;

— 2018-жылдын 11-12-апрелинде Бишкек шаарында 2010-жылдагы “7-апрель Элдик революциясынын” күнүнө карата чоңдор жана жаштар арасында эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын Чемпионатына Чүй облусунан 30 спортчу катышты;

— 2018-жылдын 18-22-апрелинде Талас шаарында СССРнын спорт чебери “Анатай Ибраимовдун” жаркын элесине арналган  жеңил атлетика боюнча республикалык мелдешке Чүй облусунан 12 спортчу  катышты;

— 2018‑жылдын 25-27-майында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында Эл аралык класстагы спорт чебери “Осмонов Жанболоттун” жаркын элесине арналып, 2000-2005-жылдары төрөлгөн жаш өспүрүмдөр арасында күрөш боюнча Эл аралык мелдешке Чүй облусунан 10 спортчу катышты;

— 2018-жылдын 26-29-апрелинде Талас облусунун Талас шаарында Улуу жазуучу Ч.Т.Айтматовдун элесине арналып Эл аралык кармашып урушуу боюнча мелдешке Чүй облусунан 10 спортчу катышып, жалпы командалык эсеп боюнча 2-орунга ээ болушту;

— 2018-жылдын 22-27-июнунда Ысык-Көл облусунун Чоӊ-Сары-Ой айылында “Жемчужина Кыргызстана” Эл аралык уруш боюнча фестивалга Чүй облусунан 6 спортчу катышып, жалпы командалык эсеп боюнча 3-орунга ээ болушту.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан Чүй облусунун жаш спортчуларына финансылык колдоо көрсөтүлүп келүүдө.

2018-жылдын 1-жарым жылдыгында спорчулардын мелдештерге катышууга көмөк көрсөтүү максатында, 60,0 миӊ сом жана спорт мелдешин өткөрүү үчүн 20 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында, ар бир айылда заманбап бош убакытты өткөрүүчү спорттук борборлорду түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жана ошондой эле, Чүй облусунун жаштарын дене тарбия жактан активдүүлүгүн күчөтүү, жергиликтүү деӊгээлде спорттун түрлөрүн кеӊири жайылтуу жана өнүктүрүү максатында, 2018-жылдын I-жарым жылдыгында 9 спорттук объект 16 млн 578 миӊ сомго курулуп, эксплуатацияга берилди:

1) Кемин районунун Боролдой айылына кичи-футбол аянтчасы республикалык бюджеттин эсебинен 2,0 млн.сомго курулган;

2) Кемин районунун Алмалуу айыл аймагынын Кызыл-Суу айылына “Кемин районунун өнүктүрүү фонду” аркылуу 3 млн. 400 миң сомго кичи-футбол аянтчасы курулган;

3) Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагынын Джер-Казар айылына республикалык бюджеттин эсебинен 2 млн. 200 миӊ сомго кичи-футбол аянтчасы курулган;

4) Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылына Гуд Нейборс коомдук уюмунун эсебинен 3 млн 400 сомго (50,0 миӊ долларга) спорттук зал курулган;

5) Сокулук районунун Гавриловка айыл аймагына демөөрчүлөрдүн жардам менен 430,0 миӊ сомго спорттук зал курулган;

6) Сокулук районунун Төш-Булак айыл аймагынын Тош-Булак айылына жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен 648,0 миӊ сомго футбол талаасы курулган;

7) Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын Кепер-Арык айылына спорттук зал (эски клуб ремонттолду) калктын акча каражаты менен 300,0 миӊ сомго курулган;

8) Москва районунун Бала-Айылчы айылына спорттук зал (мончо ремоттолду) калктын акча каражаты менен 200,0 миӊ сомго курулган;

9) Жайыл районунун «Манас» спорт комплексинде 2-кичи футбол аянтчасы Кара-Балта шаарынын бюжеттинин эсебинен 4,0 млн. сомго курулган.

 

Мындан тышкары, Чүй облусунда 12 спорт объектилери курулууда.

Мекеменин аталышы Каржылоо булагы (миӊ сом) Жалпы суммасы

(миӊ сом)

Эксплуатацияга берүү мөөнөтү
Ж/Б Р/Б Башка булактар

(кайсы булактан)

Чүй району
1 Кегети айыл аймагынын Кегети айылында спорт-комплекс - 19 400,0 - 19 400,0 2019-жыл
2 Кегети айыл аймагынын Кегети айылында кичи-футбол

аянтчасы

476,0 2 009,0 (стим. грант)

 

 

- 2 485,0

 

2018-жыл

 

3 Искра айыл аймагынын Кара-Добо айылында кичи-футбол аянтчасы 665,0 2 326,0 (стим. грант) - 2 991,0 2018-жыл
4 Онбир-Жылга айыл аймагынын Прогресс айылында кичи-футбол аянтчасы 665,0 1 869,0 (стим. грант) - 2 534,0 2018-жыл
5 Шамшы айыл аймагынын Шамшы айылында кичи-футбол аянтчасы 716,6 1 817,7 (стим. грант) - 2 534,3 2018-жыл
Ысык-Ата району
6 Логвиненко айыл аймагынын Новопокровка айылында спорт боюнча балдар үчүн машыгуу комплекси

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Логвиненко

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

а/а

- - “Дордой” ЖЧК А.Салымбеков

38 000,0

 

38 000,0

 

 

 

2018-жыл
7 Логвиненко  айыл аймагынын Чоӊ-Далы айылында спорт- комплекс - 1 500,0

(стим. грант)

- 1 500,0

 

2018-жыл
Сокулук району
8 Крупская атындагы   айыл аймагынын Сокулук айылында

кичи-футбол талаасы

- - ФИФА

4 760,0

(70,0 миӊ долл.)

4 760,0 (70,0

миӊ долл.)

2018-жыл
9 Гавриловка айыл аймагынын Жыламыш   айылында        спорт-комплекс 2 230,0 2 230,0
Москва району
10 Сретенка  айыл аймагынын Большевик айылында спорт зал

 

- - Жеке ишкер

3 000,0

3 000,0 2019-2020–жж.
11 Александровка айыл аймагынын Беш-Көрүк айылында кичи-футбол талаасы

 

846,0 1 604,8 (стим. грант) - 2 450,8 2018-жыл
Панфилов району
12 Курама айыл аймагынын Панфилов айылында  спорт-комплекс «Айкол строительны» ЖЧК

13000,0

13 000,0 2018-жыл
Баардыгы: 94 млн 884 миӊ сом

 

Саламаттыкты сактоо

Чүй облусу боюнча 320 мекеме саламаттыкты сактоо боюнча кызматты көргөзөт.

Облус боюнча 1264 дарыгер (2017-жылы — 1302), 3102 (2017-жылы — 3102) орто билимдүү медициналык билими бар кызматкерлер эмгектенет.

Чүй облусу боюнча 2018-жылдын I-жарым жылдыгында тейленген калктын саны – 987 251 (2017-ж. – 982 728) адам.

 

Негизги  демографиялык көрсөткүчтөр

2018-жылы I-жарым жылдыгында 10 385 бала төрөлгөн (2017-ж. – 9900), төрөлүүнүн көрсөткүчү калктын 1000ине – 42,7  (2017-ж. – 23,4) 82,5 % өскөн. Каза болгондордун саны 2772 (2017-ж. — 1401). Каза болгондордун көрсөткүчү 11,4 (2017-ж. – 5,9), 93,2 өскөн. Калктын табигый өсүүсү 1000ге – 31,3 (2017-ж. — 17,5), 78,9% өскөн.

 

Райондордун аталышы Калктын санын 1000ине төрөлгөндөр ( % )                      өзгөрүү Калктын санын 1000ине өлгөндөр ( % )                      өзгөрүү Калктын санын 1000ине табигый сүү (%)                      өзгөрүү
2017 2018 2017 2018 2017 2018
Чуй облусу: 23,4 42,7 82,5 5,9 11,4 93,2 17,5 31,3 78,9
Токмок ш. 23,6 42,3 79,2 7,2 11,8 63,9 16,4 30,5 86,0
Аламүдүн 36,8 46,8 27,2 4,1 11,1 170,7 34,1 35,7 4,7
Жайыл 18,2 35,4 94,5 5,5 11,5 109,1 46,8 23,9 -48,9
Кемин 20,1 37,3 85,6 8,6 15,1 75,6 58,3 22,2 -61,9
Москва 22,1 51,1 131,2 5,5 13,5 145,5 74,9 37,6 -49,8
Панфилов 12,8 41,3 222,7 6,4 10,5 64,1 81,3 30,8 -62,1
Сокулук 19,0 41,2 116,8 4,1 9,7 136,6 14,5 31,5 117,2
Чүй 31,9 37,8 18,5 4,6 8,8 91,3 71,2 29,0 27,3
Ысык-Ата 21,2 44,7 110,8 7,5 12,2 62,7 13,7 32,5 137,2

 

Наристе өлүмү

1 жашка чейинки балдардын өлүмүнүн саны 106 (2017-ж. — 114), 1000ге – 10,2 (2017-ж. — 11,5), 11,4% төмөндөгөн. Ысык-Ата, Панфилов жана Чүй райондорунда өсүү байкалган. Калган райондордо наристе өлүмүнүн көрсөткүчү төмөндөгөн.

 

Чүй облусундагы наристелердин өлүмдүүлүгү

 

Райондун аталышы

 

1 жашка чейинки өлгөндөр (абс) Тирүү төрөлгөндөр  (абс) 1000 төрөлгөнгө ( % )                      өзгөргөнү

 

2017 2018 2017 2018 2017 2018
Облус боюнча: 114 106 9900 10385 11,5 10,2 -11,4
Токмок шаары 6 5 743 722 8,1 6,9 -14,2
Аламүдүн 38 29 2624 1974 14,5 14,7 - 1,4
Жайыл 19 13 1092 1149 17,4 11,3 - 35,0
Кемин 2 2 204 473 9,8 4,2 - 56,9
Москва 16 9 1040 1300 15,4 6,9 - 55,0
Панфилов 2 6 290 506 6,9 11,9 + 71,9
Сокулук 13 11 1550 2033 8,4 5,4 - 35,5
Чүй 11 8 842 545 13,1 14,7 + 12,4
Ысык-Ата 7 23 1515 1683 4,6 13,7 +3 эсе көбөйдү

 

Энелердин өлүмү

2018-жылдын I-жарым жылдыгында 1 учур эне өлүмү катталган (Кемин району) (2017-ж. – 4), көрсөткүч 10,4 (2017-ж. — 42,2).

 

Райондорун аталышы Өлгөн

абсолюттук сан

2017 2018
Облус боюнча: 4 1
Токмок шаары 0 0
Аламүдүн 0 0
Жайыл 0 0
Кемин 0 1
Москва 0 0
Панфилов 1 0
Сокулук 2 0
Чүй 0 0
Ысык-Ата 1 0

 

Төрөттөн каза болгон Жусубалиева Роза Азимжановна 41 жашта, Чүй айылынын Бригадная №2 дарегинин жашоочусу, катталган жери Кемин районунун Орловка шаары. Каттоого кош бойлуулуктун 12 жумасында турган, дарыгердик кароосуна 5 жолу келген, антенаталдык кароо КР ССМиде бекитилген клиникалык жолдор аркылуу жүргүзүлгөн.

Жусубалиева Р.А. 20.12.2017-ж. 14:30 минутада 32 жума кош бойлуулук диагнозу менен Чүй облустук төрөт үйүнө келип түшкөн. 2018‑жылдын  11-январында консилиум болуп, операция жасалган. 2018‑жылдын 15-январында патология бөлүмүндө анестезиолог дарыгери тарабынан кароо жүргүзүлгөн. Көрсөтүлгөн кайра жандандыруу боюнча иш-чараларга карабастан 2018-жылдын 20-январында саат 05.00  биологиялык өлүм болуп, соттук-медициналык изилдөө жүргүзүлгөн.

 

Калктын инфекциялык оорулар

2018-жылдын I-жарым жылдыгында облусу боюнча 23 661 учур инфекциялык оорулар катталды, ал эми  былтыркы 2017-жылдын ушул мезгилинде  22 469 учур каталып салыштырмалуу 5,3% өсүү байкалган.

Облус боюнча былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  ичеги карын жугуштуу оорулар 24,1%, вирустук гепатиттер 5,9%, эхинококкоз 45,4%, ветряная оспа 50,3 % өсүү байкалган жана 64 учур кызамык катталган.

Ичеги карын жугуштуу оорулар боюнча эпидемиологиялык абал туруксуз болуп, бул айрыкча: Аламүдүн районунда  438 (257,7%), Жайыл районунда 299 (235,5%), Чүй районунда 157 (283,0%)  жана  Токмок шаарында 178 (259,9%) каталды. Бул райондордун көрсөткүчтөрү облустук орточо көрсөткүчтөн 170,9% жогору болгон.

Ал эми, эхинококкоз боюнча Аламүдүн, Жайыл жана Чүй райондорунун көрсөткүчтөрү облустук көрсөткүчтөн жогору болгон.

2018-жылдын I-жарым жылдыгында ветряная оспа боюнча эпидемиологиялык кырдаал курч болуп, облус боюнча 1592  учур  (163,1%)  ветряная  оспа катталды. Бул негизинен Сокулук, Жайыл, Кемин райондорунда  жана  Токмок шаарында  каталган. Бул райондордун көрсөткүчтөрү облустук орточо көрсөткүчтөн 107,9% жогору болгон.

Кызамык боюнча эпидемологиялык кырдаал Сокулук районунда — 23, Аламүдүн районунда — 18, Ысык-Ата  районунда — 9 жана  Токмок шаарында — 8, Чүй районунда —  4, ал эми Жайыл жана Москва райондорунда бир учурдан каталган.

2018-жылдын 1-июлуна ВИЧ-инфекциясы менен 2430 адам катталган.

 

ВИЧ-инфекциясына чалдыккан адамдар боюнча

 

 

 

Район Кумулятивдик саны

(эркек/аял)

2017-жылы

Салыштырма

салмак  %

 

Кумулятивдик саны                       (эркек/аял)

2018-жылы

Салыштырма

салмак  %

1. Сокулук 581 (423/158) 27,0 654 (471/183) 26,9
2. Ысык-Ата 420 (286/134) 19,4 466 (316/150) 17,9
3. Жайыл 384 (277/107) 16,0 433 (306/127) 15,8
4. Москва 268 (197/71) 17,8 304 (217/87) 11,6
5. Аламүдүн 220 (149/71) 10,2 238 (161/77) 9,5
6. Токмок ш. 147 (101/46) 6,8 168 (113/55) 6,9
7. Панфилов 60 (44/16) 2,8 68 (49/19) 2,8
8. Чүй 50 (37/13) 2,3 64 (44/20) 2,6
9. Кемин 30 (17/13) 1,4 35 (19/16) 1,2
Облус боюнча: 2160   (1531/629) 2430 (1696/734)

 

Чүй облусу боюнча ВИЧ-инфекциясы бардык жеринде эле катталат. Бирок,  Сокулук,  Ысык-Ата, Жайыл, Москва жана Аламүдүн райондорунда көбүрөөк.

 

14 жашка чейинки балдар арасында ВИЧ-инфекциясын менен катталгандар

 

Жашы Кумулятивдик саны                   (2017-ж. 6 айы) % Кумулятивдик саны          (2018-ж. 6 айы) %
14 жашка чейин 22          (2) 1,0 28          (2) 1,1

 

14 жашка чейинки балдар арасында ВИЧ-инфекциясы 28 балада катталган. Алардын ичинен: 1 учур Ысык-Ата районунда оорукана ичинен жуккан, 24 учур вертикалдык түрдө, 3 учурдун берилүү жолу такталган эмес.

Кургак учук

2018-жылдын I-жарым жылдыгында баардыгы 649 оорулу, ал эми салыштырмалуу 2017‑жылы 655 оорулу катталган. Кургак учуктун көрсөткүчү – 100 000 адамга 71,0% адам туура келди, ал эми 2017-жылы 655 оорулу катталып, көрсөткүч 71,7% болгон.

2018-жылдын I-жарым жылдыгында өлгөндөрдүн жалпы саны 28, көрсөткүч 3,1 болгон  (2017–жылы 40, 4,4%).

Кургак учук менен 2018-жылдын I-жарым жылдыгында каза болгон балдар жана өспүрүмдөр катталаган жок.

 

2018-жылдын I-жарым жылдыгында кургак учук менен оругандардын жана кургак учуктан өлгөндөрдүн

эпидемиологиялык көрсөткүчү, 2017-жылга салыштырмалуу

 

Район Көрсөткүч Өлүмдүүлүк
Абсолюттук сандар 100 000

калкка

Абсолюттук сандар 100 000

калкка

2018 2017 2018 2017 2018 2017 2018 2017
Облус  боюнча: 649 655 71,0 71,7 28 40 3,1 4,4
Токмок ш. 49 38 78,4 60,8 3 1 4,8 1,6
Аламүдүн 80 108 45,8 61,8 4 8 2,3 4,6
Жайыл 65 85 61,5 80,4 5 6 4,7 5,7
Ысык-Ата 137 118 93,3 80,4 2 3 1,4 2,0
Кемин 30 29 64,8 62,7 2 4 4,3 8,6
Москва 71 67 74,2 70,0 2 2 2,1 2,1
Панфилов 32 42 70,3 92,3 1 3 2,2 6,6
Сокулук 149 123 81,8 67,5 7 12 3,8 6,6
Чүй 36 45 66,7 83,4 2 1 3,7 1,9

 

Кадр маселеси

Учурда Чүй облусу боюнча саламаттыкты сактоо мекемелеринде 168 дарыгер жетишпейт (кардиолог, эндокринолог, педиатр, терапевт, акушер-гинеколог, инфекционист, офтальмолог, анестезиолог-рениаматолог, иммунолог, неонетолог ж.б.), анын ичинен 10 дарыгер ооруларды алдын алуу санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна (эпидемиолог, лаборант, дезинфекционист, энтомолог, иммунолог ж.б.).

Жаш адистерди тартуу боюнча бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Мисалы, 2018-жылдын 24-майында И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында клиникалык ординатура жана интернатура бүтүрүүчүлөрү менен жолугушууга жумуш жарманкесине Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору катышып, облустун саламаттык сактоо мекемелерине муктаждык болуп жаткан адистер боюнча жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлө турган жардамдар боюнча презентация көрсөтүлгөн.

Бирок, райондук мамлекеттик администрациялардын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан саламаттык сактоо кызматкерлерине алгылыктуу жардам көрсөтүлбөйт. Болгону профессионалдык майрамында гана көӊүл бурулат. Бул жагдай жаш жана кесипкөй адистердин аймактарда иштөө кызыгын арттырбайт.

 

Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында саламаттык сактоо мекемелерин өнүктүрүү, жергиликтүү калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле саламаттык сактоо мекемелерин реконструкциялоо максатында, 9 саламаттык сактоо мекемелеринде капиталдык оӊдоо-түзөө иштери жүргүзүүлүдө:

 

Мекемелердин аталышы Жерги

ликтүү бюджет

Респуб

ликалык бюджет

Башка булактар

 

Жалпы

 

Кемин району
1 Кемин райондук аймактык ооруканасы - 14 800,0

миң сом

- 14 800,0

миң сом

Сокулук району
2 Новопавловка үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу 3 800,0

миӊ сом

- - 3 800,0

миӊ сом

Москва району
3 Ак-Суу айыл аймагынын Темен-Суу айылындагы №7  Үй-бүлөлүк дарыгерлер  тобу 638,0

миӊ сом

912,0

миӊ сом

(дем берүүчү грант)

 

- 1 550,0

миӊ  сом

Жайыл району
4 Степное айылынын үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобу 400,0

миӊ сом

- 1 300,0

миӊ сом (АРИС)

1 700,0

миӊ сом

5 Ново-Николаевка айылынын үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобу 700,0

миӊ сом

- - 700,0

миӊ сом

6 Жайыл райондук бириккен аймактык ооруканасы

(хирургия, балдар, кардиология бөлүмдөрүндө, лифт)

- 756,8

миӊ сом

1 166,0

миң сом

Швейцария долбоору (ФОР)

 

1 922,8

миӊ сом

Панфилов району
7 Жалпы дарыгерлик практикалык борбору

(жүк ташуу лифт 4млн 574 080 сом)

- 4 574,0

миӊ сом

302,7

миӊ сом Швейцария долбоору (ФОР)

 4 876,7

миӊ сом

Токмок шаары
8 Токмок аймактык ооруканасы

(кардиология бөлүмүндө)

- - Турция ѳкмѳтүнүн «Тика» гранты 82 миң АКШ доллары

(5 млн. 576 миӊ сом)

9 Токмок шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору

(чатыры жабылды)

150,0

миӊ сом

689,6

миӊ сом

133,9

миӊ сом демөөрчүлөрдүн эсебинен

973,5

миӊ сом

Баардыгы: 35 млн 899 миӊ сом

 

Мындан тышкары, жыл ичинде 3 саламаттык сактоо объекттеринин жаӊы имараттарынын ачылышы күтүлүүдө:

 

Мекеменин аталышы Каржылоо булагы Жалпы суммасы Эксплуатацияга берилген мөөнөтү
Ж/Б Р/Б Башка булактар

(кайсы булактан)

Жайыл району
1. Кызыл-Дыйкан айыл аймагындагы Петропавловка айылына үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобун куруу - - Ас-Салам фонду 3 000,0 миӊ сом 2018-жылдын август-сентярь айлары
2. Сары-Булак айыл аймагынын Сары-Булак айылына фельдшер-акушердик пункт куруу - - АРИС 2 700,0 миӊ сом 2018-жылдын сентябры
Панфилов району
3. Орто айыл аймагынын Букара айылына фельдшер-акушердик пункт куруу - - АРИС 2 300,0 миӊ сом 2018-жылдын

ноябрь-декабрь айлары

Баардыгы: 8 млн сом

 

2017-жылы Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Арашан айылындагы жалпы дарыгерлик практикалоо борборунун курулушу аяктап, курулуш иштерине 48,3 млн. сом каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Бирок, имаратты курууда кемчилик кетирилгендигине (чатыр, жылытуу система, суу насосу ж.б.) жана суу менен камсыздоо боюнча көйгөй болгонуна байланыштуу, имарат эксплуатацияга берилген эмес.

Бул маселени чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жана Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына каттар жөнөтүлгөн. Бирок, дагы эле көйгөйлөр толугу менен чечиле элек.

 

Социалдык коргоо жана пенсиялык камсыздоо

 

Мамлекеттик  жөлөкпулдар

2018-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен мамлекеттик социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 16 786 адамды түздү, өткөн жылга салыштырмалуу 775 адамга көбөйгөн (2017-жылы 16011 адамды түзгөн). Мунун себеби, балдардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү менен туулгандыгы, миграциялык агымдын өсүшү ж.б.

2018-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул алуучулардын саны 1050 үй-бүлөнү түздү, өткөн жылга салыштырмалуу 396 үй-бүлөөгө азайган (2017-жылы 1446 үй-бүлө болгон).

Район ЕПМС ЕСП (адам) % 2017-жылдын ушул мезгилине карата (адам) 2018-жылы      каржыланды

(миӊ.сом)

2017ж. 2018ж.
адам үй-бүлө адам үй-бүлө 2017-ж 2018-ж ЕПМС ЕСП ЕПМС ЕСП
Кемин 698 210 376 108 840 845 53,8 100,6 2464,6 11670,3
Чуй 438 119 241 62 1108 1175 55,0 106,0 126,4 2398,6
Ысык-Ата 465 133 504 138 2777 2787 108,3 100,4 4700 33095,0
Аламудун 785 201 373 101 2205 2471 47,5 112,0 2713,9 32086,9
Сокулук 559 164 364 101 2755 2995 65,1 108,7 946,4 19252,0
Москва 171 50 199 59 1695 1725 116,4 101,8 2121,3 23277,2
Жайыл 971 306 894 272 2503 2620 92,1 104,6 6450,2 33941,7
Панфилов 643 186 484 137 949 985 75,2 104,2 3529,0 12435,0
г.Токмок 260 77 167 72 1179 1183 64,2 100,3 772,9 9609,3
Баардыгы 4990 1446 3602 1050 16011 16786 72,1 104,8 23824,7 177766

 

Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттен 201591,7 миӊ сом акча каражаты бөлүнгөн.

 

Чүй облусу боюнча 2018-жылдын 1-жарым жылдыгына жеӊилдиктердин ордуна акчалай компенсация алган кишилердин саны 9336 адамды түздү, (2017-жылдын 1-жарым жылдыгына салыштырмалуу 301 адамга аз).

 

 

Женилдиктер категориясы компенсациянын өлчөмү Женилдиктердин ордуна акчалай компенсация алгандар
 2017-ж.  2018-ж.
адам адам
1 Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары 7000 31 29
2 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары 7000 50 34
3 КР, СССРдин  баатырлары 7000 0
4 Концлагерлердин жашы жетелек  туткундары 7000 3 3
5 Ленинграддын блокадниктери 7000 6 6
6 СА майыптары 7000 159 151
7 Интернационалист майыптар 7000 94 93
8 ЧАЭС майыптары 7000 125 121
9 Интернационалист катышуучулар 6000 1074 1051
10 1986-1987-ж.ж. ЧАЭС катышуучулары 2500 24 26
11 Майыптыгы менен тылдагы эмгекчилер 2000 53 37
12 Трудармейецттер 2000 9 4
13 Реабилитация жарандары 1500 2363 2394
14 1988-1989-ж.ж. ЧАЭС катышуучулары 1000 4 3
15 ЧАЭС катышуучуларынын үй-бүлөлөрү жана майыптардын өлүмү 1000 95 95
16 ЧАЭС катышуучуларынын 18 жашка чейинки балдары 1000 117 122
17 Тылдагы эмгекчилер (майыптыгы жок) 1000 172 127
18 Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчылардын үй-үлөлөрү 1000 16 15
19 Курман болгон ИИБ кызматкерлеринин  үй-бүлөлөрү 1000 35 34
20 Курман болгон аскер  кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү 1000 45 43
21 Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын жесирлери 1000 191 178
22 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын  жесирлери 1000 430 355
23 Ленингра блокадасынын жесирлери 1000 1
24 Ардактуу донорлор 1000 440 431
25 Азиздер жана дүлөйлөр  майыптары 1000 3952 3852
26 18 жашка чейинки азиздер жана дүлөйлөр  майыптары 1000 148 132
  Бардыгы:   9637 9336

 

Чүй облусунда 28319 мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт. Алардын ичинен:

-18 жашка чейинкилер – 4239;

— бала кезинен 1,2,3 топтогу майыптар – 5453;

— жалпы оорусунан 1,2,3 топтогу майыптар — 18627.

 

Турмуштун кыйын кырдаалында жашаган үй-бүлөөлөргө берилген турак жайлар тууралуу маалымат

2018-жылдын март айында “Ас-Салам” Кувейт фондунун долбоору менен Москва районунун Сретенка айылында 10 (26 бала) үй-бүлөгө үй курулуп берилди.

 

Ɵспүрүмдөр арасында өз өмүрүнө кол салуу

2018-жылдын февраль айында “Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун, аларга карата зомбулуктардын, суицидтерди алдын алуу боюнча ички иштер органдарынын, билим берүү мекемелеринин жана жергиликтүү бийликтин иш-аракеттери жөнүндө” маселеси Чүй облусунун укук коргоо органдарынын координациялык кеңешинин отурумунда каралып, тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жаш өспүрүмдөр арасындагы өз өмүрүнө кол салуу фактыларын  алдын алуу боюнча чара көрүү үчүн тапшырмалар берилген.

Ошондой эле, 2018-жылдын 13-июнунда Чүй облусунун билим берүү тармагындагы координациялык кеңештин жыйынында “Жаш өспүрүмдөр арасында суицидди алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” маселеси каралып, тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө өспүрүмдөр арасында өз өмүрүнө кол салууну алдын алуу тууралуу чара көрүү тапшырмалары берилген.

Райондук мамлекеттик администрациялардын жана Токмок шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, ошондой эле иштер жер-жерлерде да жүргүзүлгөн.

Жаш өспүрүмдөр арасында суицидди алдын алуу чаралары өзгөчө көзөмөлдө болгонуна карабастан, учурда Чүй облусу боюнча жаш өспүрүмдөр арасында өз өмүрүнө кол салган учурлар көбөйүүдө.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2018-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча өз өмүрүнө кол салган 31 учур катталган, анын ичинен 13 бала көз жумган, 18 бала аман калган.

Төмөнкү таблицада көрсөтүлгөндөй, өзгөчө көп учурлар Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Ысык-Ата райондорунда катталууда.

 

2018-жылдын 6 ай ичинде өз өмүрүнө кол

салган  жаш өспүрүмдөр тууралуу маалымат

Район Өз өмүрүнө кол салгандар эркек кыз Каза болгондор эркек кыз Аман калгандар эркек кыз
2018 2017 2018 2017 2018 2017
1 Кемин - 2 - 2 - -
2 Чүй 1 - - 1 - - - - 1 - - 1
3 г.Токмок 2 - - 2 - - - - 2 - - 2
4 Ы-Ата 6 - 2 4 4 - 2 2 2 - - 2
5 Аламудун 3 6 1 2 1 2 1 2 4 1 1
6 Сокулук 6 4 2 4 3 2 2 1 3 2 - 3
7 Москва 6 2 1 5 2 1 1 1 4 1 - 4
8 Жайыл 4 2 2 2 1 1 1 - 3 1 1 2
9 Панфилов 3 - 1 2 2 - 1 1 1 - - 1
10 Баардыгы 31 16 9 22 13 8 7 6 18 8 2 16

 

2017-жылы 16 бала өз өмүрүнө кол салгандан каза тапкан, 2018‑жылдын 6 айдын ичинде 13 бала тилеке каршы каза тапты.

Каза тапкандардын өз өмүрүнө кол салгандыгынын себептерине токтолсок:

  • 7- ата-энеси менен урушкандыгы үчүн;
  • 5- белгисиз себептер менен;
  • 1- каза болгон атасын сагынгандыгынан деп табылган.
Район Өз өмүрүнө кол салгандар
2017-жылдын жыйынтыгы менен 2018- жылдын

3 айдын жыйынтыгы

2018-жылдын

6 айдын жыйынтыгы

Кемин 2 - -
Чүй - 1 1
Токмок ш. 3 1 2
Ысык-Ата 5 2 6
Аламүдүн 7 1 3
Сокулук 6 2 6
Москва 10 4 6
Жайыл 8 2 4
Панфилов 1 1 3
Баардыгы: 42 14 31

Жаш өспүрүмдөргө карата зомбулук жана сексуалдык мүнөздө жасалган кылмыштар

Жаш өспүрүмдөргө карата сексуалдык мүнөздө жасалган аракеттер боюнча баардыгы болуп 65 факт катталып, анын ичинен 20 факт боюнча кылмыш иши козголгон (сотко жиберилген – 13, токтотулган -1, өндүрүштө — 6).

Калган материалдардын ичинен: 29 материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган, бөлөк органга жиберилген — 7 материал, өндүрүштө — 10.

Балдарга карата зомбулук мамиле кылуу боюнча 11 факт аныкталган, анын ичинен 4нө иш боюнча кылмыш иши козголгон.

Райондун аталышы Сексуалдык мүнөздө жасалган кылмыштар Балдарга карата зомбулук мамиле кылуу боюнча аныкталган  фактылар
Кемин 1 4
Чүй 2 -
Токмок ш. 8 -
Ысык-Ата 7 1
Аламүдүн 20 1
Сокулук 11 4
Москва 7 1
Жайыл 5 -
Панфилов 4 -
Баардыгы: 65 11

 

Пенсиялык камсыздоо

Чуй облусу боюнча 98432 пенсионер жашайт. 2018-жылы пенсиянын орточо айлык өлчөмү 5531 сомду түздү.

Пенсия төлөө боюнча карыздар жок.

 

Райондун аталышы Пенсия алуучулардын

саны 01.07.18

Бир айлык керектелүүчү сумма Каржыланды  Карыз 01.07.18
жылдын башынан бери июнь

айы

%

(керектелүүчү

сумма)

1 Кемин 7618 40 648 100 243 974 100 41 032 600 100 0
2 Чуй 5723 31 247 100 191 471 100 31 241 700 100
3 Ысык-Ата 15351 82 370 000 493 987 000 82 370 000 100 0
4 Аламудун 16144 94 689 851 562 164 374 94 689 851 100 0
5 Сокулук 16860 91 000 000 537 357 300 91 000 000 100 0
6 Москва 10511 56 518 000 331 942 534 56 518 000 100 0
7 Жайыл 14206 81 900 000 492 000 000 82 000 000 100 0
8 Панфилов 5593 29 346 567 176 879 175 29 346 567 100 0
9 г.Токмок 6426 36 2000 00 217 200 000 36 200 000 100 0
10 Баардыгы 98432 543 919 618 3 246 975 583 544 398 718 100 0

 

Иш менен камсыз кылуу

Отчеттук мезгилде жумушсуз жарандарга жумушка орноштурууга көмөктөшүүгө багытталган практикалык чаралар ыраттуу түрдө аткарылды.

2018-жылдын 1-жарым жылдыкта 6052 адам иш издөө үчүн кайрылган, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 13,2% аз. Анын ичинен официалдуу жумузсуз статусун 4609 киши алган.

2018-жылдын 1-жарым жылдыкта официалдуу жумушсуздуктун деӊгээли 1,3% түздү.

 

 2018-жылдын 1-июлуна карата Чүй облусунун аймагындагы жумушсуздардын саны

 

               (миӊ. адам)

1. Аламүдүн району

2. Жайыл району

3. Кемин району

4. Москва району

5. Панфилов району

6. Сокулук району

7. Чүй району

8. Ысык-Ата району

9. Токмок ш.

 

Ошондой эле, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрү аркылуу 2561 жаран жумушка орноштурулган, анын ичинен 76 жаран кесиптик атайын окуу жайды аяктаган. Коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 191 адам тартылган.

Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрүнө келип кеӊеш алгандардын саны 6600 жаран, былтыркы жылга салыштырмалуу 82% түзөт.

Эмгек рыногундагы жумушсуздардын атаандаштыгын жогорулатууда эмгек рыногунун талабын эске алып, белгилүү бир кесипке жумушсуздар окутууга жөнөтүлөт, иш менен камсыз кылуу кызматтарында кесиптик окутууга 232 адам жиберилген.  Ал эми 2017-жылдын 1-жарым жылдыгында 321 адам жиберилген. Ишсиз жарандарды окутуу негизинен эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге өткөрүлгөн. Бул-газоэлектроширеткич, чач тарач, копьютер оператору, 1С билген бухгалтер, ашпозчу, швея, бычмачы, офис-менеджер, электромонтаждоочу болгон.

Эмгек рыногундагы чыңалууну жеңилдетүүчү активдүү политиканын бирден-бир багыты болуп коомдук акы төлөнүүчү жумуш эсептелет, убактылуу иш менен камсыз кылуу менен бирге облустун аймактарындагы социалдык инфраструктураны жакшыртуу багыты менен ишке ашырылат.

Облустук жана райондук массалык маалымат каражаттарына ар кандай маалыматтар жарыяланып турат. Мектеп бүтүрүүчүлөр үчүн керектөөчү кесиптер боюнча жолугушуулар ар дайым өткөрүлүп турат.

Жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды мамлекеттик колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12‑апрелинде “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” № 208 токтому  менен жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун базалык өлчөмү бир айга 250 (эки жүз элүү) сом өлчөмүндө жана расмий жумушсуз жарандар үчүн окутууга чек боюнча төлөмдүн суммасынын өлчөмү 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө белгиленет.

 

            Миграция

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаӊы түзүмүнүн  бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» №768 токтомунун 3-пункутунун  2-пунктчасынын негизинде, миграция чөйрөсүндөгү функциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11‑декабрындагы №854 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын бекитилген жобого ылайык:

— Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде бирдиктүү мамлекеттик миграция саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

— миграциялык кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана аны баалоо

— Кыргыз Республикасынын ички эмгек базарынын кызыкчылыктарын эске алуу менен чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу процесстерин жөнгө салуу милдеттерди жүктөлгөн.

Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын аймактык бөлүкчөлөрү жок.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын 10 бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 2018-жылдын июнь айында Чүй облусунда 16 238 чет элдик жаран катталган, анын ичинен 968 адам ишканаларда эмгектенет.

 

 

 

Чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдардын

каттоосу боюнча 2018-жылдын июнь айына карата маалымат

 

Өлкөлөрдүн аталышы Кемин Чүй-Токмок Ысык-Ата Аламүдүн Сокулук Москва Жайыл Панфилов Баардыгы
1. Россия 240 1345 1371 935 2698 781 998 117 8485
2. Өзбекистан 45 261 52 750 1687 522 161 10 3488
3. Казахстан 18 731 233 110 273 85 78 3 1531
4. Таждикистан 2 129 121 115 168 63 64 9 671
5. Кытай 55 75 46 70 88 - 488 56 878
6. Индия - - 703 2 9 2 - - 716
7. Пакистан - - 125 1 43 - - - 169
8. Башка өлкөлөрдөн 4 72 35 54 94 9 30 2 300
Облус боюнча: 364 2613 2686 2037 5060 1462 1819 197 16238

 

Чүй облусунун аймагындагы ишканаларда иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандар тууралуу маалымат

 

Ишкананын аталышы Иштеген адамдардын жалпы саны Анын ичинен:
Кыргызстандык жарандар Чет өлкөлүк жарандар
Кемин району
1. “Алтынкен” ЖЧК 1295 945 350 КЭР
2. “Датка-Кемин” ЖЧК 15 10 5 КЭР
3. “Шамали Ресурс” ЖЧК 5 4 1 КЭР
4. “Гео-Резерв” ЖЧК 161 160 1 РФ
5. “Салют компании” ЖЧК 24 9 14 КЭР
Жалпы: 1500 1128 371
Чүй району
1. “Искра-Азии” ЖЧК 21 14 6 КЭР
2. “Азия-АКУ Метал” ЖЧК 6 4 2 Турк
3. “Текстиль Транс” ЖЧК 100 94 6 Турк
4. “Таза Агро Компании” ЖЧК 9 8 1 Корея
5. “Киркор” ЖЧК 8 7 1 Корея
6. “Наследия” 5 5 (Канада, Молдова, Украина)
  Жалпы: 149 127 21
Токмок шаары
1. “Токмок ДНПЗ” ЖЧК 120 93 27 КЭР
2. “Интергласс” ЖЧК 886 850 36 (31 РФ 5 Казахстан)
3. “Элит Гласс” ЖЧК 96 89 7 КЭР
4. “Каз Грейн” ЖЧК 232 229 3 Казахстан
5. “ДИ ОА Шумкар” ЖЧК 3 КЭР
6. МУЦА 16 12 4 КЭР, 1 Индия, 2 США.
7. “Кыргыз Тоо-Таш” ЖЧК 1 Украина
8. “ГУД Партес Кей Джи” ЖЧК 2 Корея
Жалпы: 1350 1273 86
Ысык-Ата району
1. “Гон-Компании” ЖЧК 12 4 8 КЭР
2.  “Ала-Тоо Жаны Шенчен” ЖЧК 1 КЭР
3. Анан Сары-Таш 12 8 КЭР
4. “Кант Темир” ЖЧК - - -
5. “Сталь Шесть” ЖЧК - - -
6.  “Бостын” ЖЧК - - -
7. “Лоба-Шер” ЖЧК - - -
8. “Либин Бин” ЖЧК 10 8 2 КЭР
9. “Лимбо” ЖЧК 12 9 3 КЭР
10. “Швын-фа” ЖЧК - - -
11.  “Хунда и К” ЖЧК 15 13 2 КЭР
Жалпы: 49 46 24
Аламүдүн району
12. “Дишан Курулуш”  ЖЧК 24 12 12 КЭР
13. “Да Шан” ЖЧК 12 10 2 КЭР
14. “ИРК ЛТД” ЖЧК 8 2 6 Пакистан
15. Мен Ке и Ли Юань” ЖЧК “ 24 18 6 КЭР
16.  “Боле” ЖЧК 35 14 21 КЭР
17. “Соян” ЖЧК 2 2 КЭР
18.  “Керамика Шин Ху Курулуш” ЖЧК 33 14 19 КЭР
19. “Шин Лайн” ЖЧК 45 42 3 Узбекистан
20.  “ERK Plast” ЖЧК 14 6 8 КЭР
21.  “Альфа Пласт” ЖЧК 7 5 2 КЭР
22. “Золотой Кирпич” ЖЧК 19 12 7 КЭР
23. Али строй 28 25 3 КЭР
24. А-Кредо ЛТД 32 20 12 Узбекистан
25. Роми гида 18 15 3 Турк
26. Фархад 12 11 1 Турк
27. Байтик Курулуш 19 10 9 КЭР
Жалпы: 332 216 116
Сокулук району
1. “Ата-ЛТД” ЖЧК 34 30 4 Турк
2. “Деташ ЛТД” ЖЧК 52 50 2 Турк
3. “Лахор Стил Милз” ЖЧК 43 25 18 Пакистан
4. “Тянь-Шань Керамика” ЖЧК 94 70 24 КЭР
5. “Кытай темир жол инженардик компания” ЖЧК 36 - 36 КЭР
6. “Френд оф Чилдрен” ЖЧК 10 8 2 АКШ
7. “NSRG окуу борбору” ЖЧК 10 8 2 Корея
Жалпы: 279 191 88
Москва району
1. “Кыргыз Корм” ЖЧК 16 10 6 КЭР
2.  “Дружба Дан” ЖЧК 20 15 5 КЭР
3. Жалпы: 36 25 11
Жайыл району
1.  “Джунда” ЖЧК 762 487 275 КЭР
2.  “Даймонд Гласс” ЖЧК 427 392 35 КЭР
3. “ДжунСин Платсик” ЖЧК 76 66 10 КЭР
Жалпы: 1265 945 320
Панфилов району
1. “Таргет Фрейза” ЖЧК 91 35 56 КЭР
2. “Кико” ЖЧК 3 2 1 Корея
3.  “Метал Кен” ЖЧК 15 1 14 КЭР
Жалпы: 109 38 71
Облус боюнча: 4688 3727 968

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 27, 2018 15:46

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина