Чүй облусунда жашы жете элек балдардын арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу маселеси каралды

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 31, 2018 14:03

Чүй облусунда жашы жете элек балдардын арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу маселеси каралды

13-1 Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринде 2018-жылдын 18-июлунда болгон кеӊешмесинин протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында Чүй облусунда балдардын сууда, жол-унаа кырсыгында каза болгон, өз өмүрүнө кол салган, эрте турмуш куруу, ала качуу жана жашы жете элек балдардын арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу жөнүндө маалымкат

             Чүй облусунда балдардын сууда, жол-унаа кырсыгында каза болгон, өз өмүрүнө кол салган, эрте турмуш куруу, ала качуу жана жашы жете элек балдардын арасындагы кылмыштуулукту алдын алууүчүн бир катар чаралар көрүлүүдө. Бирок, ошону менен бирге балдардын кырсыкка кабылган учурлары арбын болууда.

            Сууда болгон кырсыктар

Балдардын сууда чөгүү кырсыгынан алдын алуу боюнча чараларды көрүү маселеси облустук жана райондук деӊгээлдеги жыйындарда бир нече ирет каралды жана тийиштүү түзүмдөр жетекчилигине тапшырмалар берилип, Чүй облусунун аймагындагы көлмөлөргө 265 тийиштүү белгилер орнотулду.

Ошондой эле, сууга түшүүнүн коопсуздугун сактоо жана балдар арасында кырсыктарды алдын алуу суроосуэлдик жыйындарда талкууланды.

Баардыкбилим берүү мекемелеринде балдардын сууда чөгүү кырсыгын алдын алуу боюнча ата-энелер чогулуштары өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Окуучуларга класстык сааттар өткөрүлүп, кооптусуроолор менен тааныштырылган. Жаш өспүрүмдөргө суу сактагыч, көлмө жана сууга түшө турган жерлерде ата-энесиз өз алдынча жүрүүгө тыюу салынган.

Мындан тышкары, массалык маалымат каражаттарында “Дренаждар сууга түшүүгө эмес”, “Эмне себептен дренаждык каналдарда сууга түшүүгө болбойт”, “Купальный сезон: МЧС предупреждает”, Не зная броду, не суйся в воду”, “Сууга түшүүдө өзүн өзү алып жүрүү эрежелерин ӨКМги маалымдайт” аттуу атайын макалалар даярдалып чагылдырылды.

Аталган иш аракеттерге карабастан 2018-жылдын 9 айында 21 бала кырсыкка кабылып, 19 бала каза тапты (алардын ичинен: 17-эркек, 4-кыз).

 

Район/

шаар

Кырсык учурлары Натыйжасы Өспүрүмдүн ата-энеси боюнча Жашы Кырсыкка кабылгандар Кырсык болгон жай
тирүү калганы каза болгону толук үй-бүлө толук эмес үй-бүлө 0-7 жашка чеийн 8-18 жашка чейин эркек кыз көл/көлмөлөр кудук арык канал ванна/бассейн
Кемин 1 1 1 1 1 1
Чүй 1 1 1 1 1 1
Токмок 2 2 2 2 1 1 2
Ысык-Ата 3 3 3 1 2 3 3
Аламудун 4 4 4 4 4 4
Сокулук 3 1 2 3 2 1 2 1 2 1
Москва 3 1 2 3 3 3 2 1
Жайыл 1 1 1 1 1 1
Панфилов 3 3 3 2 1 3 1 1 1
Жалпы 21 2 19 17 4 13 8 17 4 10 1 7 1 2

 

Балдардын сууга чөгүп кеткен учурларын талдоо учурунда төмөнкүлөр аныкталды:

  • Балдардын жашы боюнча:
  • 0-7 жашка чейин — 13 учур;
  • 8-15 жаш — 5 учур;
  • 15-18 жаш — 4 учур;

Себептери боюнча:

  • суунун жанында ойноп жатып-2;
  • арыкка агып кеткен-6;
  • арыкка чөгүп кеткен-1;
  • кудукка түшүп, сууга чөгүп кеткен-1;
  • сууга түшүп жатып-9;
  • бассейнде чөгүп кеткен-2.

 Жогоруда анализ көргөзгөндөй, көп учурда балдардын сууга чөгүп кетүүсүата-энелер тарабынан балдарын көзөмөлсүз калтырганына байланыштуу жанажайкы эс алуу учурунда көбөйөт.

            Жол-унаа кырсыктары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында жана райондук мамлекеттик администрациялардабалдар арасында жол-унаа кырсыктарын алдын алуу маселелери талкууланып өзгөчө көзөмөлгө коюлду.

Балдар катышкан жол кырсыктарын азайтуумаксатында билим берүү  жана жол коопсуздугун камсыздоо мекемелеринин кызматкерлери тарабынан балдар арасында үгүт  насаат  жана  түшүндүрүү  иштери жүргүзүлүүдө.

Балдардын өмүрүн коргоо, ден-соолугун сактоо жана балдар арасында жол-унаа кырсыктарын алдын алуу максатында Чүй облусунун бардык билим берүү мекемелеринде «Жол коопсуздугу» аттуу бурчтары уюштурулган.Жаӊы окуу жылынын башында  “Жолдо жүрүүнүн бир айлыгы” жарыяланган. Бир айлыктын алкагында 1-6 класстардын окуучулары  күндөлүктөрүнө “Үй – Мектеп-Үй” каттамдык схемалары чийдирилген жана 6-7 класстардын окуучуларына “Жол белгилери”, “Көнүл бургула-Жол”, “Көчөдөн жана жолдордон өтүү эрежелери”, «Жөө илимдер мектеби», «Жол белгилери өлкөсүндө», «Жол эрежелерин билесизби?» аттуу викториналар жана  тесттер өткөрүлгөн.

Ошондой эле, мектеп программасы боюнча 1-5 класстардын окуучуларына “Турмуш-тиричилик коопсуздук негиздери” сабагында жол коопсуздугу жөнүндө маалымат берилет.

Чоӊ жана кооптуу жол тилкелеринин жанында жайгашкан мектептерде  балдарды кезметтеги мугалим же коопсуздук кызматынын кызматкерлери  жолдон өткөрөт.

Ал эми Чүй облусунун ИИББгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан 26 жолу тегерек стол, 10 жолу үгүт жүрүш, 70  жолу ачык эшик күндөрүн, 23 жолу мектеп окуучулары арасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытталган атайын  конкурстар уюштурулду. Ошондой эле мектеп окуучулары арасында  жол кыймылынын  коопсуздугу боюнча 4267 жолу талкулар жана лекциялар өткөрүлдү.

1160 мектеп  окуучусунан  турган 145(команда) жаш тескөөчү уюмдары бар (ЮИДД)  жана 179(класс БДД) жол кыймылынын эрежеси боюнча  класстары  жана 313(уголок БДД) атайын  бурчтар  уюштурулган.

2018-жылдын  9 ай аралыгында  облус  аймагында  10 жолу облусттук маанидеги “Абайла балдар”, ”Кышкы эс алуу”, ”Акыркы коңгуроо”, ”Мектептерде бүтүрүүчүлөргө атестат берүү аземи”, ”Балдарга жол”, ”Жаш-өспүрүм”, ”Коопсуз кур”, деп аталган  профилактикалык  атайын  рейддер   уюштурулду.

            Бирок, өткөрүлгөн иш-чараларга карабастан балдар катышкан жол-унаа кырсыктар фактылары катталууда.

2018-жылдын 9 айында балдар катышкан жол-унаа кырсыктарынын саны 183 учурду түздү, былтыркы жылга салыштырмалуу 28 учурга азайды (2017-жылы 211 учур катталды эле).

Кырсыктардын кесепетинен 19 бала каза болду (2017-жылы — 17), ал эми 212 бала жаракат алды (2017-жылы — 241).

Район Жыл ЖУК пайыз Казаболгон пайыз Жаракаталган пайыз
Баардыгыоблусбоюнча 2017г. 211 -13,2 17 +11,7 241 -12,0
2018г. 183 19 212
Кемин району 2017г. 12 -25 0 +100 15 -53,3
2018г. 9 4 7
Чуй району 2017г. 5 +180 0 0 10 +70
2018г. 14 0 17
Токмокшаары 2017г. 15 -13,3 3 -66,6 14 0
2018г. 13 1 14
Ысык-Ата району 2017г. 43 -51,1 6 -16,6 49 -44,8
2018г. 22 5 27
Аламудун району 2017г. 29 +13,7 2 0 31 +25,8
2018г. 33 2 39
Сокулук району 2017г. 28 +35,7 2 -50 32 +34,3
2018г. 38 1 43
Москва району 2017г. 26 -26,9 2 -50 34 -29,4
2018г. 19 1 24
Жайыл району 2017г. 45 -28,8 2 +150 48 -39,5
2018г. 32 5 29
Панфилов району 2017г. 8 -62,5 0 -57,1 8 +50,0
2018г. 3 0 12

 

Балдардын катышуусу менен жол-унаа кырсыктары Сокулук (38), Аламүдүн (33), Жайыл (32) жана Ысык-Ата (22)райондорунда көп учур  катталган.

Ал эми кырсыктардын кесепетинен:

  • каза болгон балдардын саны Ысык-Ата (5), Жайыл (5) жана Кемин (4)райондорунда эӊ көп болгон;
  • жаракат алган балдардын саны Сокулук (43), Аламүдүн (39), Жайыл (29) жана Ысык-Ата (27) райондорунда эӊ көп болгон.

Жол-унаа кырсыктары:

Райондор Жыл ЖУК Пайыз Каза болгон Пайыз Жаракат алган Пайыз
Баардыгы облус боюнча 2017ж. 211 -13,2 17 +11,7 241 -12,0
2018ж. 183 19 212
Жаш өспүрүмдөрдүн жөө жүргүнчү катары (пешеход) 2017ж. 91 -7,6 10 -50 84 -1,1
2018ж. 84 5 83
Жаш өспүрүмдөрдүн жүргүнчү катары (пассажир) 2017ж. 109 -15,5 7 +57,1 145 -15,8
2018ж. 92 11 122
Велосипедчен жаш өспүрүмдөрдүн катышуусу 2017ж. 6 -33,3 0 +100 6 -33,3
2018ж. 4 1 4
Жашөспүрүмдүн айдоочу катары 2017ж. 4 -25 0 +100 5 -40
2018ж. 3 2 3
Ошонун ичинде окуучулар 2017ж. 137 -20,4 10 -40 154 -14,9
2018ж. 109 6 131

  2018-жылдын 9 айында болгон жол-унаа кырсыктарын талдаганда, балдар жөө жүргүнчү катары да (45%), жүргүнчү катары (пассажир) (50%) бирдей пайызда кырсыкка кабылышат.Бирокжүргүнчү катары (пассажир) кырсыкка кабылганда балдар көбүрөөк каза табышкан (11 бала).

            Чүй облусунун унаа жолдорунда балдардын катышуусундагы жол-унаа кырсыгын болтурбоо максатында:

— массалык маалымат каражаттарында балдардын өмүрүн коргоо, ден-соолугун сактоо жана балдар арасында жол-унаа кырсыктарын алдын алуудаулуу муундун жоопкерчилигин жогорулатуу маселесин чагылдыруу керек жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү абзел;

— билим берүү мекемелеринде балдарга жол эрежелерин сактоо үгүт  насаат  жана  түшүндүрүү  иштерин дайым жүргүзүү керек;

— мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги унаа жолдордун четинде жайгашкан мектептердин жанында светофорлорду жана жол белгилерин Чүй облусунун ИИББнын ЖКККБ талабы боюнча орнотуу зарыл (112 даана 1.21. «Балдар» жол белгисин, 111 даана 5.16.1., 5.16.2.  «Жөө өтүүчү өтмөк» жол белгисин, 80 даана «Көңул бургула балдар», 34 чакыртма светофор).

             Өз өмүрүнө кол салган учурлар

Жаш өспүрүмдөр арасындасуицидди алдын алуу максатында бир катар чаралар көрүлүүдө.

2017-2018 окуу жылынын башында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмү менен биргеликте психологдор, социалдык педагогдор, балдар иштери боюнча инспекторлор жана мугалимдердин катышуусунда “Чүй облусунун билим берүү мекемелеринде жаш өспүрүмдөр арасындагы суицидди алдын алуу иш-аракеттерин күчөтүү” темасында тегерек стол өткөрүлгөн.

2017-жылдын ноябрь айында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын демилгеси менен биргеликте жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулукту, аларга карата зомбулуктарды дана суицидтерди алдын алуу максатында райондорго чыгуу менен театр-форум өткөрүлгөн.

Мындан тышкары, суицидди алдын алуу суроосу «Чүй облусунун социалдык — экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары» маселесинин алкагында квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын коллегиясынын отурумунда  каралып, тийешелүү чечимдер кабыл алынат.

2018-жылдын февраль айында “Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун, аларга карата зомбулуктардын, суицидтерди алдын алуу боюнча ички иштер органдарынын, билим берүү мекемелеринин жана жергиликтүү бийликтин иш-аракеттери жөнүндө” маселеси Чүй облусунун укук коргоо органдарынын координациялык кеңешинин отурумунда каралып, тиешелүү чечим кабыл алынып, тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жаш өспүрүмдөр арасындагы өз өмүрүнө кол салуунун  алдын алуусу тууралуу чара көрүү үчүн тапшырмалар берилген.

2018-жылдын июнь айындаЧүй облусунун билим берүү тармагындагы Координациялык кеӊешинде “Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы суицидтерди алдын алуу боюнча иш-аракеттери жөнүндө” суроосу талкууга алынып, суицидтерди алдын алуу боюнча иш аракеттерди күчөтүү тапшырмалары берилди.

Райондук мамлекеттик администрациялардын жана Токмок шаарынын мэриясынын маалыматтарына ылайык, ушундай эле иштер жер-жерлерде да жүргүзүлүүдө.

Жаш өспүрүмдөр арасындасуицидди алдын алуу чаралары өзгөчө көзөмөлдө болгонуна карабастан, учурда Чүй облусу боюнча жаш өспүрүмдөр арасында өз өмүрүнө кол салган учурлар көбөйүүдө. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча өз өмүрүнөкол салган 36 учур катталган, 26 кыз жана 10 эркек өспүрүм.

Былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу9 учурга көп (2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча27 учур) катталган.

Ал эми 2017-жыл ичинде 42 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган эле.

Таблицада көрүнгөндөй, жаш өспүрүмдөр арасында өз өмүрүнө кол салган учурлар өзгөчө Ысык-Ата,  Москва, Сокулук, Панфилов, Жайыл, Аламүдүн райондорунда көпкатталды.

Район Өз өмүрүнө кол салгандар
2017-жылдын жыйынтыгы менен 2017-жылы

9 ай ичинде

2018-жылы

9 ай ичинде

1 Кемин 2 2 -
2 Чүй - - 1
3 Токмокшаары 3 1 2
4 Ысык-Ата 5 3 8
5 Аламүдүн 7 6 4
6 Сокулук 6 5 6
7 Москва 10 3 7
8 Жайыл 8 6 4
9 Панфилов 1 1 4
10 Баардыгы 42 27 36

Ɵз өмүрүнө кол салган 36 өспүрүмдөрдүн ичинен 14 бала каза тапкан, 22 бала аман калган.

Район Каза болгондор Аман калгандар
2017-жылдын жыйынтыгы менен 2017- жылы

9 ай ичинде

2018-жылы

9 ай ичинде

2017-жылдын жыйынтыгы менен 2017- жылы

9 ай ичинде

2018-жылы

9 ай ичинде

1 Кемин 2 2 - - - -
2 Чүй - - - - - 1
3 Токмок ш. 2 1 - 1 - 2
4 Ысык-Ата - - 4 5 3 4
5 Аламүдүн 3 2 2 4 4 2
6 Сокулук 3 3 3 3 2 3
7 Москва 3 1 2 7 2 5
8 Жайыл 3 2 1 5 4 3
9 Панфилов - - 2 1 1 2
10 Баардыгы 16 11 14 26 16 22

Каза тапкандардын өз өмүрүнө кол салгандыгынын себептерине токтолсок:

  • ата-энеси, туугандары менен урушкандыгы үчүн -8;
  • белгисиз себептер менен -5;
  • атасын сагынгандыктан -1.

Ошону менен бирге, өз өмүрүнө кол салып, аман калган жаш өспүрүмдөр менен иш алып баруу керек. Ал балдарга социалдык жана психологиялык коштоо, жардам керек.

Суицидди алдын алуу боюнча иш-аракеттер тийиштүү деӊгээлде аткарылышы абзел жанажер-жерлерде  ведомство аралык өз ара аракеттенүү тыгыз болушу керек.

             Жашы жете элек балдардын арасындагы кылмыштуулук

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте жыл сайын окуу жылдын башында Чүй облусунун жаш өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы укук бузууларды жана кылмыштарды, суициддерди алдын алуу боюнча ведомстволор аралык иш планы бекитилет жана тийиштүү облустук жана райондук түзүмдөргө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аткарууга жиберилет. Жана ошондой эле аткарылуусу көзөмөлдө болот.

2018-жылдын февраль айында “Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун, аларга карата зомбулуктардын, суицидтерди алдын алуу боюнча ички иштер органдарынын, билим берүү мекемелеринин жана жергиликтүү бийликтин иш-аракеттери жөнүндө” маселеси Чүй облусунун укук коргоо органдарынын координациялык кеңешинин отурумунда каралып, тиешелүү чечим кабыл алынып, тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун  алдын алуусу тууралуу чара көрүү үчүн тапшырмалар берилген.

Ушундай эле иштер райондук мамлекеттик администрацияларда жана Токмок шаарынын мэриясында да жүргүзүлүлгөн.

Чүй облусунун баардык билим берүү мекемелеринде окуучуларды укуктук, адеп-ахлактык жана аскердик патриоттук жактан тарбиялоо, укук бузууларды, коомго жат көрүнүштөрдү эрте алдыналуу максатында«Манас», «Семетей», «Сейтек», «Мектеп парламенти» сыяктуу окуучулук коомдук түзүлүштөрү жана бирикмелери түзүлгөн.

Кылмыштуулукту алдын алуу максатында, 7-11 класстардын окуучуларына “Банги зат деген эмне”, “Банги заттарга жол жок”, “Тамеки тартуунун зыяндуулугу, мектеп рэкетине жол жок”, “Кылмыш деген эмне?”, “Наркомания, алкоголь жана тамеки тартуу”, “Коопсуздуктун беш кадамы” аттуу тегерек столдор уюштурулган. Жана ошондой эле, “Кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө”, “Мектептеги рэкет жана анын кесепеттери”, “Тоноочулук”, “Бош убакытты максатсыз өткөрүү-укук бузуунун жана кылмыштуулуктун биринчи себеби” деген темаларда класстык сааттар өткөрүлүп,  окуучуларга кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Балдардын коопсуздугун камсыздоо жана балдар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу максатында, кайыр сураган балдарды, көчөдө селсаяктык кылып  жүргөн балдарды аныктоо үчүн “Көчө балдары”, “Түнкү өспүрүм” жана “Мектептеги рэкет” аттуу рейддер жүргүзүлүүдө. Жогоруда айтылган рейддердин алкагында,  кафелер, барлар, түнкү клубдар, интернет-клубдар жана башка оюн-зоок объектилери текшерилди. Ошону менен бирге, объектилердин администраторлору менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу максатында2018-жылдын 9 айына Чүй облусунун жашы жетелек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү тарабынан -890 жашы жете элек өспүрүм учетко коюлган (2017-жылы 1823өспүрүм учетко коюлган), былтыркы жылга салыштырмалуу 933 аз.

Район/

шаар

Учетко коюлган жаш өспүрүмдөр
2017 2018
1 Кемин 130 68
2 Чүй 85 44
3 Токмок 83 80
4 Ысык-Ата 552 207
5 Аламүдүн 269 270
6 Сокулук 389 65
7 Москва 106 25
8 Жайыл 126 89
9 Панфилов 83 42
Баардыгы 1823 890

2018-жылдын 9 айында жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан -195 кылмыш иши катталган, өткөн жылга салыштырмалуу -39 кылмышка аз(2017 жылы -234).

Район/шаар Жаш өспүрүмдөр жасаган кылмыштардын саны
2017 2018
1. Токмок 61 39
2. Аламудун 35 34
3. Ысык-Ата 20 12
4. Жайыл 19 20
5. Кемин 4 14
6. Москва 17 20
7. Панфилов 5 9
8. Сокулук 68 39
9. Чүй 4 8
Баардыгы 234 195

 

Эӊ көп учурлар Токмок шаарында, Сокулук, Аламудун, Москва жана Жайыл райондорунда катталган.

Жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыш иштерин талдап көрсөк: киши өлтүрүү фактысы боюнча -2, саламаттыкка атайылап залал келтирүү фактысы боюнча — 6, адамды уурдоо фактысы боюнча -2, зордуктоо фактысы боюнча -1, жашы жетпегенди кылмыш жасоого тартуу фактысы боюнча -6, уурдоо фактысы боюнча -117, автомобилди же башка автомототранспорт каражатын ээлеп алуу фактысы боюнча -5, тоноо фактысы боюнча -12 ,каракчылык фактысы боюнча -7, мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу фактысы боюнча -2,ыплас аракеттери фактысы боюнча -1, хулиганчылык-14, ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү фактысы боюнча -2, башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү фактысы боюнча-1 жана 17  башка фактылар боюнча кылмыш иштери катталган.

 Эрте турмуш куруу жана ала качуу

Эрте турмуш куруу фактылардын алдын алуу максатында жер-жерлерде Ден-соолукту чыӊдоо кабинеттери тарабынан эрте турмуш куруунун ден-соолукка таасири боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Массалык маалымат каражаттарына “Эрте турмуш куруу”, “Эрте турмуш куруунун кесепеттери”, “Төрөп коюу оңой, адам кылып өстүрүү кыйын” аттуу атайын макалалар чагылдырылып турат.

Билим берүү мекемелеринде жогорку класстардын окуучулары менен “Кыргыз Республикасында нике курагы боюнча”, “Эрте никеге туруу” жана “Чың ден соолук – бекем үй бүлө тиреги”, “Кыз ала качуу салтпы же кылмышпы?” аттуу темаларда класстык сааттар маал-маалы менен уюштурулууда. Ошондой эле, нике мыйзамдары, никеге турууга уруксат берилүүчү курак жөнүндө, ошондой эле 16 жашка чыга электер менен нике мамилелерин түзгөндүк үчүн жоопкерчилик туурасында, “Үй бүлө кодексинин”, “Кылмыш жаза кодексинин” беренелери жөнүндө тарбиялык сааттар өтүлөт.

Мындан тышкары, кыздар менен өзүнчө “Билим алуу — маанилүү”, “Никесиз турмуш куруу”, “Кыз кишинин ар тараптуу жетилүүсү” темаларда мугалимдер тарабынан сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп турат.

 Социалдык өнүктүрүү жана

мониторинг бөлүмүнүн башчысы                                             Г.Мамбетисаева

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 31, 2018 14:03

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина